Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Мындан 14 жыл илгери өткөн Аксы алааматынын жарасы эмгиче айыга элек, айыгышы да күмөн. Кайгылуу апааттын себеп-жөнү так аныкталбай, бүдөмүк суроолоруна жооп бериле элек. Убакыт болсо көчүүдө.

2002-жылдын 17-мартында Боспиек айылында чырактай алты жигиттин набыт болушун уккандардын баары алгач сестейе түшүп, анан “тарыхты кан менен баштап алуунун ...” арты кандай болор экен деген санаркоо менен чочулоо аралашып, баары селт этишкен.

Аксы окуясы - эгемендик жылдардагы сыноо

Кыргызстан өз алдынча өлкө катары бекем таканчык алалбай, калыптануу учурун башынан кечирип жаткан чагында минтип азаматтардын канынын төгүлүп кетиши баарын оор ойго салган. Тарых дегениңиз калыбынан жазбай кете берет экен, анын токтоо билбес агымында жакшы да, жаман да нерселер бир четтен иргелип кала берет экен, алардын арасында Аксы алааматы да Кыргызстан тарыхына кайгылуу барак катары жазылып калды.

Андан бери туптуура 13 жыл өттү. Күнөөлүүлөр табылып, жазасын алгандай болду, бийлик бир эмес, үч ирет алмашты. Бирок да Аксы алааматынын айланасындагы саясий чайкоочулук дагы деле токтоло элек, атайылап чыгарган апыртма сөздөр менен аркыл миш-миштердин аягы көрүнө элек. Эл болсо ачуу болсо да, мурдагы жана кийинки бийлик секисинен кетпей жүргөн саясий аткаминерлердин бирөөнө жакпай, экинчисинин аброюна көлөкө түшүрүлүп калышына карабастан, кашкайган чындыкты билгиси келет.

Ошол себептүү 2002-жылдын февраль-мартындагы Аксыдагы тирештин уламдан күчөп баратышынын негизги себеби деп андайда өзүнөн башканы ойлобогон жоопкерсиз саясатчылардын популизмге ооп, опуртал оюнду баштап алышканын айткым келет. Дагы бир себеби катары ошол кездеги бийликтин саясий чечим кабыл алчу жооптуу кырдаалда эч нерсе болбогондой камырабай жатып алышын көрсөтсөк болот. Ушул дагы башка себептер оппозиция менен жергиликтүү бийликтин айткандарына ынанган аксылыктар менен бийликтин катуу тирешүүсүн жаратып, анын натыйжасы кан төгүүгө алып келди.

Бийликтин көзү жана сөзү

А кездеги бийликтин өзү кандай эле, анын ичиндеги күчтөрдүн өз ара мамилеси, кандай принциптерди туу тутчу эле – мунун баары маанилүү маселе. Буга жооп тапмайын Аксы окуяларынын опуртал өнүгүшүнүн түпкү себептерин билиш мүмкүн эмес. Ал кезде деле азыркыдай эле реалдуу мамлекеттик бийликтин эки тизгин бир чылбыры президенттик акимчиликтин колунда болчу. Президенттик акимчилик мамлекет башчынын бийлиги менен кудурети болчу. Өкмөт көбүнесе экономикалык жана чарбалык иштердин камында жүрчү. Ошол эле мезгилде ал кездеги парламент бир топ олуттуу укуктарга ээ абдан таасирдүү бийлик бутагынын бири болгонун ушул жерден баса белгилеп кетким келет. Эл өкүлдөрүнүн арасында өлкөгө таанымал саясатчылар менен келишпес оппозициячылар турчу. Өйдөтө айтып кеткендей, бийликти бөлүштүрүүдө бир топ артыкчылыктар менен укуктар парламентке тийген болчу.

Президенттик акимчилик Аксы жаңжалында аябай күчөп турган кези болчу. Антишке бул жооптуу кызматка Аманбек Карыпкуловдун дайындалып калышы себеп болду. Ишке берилген жана да абдан катуу кишинин жаңы кызматка дайындалышы менен (Аксы окуясына чейин бир топ айлар калган чакта) мамлекеттик башкаруунун маанилүү иштери ушул жерден чечилип, атүгүл өкмөттүк жумуштар да президенттик акимчиликтен башкарылып калды. Анын үстүнө ал киши баарыбыздан улуу болчу, ошондуктан жетиштүү тажрыйбасы бар киши катары эсептелчү, ойдо жок жерден Карыпкулов мамлекеттик маанилүү иштердин баарынын башкы эксперти болуп чыга келди. Ал баарыбызды сары ооз балапандар катары көрчү, колунан кокон тыйын келбеген аткаминерлер деген тейде эле, өлкөгө тартип орнотуу керектигин көп айтчу, анын айрымдарына биз да макул болчубуз. Президенттик акимчилик жетекчиси ошентип тартип орното баштады.

А кездеги өкмөттүн башчысы К. С. Бакиев эле, мурдагы президент өкмөткө чейин Чүй облусун жетектеген. Калыстык үчүн айта кетиш керек, ал жаңы кызматын жакшы аркалап атканы баарына белгилүү болчу, президент тарабынан да айрым бир уюштуруу же экинчи катардагы айрым маселелер эле боюнча болбосо, өкмөткө карата азыноолок кине айтылганын укканым жок. Кызматка киришип жатып К. С. Бакиев Ак үйдүн чыгыш тарабында орноп калган бийлик бөлүштүрүүнү деле өгөйлөбөй кабыл алды. Аксы тиреши жетер чегине жеткиче бардык ишти президенттик акимчилик көзөмөлдөп, баарын өзү чечип калган кезге туш келди. Муну баары эле билишчү.

Окуядагы күтүүсүз бурулуш

Ачыгын айтканда, тиреш болбогон жерден, капыстан пайда болду. Туура, оппозиция, ар кыл бейөкмөт уюмдар, гезиттер, алардын арасында калптын казанын кайнаткан ушакчы басылмалар бар болчу, мунун баары кадыресе көрүнүштөр го. Өлкө он бир жылдан бери ошентип жашап келаткан, Борбор Азиянын “демократия аралчасы” аталган Кыргызстанда ошондой саясий практика тарыхый жактан калыптанып калган.

Баары ал кезде элге анчалык тааныла элек ушул Аксы районунан депутат болуп шайланган А. Бекназаровду алты жыл илгерки кайсы бир кылмыш иши үчүн камакка алуу тууралуу буйрук берилишинен башталды. Иш биздин депутат Токтогул районунда катардагы тергөөчү болуп иштеп аткан кезинде адам өлүмүнө тиешеси бар бирөөнү жазадан бошотуп ийишине байланыштуу болчу. Камакка алуунун саясий жагына келсек, себеби апачык эле көрүнүп турган маселеге байланышкан. А. Бекназаров талаштуу делген кыргыз-кытай чек арасынын туура эмес бөлүштүрүлүшүн козгой баштаган. Чек аранын талаштуу экени өткөн кылымдын 60-жылдарында Совет өкмөтүнүн төрагасы А. Н. Косыгин менен Кытай бийлик тепкичиндеги башкаруучу Мао Цзедундан кийинки Чжоу Эньлайдын колу коюлуп документтештирилген. Анан ушул талаштуу делген аймактын 70% Кыргызстанга, 30% Кытайга өткөнүн элдин баары билчү. Мына, маселен, биздин жакын коңшубуз Тажикстан ошондой талаштуу делген аймактын 70% кытайларга берди. Талаштуу маселенин антип ийгиликтүү чечилишине кубаныш керек эле, бирок каршылашын кандай да болсо жаманатты кылыш үчүн дипломатиялык ийгиликтен деле кынтык тапса болот экен.

Эми ушул жерден А. Бекназаров тарабынан кынтыксыз кыналган кылмыш ишти кайра козгоштун кажаты бар беле, эл өкүлүн жоопкерчиликке тартуунун зарылдыгы канчалык деген суроо туулбай койбойт. Албетте, адам өлтүрүүгө берилчү жаза мөөнөтү чектелген эмес, бирок да бул иште таламандын так тушунда мыйзам эрежелерин сактабай, парламент депутатын тергөө абагына колун кайрып, камап коюшка эч кимдин акысы жок болчу, анын ордуна депутатты суракка чакырып, акырын тергөөнү уланта берсе деле болмок. Чатак мына ушундан башталды. Жаңжал ыкчам өрчүп саясий өң-түс алып кетти. Шайлоочулар өздөрүнүн депутатын коргоого киришти, бейөкмөт уюмдар колдоп чыгышты, анан, албетте, чоң чууну депутаттардын өздөрү, өзгөчө тартип коргоо органдарында өкүтү барлары катуу башташты. Аларды мыйзам жоопкерчилигинен депутаттык кол тийбестиктери гана коргоп турган.

Бекназаровго тарых ыйгарган мүмкүнчүлүк

Баарын мезгил ордуна коёт экен, сөз дайрасында калкыган А. Бекназаров 2005-жылдын мартында башкы прокурор болуп күрүлдөп турган чагында жер төлө менен жашырын квартираларда жашынып, чет жерде баш калкалап, эл аралык издөөдө жүргөн чуулгандуу кылмышкерлерди жарыкка алып чыкты. Алардын башында кылмыш дүйнөсүнүн авторитети Рыспек Акматбаев, казынадан 18 миллион долларды кымтып алган Шалкар Жайсаңбаевди, миңдеген карыларды алдап кеткен шумпай “Рентон групптун” ээси Пакты, дагы башка канкорлорду, жемкорлорду жеке өз колу менен эркиндикке чыгарган. Алардын баары башкы прокурорго кирип андан ачык, ээн-эркин жашоого “жолдомо” алып чыгышчу... Кийинки бийлик тушунда Бакиевдердин баары күч кызматтарына баш-көз болчу вице-премьер Бекназаровдун тушунда эсен-аман Беларуска коё берилиши тууралуу кеп кылуунун кереги деле жок.

Баарынан да Аксы алааматында кан төккөндөрдү жазалаш керектигин бир топ жылдар айтып келаткан Бекназаровдун өзү башкы прокурор болгондон кийин ал ишти козгобой, топтолгон суроолордун баарын чечип, ишти сотко өткөрүп бербей койгонун айтпайсызбы. Мунун ордуна ал кайра эле саясатка ойноп, айыпты өзүнөн башканын баарынан издеп, оюна эмне келсе ошону айтып, кайра эле К. Бакиевди айыптап, калыстык үчүн айта кетиш керек, саясий жактан катаал жазага кириптер болгон адамга баарын жөңкөп салды. Бул ирет деле баарына айып илинип, өзү гана айыпсыз болуп отурат, жемкорлук менен талыкпай күрөшчүнүн өзү ушундай...

А. Бекназаровду абактан чыгарыш үчүн анын тарапкерлери туугандарын чогултуп элди райондук борборго карай алып жөнөшкөн. Ал жерде бийликке талап койгон жыйын өтмөк. Көчө жыйындар биздин өлкөдө көнүмүш ишке айланып калгандыктан башында ага эч ким деле өзгөчө маани берген эмес.

Майда-чүйдөсүнө алаксыбай, негизгисине токтолоюн, оппозиция, бейөкмөт уюмдар, өзгөчө оппозициячыл депутаттар жагдайды болушунча чайкап, жетер жерине жеткирди. Маселе өзү да жөнөкөй эмес болчу – эгер алар катарынан бир депутатты бийликтин колуна салып берсе, артынан экинчисин, үчүнчүсүн, дагы башкаларын камакка ала бермек. Кайталап айтайын, көпчүлүк эл өкүлдөрү депутаттык мандатына жамынып, сот жоопкерчилигинен качып, мыйзамсыз бизнесин жүргүзүп, салык жеңилдиктерине жана башкаларга жетишкендер болчу. Алардын арасында көпчүлүк тарабынан “наркобарон” атыккандар жүрчү, алар депутаттыкка алыскы Баткен, Лейлек сындуу райондордон шайланып келишчү. Акчаны самандай сапырган ал депутаттардын базарлары, дүйнө мүлкү, акча төлөп кармаган өзүнчө спортсмен балдардан отряддары жүрчү, алары кепке келбеген атаандаштарды тез эле ийге келтирип салчу.

Аксыга укук коргоочумун дегендин баары, ар кыл адамдар, жаңжал чыккан жерге илгиртпей барчулар жетип барышты. Алар бир топ айылдардын элин балдарын мектепке жөнөтпөй, мугалимдер иш ташташын, жолду тосууну айтышкан. Андан көп өтпөй акимчилик имаратынын айнегин талкалап, анда иштегендерди ичкери киргизбей коюуга жетишти, кийин болсо райондук милиция бөлүмүн өрттөп жиберишти. 17-мартка чейин тартип коргоо органдарынын эки кызматкерине ок жаңылып, кырктан ашуун кызматкер аркыл жаракат алышты. Эми алардын милиция кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, жаракчан чыгышы гана калган болчу. Жыйындардын биринде бирөө Аксыны Кыргызстандан бөлүп Өзбекстанга кошууну сунуш кылган. Айрым чектен чыгып кеткендерди милиция кызматкерлери кармашкан, бирок кайра эле жаалданган көпчүлүктүн талабы менен аларды кайра бошотууга мажбур болушкан. Милиция кызматкерлерине таш атмай, аларга карата ар кыл чагымчылык жасоо, кордоо, ашатып сөгүү жөнөкөй эле ишке айланып калган. Күбөлөр менен байкоочулардын, район тургундарынын айтуусунда, элдин арасында чебеленген Турсунбек Акундун ошол кан төгүлгөн түндөгү аракети абдан опуртал ишке жол ача таштаган…

Ок атылган күн

Эми болуп аткандарга бийликтегилердин мамилесине, аракетине токтоло кетейин. Албетте, биз белгилүү деңгээлде окуянын жүрүшүнөн кабардар болуп турдук. Аксыда эмне болуп атканын бири-бирибизден сурап билип аттык. Бул иштердин баарынын башында президенттик акимчиликтин башчысы турду, ал күч кызматтарынын жетекчилерин чогултуп кеңешме куруп, аларды чогултуп жыйналыш жасап жатты. Болгон кабарларды андан мамлекет башчысы угуп, мына ушул тажрыйбасы жетиштүү адамдын жетекчилиги жана көмөгү менен жагдайдан чыгып кетерине президент ишеним артып отурду окшойт. Аманбек Карыпкулович гана Жалал-Абад облус жетекчиси С. Урманаевге Аксыга эл менен жолугууга барбашын катуу эскертип, буга чейин тажрыйбалуу генерал Т. Айтбаевдин ордуна ички иштер министри болуп жаңы эле дайындалган Т. Акматалиевге, башкы прокурорго жана башкаларга телефон чалып, көрсөтмөлөр берип турду. Мунун баарын ал этияттыктан, колундагы аткаминерлердин кайсы бир жаздым басуулардан сакташ үчүн эле жасады го деген ойдомун.

Жооптуу ишти А. Карыпкулов өзү колго алганын көргөндөн кийин премьер-министр К. Бакиев да бул ишке кийлигишпей, ал кишинин тажрыйбасы менен акылына ишенип отуруп алды. Себеп дегенде, биз кээде жер-жерлердеги жетекчилерге телефон чалып, аларга көрсөтмө берип, аларды осол абалга калтырчубуз. Көрсөтмөлөр көп болгондо айрымдар “маанилүү” дегенин четке чыгарып коюшат.

Ал кезде нааразы элдин талабына көнүп А. Бекназаровду эркиндикке чыгаруу керекпи же “катуулукту” көрсөтүп депутатты соттоп, өкүм чыгаруу туурабы деген суроо айкүрүнөн турган. 2002-жылдын 17-мартына, 4 адам окко учуп (бешинчиси октон жараланып курман болду, алтынчысы кийин купуя бир жагдайда каза болду) набыт болгонго дейре баарысы бир багытка - А. Бекназаровду боштондукка чыгарбай соттоо керек дегенге бараткан. Атүгүл 17-марттын түнүндө баарыбызды премьер-министрдин кабинетине кенешмеге чогултушканда, 4 адам курман болуп, бешинчиси катуу жарадар экени айтылган чакта деле чогулгандардын арасында бул маселе боюнча бирдиктүү пикир жок болчу.

Ак үйдө түнкү саат 11де чукул жыйын чакырылып калды. Ошол жерде биз тартип коргоо органдары менен кагылышта адамдар курман болгонун биринчи ирет уктук. Баары шалдайып, томсоруп отуруп калышты. Ар ким ар кандай сөз айтты, бири экинчисине каршы. Бирок баарынын башында бир эле суроо турду: эмне кылыш керек, кантиш керек? Кеп чордону барып-келип эле Бекназаровду бошотуу керекпи-жокпу суроосуна такалып турган. Айрымдар эч нерсеге карабастан эртең менен даяр өкүмдү чыгарыш керек дешти. Менин түшүнүгүмдө өкүм даяр окшойт. Башкалары өкүмдү кое туруп, жабыркагандардын абалын сурап, жардам көрсөтүп, кайгыга баткан элди жубатуунун аракетин көрүүнү сунуш кылды. Ортодо бир пикир болгон жок. Чогулгандардын бири да толкуган элди тынчтандырып, депутатты бошотуу, көпчүлүктүн талабын аткаруу керектигин айта алган жок.

Баарыбызга тең бир жаман ишке аралашып калганыбыз, олчойгон ката кетиргенибиз айдан ачык сезилип турду. Баарын оңдоп, баарын калыбына келтирсе болот, бир гана набыт кеткендерди тирилтиш мүмкүн эмес, адам жоготуусун ордуна коюш же алмаштырып салыш мүмкүн эмес. Эгемендиктин он биринчи жылында жеңил ойлуулук менен тарыхты канга малып алдык. Соңунда баарыбыз макул болуп эртеси күнү А. Бекназаровду убактылуу абактан бошотуп, ага карата өкүмдү узакка катып койдук.

Боспиекте өткөн канабайрамдын кандайлыгын аз өтпөй баары аңдап түшүнүп, чогулуш сайын койкоңдоп чыга калып баарын башкаргысы келгендердин да жели чыгып, “баарын алеки саатта” чечип ийчүлөр дымып калышты. Эми кайрадан баарылап чогуу коллегиялуу чечим кабыл алууга өттүк. Конкреттүү маселелердин баары кайра өкмөткө өтүп, тергөө үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Аксылыктардан кечирим сураган Акаев

Адамдар тарап кетишти, бирок да проблемалар калды. Жаңы проблемалар, мурдагысынан да олуттуу маселелер кошулду. Курман болгон алты адамдын өлүмү боюнча кимдир бирөөлөр жооп бериши керек. Ишти тергөө башталды. Улуттук коопсуздук катчысы М. Ашыркулов экөөбүз Боспиекке барып, эл менен жолугуштук, жакындарын жоготуп кайгыга батып отургандарга көңүл айттык. Жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн бири да бизге жаман сөз айткан жок, бирок баары ыйлап, кайгыга батып турушту. Бир аз убактан соң мен дагы бир ирет Аксыга бардым, жакындарынан ажырагандардын ар биринин үйүнө кирип чыктым.

Албетте, адамдарга болгон жардамдар берилди, президент өзү келип элден кечирим сурап, баарын иликтеп, тийиштүү чараларды көрө турганын айтты. Ага чейин өкмөт башчы К. С. Бакиев Аксыга келип кеткен, эл аны жылуу кабыл алышты, башка министрлер келишти, бирок мунун баары мааниси жок бир нерсе болчу, себеп дегенде, элдин бийликке карата өктөсү кала берди. Андан башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Баарыбызга өкүнүчтүү болду, жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө, аксылыктарга, анан бизге да мамлекеттик кызматкерлерге да. Аткаминерлердин бары-жогун Ак үйдө башкалар менен бирге отурганыбыз үчүн эле оппозициялык маалымдоо каражаттары колунан келишинче жаманатты кылып жатышты. Болгон айыбыбыз кимдир бирөөлөр менен бир жерде иштеп калганыбыз, ар ким өзүнө тапшырылган ишти аткарып, каргашалуу ишке эч кандай тиешеси жок болсо деле насыя таякты жешти. Гезиттер баарын чогуусу менен айыпка жыгып, төө бастыга алышты, ушунусу жанга жаман батып кетти.

Ок атууга ким буйрук берген?

Бул иштердин башында турган бир суроо бар: адамдарды атууга ким буйрук берген? Кыйла убакыт ушул маселеге ачык жооп айтылбай келди. Н. Т. Танаев башында турган мамлекеттик комиссия иштеди, анын курамында оппозициядагы депутаттар да бар болчу, баарын кенен-кесир көрсөткөн отчет, баяндамалар, талдоолор, сурактын материалдары ж.б., бирок баары бир ушул суроого так жооп табылган жок.

Ошол кезде мен кандай ойлогонумду ушул жерден кыстара кетейин. Аксы алааматы тууралуу ойлонуп отуруп момундай болжолго келдим, кандай болгон күндө да милиция кызматкерлери борбордон, Бишкектен келген тийиштүү буйрук негизинде аракет кылышкан, алар эскертүү катары ок атышка, митингге чыккандардын мыйзамга сыйбас аракеттери башталганда аларды токтотуш үчүн ок чыгарууга толук негиздери бар болчу. Мыйзам ушундай, милициянын катардагы кызматкеринин мамлекеттик статусу ушундай. Кайталай кетейин, алар эскертүү үчүн асманга ок атып, Кербендеги тополоңду токтотуш үчүн мыйзам чегинде ок атышка деле укуктуу. Ал үчүн алыстан атайын буйрук берүүнүн зарылдыгы деле жок. Бирок да мен буйрук кантсе да Бишкектен берилген деген ойго көбүрөөк ынана баштагам...

Менин шегим кийин бийлик алмашкан соң ырасталбай калды. Себеп дегенде, мурдагы куугунтукталган депутат А. Бекназаров башкы прокурор кызматына отургандан кийин шек-шыбаа жараткандардын баарын суракка алып, жоопсуз калган суроонун башын ачып алса болмок. Бул өзү негизги суроо болчу, башкы прокурор ага так жооп табышка милдеткер болчу, анын үстүнө мүмкүнчүлүк болуп турганда маселенин башын ачып алыш керек болчу. Бирок ал буга жооп таба алган жок. Бул суроого жоопту ошол ишке түздөн-түз катышкан милиционерлерди кайра-кайра суракка алуу учурунда тактап алса болмок. Алар да суроого жооп беришкен жок. Жооптун өзү жок болуп атпайбы.

Көрсө, баары жеринде болгон экен. Кыязы, балдардын чыдамы түгөнүп, анан алар аракетти мыйзам негизинде аткарууну чечишкен окшобойбу... Милиция кызматкерлеринин өмүрүнө тикелей коркунуч болбосо Аксыдагы кандуу окуяны болтурбай, бирөөлөрдүн өмүрүн кыйбай, асманга мылтык атуу менен жаңжалды жайгарууга болот эле дегенге кошулгум келет. Анан да бир топ күндөн кийин алтынчы адамдын чогулган элди тараткан жерден башка жактагы табышмактуу өлүмү эмдигиче такталбай, бир топ мыйзамдуу суроолорду жаратып келет. Кандай болгон күндө да, баарын тактап чыгуу зарыл. Азыр болсо күнөөнү бири экинчисине оодаруу менен алек болуп атышат (бийлик оппозицияга, оппозиция бийликке). Бул иш Акаевдин доорунда да, Бакиевдин заманында да ишке ашырылган жок. Дагы бир ирет кайталап айтайын: бул жана башка суроолорго, курман болгондордун арбагын сыйлап, кан жутуп кайгыга баткан үй-бүлөлөрдү, курман болгондордун жакындарын сыйлап, А. Бекназаровдун өзү жооп табышы керек эле, бул анын ыйык милдети болчу, бирок да ал муну жасаган жок. Мунун ордуна ал саясатка баш оту менен менен кирип кетти. Башкы прокурор болгондон кийин биринин артынан экинчисин чубатып, жемкорлор менен ууруларды, криминалдык лөктөрдү бошотуп, өзүнөн башканын баарын айыптоо менен алек болду. Өзү гана кирсиз таптаза…

Айтылгандарга кошумчалай кетчү сөз, Аксы тиреши буга чейин көп айтылган, көп жазылган чырактай алты азаматтын өмүрүн гана кыйган жок. Бул тиреш тартип коргоо органдарынын жакшы адамынын өмүрүн алып тынды, бир нече жыл илгери ал катуу ооруп жарыкчылык менен кош айтышты. Кайгы менен оор санаа А. Карыпкуловду да акыры жыкты, күнөөсүз жерден айыптуу аталган адам айыкпас дартка чалдыгып, ошондон оңоло албай жарыкчылык менен кош айтышты. Автокырсыктан дагы бир аксылык адам набыт болду.

Адамдын сай-сөөгүн сыздаткан Аксы алааматынын кыскача чоо-жайы, тирешүүнүн кандуу натыйжасы ушундай. Анын кенен-кесир баяны, майда-чүйдөсүнө дейре менин орусча чыккан «История кыргызского государства» деген китебимде жазылган. Кызыккандар болсо аны таап алып, жайма-жай окуп чыгышса болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG