Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Аскаровдун соту жабык өтүп жатат


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Июнь коогасы боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун ишин кароо бүгүн Чүй облустук сотунда жабык уланып жатат. Жактоочулар жана укук коргоочу Төлөкан Исмаилова анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну суранды. Прокурор буга каршы чыкты. Баш коргоо боюнча берилген сунушту сот канааттандырган жок. Жараянды видео жана сүрөткө тартууга тыюу салынды.

Чүй облустук сотунан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, бүгүн жабырлануучулар, күбөлөр көрсөтмө беришет.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында "улуттук кастыкты козуткан, жапырт башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку cот 12-июлда ишти “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кароо Чүй облустук сотунда 4-октябрда башталып, ар аптанын шейшемби күнүнө белгиленген.(SE)

XS
SM
MD
LG