Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:53

Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык реформаны тездетүү боюнча жакындагы сунушу эгер ишке аша баштаса, эски маселелерден мамлекет башчынын ыйгарым укугу, жаңылардан президенттин шайлануу жолу талаш-тартыштардын өзөгүн түзчүдөй болуп турат.

Парламенттик башкарууда жашаганы менен президентти эл шайлаган саясий системалар кыргыз саясатчылары менен эксперттери мисалга тартууну жакшы көргөн Европа өлкөлөрүндө да кездешет. “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө Европа өлкөлөрүнүн бул жааттагы тажрыйбасы жана Конституцияны кайра оңдоонун канчалык жүйөлүүлүгү талкууланды.

Өзүн күчтүү президент катары санаган Алмазбек Атамбаевдин парламенттик башкарууга толук өтүүнү тездетип, президенттик ыйгарым укугун чектөө сунушу коомчулукта шек саноолорду да жаратпай койгон жок.

Ал шек саноолордун өзөгү президент өзүнүн же өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн реформаны сунуш кылып жатабы, реформанын максаты бийликти тең салмактап, чечим кабыл алуу жоопкерчилигин күчөтүүбү же бийликти колдон чыгарбай, аны узартуунун гана аргасыбы деген суроолорго барып такалууда.

Президенттин Социал-демократтар партиясындагы фракция башчылардын айтылган сунушту ишке ашырууга шапа-шупа даярдык көрө баштаганына караганда, реформанын максаты бийликти узартуубу деген ойго көбүрөөк түртүүдө.

Биздин алгачкы маектешибиз - Кыргыз-орус славян университетинин конституциялык жана эл аралык укук кафедрасынын башчысы, 2010-жылдагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү, профессор Бекбосун Бөрүбашев:

Парламенттик башкаруу дегенде, адатта, кыргыз саясатчылары парламенттик демократиянын очогу катары саналган Европаны мисалга тартышат.

Бирок көп учурда күнөө Кыргызстанда жакшы иштей албай жаткан системада эмес, кандай система болсо да аны бурмалап жиберген саясатчылардын кулк-мүнөзүндө, улуттук менталитетинде жатканы унутта калат.

Президент шайлоону элге кайтарган Чехия

Евробиримдиктин парламенттик башкаруу өкүм сүргөн, негизги бийлик премьер-министрде жана өкмөттө болгон 28 өлкөсүндө мамлекет башчылары үч түрлүү системага ылайык тандалууда.

Биринчиси - тактыдагы мураскерлик атадан-балага өткөн конституциялык монархия, экинчиси - президенттери парламент тарабынан, үчүнчүсү - эл тарабынан шайланган республикалар.

Он жарым миллион калкы бар, посткоммунисттик доордо алгачкы эки президентин эки мөөнөттөн парламент шайлаган Чехия 2013-жылдан тарта кайра президентти эл тандаган системага көчтү. Мунун себептерин сурап, биз Прагадагы “Метрополь” университетинин саясий илимдер кафедрасынын окутуучусу, доктор Ян Оутли (Jan Outly) мырзага кайрылдык:

Оутли: Себеп Конституцияда эмес болчу. Себеп президентти түз шайлоону негизинен эл каалаганында эле. Буга кошумча башкы саясий партиялар президентти парламент эмес, эл шайлаган жолго өтүүнү убада кылышкан. Дагы бир жолу кайталайм: президентти шайлоо ыкмасын өзгөртүү үчүн конституциялык же соттук жүйө болгон эмес.

"Азаттык”: Эгер сиз айткандай система жакшы эле иштеп жатса, анда эмне үчүн эл президентти шайлоо системасы өзгөрүшүн каалады?

Оутли: Эл түз шайлоону эмне үчүн каалаганынын так себебин айтыш кыйын. Менимче, бул бир жагынан Борбордук Европадагы саясий маданият, саясий маданиятта өзгөчөлүктү көргөзүү ниети менен байланыштуу го. Ошол эле учурда президентти парламентте шайлоо анын мүчөлөрүнүн саясий маданиятынын төмөндүгүн шардана кылган жаман иштер менен да коштолуп кетти. Ушул нерсе да элдин түз шайлоону көздөгөн эркине салым кошкону чындык.

“Азаттык”: Президентти эл шайлагандан кийин ыйгарым укуктары парламент тарабынан шайланган кездегиден көбөйдүбү?

Оутли: Президенттин бийлик укуктарынын эч нерсеси өзгөргөн жок. Бирок президент өзүн мурдагыдан күчтүү сезип калганы анык. Президент мен эл тарабынан шайландым, легитимдүүлүгүм мурдагылардан өйдө деп айта алат.

Бирок, бул өз ыйгарым укуктарын президенттин гана чечмелөөсү, Конституцияда эч нерсе өзгөргөн жок. Конституция боюнча Чехияда президент күчтүү оюнчу эмес, бирок түз шайлоодон кийин президенттик институтка мамиле өзгөрдү. Бул баягы реалдуулук менен Конституция ортосундагы ажырым.

Чехиянын президенти Милош Земан

Чехиянын президенти Милош Земан

“Азаттык”: Мен бул маселенин Чехияга тиешелүү дагы бир өңүтүн сурайын деп турам. Парламентке кирген, башкаруучу коалицияны түзгөн партиялар, алардын депутаттары ири коррупциялык жаңжалдарга кириптер болгону эсибизде. Жаңылбасам парламенттеги партиялардын коррупциялык жаңжалдары президентти шайлоонун элге өтүшүнө таасир берди го дейм.

Оутли: Ооба, коррупциялык жана президентти парламентте шайлоодо чыккан жаңжалдар бул жолдон баш тартуунун себептеринин бири болду. Бирок, бул эки себептин бири. Экинчиси, негизги себеп мен алдыда айткандай элдин басымдуу бөлүгү түз шайлоону каалаганында. Бирок саясатчылар эл каалаган нерсенин баарын жасай берет деп айта албайсыз. Бул ошол эки себептин айкалышы болду.

"Азаттык”: Коррупция демекчи өлкөдөгү негизги саясий фигура болгон премьер-министр кокус өкмөттүн мүчөлүгүнө шектүү адамды сунуш кылып калса, Чехиянын эл тарабынан шайланган президенти аны бекитпей койо алабы?

Оутли: Жок, бекитпей койо албайт. Бул маселе Конституцияда даана жазылган эмес. Бирок саясат таануучулардын көбүнүн, конституциялык укук боюнча адистердин көбүнүн пикиринде, министрлик кызматка премьер тарабынан көрсөтүлгөн адамды президент бекитүүгө милдеткер. Анткени өкмөткө ишеним көргөзүү президенттин эмес, парламенттин гана ыйгарым укугундагы маселе. Биздин Конституция боюнча ар бир өкмөт дайындалгандан кийин парламенттин төмөнкү палатасына барып, ишеним көргөзүүнү сурайт. Башкача айтканда, аларга ишенимди президент эмес, парламент берет. Ооба, азыркы президент Милош Земан өкмөт мүчөлүккө сунуш кылынган бир нече талапкерди четке какты. Бирок, премьер-министр талапкердин бекитилишин талап кылса, президент буга барууга мажбур. Бул эми саясий сооданын бир мисалы. Эгер премьер-министр талапкерди алмаштырайын, президенттин көз карашын кабыл алам десе, талаш чыкпайт, бирок ал өкмөт мүчөсү болуш керек деп көшөрүп туруп алса, президентте аны четке каккыдай ыйгарым укук жок. Эгер президент менен премьердин ортосунда чындап талаш чыкса, маселени Конституциялык сот карайт. Эгер талаш биз алдыда сөз кылган учурлар боюнча чыкса, Конституциялык сот маселени премьер-министрдин пайдасына чечерине 99% ишенем.

“Азаттык”: Конституциялык сот деп калдыңыз, жакында кыргыз президентти жарым парламенттик башкаруудан толук парламенттик башкарууга өтөлү деп сунуш кылды да. Демек, парламенттик демократияда Конституциялык соттун ролу жогору экен да. Муну Кыргызстан эске алыш керекпи, акыркы реформада Конституциялык соттун макамы төмөндөп кеткен.​

Доктор Ян Оутли

Доктор Ян Оутли

Оутли: Силердики азыр жарым президенттик демократия сыяктуу. Жарым президенттик демократияда президенттин өкмөткө таасири чоң болот. Ал премьер-министр ким болорун чечет, өз саясатын түртүү үчүн парламентке да таасир көргөзө алат. Конституция парламенттик башкаруу катары жазыла бериши мүмкүн, бирок саясий реалдуулук жарым президенттик системага жакын. Эгер Кыргызстан толук парламенттик демократияны кааласа жана саясий актерлор эрежелерди чындап урматтабаса, менимче күчтүү конституциялык соттун мааниси чоң. Ал бийлик талашта арбитрдын ролун аткарыш керек. Алгачкы жылдары атаандаштык шартында чыккан конфликттер күчтүү Конституциялык сот тарабынан жөнгөрүлүш керек. Бара-бара убакыттын өтүшү менен саясий оюндун эрежелери аткаруучулар тарабынан кабыл алына баштайт.

Элге өткөрүү демилгеси иш ашпагаган Латвия

Прибалтиканын посткомунисттик үч өлкөсүнүн бири Латвия 1990-жылы көз карандысыздыгын калыбына келтиргенде эле парламенттик башкарууну тандап алган.

Коңшу Литвадан айырмаланып, бул жерде президент парламент тарабынан шайланат. Бирок, бул шайлоону элге ыйгарыш керек деген демилгелер такай күн тартибинен түшпөй келет. Анын себептерин сурап биз Ригадагы Providus коомдук саясат борборунун иликтөөчүсү Ивета Казока айымга кайрылдык:

Казока: Бул демилге көтөрүлгөн учурда негизинен демократия менен байланышкан аргументтер, эл шайласа президент өзүн көбүрөөк легитимдүү сезет, парламент бул кызматка татыктуу адамды тандоодо кыйналып калып жатат деген аргументтер жалпысынан айтылып жүрөт.

Латвияда бул жаатта 90-жылдардан бери жүрүп жаткан талкууларга кылдат көз чаптырсак, бул сунушту мезгил-мезгили менен айрым саясий партиялардын көтөрүп калганы - шайлоочуларга гана жагынуу аракети. Бирок, алар системаны өзгөртө турган чечимге эч качан барышкан эмес. Анткени, алар өздөрү бул шайлоого таасир көргөзүүнү каалашат. Он-он беш жыл мурда коомдук пикир жараткандар арасында президенттин эл тарабынан шайлануусу коррупцияга байланышкан маселелерди жөнгөрүүгө жардам береби, демократия таңкыстыгын жойобу деген ойлор да болгон.

“Азаттык”: Ал эми коомдук пикир эмне дейт. Мен Латвия калкынын 70%га чейинкиси президенттин түз шайлануусун колдойт деген маалыматтарды окудум. Бул туурабы?

Казока: Коомдук пикирдеги көрсөткүч кандай экенин мен билбейм. Бирок элден презденттин түз шайлануусу тууралуу сураганда алар муну колдошу толук мүмкүн. Анткени, акыркы жылдардагы коомдук талкууларда бул маселе үстөмдүк деле кылган жок. Ооба кээ бир саясий партиялар бул маселени азыркы кезге чейин шайлоо программаларына киргизип жүрүшөт, бирок артыкчылык берилген маселе эмес. Адатта талкуулар президенттик шайлоого жакын калганда башталат. Быйылкы талкуулар менен сегиз, он эки жыл мурдагы талкуулардын деңгээлин жана ургалдуулугун салыштырсак, азыр басаңдап калды. Мен атүгүл ошол идеяны түрткөн партиялар өздөрү деле парламенттен 3/2 добуш колдоо аларына ишенет деп ойлобойм.

“Азаттык”: Демек, сунуш-демилгелердин парламентке чейин жетип, бирок андан ары кетпей калышы негизги саясий күчтөр президент эл тарабынан шайлануусуна каршы дегенди туюндурабы?​

Ивета Казока

Ивета Казока

Казока: Алар идеяга каршы эмес, маселе парламентте ошол идеяны колдогудай 3/2 (үчтөн эки) добуш жоктугунда. Жалпысынан алар колдойт, бирок чынында андан ары кетүү үчүн 3/2 добуш топтолбойт. Бирок партиялардын мотивациясына тереңирээк үңүлсөңүз президент парламент аркылуу жашырун добуш менен шайлангандыктан, бул партиялардын өзүн өтө эле азгырган маселе. Анткени, добуш жашыруун берилгендиктен, атүгүл оппозициячыл партиялар да ким Латвиянын президенти болорун чечүүгө катышып жатпайбы? Коалициядагы партиялар жалгыз талапкерди макулдаша албай койгондо Латвиянын азыркы президенти, мурдагысы, андан мурдагысынын да шайлануусунда оппозициядагы партиялардын добушу чоң болгон. Алар шайлоочуларына ким президент болушун эл чечишин колдойбуз деп айтышканы менен реалдуулукту өзгөртүү үчүн 3/2 добуш жыйналышына салым кошушпай жатпайбы. Мунун ордуна тескерисинче президентти шайлоо жараянына өз таасирин сактап калышууда.

Президентти такай эл шайлаган Польша

Посткоммунисттик Европанын эң калктуу өлкөсү Польша болсо парламенттик башкаруунун президентти эл шайлаган формасын тандап алган.

Башкача айтканда, Польшада негизги саясий оюнчу премьер-министр, бирок президент эл тарабынан шайланат. Поляктарда президентти коңшу Германиядагыдай кылып парламент шайласын деген маселе эч качан көтөрүлгөн эмес. Мунун себептерин сурап, биз Варшавадан саясий илимдер боюнча профессор Радослав Марковскиге кайрылдык:

Марковски: Оболу эсиңизге салып кетейин, Европада мындай система Польшада эле эмес, кеминде алты-жети өлкөдө бар. Аткаруу бийлигинин башында премьер-министр турган парламенттик демократия, анткен менен аткаруу бийлигинин дагы бир бутагы болгон мамлекет башчы эл тарабынан түз шайланат. Эмне үчүн минтип жатабыз, анткени, менимче демократия ыкшоо, өз аныктамасы боюнча чечим кабыл алууну жайлаткан система. Бул жагы сынга алынып жүрөт. Бирок демократиянын кыраакылыгы ашыкпоодо, ой жүгүртүүдө, акыл-эстүүлүк менен этият иш кылууда жана башкаларда жатат. Өзү демократиялык деп атоого мүмкүн болгон ар бир системада чечимдерге вето салуу укугу болот. Аны парламенттин жогорку палатасы, Конституциялык сот, анан эл тарабынан түз шайланган президент гана колдоно алат.

Польшанын быйыл шайланган президенти Анжей Дуданын (колун көтөрүп жаткан) кызматка киришүү аземи. Ошондой эле парламенттин жана сенаттын төрагалары. 6-август, 2015-жыл

Польшанын быйыл шайланган президенти Анжей Дуданын (колун көтөрүп жаткан) кызматка киришүү аземи. Ошондой эле парламенттин жана сенаттын төрагалары. 6-август, 2015-жыл

“Азаттык”: Парламенттик башкарууда жашаган, бирок президентти эл шайлаган Польшанын мамлекет башчысы эмнеге укуктуу, эмнеге укуксуз?

Марковски: Мен президенттин ролун көбүртүп, жабыртпайт элем. Ал вето койо алат, мыйзам долбоорлорун Конституциялык сотко жөнөтө алат. Тышкы саясатка, коргонуу саясатына таасир көргөзүүгө аракеттене алат. Бирок саясатты ишке ашыруу бийлиги премьердин колунда. Президент эгер чет өлкөгө барса, Польшанын тигил же бул маселедеги туруму боюнча Тышкы иштер министрлигинен, премьер-министрден нускоо алышы керек. Ал кайсыл бир өлкөлөргө карата өзүнүн саясатын, коргонуу саясатын жүргүзө алат. Тышкы, ички, коргонуу саясатынын маселелери боюнча жыйынтык чечимди чыгарбаса да өзүнүн пикирин айта алат. Бирок, экономикалык чечимдерге, бюджетке кийлигише албайт. Бирок парламенттин чечимдерине, өкмөттүн жардыктарына вето сала алат.

“Азаттык”: Поляк калкы акыркы 25 жылдан бери өзгөрбөгөн азыркы саясий системага ыраазыбы, алар өкмөт менен президенттин кимисине көбүрөөк ишеним артышат?

Марковски: Поляктар жаңы демократиядагы башка өлкөлөр сыяктуу эле система кандай иштерин чынында жакшы түшүнүшпөйт. Алар саясаттагы көп нерсеге нааразы. Бирок, бул нааразылык системага тикелей байланышкан эмес. Башка система болсо деле нааразылык өкүм сүрмөк. Анткени, саясатчыларга, партияларга, парламентке ишенишпейт. Поляктардын жактырбаганы системадан эмес, алардын саясатчыларга карата мамилесинен улам келип чыккан маселе. Ал эми ишеним жагына келсек, адатта президеттики жогорураак. Бул ал саясатта реалдуу ишти жасабаганына байланыштуу. Элдин көбүнесе экономикалык саясатка ичи чыкпайт да. Экономика президенттин иши эмес. Аны экономикада оңунан чыкпай калган иштер үчүн айыпташпайт. Ичте улуттун атасы, сыртта анын өкүлү болуу, тышкы жана коргонуу саясаты менен алектенүү салыштырмалуу оңойураак иш. Ушундан улам адатта бизде президенттин аброю премьерге, парламентке караганда жогорураак.

“Азаттык”: Саясатты, саясий системалардагы көзөмөл жана тең салмактуулук принциптерин узактан бери иликтеген адис катары айтсаңыз, президентти эл эмес, парламент шайлаган учурда кандай тобокелчиликтер чыгат?

Радослав Марковски

Радослав Марковски

Марковски: Мен тобокелчилик бар деп эч убак айткан эмесмин. Бирок иш жүзүндө бул татаал маселе да. Себеби, сапаттуу демократия деп саналган өлкөлөрдө президентти парламентте шайлашат. Эң чоң мисал, мына жаныбыздагы – Германия. Эгер системада көзөмөл жана тең салмактуулук көп болсо, Германия федералдык өлкө да. Анын он алты жеринде (облустарында) өз-өзүнчө шайлоо өтөт, парламентте төмөнкү палата – Бундестагдан тышкары, жогорку палата – Бундесрат бар. Балким мындай системада чечимдерге вето салуу укугу бар, реалдуу, легитимдүү президенттин кереги жоктур. Тескерисинче, партиялык саясатка терең аралашпаган, саясий күчтөр мунасага келген, мамлекеттин жогорку өкүлү катары саналган символикалуу президент гана зарыл. Парламент тарабынан алсыз президенттин шайлануусунан балким чочубоого болот, бирок муну тең салмактаган башка институттар керек. Мисалы, Венгрияны алалы. Тилекке каршы, парламенти жалгыз палаталуу Венгрияда азыркы премьер Виктор Орбандын партиясынын бийликке келиши менен көзөмөл жана тең салмактуулук механизмдери бузулду. Президент да парламентте көпчүлүктү түзгөн партия тарабынан шайланды. Президентти тикелей эмес шайлоодо мына ушундай татаалдыктар келип чыгат. Тикелей эмес шайланган президенттер абдан стабилдүү демократияларга, федеративдик системадагы өлкөлөргө көбүрөөк ылайыктуудай.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG