Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Артыков: Текебаевди камоодо саясат жок


Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев орус жаранынан пара алган деген шек менен УКМКга 48 саатка камалды. Тарапкерлеринин муну саясий куугунтук деп атоосу негиздүүбү? "Азаттык" радиосу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыковго суроо узатты.

"Азаттык": Анвар мырза, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынганы тастыкталды. Анын тарапкерлери муну саясий куугунтук деп атап жатат. Сиз кандай пикирдесиз?

Артыков: Бул жерде таптаза эле кылмыш болуп жатпайбы. Экинчи тараптын көрсөтмөлөрүн уктум. Алар так айтып жатат. Өмүрбек Абдрахмановдун да “алар бир миллион доллар алган” деген сөзү туура эле чыгып жатат. Анан каяктагы куугунтук?

Ошол маалда, билесиздер, мамлекетте кандай трагедия болуп жатты эле, а булар “каяктан пайда тапсам экен” деп издеп жүрөт.

"Азаттык": Бийликтин негизги оппонентинин камалышы өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасир этиши ыктымал?

Артыков: Мен ойлойм, эч кандай олку-солку болбойт. Элибиз деле туура баа берер. Эмне үчүн кылмыш кылган кишини коргоп, чыр чыгышы керек?

Албетте, тегерегиндеги жакындары аракет кылып көрүшү мүмкүн. Бирок, менимче, баары тынч эле болот.

“Азаттык”: Демек, абалдын курчушуна негиз жок деген пикирдесиз?

Артыков: Ооба. Ар бир кылмышкерди абал курчуп кетет деп тийбей койсо мамлекеттин келечеги эмне болот? Ким болбосун, бардыгыбыз мыйзам алдында жооп бергенди үйрөнүшүбүз керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG