Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Кырсыкка кабылган учактын бир "кара кутусу" табылды


Кулаган учак.
Кулаган учак.

Чүй облусунун аймагында кулап, отуздан ашуун адамдын өмүрүн алган учактын алгачкы "кара кутусу" табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн Эл аралык авиациялык комитеттин адистери да чакырылганы мурдараак кабарланган. Андан тышкары, министрлерден куралган өкмөттүк комиссия иштөөдө. Транспорт прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, иликтөөсүн баштаган.

Боинг-747 үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда таңга жуук Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Көз жумгандардын төртөө - экипаж мүчөлөрү, калганы - Дача-Суу айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан көп турак-жай кыйраган.

Учак Гонконгдон Стамбулга учуп баратып, май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конордо кырсыкка кабылган.

17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.(SE)

XS
SM
MD
LG