Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Узаган аптада президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы жарыяланды. Талапкерлер ынтымакка ыктай башташты.

30-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Анда 63% жакын добушту алган Алмазбек Атамбаев жеңүүчү болуп чыкты. Адахан Мадумаров 14.77%, Камчыбек Ташиев 14.32% добуш алды. Калган талапкерлер бир пайызга жетпеген добуштарга ээ болду.

Бийлик өкүлдөрү шайлоо таза жана адилет өткөнүн белгилеп жатат. Кезинде Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев да шайлоолор таза жана адилет өткөнүн билдирип, кайталап турчу. Бирок элде башка пикир кала берчү.

Азыр да бийлик таза, адилет шайлоо болду дейт, оппозициячыл талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деп турушат. Кээ бир жерлерде көнүмүш нааразылык пикет, митингдер өттү. Шайлоо тууралуу эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын жалпы оң баасын уккан соң АКШ, Германия баш болгон, коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын мамлекет башчылары Кыргызстанды президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты.

Митингчилер жана утулган талапкерлер шайлоочулар тизмесин түзүүдө одоно катачылыктар кеткенин, административдик ресурс колдонулганын, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдирүүдө.
Андай бурмалоо орун алганын талапкерлердин бири Анарбек Калматов мындай мисал менен бышыктады:

​- Ленин районунда эки жерде биздин байкоочулар бюллетендерди кармады. Бир жерде жүздөн ашууну, бир жерде 96 бюллетен. Бардык бюллетендерде Атамбаевдин ысмы белгиленип коюлган. Ошол бюллетендер үкөккө салынып жаткан жерде кармалды. Иш козголду.

Сузак районунда кичинекей участокто Калматов 1 добуш алды деп берген. Ошол жердеги кишилер ишенбестен кирип барып, кайрадан эсептесе, Калматовго 236 бюллетен чыгып жатат. Алар Атамбаевге делген бюлетендердин ичине кошулган. Аксыдан Калматовго ноль деп беришкен. Ошол жерде эки участоктон Атамбаевдин бюллетендеринин ичинен 1200 бюллетенди алып чыгышты. Сокулук районун караңыздар, ошол жерде жашаган аксылыктар бар экен. Ошолордон 60 үй-бүлө барса киргизбей коюптур. "Силер аксылыксыңар, Атамбаевге добуш бербейсиңер, кайда барсаңар ошол жакка баргыла" деп коюшкан
.

Бул мисалдар азырынча бейрасмий булактар тарабынан тастыктала элек. Мындай мисалдарды башка талапкерлер да келтиришти. Азыркы мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясы бардык мыйзам бузуулар боюнча фактылар текшерилип жатканын билдирүүдө.

Быйылкы президенттик шайлоо маалында башкаруу ресурсу кыйыр түрдө болсо да колдонулганын жеңүүчү Атамбаев өзү да теледебатта мойнуна алган. Андан кийин президенттин аппараты толугу менен “шайлоо фронтуна” жөнөтүлгөнүн ошол аппаратта иштеген журналист да жазып жиберди.

Шайлоочулар тизмесинин так эместиги, административдик ресурс колдонулганы боюнча сындар президент Роза Отунбаевага да жеткен. Отунбаева аларды төгүнгө чыгарбастан, “мен элибиз белгиленген багыттын бекемделиши, ырааттуу түрдө туруктуу өнүгүү үчүн добуш берди деп эсептейм”, - деп жооп берген.

Байкоочулар шайлоо тынч өткөнүнө ыраазы

30-октябрдагы шайлоого миңге чукул эл аралык жана көптөгөн жергиликтүү байкоочулар көз салды. Эл аралык байкоочулар ичинен Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун миссиясынын баасы чындыктын акыркы инстанциясы катары күтүлчү. Жергиликтүү оппозиция жана жарандык коом үчүн андан аркы күрөш үчүн таяныч болчу.

Валбурга Хабсбург Дуглас

Валбурга Хабсбург Дуглас

Бул ирет да ЕККУнун байкоочулары баасын берип, шайлоодо олуттуу кемчиликтер кетирилгенин билдиришти. Бирок эң негизгиси добуш берүү тынч мүнөздө өткөнүнө каниет кылынды. Анткени былтыр эле будуң-чаңга түшкөн өлкө үчүн адилет жана чынчыл шайлоодон мурун коопсуздук жана тынчтык маанилүү экенин алар да түшүнүп, ошого жараша баа беришти окшойт.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынан келген байкоочулардын жетекчиси Валбурга Хабсбург Дугластын мына ошондой маанидеги билдирүү жасады:

- Шайлоо эч кандай зордук-зомбулуксуз, тынч жагдайда өтүп, добуш берүү жараянына жалпысынан оң таасир тийгизди. Тилекке каршы, бир топ шайлоочулар өздөрүн тизмелерден таппай, бул добуш берүү күнү чоң көйгөйгө айланды. Добуштарды саноо жана таблицага түшүрүү башталганда абал начарлап кетти. Ушундан улам байкоочулардын терс баасын алды. Көп учурда байкоочуларга добуштарды саноого жана аны таблицага түшүрүү процесстерине көз салууга жол берилген жок.

Ал эми Шанхай кызматташуу уюму жана КМШнын байкоочулары ар дайым кайсы, кандай шайлоо болбосун оң баасын берип келатканы белгилүү. Бул жолу да алар мурунку жолоюнан кайткан жок.

Талапкерлер мунасага келүүдө

Мына ушундай карама-каршылыктуу жагдайларга карабай шайлоо соңу башаламандыктар менен коштолбой турган болду. Камчыбек Ташиев нааразылык акцияларынан баш тартаарын жарыялады.

Мунаса жолун биринчилерден болуп төрага Акматбек Келдибеков чаап, талапкерлерди сүйлөшүүлөргө топтой баштады:

- Шайлоо болду, шайланды. Ар бир шайлоодо анын талаш-тартыш жактары болот. Аны угуш керек. Кечээ бүт талапкерлерди топтоп, бирден сөз берип уктук. Борбордук шайлоо комиссиясы да келди. Алар менен сүйлөшүп, бардык маселелер ортого коюлду. Талапкерлердин көпчүлүгү Алмаз Шаршеновичтин утканына эч кандай каршылыгы жок.

Жеңүүчү Алмазбек Атамбаев да Ташиев жана Мадумаровду реалдуу саясатчы катары баалап, алар менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди. Бирок Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов сүйлөшүүлөр качан орун алаары азырынча белгисиз экендигин “Азаттыкка” маалымдады.

Сүйлөшүүлөр жүргүзүү үчүн Адахан Мадумаровго окшогон айрым талапкерлер өз шартын койду. Ал шартка ылайык сүйлөшүү түз эфирде өтүшү керек. Муну менен алар бийлик үчүн соодалашпай, добуштарды коргоо үчүн, шайлоочулардын кызыкчылыгын сактоо үчүн аракеттенип жатканын көрсөтүүгө далалат кылышууда. Бирок кандай болгон күндө да маселе келип-келип эле бийликке такалат. Соода, сунуштар болбой койбойт.

Президенттик бийлик ээсин тапты. Эми талапкерлер жана парламенттеги, өкмөттөгү таасирлүү фигуралар өкмөт башчылык жана андан кийинки орундар үчүн таймашат.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка расмий киришүүсү менен өкмөт башчылык кызмат бошойт. Аны менен кошо өкмөт толук кызматтан кетип, жаңы коалиция түзүү аракети башталат.

Конституцияга ылайык, Алмазбек Атамбаев кайсы бир фракцияга өкмөттү куроону тапшырат. Бул иш-чара кандай болоору тууралуу президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев буларды билдирди:

- Адегенде бир фракцияга берет. Ал ишке ашыра албаса, экинчи фракцияга берет. Анын да колунан да келбесе, Жогорку Кеңештин өзүнө тапшырат. "Өзүңөр сүйлөшүп, фракциялар коалициялык көпчүлүктү түзүп көргүлө" деп айтат. Эгерде бул жолу да болбосо, анда Жогорку Кеңешти таратып, жаңы Жогорку Кеңеш шайланыш керек.

Премьер-министрлик - азыркы кезде эң маанилүү орун. Азыркы өкмөт башчы менен мурунку өкмөт башчылардын ыйгарым укуктарын салыштыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан өкмөт башчылык үчүн күрөш өтө курч болоору турган иш.

Бирок бул кызматка кимдин келиши Алмазбек Атамбаевдин чечимине жараша болот. Анткени Атамбаевдин парламентте таасири күчтүү. Маселен, Жогорку Кеңеште өзүнүн фракциясы - социал-демократтар турат. Андан сырткары “Ар-намыс” фракциясынын көпчүлүгү да анын кол алдына барган. “Республика” фракциясы эски өнөктөш катары КСДП менен жанаша турат.

Бул үч фракция менен Атамбаев каалагандай коалиция түзүп, каалаган өкмөт башчысын, төраганы шайлай алат. Бирок мындай коалиция менен парламентте да, өлкөдө да туруктуулук болушу арсар. “Ата-Журт” жана “Ата Мекен” оппозицияда калса, өтө таасирлүү күчкө айланат. Ошондуктан алардын бирөө коалицияга тартылышы ыктымал. Айрым маалыматтарга караганда, фракциялар ортосунда жаңы коалиция боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөр башталды.

Азыркы мезгилде өкмөт башчылык үчүн “кыл чайнашкан” күрөш жүрүп жатат. Маселен, Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыкты биротоло бекитип алууну көздөп турат. Андан сырткары Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана башка бир топ саясатчылар “мен болсом” деп турат.

Транзиттик борбор кыл учунда

30-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы геосаясий өзгөрүүлөргө да алып келчүдөй болуп калды.

Алмазбек Атамбаевдин “Манастагы” Транзиттик борборго каршы билдирүүсү, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, андан кийин Роза Отунбаеванын тушундагы Батышты да капа кылбай, Орусияны да таарынтпаган саясат токтоп, тышкы саясатта бекем акцент коюла турганынан кабар берүүдө.

​Алмазбек Атамбаевдин шайлоонун эртеси күнү эле АКШнын тышкы саясатына карата сын айтып, "Манас" жарандык аба майданы катары калыш керек деп билдирип чыкты:

- Америка Кошмо Штаттары көптөгөн аскердик чыр-чатактарга катышып жүрөт, мисалы, Ирак, Ооганстан. Азыр АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиле курч болуп турат. Мен ошол мамлекеттердин бири качандыр бир учурда биздин аймакта турган бул аскерий базага карата сокку урушун каалабайт элем. Ошондуктан жарандык багыттагы аба майданы жарандык кызматтарды аткарууга гана иштеши керек. Мына ошондо гана бизге бир кыйла коопсузураак болот деп ойлойм.

Москванын эңсөөсү канааттандырылып...

АКШнын Кыргызстанда бекемделип калышынан Москва 2001-жылдан бери эле чочулап келатат. Чочулоонун айынан Кантка ЖККУнун атынан аскердик күчтөрдү да жайгаштырды. Андан кийин Курманбек Бакиевге “Манастагы” базаны чыгарам” деген убадасы үчүн ири өлчөмдө насыя берди. Бирок ал убада аткарылбай калды. Ошого жараша Бакиевдин тагдыры да кейиштүү болду.
Добуштарды саноо жана таблицага түшүрүү башталганда абал начарлап кетти. Ушундан улам байкоочулардын терс баасын алды.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мурунку бийлиги убадаларды берип,бирок аткарбай келгенин сынга алып келген. Мына ошол жолой кайталанбай турганын ал Кремлге дайым айтып келатат. Ошого жараша Москва, өзгөчө Владимир Путин шайлоодо Атамбаевди колдоп берди. Кремлдин колдоосуна жооп иретинде Атамбаев АКШ базасын чыгаруу маселесин чукулунан көтөрүп, Москвага жышаана жасагандай болду. Бирок "Манас" транзиттик борборун Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча келишимдин мөөнөтү 2014-жылы гана аяктайт, ага чейин эки тараптуу келишимдин баары күчүндө кала берет деп кыргыз өкмөтү кайра шашыла тактоо киргизди.

Ошентсе да, Вашингтон да шашыла реакция жасап, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Виктория Нуланд база боюнча сүйлөшүүлөр улантылаарын билдирип чыкты.

Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү Евразия экономикалык шериктештигинен алына турган 106 млн. доллар карызды тезирээк алууга да багытталганы жашыруун эмес. Анткени өлкө бюджетинин абалы начар. Тартыштык 21 млрд. сом бойдон турат.

Каражаттын тартыштыгынан айлык акыларды көбөйтүү алгачкы пландагыдан төмөнүрөөн болуп, маяна-акыларды берүү айрым жерлерде кечеңдеп жатканы маалым болууда. Андан сырткары улуттук валюта - сомдун наркынын ылдыйлай башташы да чочулатуучу жагдайлардан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG