Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Өкмөт келерки жылдын бюджетин бекитип, экономикалык саясатты аныктоого далаалаттанууда. Саясий күчтөрдүн биригүү жараяны жүрө баштады.


Кыргызстандын абактарында узап бараткан жума ичи оор кырдаал сакталып турду. Алты миңден ашуун камактагы киши ачкачылык кармап, 1175 киши оозун төөнөп алды.


Абактарда ачкачылык токтоду


Бийлик менен камактагылардын ортосунда буга чейин тирешүүлөр болсо да, мынчалык деңгээлге жетпегенин адистер белгилешүүдө. Бул бийликтин криминалга каршы күрөшүнүн алгачкы көрүнүшү катары да сыпатталууда.

Жаза аткаруу мекемесинин жетекчилиги ачкачылыктын жана оозун төөнөп алуунун себеби катары абактагылардын айрым камераларды ачык калтыруу талабы менен байланыштырууда. Ал эми абактагылар кармалган ачкачылыкты Жаза аткаруу мекемеси жалган деп жарыялаганы үчүн ооздорун тигип алууга барганын билдиришти.

Тирешүүдөн катардагы абактагылар жабыркап, алардын айрымдары ооруканаларга түштү.

Оозун төөнөп алгандардын бири, 24-январь, 2012-жыл

Оозун төөнөп алгандардын бири, 24-январь, 2012-жыл

Өкмөт соңунда кырдаалга көңүл буруп, Жаза аткаруу мекемесинин жетекчилигин алмаштырууга барды. Алмаштыруу мекеменин төрагасы Шейшенбек Байзаковго тийген жок. Аны кызматтан алуу кылмыш дүйнөсүнүн кысымына багынуу катары бааланмак.

Абактагылардын жетекчилик боюнча талаптарын кайсы бир деңгээлде канааттандыруу үчүн Жаза аткаруу мекемесинин жетекчисинин биринчи орун басары Калыбек Качкыналиев баш болгон үч орун басары алмашып, жаңылары дайындалды. Бул бошотуулар жана жаңы дайындоолор мекемени бекемдөө катары да кабылданат.

Мына ошону менен катар абактарда абалды турукташтыруу үчүн адам укугун коргоочулар, бийлик өкүлдөрү аракет жасашты. Ал аракет натыйжасын берип, 28-январга караган түнү бардык абактарда ачкачылык токтоду. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун маалымдады.

Абактарда эми абал кайсы жагына өзгөрөөрү тууралуу Жаза аткаруу мекемесинин жетекчисинин кеңешчиси Табылды Исаев буларды билдирди:

- Эч кандай телефондор, баңгизаттары да, сайылуучу буюмдар, эмеректер да кирбейт. Кылмыштуу топтор үчүн атайын №50 тергөө абагын ачканбыз. Алардын өкүлдөрү ошол жерде өзүнчө камерада отурушат. Эч кандай телефон чалуу, же мурункудай коркутуп-үркүтүү болбойт.

Өкмөт абактарда жаштар толуп кеткенин мойнуна алып, аларды криминалдык төбөлдөр пайдаланып жатканын белгиледи. Абактардагы абалды жеңилдетүү үчүн майда экономикалык кылмыштар, мисалы, телефон уурдаганы үчүн абакка камабай, башка жаза колдонуу жагы карала турган болду. Бул үчүн өкмөт мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.


Өкмөт реформаларды жылдырууга белсенди


Президент Алмазбек Атамбаевдин каалоосу менен түзүлгөн Өмүрбек Бабанов башында турган өкмөт элдин ишенимин алуу үчүн кыска мөөнөттө көзгө көрүнө турган иштер жасалыш керектигин так сезип, реформаларды жылдырууга жандалбас уруп жатат. Бул үчүн “Туруктуулук жана татыктуу жашоо” аттуу программа түзүлүп, анын ичинде “100 күн” деп аталган план бекитилди.

Ал планга ылайык, ишкерлерге мүмкүнчүлүк берүүчү жаңы салык саясаты жүргүзүлөт. Лицензия, уруксат берүүлөр кыскартылат. Мамлекеттик кызматкерлер да 20% кыскарат. Реформа тартип коргоо органдарын да камтып, МАИ кызматы менен Жол-кайгуул кызматы бириктирилет. Ири шаарлардагы жолдорго видео камералар орнотулат. Андан сырткары өкмөт менчик оорукана жана билим берүү жайларын түзүүгө жол ачат.

Ишкерликке шарт түзүүдөн сырткары өкмөт “Центерра голддогу” Кыргызстандын активин пайдаланып, улуттук масштабдагы долбоорлорду аткарууну көздөп жатат. Бирок булардын баары азырынча болжол жана максат. Аларды реалдуу аткаруу иштери баштала элек.

Экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян өкмөттүн баштап жаткан иштеринде оңдуу нерселер бар экендигин, бирок башкаруу системасын натыйжалуу уюштуруу, корруцияны жоюу негизги маселе экенин белгиледи.

Экономисттин пикиринде, азыркы көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз. Алар бюджеттин тартыштыгы сыяктуу айрым маселелерди жеңилдетип, бирок мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырбайт. Ал үчүн экономиканын структурасын өзгөртүү зарыл. Агрардык, ортомчулук саясаттан өндүрүш жагына өтүш керек. Бул үчүн инвестиция керек. Өкмөттүн программасында мына ушул жагы аксап турат. "Ошондуктан программада конкреттүүлүк аз", - дейт Аза Мигранян.

“Центтера голддогу” активдерди пайдалануу инвестиция маселесин чечүүгө жардам береби деген суроого Аза Мигранян:

- Аны өтө аз дегенге болбойт. Бирок ал жетиштүү да болбойт. Эң башкысы ал каражат кандай пайдаланылат жана кайда жумшалат? Кайсы тармакка, кандай долбоорго багытталат? Эгерде социалдык тармакка кетсе, анда натыйжа болбойт. Эң башкысы ал каражатты башкаруу системасы кандай болот? Ким ал каражатты башкарат? Кайсы базада жана кандай долбоорго жумшалат? Көзөмөл кандай болот? Мына ушул жагы бизде эң начар.

Мисал катары Аза Мигранян Орусиянын 300 млн. доллар насыясын натыйжасыз пайдаланууну атады.


Экономист Мейманбек Абдылдаев өкмөттүн программасында алгылыктуу нерселер бар деп эсептейт. Бирок өндүрүш тармагына аз проценттүү насыя керек. Бул үчүн Улуттук банк “Центеррадагы” активдерди пайдаланып, минималдык үстөк пайыз менен узак мөөнөттүү насыяларды берүүсү зарыл дейт Абдылдаев:

- Мен бул ишке аябай оң карайм. Мен Улуттук банктын маселесин көптөн бери көтөрүп келатам. Улуттук банкты да реформалаш керек. Ал экономикага иштебей калыптыр. Өзүнчө эле арам акчаларды адалдап, чайкоочулук менен алек болуп калды. Берген үстөк пайызы 10% экен. Дүйнөдө борбордук банктарды нөлгө, бирге түшүрүп жатат. Булардыкы эмне үчүн 10 пайызда турат? Улуттук банк “Центерраныкын” кошуп, жылына 100 млн. доллардан төмөн пайыз менен берип турса, иш жылат эле.

Өкмөт быйылкы жылы 671 млн. доллар инвестиция тартылат, ички дүң продукция 7.5 пайызга өсөт, инфляция 9 пайыздан ашпайт деп болжоп жатат.
Кылмыштуу топтор үчүн атайын №50 тергөө абагын ачканбыз. Алардын өкүлдөрү ошол жерде өзүнчө камерада отурушат.

Келерки аптада парламентте каралышы күтүлүп жаткан бюджеттин кирешеси 78 млрд. 800 млн. сом, чыгашасы 94 млрд. 800 млн. сом деп белгиленүүдө. Натыйжада тартыштык 16 млрд. сом болот.

Мына ошентип ар кошкон өкмөт бюджеттин параметрлерин бекитип, башаламан болсо да реформаларды тактап, жакынкы мезгилдерде ишинин натыйжасын көрсөтүүгө белсенүүдө. Ал программаны калкка жеткирүү үчүн өкмөт жетекчилери региондорго чыгып, жыл жыйынтыгына арналган жыйындарга катышып келди.

Өкмөт үчүн реформаларды жылдырууга каршылык дээрлик жок. Оппозиция да мүмкүнчүлүк берүүгө даяр. Маселе эми натыйжа чыга турган реформа жүргүзүүдө турат.

Ал эми азыркы мезгилде өкмөттүн алдында турган негизги маселелердин бири жазгы талаа жумуштарын уюштуруу, дыйкандарды күйүүчү май, жер семирткич, техника менен камсыздоо. Кыштоону уюштурууда өкмөт өтө олуттуу кемчиликтерди кетирди. Кезектеги өнөктүктү өткөрүүсүнө жараша өкмөттүн тагдыры, келечеги чечилип калышы ыктымал.


Көңүл чордонунда - Ош шаардык кеңеши


Кыргызстан саясатчыларынын алдында март айына белгиленген Ош​ шаарынын мэрин шайлоо турат. Бул шайлоодо бийлик жана оппозиция билек түрүнө таймаша турган болуп калды.

Азыркы мезгилде ыңкылапчыл күчтөр бир блокко биригип, бирдиктүү болууга аракеттенгендей эле оппозиция да биригүүгө далалат жасап жатат. Андай аракет жүрүп жатканын мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров белгилеп, жалпы улуттук масштабдагы партияга биригүү аракети көрүлүп жатканын билдирди:

- Биз бир региондун же бир кайсы бир саясатчынын партияларынан өтүп, жалпы улуттук, жалпы мамлекеттик деңгээлдеги чоң партияларды уюштуруп, түзүшүбүз керек. Мына ушул демилге менен бир бир топ иштерди жүргүзүп жатабыз.

Оппозициялык “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” жана башка партиялар биригип, Ош шаардык кеңешке шайлоодо азыркы мэр Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” аттуу партиясын колдоого алууну чечишкен.

Алардын аракети канчалык натыйжалуу болоорун мезгил жана шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт.

Оштогу серепчилер негизги таймаш КСДП, “ Республика” жана “Улуттар биримдиги” партиясынын ортосунда жүрүп жатканын белгилейт.

Жергиликтүү саясатчы Төлөгөн Келдибаев Ош шаардык кеңешине шайлоо өнөктөгүнүн жүрүшү тууралуу буларды билдирди:

- Бүгүнкү күндө элдин маанайына караганда КСДП, “Республика” жана “Улуттар биримдиги” партияларынын ортосунда негизги саясий күрөш болот. “Ата Мекен” партиясы да алышы мүмкүн, бирок анчалык эмес. Калган башка партиялардын мүмкүнчүлүгү жогураак. Анткени аталган үч партия бийликте турат. Бул партиялардын акчасы да, электораты да Ошто жетиштүү.

Келдибаевдин пикиринде, шайлоочулар улутуна жараша көбүрөөк бөлүнүп жатышат. Маселен, өзбектер КСДП жана “Республикага” добуш берсе, кыргыздар “Улуттар биримдигине” ыктап турат.

Дагы бир серепчи Руслан Ташанов негизги күрөш Мелис Мырзакматовдун партиясы жана ага каршы турган КСДП, “Республиканын” ортосунда жүрөөрүн тастыктайт. Ошол эле учурда “Республика” менен КСДП бир блок болуш мүмкүндүгүн Ташанов белгиледи:

- Албетте алар бир блокто болот дегенге толук негиз бар. Анткени өткөн жылы сентябрда шайлоолор токтотулганда, ага чейин көпчүлүк ректорлор “Республика” партиясынын тизмеси менен кеткен эле. Азыр эми алар КСДПнын тизмесинен кетип жатат. Бул КСДП менен “Республика” бир саясий күч деген тыянакка келсек болот.

Руслан Ташанов шайлоочулар улутуна карай партияларды тандап жатышканын тастыктады.

Мына ошентип Ош шаардык кеңешине шайлоодо Кыргызстандагы негизги саясий күчтөр кайрадан беттешет. Бул шайлоо оппозициялык күчтөрдүн биригип, ирилешүү жараянын башташы да ыктымал.

Биригүү ыңкылапчыл күчтөрдүн президенттик шайлоодо жеңишке жетишүүсүн камсыздады. Оппозиция болсо, тескерисинче, бириге алган эмес эле. Эми оппозициялык күчтөр да биригүү гана ийгиликке алып келерин баамдап, мына ошол багытта кыймылга келүүдө. Бул жараян келечекте ыңкылапчыл күчтөр бир тарап, оппозициячылар бир партияга биригип, негизги эки күч пайда болушуна алып келет. Ыңкылапчыл күчтөрдүн башында Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариевдер турса, оппозициялык күчтөрдү Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу саясатчылар жетектеши күтүлүүдө.

Мына ушундай шартта “Республика” партиясы өзүнчө күч катары сакталып калууга аракеттенүүдө. Бул партия бир жагынан ыңкылапчыл күчтөргө жакындаган менен ал тараптан күтүлчү чабуулдан чочулап турат. Маселен, Өмүрбек Текебаев баштаган топ үч айдан кийин өкмөттүн отчетун талап кылып, Бабановду "жерден алып, сууга салганга" даяр. Темир Сариев, Акылбек Жапаров сыяктуу “тыңчыкмалар” да “генералдыкты” эңсеп турат. Эгерде мына ушул тараптан чабуул күчөсө, Бабанов оппозициянын короосуна кылчактай баштайт. Ансыз деле бул партиядагы айрым депутаттар түзүлгөн кырдаалга жараша өзгөрүүгө даяр турат.

Либералдык саясатчылар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов, Марат Султанов, Кубатбек Байболовдор өз алдынча сүзүп чыгууну эңсегени менен, ага батынбай турушат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG