Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Коррупцияга каршы күрөштүн мизи чыныгы коррупциялык ири иштерге эмес, майда чабактарга багытталганы түкшүмөлдөрдү жаратууда.

Узаган аптада Кыргызстанда күйүүчү май кымбатташы мүмкүндүгү айтылды. Парламентте бюджет карала баштады. УКМКнын укуругуна менчик фирмалар, журналисттер көбүрөөк илине баштады.

Коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүүдө?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине коррупцияга каршы күрөш тапшырылган. Ошондой эле тапшырма президент тарабынан Башкы прокуратурага да коюлган. Башкы прокуратуранын ишинде жылыштар байкалбагандыктан башкы прокурордун үч орун басары алмашты. Алардын ордуна жаңы адамдар келишти. Алар Нурлан Жээналиев, Людмила Усманова жана Уланбек Халдаров. Бошогон орун басарлар арасында мурунку президент Роза Отунбаева кызматтан кетер алдында дайындаган Байтемир Ибраев бар. Ал Убактылуу өкмөттүн белдүү мүчөсү Азимбек Бекназаровдун кадры экени да белгилүү. Ошондуктан бул кадрдык өзгөрүүлөр банк уячаларына байланыштуу иштин жанданышына алып келиши ыктымал.

Коомчулукта башкы прокурордун өзү Аида Салянованын ишине канааттануу жок экенин адистер белгилеп келишет. Бирок Салянованы кызматтан алуу үчүн парламенттин макулдугу керек. Жаңы орун басарлар менен коррупцияга каршы күрөштө натыйжа байкалбаса, парламентке Саляновага байланыштуу сунуш түшүп калышы күтүлөт.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов кадрдык өзгөрүүлөр бышып-жетилгенин белгиледи:

- Менимче, Коргоо кеңешиндеги прокуратуранын дарегине айтылган кемчиликтердин негизинде ушундай чечим кабыл алынды. Чындыгында эле маселелер көп болуп жатпайбы. Маселен, мен башкы прокурор болуп дайындалган учурда эле ушул сыяктуу чечимдерди сунуштасам, кабыл алынган эмес. Анда абал бир аз олку-солку болуп турбады беле. Бирок эртедир-кечтир ушуга окшогон чечим кабыл алынышы керек болчу. Керек болсо мындан да орчундуу реформалар жасалышы керек.

Азырынча коррупцияга каршы күрөштө УКМК айрым натыйжаларды көрсөтүп жатат. Бирок күрөштүн мизи чыныгы коррупциялык ири иштерге эмес, майда чабактарга, менчик компанияларга багытталганы ар кандай түкшүмөлдөрдү жаратууда. Андай түкшүмөлдөрдүн бири - бийлик кайрадан кирешелүү тармактарды бөлүштүрө баштады дегенге барып такалууда. Маселен, акыркы мезгилде УКМК “Аюу” алкоголдук менчик компаниясын текшерип жатат.

Ошондой эле журналисттерди суракка чакырды. Ал эми тоо-кен тармагындагы коррупцияга, “Кыргызтелекомду” бөлүүгө каршы турууга “тишибиз” өтпөй жатат дегендей билдирүүнү УКМКнын башчысы Шамил Атаханов жасады. Ал эми коомчулуктун көңүлүндө ажылыкты уюштуруудагы, энергетика тармагындагы, алтын иштериндеги, насыяларды бөлүштүрүүдөгү, банк уячаларын талкалоодогу жана башка орчундуу коррупциялык иштерде жылыш болобу деген суроо турат.

Эксперт Кубатбек Кожоналиев коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүно карата мындай пикирин билдирди:

- Президенттин тегерек четинин баары коррупциялашкан. Ошондуктан башталган нерсе биринчи тегерек четинен башталыш керек. Анан Финансы полициясы МАИ, мугалимдерден баштап жатпайбы. Бул адашкандык. Бул туура эмес жол болот. Анткени коррупция деген жогору жакта. Мына мисалы үчүн радиацияланган көмүрдү алалы, буерде чоң-чоң кишилердин кызыкчылыктары жатат. Электр жарыгын өчүрүүлөр, газ өчүрүүлөр, булар эмнеден кабар берет? Былтыр Токтогулга аябай суу көп келди. Жарык өчпөш керек эле. Бирок ага карабастан бизде мына бүгүнкү күнгө чейин жарык өчүрүлүп жатат. Мен мына борбордо турам, буерде да өчүрүлүп жатат. Бул эмнени айгинелейт? Биз Казакстанга электр энергиясын сатып, каражат алып жатпайбызбы. Мына ошол каражат оңдоп-түзөө иштерине сарпталбай, бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жатат деген сөз.

Кубатбек Кожоналиев өкмөттүн кышка толук даярбыз дегенинин калпы чыкканын кошумчалады. Бирок парламентте ар кандай кыңыр иштердин бети ачылып жатышы жогору жакта тазаланууларга жол ачат, дейт Кожоналиев.

Кечиккен бюджет

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште быйылкы жылдын бюджети боюнча парламенттик угуулар өттү. Анда коомчулуктун жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, депутаттар, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен бюджет долбоорун талкууга алды. Албетте, бюджетке карата ар кандай сындар айтылды. Алардын айрымдары каржы министри Акылбек Жапаров тарабынан кабыл алынды.

Бюджеттин параметрлерине токтолсок, анын тартыштыгы 16 млрд. 415 млн. сом болуп жатат. Өткөн жылы тартыштык андан көп болчу. Бирок ал тартыштык калкка сезилген жок. Ал эми адистер капиталдык салым, ондоп-түзөө иштери каржыланбай калганын белгилеп жатышат. Мына ошол каржылоонун аксоосунанбы быйылкы жылдын биринчи айындагы көрсөткүчтөр абдан эле начар болуп калды. Алар тууралуу да төмөндө сөз кылабыз.

Бюджеттин параметрлери тууралуу сөздү улай турган болсок, кирешеси 78 млрд. 964 млн. сом, чыгашасы 95 млрд. 380 млн. сом деп белгиленди. Он алты жарым миллион сомго жакын тартыштыкты ички жана тышкы булактардан толтуруу сунушталган. Тышкы булактар бул дагы эле насыя суроо болуп калмакчы. Ал эми ички булактар өкмөттүн баалуу кагаздары болмокчу.

Бюджеттик тартыштыкка байланыштуу быйылкы жылы айлыктарды көтөрүү каралган эмес. Болгону пенсияларды көтөрүү каралган.

Каржы министри Акылбек Жапаров 2005-жылдан бери бюджеттин көлөмү он эсеге өсүп, республикалык, мамлекеттик жана социалдык фонддун бюджетин кошкондо 150 млрд. сомдон ашканын, бирок дагы эле жетишпестик болуп жатканын белгиледи.

Быйылкы жылы бюджеттик каражаттарды коррупциясыз пайдаланууга негизги көңүл буруларын, бул үчүн апрель айынан тарта бирдиктүү казыначылык эсеп ишке кирерин Жапаров билдирди:

- 1-апрелден баштап бирдиктүү казыналык эсеп иштей баштайт. Сиздер 1-апрелден баштап бюджеттин эсебинен ким канча сатып алат, каяктан сатып алат жана ошонун кыргыз элине, ошол мекемеге керекпи деген суроого жооп аласыздар, баары тууралуу толук маалыматты күндүр-түндүр алсаңыздар болот.

Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков бюджетти татаал катары баалап, комитет бюджетти тартыштыксыз кылуу үчүн аракет жасап жатканын билдирди:

- Бюджеттин долбоору 16 млрд. 400 млн. сом тартыштык менен келген. Бирок комитет көрсөтүлгөн тартыштыкты жоготуп, тартыштыгы жок долбоорду алып чыкканга аракет кылып жатабыз. Бул биринчиден. Экинчиден, экономиканын өсүшү 8%га чейин коюлган. Эгерде бир пайызга өссө бул чоң жетишкендик болот Кыргызстан үчүн. Көмүскө экономикадан, көмүскө статистикадан кетишибиз керек. Статистиканы оңдомоюн бизде эч качан ачык-айкын бюджет болбойт.

Ошентип, өкмөт быйылкы жылы 7.5% өсүштү белгилеп жатат. Бирок январь айында өткөн жылга салыштырмалуу ички дүң өнүм - 12.5% төмөндөп кетти. Кайра иштетүү тармагы 45% ылдыйлаган. Бул абдан чочулатуучу жагдай экенин эксперттер белгилеп жатышат.

Көз карандысыз экономист Азамат Акелеев өкмөт күткөн 7.5% өсүш болот деп бекем айтуу кыйын дейт. Эң башкысы инвесторлордун ишеними кетип жатканы жаман жагдай дейт Акелеев:

- Ишенич жок болуп жатат бүгүнкү күндө. Мисалы, мен кечээ күнү инвестиция тармагында иштеген чет өлкөлүк эксперт менен сүйлөшсөм, Кыргызстан жөнүндө жалаң негативдүү ойлорду айтты.

Акелеев ошондой эле өкмөт реформаларды, инвесторлорго шартты кагаз жүзүндө эмес, реалдуу түрдө түзбөсө абал өзгөрбөй турганын кошумчалады.

Өкмөт 100 күн деп аталган реформасын жарыялаган. Бирок жарыяланган мөөнөттүн жарымы өтүп калса да, байкаларлык эч нерсе жасала элек.

Айрым өкмөт мүчөлөрү реформалар үчүн донорлордон каражат күтүп жүргөнү да маалым. Ал эми донорлор Кыргызстандын жыйырма жылдан бери келаткан жемишсиз реформалары үчүн каражат берүүдөн тажагандай. Анын үстүнө негизги донорлордон болгон Европа өзү карыз кризисинин сазында жатат.

Күйүүчү май кымбаттайт, кымбаттабайт...

Узап бараткан жумада Кыргызстан коомчулугунун кооптонткон кабарды нефтитрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев таратты. Анын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын Бажы кодексиндеги өзгөрүүлөргө байланыштуу мунай затын ташып келүү кымбат боло баштайт. Натыйжада күйүүчү май 15 сомго чейин көтөрүлөт.

Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов Акенеевдин маалыматын төгүндөп, кымбаттоо күтүлбөй жатканын айткандай болду.

Жумакадыр Акенеевдин ишемби күнү берген маалыматына караганда, маселе оң жагына чечилип жатат. 12 миң тонна күйүүчү май Кыргызстанга келип түштү. Бирок алыскы региондорго күйүүчү май тараткан нефтитрейдерлер бааны 2 сомго чейин көтөрүшү күтүлөт:

- Тартыштык болбойт. Башка нефтитрейдерлер бааны 5% көтөрүшү мүмкүн. Бирок анын үстүнөн да биз катуу иштеп жатабыз. Ал эми Газпромдун баасы мурунку боюнча кала берет.

Акенеевдин маалыматы боюнча, Газпромдун Кыргызстанда 109 күйүүчү май куючу жайы, калган башка компаниялардын 520 күйүүчү май куя турган жайы бар.

Ошентип, күйүүчү май жаңжалы азырынча чечилгендей болду. Бирок ал геосаясий кырдаалга жараша өнүгүшү ыктымал. Белгилүү болгондой, февраль айында президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага жумуш сапары белгиленген. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси талкууланыш керек. Албетте, андан сырткары "Манастагы" Транзиттик борбордун тагдыры да талкууланбай койбойт.

Мына ошол маселелердин чечилишине Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздоо маселеси көз каранды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG