Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

АКШнын коргоо министри Кыргызстанда Транзиттик борбор боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Аксы окуясына он жыл болду.

2002-жылы 17-мартта Аксы районундагы Боспиек жергесинде милиция куралсыз тургундарга ок аткан. Андан беш киши набыт болуп, ондогондор жараат алган. Ал күнү аксылыктар өз депутаты Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен район борбору Кербенге жөө жүрүш жасап келатышкан. Боспиекте алардын жолун милиция тосуп, ок чыгарышкан.

Кандуу окуя 18-мартта район борборунда уланган. Өкмөт “Тайфун” операциясын киргизип, район борборунда митингге чыккандар атылып, кармалгандар ырайымсыз сабалган. Бул күнү 18 жаштагы Элдияр Үмөталиев атып өлтүрүлгөн.

Мына ушул коркунучтуу трагедиядан кыргыз бийлиги сабак алган жок. Натыйжада ал андан да каргашалуу окуяларга алып келди. 2010-жылы апрель окуясында 87 бала атып өлтүрүлүп, жүздөгөндөр жарадар болду. Апрель окуясы андан да коркунучтуу - Ош, Жалал-Абаддагы июнь каргашасы менен коштолду.

Мына ушул трагедиялардан кийин да кыргыз саясатчыларында, элдин өзүндө өзүн-өзү сактоо инстинкти ойгонбосо, азыркы кездегидей бийлик менен оппозициянын регионалдык мүнөздөгү таймашуусу токтобосо, ал мурункулардан да масштабдуу трагедияга алып келиши мүмкүндүгү эскертилүүдө.

Аксы окуясы демекчи, президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен 17-март - Аксы окуясын эскерүү күнү деп жарыяланды. Ал эми Азимбек Бекназаров өз аракети менен Аксы окуясы боюнча музей уюштурду. Аксынын Кара-Суу айылындагы Жеңижоктун музейинин жанына тургузулган жаңы музейдин ачылышы 17-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен өттү.

Аксы окуясына он жыл болгонуна карабай, ал боюнча соттук териштирүүлөр ушул кезге чейин уланып келатат. "Бирок жыйынтык чыкпай жатат" дейт Азимбек Бекназаровдун жардамчысы Анарбек Кайназаров:

- Төрт кишинин үстүнөн сот болуп жатат. Бирок эки жылдан бери жылбай жатат. Болот Жанузаков, Зоотбек Кудайбергенов, Чубак Абышкаев улам сотко ишеним көрсөтпөй коюшуп, ошентип эле созулуп келатат.

Мурунку соттук териштирүүлөрдө 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган Зоотбек Кудайбергенов учурда парламентте жооптуу кызматта иштеп жатканы да маалым.

Аксы окуясы Аскар Акаевдин бийлигинин моралдык пайдубалына катуу сокку уруп, ал 2005-жылдагы март ыңкылабына алып келди. Президент Алмазбек Атамбаев да Аксы окуясы болбосо апрель ыңкылабы да болмок эместигин, Аксы эли бийлик элге тиешелүү экенин далилдегенин Аксыда сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

17-мартта Бишкекте маркум Шерали Назаркулов да эскерилди. Ал Аксы окуясынын алдында саясий ачкачылык жарыялап, мына ошонун айынан каза тапкан эле. Назаркулов ачкачылык кармаган Айыл чарба министрлигинин имаратынын дубалына эскерүү тактасы орнотулуп, анын ачууга Жогорку Кеңештин төрагасы жана өкмөт башчы, коомчулук катышты.

Леон Панетта Бишкекте болду

Узап бараткан аптада Кыргызстанга АКШнын коргоо министри Леон Панетта келип кетти. 13-мартта ал Кыргызстан коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен Транзиттик борбордун келечеги боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбор 2014-жылга карай чыгарылышы керектигин буга чейин бир нече ирет билдирген. Бирок Түркияга жасаган сапарында Атамбаев "Манас" аба майданын жарандык багыттагы жүк ташуучу борбор катары пайдалануу жагын АКШ, Орусия, Түркия менен биргеликте кеңешип чечүүнү сунуштаган.

Бул сунуштун өзү Транзиттик борбордун "Манаста" 2014-жылдан кийин да калышына мүмкүнчүлүк бар экенинен кабар берет.

Бирок АКШ тараптан Кыргызстандын сунушуна ачык жооп боло элек болчу. Леон Панетта менен жолугушуудан кийин ага жооп берилгенин Бусурманкул Табалдиев билдирди:

- Бул маселеде биз буларга "2014-жылдан кийин базанын тагдыры кандай болот? Кандай кылып чечебиз? Качан сүйлөшүүлөрдү баштайбыз? Силер создуктуруп жатасыңар, быйыл сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тагдырын чечсек жакшы болот эле" деп келатабыз. Ошол суроолорго бүгүн АКШнын коргоо министри жооп берди. "Апрелде эксперттик топ жөнөтөбүз, ошолор сүйлөшүүлөрдү баштайт" деп конкреттүү жообун берди.

Демек апрель айында АКШдан атайын делегация келип, Транзиттик борбордун 2014-жылдан кийинки тагдыры боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Транзиттик борбор боюнча эки өлкөнүн сүйлөшүүсү да, соодалашуусу да алдыда дейт:

- 2014-жылга чейин абал дагы өзгөрөт. Ошон үчүн соода болот. Ар ким өзүнүн кызыкчылыгын коргогонго аракет кылат. Менин оюмча, 2014-жылга карай база чыгат деп айтыш эрте. Анткени кырдаал катуу өзгөрүп кетсе, авиабаза биздин коопсуздукка да таасир этет. Жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Бирок авиабазанын турганы эки тараптын соодалашуусуна алып келет. Соодалашпай койбойт.

Сүйлөшүүлөрдө финансы, геосаясий маселелер көтөрүлөрүн Бусурманкул Табалдиев белгиледи:

- Мында чечиле турган көп маселелер бар, финансылык, экономикалык. Башка мамлекеттер менен да карым-катнаштарыбыз бар. Ошолордун баарын эске алып, туура чечимге келишибиз керек.

Кыргыз тарап "Манаста" аскердик контингент болбошун гана талап кылууда. Демек АКШ менен Кыргызстан "Манасты" андан ары пайдаланууда эки тарапты ынандырган башка формуланы таба алат. Аны үстүнө Кошмо Штаттардын коргоо тармагы менен кызматташкан жарандык багыттагы компаниялар арбын. Маселен, ошол эле Иракта күзөт иштерин жүргүзгөн Blakwater сыяктуу фирмалар бар. Мына ушундай жарым аскерий багыттагы фирмалар Транзиттик борбордогу аскерлерди алмаштыруусу мүмкүн.

Транзиттик борбордун чыгарылышына Орусия кызыкдар болуп келатат. Ал эмес, кыргыз жетекчилигинин алдына “базаны чыгарасыңар” деген талап Кремль тарабынан коюлганы бейрасмий түрдө айтылып келет. Бирок бул багытта да Кыргызстан үчүн “ыңгайлуу жооп” даяр болуп калгандай. Анткени Орусиянын өзү Ульяновск шаарындагы аба майданы аркылуу АКШнын аскерий учактарынын конуп, учуусуна жол ачып берип жатат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Мамлекеттик Думада билдирди.

Албетте Орусия АКШ Ооганстанда “ишти аягына” чыгаруусуна кызыкдар. Мына ошол себептен Вашингтондун бул багыттагы таламдарын канааттандырууга барып жаткандай.

Саясий күрөш, экономикада аксоо

Ички саясатта Ош, Каракол жана Токмок шаардык кеңештерге шайлоолордун жаңжалы басыла элек. Алардын ичинен Ош шаардык кеңешинин мандатын бөлүштүрүүдөгү талаш-тартыштар олуттуу мүнөзгө ээ болууда.

4-марттагы шайлоодо Оштогу шайлоочулардын 47 пайыздан ашуунунун добушун алган “Улуттар биримдиги” партиясы 45 мандаттын ичинен 23 мандатты берүү талабы менен 14-мартта Ошто митинг өткөрүштү. Эгерде БШК адилет чечим кабыл албаса, митинг Бишкекте уланарын эскертишти.

Ал эми БШК “Улуттар биримдиги” партиясы 21 мандатка ээ болорун билдирип жатат. “Улуттар биримдиги” 23 мандатка ээ болсо, мэрди каалагандай шайлоого ээ болот. Андан аз болсо, экинчи тараптын ийгиликке жетишине шарт түзүлөт. Экинчи тарапта КСДП, “Республика” жана “Адилеттүү Кыргызстан” партиялары бар. Бул партиялар блокко биригиши толук ыктымал.

Ушундай эле жаңжалдар Каракол жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыктары боюнча да жүрүп жатат.

Саясий кырдаал мына ушундай локалдуу күрөштөр менен өнүгүүдө. Бирок өлкөнүн экономикасы өткөн жылдагы өсүштү камсыздай албады. Маселен, быйылкы жылдын эки айында ички дүң продуктунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10.5% төмөндөп кеткен. Өзгөчө кайра иштетүү тармагы 48% төмөндөп, кескин түшүп кеткен.

Экономисттер экономикадагы төмөндөөнү инвестициянын жоктугу менен байланыштырууда. Экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян:

- Төмөндөөгө алып келген биринчи фактор - бул инвестициялык ресурстардын аздыгы. Инвестиция тартуунун чабалдыгынан долбоорлор токтоп калып жатат.Ошондуктан жакынкы келечекте бул көрсөткүчтөр дагы начарлайт. Экинчи фактор, бул албетте керектөөнүн төмөндөөсү. Анын кыскарышы сезондук жана элдин төлөм жөндөмүнүн төмөндөөсүнө байланыштуу. Эң башкы себеп реалдуу сектордо өсүштү камсыз кыла турган технологиялык, финансылык, ресурстук мүмкүнчүлүктүн жоктугунда. Ошондуктан бизде өйдө-ылдыйлоо боло берет. Жыл соңуна барганда оңолгондой болот. Жыл башында начарлайт.

Экономист Айылчы Сарыбаев төмөндөөнүн бир себебин сезондук факторго байланыштырып, Бажы биримдигинин алкагында Казакстан тараптан соода үчүн коюлуп жаткан тосмолор да өзүнүн терс ролун ойноп жатканын кошумчалады:

- Негизги себептеринин бири, бизде чыгарылган жеңил өнөр жайынын продукциялары Казакстан, Орусия, Беларус түзгөн Бажы биримдигинин саясатына жараша өтпөй жатышында. Анткени бизде ал өлкөлөргө өтө турган товарлар азайды. Ошол эле мезгилде бизге келип жаткан товарлар да көпкө кармалып калып жатат.

Экономист-эксперт Мейманбек Абдылдаев экономикадагы проблемаларды инвестициянын аздыгы менен байланыштырат. Эгерде бул багытта абал өзгөрбөсө, жыл башындагы начар тенденция улана берет дейт.

Өкмөт реалдуу тармакты көтөрүү боюнча батыл иштерди баштай элек. Азырынча Өмүрбек Бабановдун командасы 100 күн деп аталган программасынын алкагында башкаруу чөйрөсүндө айрым өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга далаалаттанууда. Анын бир мисалы катары Финансы полициясын жоюп, анын ордуна Экономикалык кылмыштуулук боюнча мамлекеттик кызматын түзүүнү атасак болот.

Ал эми реалдуу сектордун өсүшүнө, демек жалпы экономиканын көтөрүлүшүнө алып келе турган ири кендерди иштетүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, ГЭСтер боюнча долбоорлор сүйлөшүү, инвестор издөө деңгээлинен чыга элек.

Жакынкы мезгилде өкмөт алдында жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү милдети да турат. Апрель айында күйүүчү майга Орусия тарабынан баалардын көтөрүлүшү бул багытта бир топ татаалдыктарды жаратышы мүмкүн. Кыргызстан нефтетрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев баалардын көтөрүлүшү мунайга баанын дүйнөдө көтөрүлүшүнө байланыштуу дейт:

- Апрелде кескин түрдө көтөрүлөт деген божомол болуп жатат. Анткени дүйнө жүзү боюнча мунайга баа көтөрүлүп жатат. Башка жактарда баалар көтөрүлгөндөн кийин Орусия да көтөрөт.

Баалар март айында эле көтөрүлө баштаган. Акенеевдин айтымында, мартта кээ бир заводдор бир тонна күйүүчү майга бааны 70 долларга, башкалары 120 долларга көтөрүштү. Ага жараша Кыргызстанда да баалар бир аз өйдөлөдү. Ал эми апрелде 1.5 сомго чейин кымбатташы күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG