Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Апта: Үзүлгөн сүйлөшүү, маалыматтык чабуул...


Оппозиция митингинен, Ош, 1-март, 2012.
Оппозиция митингинен, Ош, 1-март, 2012.

Кыргызстан сырттан каражат издөөгө киришти. Бишкек менен Москванын ортосунда маалыматтык согуштун учкундары байкала баштады.

8-апрелге белгиленген өкмөт менен оппозициянын сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурады. Оппозицияны сүйлөшүүнүн орду жана мезгили канаатандырбады. Алар сүйлөшүү түз эфирде болуш керек деген шартты коюп келишкен.

Үзүлгөн сүйлөшүү уланабы?

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов сүйлөшүүнү мамлекеттик Ала-Арча резиденциясына дайындап, ал жерге бир нече министр жана коомдук ишмерлер менен келген. Бирок шарттары аткарылбагандыктан оппозиция лидерлери келбей коюшту.

Ошентип өкмөт башчы менен оппозициянын сүйлөшүүсү болбой калды. Эми келечекте Өмүрбек Бабанов менен алардын сүйлөшүүсү күмөндүү. Муну “Ата-Журттун” лидери Камчыбек Ташиев тастыктап, Бабанов менен сүйлөшүү эми болбосун билдирүүдө.

Мына ушундай кырдаалда президент өзүнүн арбитрдик функциясын аткарып, келишпеген тараптарды бир жерге отургузуш керек деген пикирлер айтыла баштады.

“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдирасулова өкмөт менен оппозициянын диалогун уюштурууда нейтралдуу орун тандалып, ага калыс адамдардын катышуусу зарыл деп эсептейт:

- Президент катышса да болот эле бул жерде. Жөнөкөй акын-жазуучу, интеллигенттерден тартып, эл аралык уюмдардан өкүл болсо да болот. Эң башкысы - эки тарапка тең тартпаган, эки тарап ишенген, ортодогу калыс адам болуш керек. Ошондо сүйлөшүү болот.

Эгерде тараптар сүйлөшүүгө келбесе, анда митингдер күчөп, өлкө туруксуздуктун кучагына кире баштайт. Туруксуздук бери дегенде социалдык-экономикалык абалдын начарлашы, инвесторлордун качуусуна алып келет. Ары дегенде июнь окуясы сыяктуу опурталдуу жагдайлар менен коштолот. Андай жагдайлар алыс эместигин жакынкы өткөн күндөгү Таластагы митинг тастыктады.

Ал окуяны атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков мындай баалады:

- Ош, Баткен, Жалал-Абадда митингдер тынч өтсө, Таласта бийликтегилер бир элди экиге бөлүп, чатак чыгарып жиберишти. Чатак чыгарышып гезиттерди өрттөп, желектерди өрттөп, элди экиге бөлүп салышты.

Оппозиция Таласта митингге чыккандардын алар менен байланышы жок экенин айтып, алардын митингдери талаптар аткарылбаса эми башталарын эскертүүдө.

Оппозиция лидерлеринин бири Кубанычбек Кадыров:

- 21-апрелден кийин митингге чыгабыз деп Көлдөн, Нарындан, Чүйдөн телефон чалып, суранып жатышат. Алар бүгүнкү күндө өкмөттүн ишине нааразыбыз дешүүдө. Эми адамдар чыгабыз деп жатса, биз эмне үчүн ал жерге барып сүйлөгөнгө укугубуз жок?

Өлкөдө кырдаалдын курчуусуна Орусия менен Кыргызстандын жетекчилигинин ортосунда пайда болгон келишпестиктер ого бетер кошул-ташыл болот деген шек бар. Анын натыйжасында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы жабыркайт деген санаркоо күчтүү.

Мына ошол себептен айрым депутаттар улуттук кызыкчылыктарды аныктоо үчүн бийлик менен оппозициянын альянсын түзүүнү сунушташты. Бул демилге эки тараптан колдоо табаары азырынча белгисиз.

Оторбаев "от" издеп кетти

Өкмөт каражат издөөгө активдүү түрдө киришти. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын ири донорлорунун бири Швейцарияга, андан ары Вашингтондогу эл аралык финансы уюмдарына иш сапар жасап, насыя, инвестиция сурап чыкты. Маселен, Швейцариянын расмий өкүлдөрү менен жолугушууда Оторбаев Кыргызстандын туризм, саламаттык сактоо, билим берүү жана жарандык коомго каражат бөлүүнү сурады. Ал ошондой эле Эл аралык финансы уюмдары Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө жетиштүү салым да кошпой, көңүл да бурбай жатат деп Вашингтондо сынга алды. Бул бир жагынан түшүнүктүү. Анткени Кыргызстандын финансылык абалы өтө оорлошуп баратат. Кошумча каражат өтө зарыл.

Түшүнүксүз жагы болсо, Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк да Кыргызстан менен жетишилген келишимдердин негизинде бир катар долбоорлорду каржылап жатат. Маселен, Эл аралык валюта корунан болсо үч жылдык кызматташуу программасынын негизинде 106 млн. доллар насыя бөлгөн жана бөлүп-бөлүп берилүүдө. Мындай шартта аларды айыптоо айласы кеткендиктин белгисиндей.

Өлкөнүн финасылык абалы оордугу ички карыздын акыркы мезгилде кескин өсүүсүнөн да байкалат. Маселен, ал өткөн жылга салыштырмалуу ички карыз 40 пайызга өсүп, 12 млрд. 874 млн. сомго жеткен. Тышкы карыздын көлөмү 3 млрд. долларга жакындап баратат.

Өкмөт өткөргөн 100 күндүк реформа убагында ички дүң продукция 7 пайызга төмөндөп, кайра иштетүү тармагы таптакыр ылдыйлап кетти. Эгер абал жакшырбаса, Кыргызстан дефолтко кабылат деген божомолдор экономисттер тарабынан айтыла баштады.

Мына ушундай көрүнүштөрдөн уламбы, айтор, өкмөттүн дарегине айтылган сындар коалициянын ичинде да көбөйө баштады. Өзгөчө президентке жакын Социал-демократиялык фракция сынды күчөттү. Маселен, фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков акыркы үч айда экономикада абал начарлаганын айтса, дагы бир көрүнүктүү социал-демократчы Галина Скрипкина Финансы полициясын жоюу, анын ордуна Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты түзүү мыйзамсыз болгонун билдирди.

Коалициянын мүчөсү болгон “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракциялары да өкмөт жана анын 100 күндүк программасын сынга алышты. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов 100 күндүк программаны аткаруу "эки" деген баага татыганын айтса, “Ар-намыс” абал жакшырбады деп сындады. Ал эми оппозиция болсо өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылып келатат.

Өкмөт мына ушул программасы боюнча 24-апрелде парламентте отчет берет.

Коалицияга мүчө фракциялардын сынына жана оппозициянын позициясына караганда, 24-апрелде өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлчүдөй.

Бирок 100 күндүн ичинде эч нерсе өзгөрүп кетпейт, өкмөт эми гана реформаларды жүргүзүүгө камданды дегендер да жок эмес. Депутат Өмүрбек Абдырахманов:

- Үч айдын ичинде мамлекетте чоң өзгөртүү болуп кетиши мүмкүн эмес. Азыр бул өкмөт эң күйүп бараткан күнүмдүк маселелерди чечүү менен алек. Бирок 100 күн деп программа түзүшкөн. Ал программанын ичинде системаны өзгөртө турган нерселер жок болчу. Бирок алдыда турган тоскоолдуктарды алып салабыз дешкен. Аны башташты. 100 күндө ээрге дурустап отуруп, эми реформаларды баштай турган убак келди.

Маалыматтык согуштун учкундары

Кыргызстандын тышкы саясатында узап бараткан аптада көрүнүктүү окуя болуп кеткен жок. Бирок Орусиянын айрым саясат таануучулары, маалымат каражаттары тарабынан жүргүзүлө баштаган маалыматтык согуштун учкундары байкала баштады.

Кыргызстан тарабынан да Москвага нааразылык ачык түрдө айтыла баштады. Маселен, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов “Орусия милдеттерин аткарбай жатат” деп ачык билдирди.

Эки ортодогу келишпестик Кыргызстанда жаңы курула турган ГЭСтерге байланыштуу экени маалым. Москва андагы үлүштөрүн 75% жеткирүү талабын коюп жатат. Алмазбек Атамбаев баш болгон кыргыз бийлиги ага кескин каршы чыгууда.

Бишкек муну менен чектелбей, Кытай менен айрым энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга киришти. Маселен, “Датка” подстанциясы үчүн 208 млн. доллар насыя алынып, курулуш иштери башталды. "Датка-Кемин" электр линиясын тартуу үчүн 380 млн. долларлык келишимге ошол эле Кытай менен жетишилди.

Кыргызстан Түркия, Катар жана Азербайжан менен да инвестиция боюнча сүйлөшүү жүргүзө баштады. Азербайжан менен сүйлөшүүдө мунайды кайра иштетүү заводун куруу максаты коюлду. Бул долбоор ишке кирсе, Кыргызстан Орусиядан күйүүчү май жагынан көз каранды болбой калат.

Кыргыз бийлигинин мына ушундай жүрүш-турушу Кремлге албетте жаккан жок. Натыйжада күтүлгөндөй эле маалымат чабуулу чыга баштады. Маселен, Александр Князов сыяктуу саясий адистер менен Кадыржан Батыровго жакын деп эсептелген “Алишер Навои” аттуу уюмдардын Кыргызстанга каршы билдирүүлөрү бир убакта чыга баштады.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Марат Иманкулов стратегиялык өнөктөш болгон Орусия менен маселелерди “ийри отуруп, түз кеңешүү” аркылуу чечүү зарыл деп эсептейт:
100 күндө ээрге дурустап отуруп, эми реформаларды баштай турган убак келди.

- Эми ийри отуруп, түз сүйлөшүш керек. Орусияны негизги өнөктөш деп аткандан кийин алар менен ачык сүйлөшүп, ачык чечиш керек. Анткени инвесторлор Орусиядан болобу, башка жактан болобу пайдасын көрөбүз, инвестициясын алып келишет. Алардын кызыкчылыгы сакталып, биздин мамлекеттин кызыкчылыгы орундалыш керек. Ошон үчүн мунаса, баланс табыш керек.

Бирок стратегиялык өнөктөш Кыргызстандын кызыкчылыгын түшүнө алабы?

Кошуна Тажикстандын тажрыйбасы көрсөткөндөй, Кремлден андай түшүнүү табыш кыйын. Бул өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон “Москва биздин кызыкчылыкты урматтай турган мезгил келди”, - деп зар какшап жатат. Бирок түшүнүү байкала элек.

Азыркы мезгилге карай Кыргызстан менен Орусия аткарууну белгилеген энергетикалык долбоорлор туңгуюкта турат.

Өкмөт башчы Бабанов 10-апрелден кийин башка инвесторлорго кайрылууга жолубуз ачык болот деп айткан. Бирок ага батынган кадам жасала элек. Кыязы сөздүн бардыгы Алмазбек Атамбаевдин Москвага жакынкы мезгилге белгиленген сапарында болчудай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG