Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Апта: Сел алган айыл, эс алган өкмөт башчы


Баш мыйзам кабыл алынган 19 жыл аралыгында 10 жолу өзгөртүүгө дуушар болду.

Баш мыйзам кабыл алынган 19 жыл аралыгында 10 жолу өзгөртүүгө дуушар болду.

Кыргызстандын Конституциясынын 19 жылдыгы белгиленди. Энергетикалык долбоолордо айрым айкындыктар байкала баштады. Коррупцияга каршы күрөш солгундадыбы?

Арманы бүтпөгөн Конституция

1991-жылы эгемендүүлүк алган Кыргызстан эки жылдын ичинде жаңы Конституцияга ээ болгон. Ал Конституция 1993-жылы 5-майда “легендарлуу парламент” тарабынан кабыл алынган.

Азыркы кезде кыргыз коомчулугунда мына ошол Конституцияга кайтууну көздөгөн саясатчылар, кыймылдар жана топтор бар. Алар 1993-жылкы Конституция мыйзам жолу менен кабыл алынган, мына ошого кайрылуу менен Кыргызстан легитимдүү жолго түшөт деген жүйөнү айтып келишет.

Белгилүү болгондой, 1993-жылдан кийин Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Конституцияны төрт жолу өзгөрткөн, андан кийин Курманбек Бакиевдин тушунда Конституция бир нече жолу өзгөрүлгөн. Бул өзгөртүүлөр мамлекет жетекчилеринин жеке кызыкчылыгы үчүн, мыйзамсыз жолдор менен жасалган деп сындалып, легитимдүүлүгү күмөн жаратып келет.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин июнь айындагы референдумда азыркы Конституция кабыл алынган. Ал Конституция өлкөнү парламенттик башкаруу системасын орнотууга багыттады.

Бирок азыркы Конституциядагы айрым кемчиликтер 1993-жылкы Конституцияга кайтуу боюнча талаш-тартышты ого бетер күчөтүүдө.

1993-жылкы Конституцияга кайтуу кыймылынын лидерлеринин бири Мукар Чолпонбаев азыркы Конституцияда тышкы саясатты ким аныктары так жазылган эмес жана андан башка кемчиликтери арбын деп сынга алат:

- Менин көз карашымда азыркы Конституция бүгүнкү талапка жооп бербейт. Өкмөттү түзүүнүн убактысын абдан созуп коюшкан. Бир өкмөт башчыны бир фракциядан көрсөтүш үчүн 20 күндөн ашуун иштешет экен. Андан сырткары көп маселелери бар. Биз адегенде парламенттик башкаруу системасын орнотуп атабыз деген элек. Иш жүзүндө болсо парламенттик-президенттик башкаруу системасын сактап калганыбыз ачык болуп калды.

2010-жылкы Конституциянын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев бул Баш мыйзам бийликти тынчтык жол менен алмаштырууга жөндөмдүү экенин айтты:

- 1993-жылкы Конституция мыйзамдуулукту сактай албай, аягы бир үй-бүлөнүн башкаруусуна алып келди. Бир министрликте министрди чоң бажасы дайындаса, орун басарын кичинекей бажасы, калганын курсташы дайындап, бири-бирине баш ийбеген заман болгон. Мына ошону жоготуп, биз ачык-айкындуулук менен, программа, авторитет менен башкара турган системаны түздүк.

Өмүрбек Текебаев Конституция саясатта атаандаштык алып келгенин, ал өз кезегинде тазаланууга жол ачаарын артыкчылык катары атайт.

Кыргызстан оппозициясы да Конституцияны өзгөртүүнү митингдердеги негизги талаптарынын бирине айланткан. Алар да 1993-жылкы Конституция кайтууну туура көрүшүүдө. Бирок алардын оппоненттери артка эмес, келечекке карай баруу керек деп келишет.

Орустардын ою башка болуп чыктыбы?

Конституциялык талаш-тартыштар кризистик маалда, бийлик үчүн күрөштө күчөп кетерин жакынкы тарых тастыктап турат. Азыркы мезгилде Кыргызстанда саясий күрөштүн табы бир аз кайтып турат. Ошого жараша Конституция боюнча талаптар да жаңырбай турат.

Бирок тышкы саясатта, тагыраак айтканда инвестиция тартууда орчун жагдайлар ачылууда.

Биринчиден, президент Алмазбек Атамбаев Коомдук телерадиокорпорациясына курган маегинде тышкы саясатта улуттук кызыкчылыкка басым жасаларын белгиледи:

- Биз Кыргызстандын кызыкчылыгын алдырбайбыз. Канчалык жакын өлкө болбосун, канчалык бир боор өлкө болбосун мындан ары президент, өкмөт, мамлекет үчүн биз Кыргызстандын кызыкчылыгын алдырбайбыз. Кыргызстандын кызыкчылыгы бардык нерседен өйдө туруш керек.

Бул пикирди Алмазбек Атамбаев Орусия менен аткарыла турган долбоорлорго байланыштуу билдирген.

Мына ушул эле маегинде Алмазбек Атамбаев 10-11-майда Казакстанга расмий сапар менен барып, эки тараптуу кызматташууларды жаңы деңгээлге көтөрүүгө аракет жасаарын айткан.

Бирок Кыргызстан менен Казакстандын мамилесинде Бажы биримдиги жана башка факторлорго байланыштуу татаал маселелер турат. Аларды чечүү Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү аркылуу гана мүмкүн. Анткени Кытай, Түркия жана башка өлкөлөрдөн реэкспорт болуп келаткан товарлардан өз базарын коргоо үчүн Казакстан чек арасын тынымсыз бекемдеп келатат. Кошуна өлкөнүн андай чараларынан Кыргызстандын соодагерлери эле эмес, кайра иштетүү тармагы, дыйкан, малчылары да жапа чегүүдө.

Атамбаевдин Астанага сапарынын алдында казак тараптын кыргыз электр энергиясын сатып алуудан баш тартуу ниети мына ошол татаалчылыктарга кошул-ташыл болот.

Казакстан энергетикадан толук көз карандысыз болуу максатында электр энергиясын сатып алууну чектеп жаткандай. Бул түшүнүктүү. Кыргызстан да мына ошондой максатын аткаруу үчүн айрым кадамдарды жасап жатат. Маселен, жума башында Азербайжан өкмөттүк делегациясы менен сүйлөшүүлөр өттү. Кыргызстан Бакунун инвестициясы менен мунайды кайра иштетүүчү завод куруп, күйүүчү май жагынан көз карандысыздыкка жетүүгө умтулууда. Азербайжан жардамын аябасын убада кылууда.

Ал эми электр энергетикасы жагынан көз карандысыздыкка жетишүү үчүн Датка-Кемин электр линиясын тартуу аракети көрүлүүдө. Бул долбоорду ишке ашыруу июль айында башталаарын энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев 3-майда билдирген.

Мына ошол эле Аскарбек Шадиевдин маалымдоосуна караганда, ГЭСтерди куруу боюнча боюнча орус тарап менен сүйлөшүүлөр бир айдын ичинде бүтөт. Сөз Камбар-Ата-1 жана жогорку Нарында курула турган ГЭСтер жөнүндө болууда. "Орус тарап бул ГЭСтерден 75% үлүш талап кылган эмес. Болгону бул долбоорлор өзүн актаганга чейин 75% киресин берип турууну талап кылышкан. Ал эми жаңы ГЭСтерге Кыргызстан менен Орусия 50 пайыздан ээлик кылат. Бул алгылыктуу жагдай", дейт Шадиев.

Кыргызстан Орусия менен энергетикалык долбоорлор боюнча сүйлөшүүдө 2009-жылы жетишилген келишимдерди аткаруу талабын коюп келатат.
“Дастан”заводу ,“Кыргызгаз” боюнча да ошондой эле талап. “Дастан” боюнча тараптар орток пикир тапканы кабарлана элек. Ал эми “Кыргызгаздын” тагдыры август айында чечилип, ал “Газпромдун” карамагына өтөөрү күтүлүүдө.

Түлеев сынга алды

Кыргызстан оппозициясы нааразылык акцияларын уюштурууну токтотту. Муну “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров тастыктап, оппозиция май айында нааразылык акцияларын пландабай жатканын билдирген.

Оппозициянын азуу кайроосу токтоору менен өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. Айрым региондордо жүздөгөн үйлөрдү сел алып, жазгы-талаа жумуштары кызуу жүрүп жаткан мезгилде өкмөт башчынын эс алууга кеткенин туура эмес көргөндөр да бар.

Оппозициялык “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Нариман Түлеев жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу өкмөттүн ишин кескин сынга алып, бул өкмөт жылытуу сезонун дурустап өткөрө албаганын, даярдыктын начардыгынан эрте жазда 40 миң малдын кырылуусуна жол бергенин, уулуу көмүр жаңжалын эскерген. “Өкмөт арзан насыя бердик деп мактанууда, ал насыялар буга чейин эле берилип келген”, дейт Түлеев.

Мына ушундай сыны менен Нариман Түлеев оппозиция али тирүү экенин, ал эмес ал өзү өкмөт өкмөт башчылык үчүн даяр экенин кыйыр түрдө билдирген.

Коррупция жоголбойт дешет

Ички саясатта көңүл бура турган дагы бир жагдай коррупцияга каршы күрөштө, тагыраак айтканда ал күрөштүн акыркы кезде деми өчүп баратканына байланыштуу болду. Бийлик албетте бул күрөш токтобой турганын айтууда. Маселен, коррупцияга каршы күрөшүү милдети тапшырылган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Шамил Атаханов күрөш уланып жатканын билдирет:

- Биринчиден, биз 47 кылмыш ишин козгогонбуз. Алар азырынча тергелип жатат. Кээ бирлери сотко берилди. Жалпы мамлекетке алып келинген зыян 300 млн. сомдон ашты. Булардын баары антикоррупциялык кызмат тарабынан ачылган. 10 млн. сом мамлекетке кайтарылды. Бул күрөштү улантуу үчүн саясий эрк керек. Коррупцияга каршы күрөш кандай каршылыктарды жаратып жатканын көрүп турасыңар.

Бирок Шамил Атаханов коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу болуш үчүн саясий эрк өзгөчө маанилүү экенин кошумчалаган. Ал эми саясий эрк жогорку жетекчиликте бирде бардай, бирдей жоктой болуп, эки анжылыкты пайда кылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү жакынкы мезгилде боло турган Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланарын, күрөш күчөтүлөрүн убада кылууда.

Коомчулукта болсо күрөш солгундап калды пикир үстөмдүк кылып баратат. Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов коррупцияга каршы күрөш бирин-серин адамдарды камоо менен натыйжалуу болбосун айтып, буларды белгилейт:

- Эң биринчи кезекте соттук-укуктук реформа жасалыш керек эле. Анын ичинде Кылмыш-процессуалдык кодексти, Кылмыш кодексин, соттордун табиятын өзгөртүү жолу менен көптөгөн олуттуу нерселерди жасаш керек эле. Таакысы чыккан эски күрөк менен “чоң-чоң айдоо аянттарын” айдай албайсың да. Өздөрү коррупцияга белчесинен баткан тартип коргоо органдарын, өзгөчө бийликтин саясий куралына айланган прокуратура органдарын түп-тамырынан табиятын өзгөртмөйүнчө кайдагы күрөш?

“Жарандык коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова коррупцияга каршы күрөшө турган УКМКнын ишинде ачык-айкындуулук жоктугу анын иши боюнча бүдөмүк пикирлерди жаратып жатат дейт.

Парламенттеги коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков коррупция энергетика, бажы, салык тармактарында бир аз кыскарганын айтып, "бирок дагы эле гүлдөп жатат" деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG