Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Кыргызстанда муфтийлик кызмат үчүн күрөш күч алды. Коргоо кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш каралды.

Ажылык сапар жакындаган сайын муфтийлик кызмат үчүн күрөш айыгышкан мүнөзгө ээ боло баштады. Ал ажылыктан түшө турган миллиондогон долларларга байланыштуу экени түшүнүктүү.

Азыркы кезде ажылыкты муфтият гана уюштурат. Ошон үчүн бул кызматты көзөмөлдөө үчүн күрөш күч алганын Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев да тастыктайт. Осмоналиев кезинде Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеген. Ошондуктан бекер жеринен айтпаса керек.

Кандай болгон күндө да азыркы мезгилде Дин иштери боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Абдулатиф Жумабаев менен муфтий Чубак ажы Жалиловдун ортосунда келишпестик ачыкка чыкты. Абдулатиф Жумабаев дин боюнча мамлекеттин расмий саясатын муфтий колдобойт, салафийлер менен шектүү жакындыгы бар деп айыптаса, ага муфтий жакын санаалаштары аркылуу жооп берди.

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Эмилбек Каптагаевди ажылык боюнча коррупциянын башында турат деп айыптаган Бакыт Нурдинов “кара чакмак” ("черный квадрат")аттуу топ муфтийди кызматтан кетирүүгө киришти деп, ал чакмакта кимдер бар экенин атады:

- Президенттин жанындагы Жантөрө Сатыбалдиев (президенттик администрация башчысы) булардын башчысы болуп жатат. Ошондой эле Икрам Илмиянов, Шухрат деген бар. Мындан тышкары бул жерде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев аткаруучу болуп жатат. Ал эми бул иштерди УКМКнын кызматкерлери да аткарып жатат. Муфтиятка каршы маалымат жыйынын өткөрүп жаткан адамдар болсо мурдагы “ажыбарондор”, уламалар кеңешинин мурдагы мүчөлөрү жана жумуштан кеткен казылар. Ошон үчүн муну “кара чакмак” деп атап, шашылыш түрдө билдирүү жасап жатабыз.

Абдулатиф Жумабаев мындай айыптоолорду четке кагып, дин иштери мамлекеттен ажыратылган деп жооп берүүдө.

Бирок мамлекеттеги таасирлүү чиновниктер дин иштерин “сунуш жана кеңештери” менен тескөөдө. Муну президенттик аппараттын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин май айында Уламалар кеңешин, июнь айында мусулмандардын курултайын чакыруу сунуштары менен муфтиятка чыгуусу да тастыктап турат. Андан сырткары бул ишке атайын кызмат тартылып, алар аркылуу Уламалар кеңешинин мүчөлөрүнө басым жасалып, аларды жыйынга чогултууга аракет жасалууда. Анда муфтийди кызматтан алуу аракети жасалышы күтүлөт. Бул түшүнүктүү. Анткени ажылык да жакындап келатат.

Бирок муфтий Жалилов "оңой жоо" эмес экенин көрсөтүп, Уламалар кеңешин 21-майда Ысык-Көлгө чогултуп, бийлигин бекемдеп алганы айтылууда. Кандай болгон күндө да ажылыктын алдында андан түшө турган миллиондор үчүн айыгышкан күрөш башталганы эч кимге жашыруун болбой калды.

Тоо-кен тармагы талкалануу алдындабы?

Кыргызстан экономикасында алдыга жылыштар жок. Төрт айдын ичинде ылдыйлоо 7% жетти. Кумтөрдун айланасында жаңжалдар кайрадан тутанды. 30-майда жеригиликтүү калк кайрадан Кумтөргө барчу жолду тосту. Бул ансыз да алсырап турган тоо-кен тармагына, анын натыйжасында жалпы экономиканын абалына терс таасирин тийгизбей койбойт.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев тоо-кен тармагы талкалануу алдында турганын айтып, анын себептерин атады:

- Лицензияларды жылына карап чыгып, анан жылдын башында иш планын түзүшөт. Ал план бекитилиш керек. Ансыз тоо-кен өнөр жайы иштебейт. Мына былтыр июлга чейин бербей коюшкан. Инвесторлор мына ошонун айынан жарым-жартылай иштеп, жарым-жартылайы кетип калды. Быйыл да ошондой. Мына бүгүнкү күнгө чейин бекитилген иш планы берилген жок.

Дүйшеевдин пикиринде, абалдын мындайлыгына тоо-кен тармагынын жетекчилигине адис эмес адамдардын келиши себеп болуп жатат.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев тоо-кен тармагы боюнча жаңы мыйзам даярдалганын, ал боюнча коррупциясыз лицензия алууга болоорун айтып жооп берүүдө.

Тоо-кен тармагы эле эмес башка багыттарда да өкмөттүн ишинин жемиши байкалбайт. Маселен, мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу демилгеси жаңы мамлекеттик органдарды түзүү аракети менен жокко чыгып отурат. Ага бир-эки мисал, өкмөт бюджеттин эсебинен Өнүктүрүү банкын, Экспорт боюнча мамлекеттик агенттикти түзүүнү көздөп жатат. Бул органдарга канча кызматкер тартылбасын, алардын баары мамлекеттин эсебинен кармалат.

Бапестөөнү жана көп убакыттык мээнетти талап кылган өндүрүш менен өкмөттүн иши жоктой. Анын ордуна жеңил-желпи саясий демилгелер арбын.

Өндүрүш өксүгөндүктөн мамлекеттин финансы тармагы суусуз талаадай кургап баратат. Каржы министри Акылбек Жапаров “социалдык чыгымдарды” андан ары көбөйтүүгө чама калбаганан улам айтып чыккандай. Өлкө сырттан келе турган акчага өтө муктаж.

Орусия 106 млн. доллар насыя бөлбөй койгондон кийин ошончо өлчөмдөгү каражат Түркиядан суралган. Анкара аны бөлүүгө макул болду. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал каражат кайда сарпталары тууралуу буларды билдирген:
Кыргызстанда 200 саясатчы бар, элдин ырыскысын жеп, мамлекетти уурдап келаткан. Азыр деле ошолор отурат.

- Биздин артыкчылык берген тармак – инфраструктура. Бул деген ирригация, жолдор, социалдык объекттер. Каналдарды курсак, канча жумуш орундарды түзөбүз! Ички миграциянын агымын чектейбиз. Жаңы мектептерди курушубуз керек. 20-30 мектеп курулуш керек. Үчүнчүсү, жолдор. Бишкекте 23 чакырым жолду оңдошубуз керек.

Экономикада абалдын начарлыгы башкаруучу коалиция тарабынан да өкмөткө сындарды көбөйттү. КСДПнын мүчөлөрү Чыныбай Турсунбеков, Эгемберди Эрматов өкмөттү кескин сынга алып, элдин ишеними тайып баратканын эскертишти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын экономисттери Кыргызстан экономикасындагы тенденция жылдык 5% өсүштү камсыз кыла албасын эскертти. Алар үч айдын ичинде өнөр жайынын 29%, кайра иштетүү тармагынын 43% төмөндөшү бюджет үчүн оорчулук жаратат деп эсептейт. Өкмөт өзү да өсүш быйылкы жылы 2% тегерегинде гана болоорун моюнга алып калды. Бюджет кабыл алынып жактанда 7.5% өсүш болоору белгиленген эле.

Коргоо кеңеши "кытыгылап" койду...

1-июнда Коргоо кеңешинин жыйыны болду. Анда мурда айтылгандай эле коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү талкууланды. Бул күрөштүн натыйжалуулугуна коомчулукта жана парламентте буга чейин бир катар сындар айтылып келген.

Коргоо кеңешинде президент Алмазбек Атамбаев ал сындар негиздүү экенин белгиледи:

- Албетте иш бир аз алдыга жылды. Бирок элибиз ишенбей турат. Элибиз чечкиндүү кадамдарды күтүп турат. Ишибиз буйдалып жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Ушул кезге чейин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат калыптана элек. Антикоррупциялык кызмат коррупцияга каршы күрөштүн жаңы ыкмаларын иштеп чыга элек. Өкмөт болсо коррупцияга каршы күрөшкө багытталган мыйзамдарды негизсиз создуктуруп жатат. Анан кантип коррупция менен күрөшөбүз? Урматтуу өкмөт мүчөлөрү....

УКМК коррупцияга каршы күрөштүн негизги мизи катары тандалып алынган. Бул кызматтын эң ири иши "Мегакомго" байланыштуу болду. Бирок азыркы кезде коомчулук "Мегакомдон" чыгарылган 6 млн. доллар оффшордук зоналарда кимдин эсебине түштү, анын артында кайсы ири жетекчилер турат деген суроолорго жооп күтүп турат.

Анткени "Мегакомдун" убактылуу жетекчилиги жогору жактан колдоосуз өз алдынча андай суммаларды которо албайт эле деген шекшинүү күчтүү. УКМКнын жетекчилиги бул иштин артында кимдер турганын аныктап, коомчулукка жарыя кылаарын билдирген. Бирок азырынча ал ишке аша элек.

Коррупциялык схемалар мурунку калыбында экени 1-июнда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында да айтылды. Депутат Ташболот Балтабаев экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариевдин көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу боюнча сөзү аткарылбай жатканын айтса, депутат Туратбек Мадылбеков бажы кызматында коррупция ооздукталса, бюджеттин кирешеси 40 млрд. сомго жетиш керек эле дейт. Азыркы кезде бажы тармагынан бюджетке 25 млрд. сом түшүүдө.

Оппозициялык саясатчы Кубанычбек Кадыров коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуу болбой жатышын мындан көрөт:

- Президент сөз жүзүндө айтып коюп жатат. Аракет кылып жатат. Бирок иш жылбай атат. Себеби жанында Акаев менен Бакиевди качырып жибергендер отурат. Алар менен бирге коррупцияга каршы күрөшүү бул жөн эле жомок. Болгону эки жигитти камап коюп, ошону менен элге мактаныч кылып атат. Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн саясий эрк керек. Кыргызстанда 200 саясатчы бар, элдин ырыскысын жеп, мамлекетти уурдап келаткан. Азыр деле ошолор отурат. Алар кетмейинче Кыргызстан оңолбойт. Азыр биздин ИДП 7% түштү. 20 жылда мындай болгон эмес.

Азыркы президент баш болгон саясатчылар оппозицияда жүргөндө “мамлекетте уурулук токтосо эле” тартыштыктан кутулабыз дечү эле. Эки жылдан бери алар бийликте. Бирок мамлекеттин казынасы эбегейсиз тартыштыкта турат. Жолдорду оңдоо, мектептерди салуу үчүн Түркиядан акча сурап отурабыз. Бул абалды карап туруп, “уурулук токтосо, баары болот" дегенде алар жаңылышкан, же бийликке келгенден кийин өздөрү уурулукту колго алды деген ой келбей койбойт.

Абалдын оорчулугу бир эле коррупция, уурулук эмес, мамлекеттин жалпы экономикасынын, анын ичинде өндүрүш тармагынын талкалануусуна барып такалат. Бирок дал ушул өндүрүш өкмөттүн көңүлүндө эместиги өксүтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG