Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

АКШ конгрессмендери "Манастагы" транзиттик борбор Тажикстанга көчүшү мүмкүн экенин билдиришти. Акыркы кездеги камакка алуулар коррупцияга каршы күрөш күч ала баштаганынан кабар береби? Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн тагдыры чечилип калдыбы?

Узап бараткан апта абакка алуу жана кармоолорго бай болду. Башкы прокуратура Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тлек Алибаев жана анын орун басары Базарбай Абдраимовду баңгизаттарын ири өлчөмдө сатуу жана ташууга тиешеси бар деп шектеп кармады. Учурда алар Бишкек милициясынын убактылуу тергөө абагында кармалып турушат.

Милиция полковниктерине байланыштуу бул жаңжалдуу иштин эки багытта өнүгүшү күтүлөт. Биринчиси, тергөөнүн жүрүшүндө жогорку кызматтагы милиция жетекчилеринин ири өлчөмдө баңгизат соодасына аралашканы тастыкталып, ошону менен мындай кара бизнеске тартип коргоо органдарынын жогорку даражалуу кызматкерлеринин тиешеси бар деген коомчулуктагы сөздөр далилденет.

Экинчиси, полковниктер Алибаев жана Абдраимовдун кармалуусу Ички иштер министрлигиндеги интригага же элементардык эле координациянын жоктугуна байланыштуу болуп чыгат.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев полковниктердин кармалышына негиз жок деп, окуянын чыгышын оперативдик иштердин жашыруун табияты менен байланыштырат:

- Бул жерде баңгизаттарын ири өлчөмдө сатып жатыптыр деген сөздөр чыгууда. Ооба, биздин эки структура - Баңгизаттарга каршы күрөшүүчү башкы башкармалык өзүнүн операциясын жүргүзгөн, Кылмышты иликтөө башкы башкармалыгы өзүнүкүн жүргүзгөн. Бизде “көзөмөлдөгү сатуу” жана “сатып алуу” деген бар. Бизде ар бир башкармалык жашыруун оперативдик маалыматтар менен иштегенге байланыштуу маалымат сыртка чыгып кетпеш үчүн бири-бирине айтышпайт. Мына ошонун негизинде кармашкан. Бул жерде баңгизатын алып келип саталы деген нерсе болгон эмес.

Башкы прокуратуранын милициянын полковниктерин камап коюсун Мелис Турганбаев эки күч структуранын ортосунда орун алып жактан тирешүүдөн да көрүп жатканын жашырган жок. Анткени буга чейин милиционерлер алты прокурорду кармашкан экен. Эми прокуратура кызматы ушинтип жообун берип жатканы айтылды.

Турганбаев баңгизатына байланыштуу операцияга тиешеси бар болуп чыккан Руслан Камкоевди чынчыл ири ишкер катары бааларын билдирди.

Бирок Камкоевдун баңги соодасына буга чейин аралашканы тууралуу мурунку милиция кызматкерлери билдирип чыгышты. ИИМдин Кылмышты иликтөө башкармалыгынын мурунку бөлүм башчысы Замир Рыспеков:

- Мына ушул окуялардын бардыгына министри Рысалиев күнөөлүү. Мына ошол киши жүргүзгөн кадрдык башаламандыктын жыйынтыгы ушуга алып келди. Мына ошол кылмышка шектелгендер оперативдүү иштерди караган документтерди арткы мөөнөт менен тууралашкан. Ошондой эле маңзат соодасынын бетин ачуу боюнча оперативдүү иш-чараларга тоскоолдук кылган деген маалымат бар.

Зейналов деген кызматкер буга чейин эле маңзат боюнча шектелип, жумуштан кетирилген экен. Анан кантип Зарылбек Рысалиев аны кызматка гана албастан, полковник наамын ыйгарып жибергенине таң калдык. Булар Жаныш Бакиевдин калкалоосу менен иштеп келген наркобарон Камкоев Руслан деген ингуш жигиттен оперативдүү иштерди жүргүзүү үчүн карызга 17 миң доллар алышкан. 1999-жылы маңзат соодасы боюнча шектелип, издөөдө жүрүп, кийин Бакиевдердин көмөгү менен легалдашкан ал адамдан карыз акча алууга булардын моралдык акысы жок болчу. Мүмкүн прокуратурада мындан башка дагы фактылар болушу мүмкүн. Болбосо аларды жөн эле кармабайт эле.


Милиция полковниктери баңги соодасына шектелип кармалган учурда УКМК социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду камакка алды. Ал багар-көрөрү жок балдарды асыроого берүү менен шугулданган чет өлкөлүк фирмадан жардамчысы аркылуу пара алган деп шектелүүдө. Бул окуя балдарды асырап алуу иши миллиондогон каражаттар айланган чоң бизнес экенин айкындады.

“Ата Мекен” фракциясы өз партиялашынын камакка алынышын жакын арадагы жыйынында карай турган болууда.

Акыркы кездеги камакка алуулар ким болбосун кандайдыр бир факты менен колго түшүп калса, түрмөнүн болбосо да тергөө абагынын төрүнөн орун аларын көрсөттү.

Кезексиз сессия карааны

Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн өмүрү кыл учунда кала берүүдө. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков өкмөттү кызматтан кетирүүнү көздөгөн 45 депутаттын колу топтолуп, маселени кароо үчүн фракция жетекчилерине сунуш жолдогонун билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, башкаруучу коалиция жана бийлик башындагылар жаңы өкмөт башчынын ким болорун аныктар замат кезексиз сесия чакырылып, азыркы өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси каралат. "Бул иш канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы", - дейт Текебаев.

Азыркы кезде Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы 16-июлга белгиленип жатканы айтылып, бирок расмий түрдө тастыктала элек.

Коомчулукта өкмөттү кетирүүгө кимдер кызыкдар жана ага эмне себеп болуп жатат деген суроолор жок эмес.

Оппозициянын максаты түшүнүктүү. Алар бийликке келүүгө кызыкдар. “Ата Журттун” ана башыларынан бири Камчыбек Ташиев өкмөт башчылык амбициясын жашырбай эле айтып жүрөт.

Ал эми бийлиги колдо турган президент жана башкаруучу коалиция эмне үчүн өзү түзгөн өкмөттү кызматтан кетирүүгө аракеттенүүдө деген суроо туулат. Түзүлгөн кырдаалды байкоого алганда алардын аракетине эки себеп түрткү болуп жатканы байкалат. Анын биринчиси, экономикалык абалдын начарлашында. Эгерде түзүлгөн абалга ким күнөөлүү экени аталып, алдын-ала чара көрүлбөсө, анда нааразылыктын эпкини өкмөткө эле эмес, жалпы парламент жана президентке да тие баштайт. Ага жол бербеш үчүн жаңы өкмөттү түзүп, калктын күзгү саясий активдүүлүгүн алдын-алуу керек. Анткени жаңы өкмөткө мүмкүнчүлүк берели деген жүйө менен элди жайгарып турууга болот.

Экинчи себеп, жакындап келаткан жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Бишкек шаардык кеңешине шайлоо башкаруучу коалициядагы күчтөрдү катуу түйшүккө салууда. Алар коалициядагы өнөктөшү “Республиканын” финансылык, административдик, медиалык ресурстарынан чочулап, аны эртерээк алсыратууну көздөп жатышат.

Өкмөттү күзгө чейин калтыра туралы деген КСДП да пикирин өзгөрткөнү байкала баштады. Маселен, Түркиянын 106 млн. долларын кандай пайдалануу маселесин караган өкмөт жыйынында УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов өкмөттүн планын кескин сынга алып, аны насыяны дайынсыз жок кылуу катары баалады.

Шамил Атаханов бул акчаны паспорт, акциздик белгилерди жасай турган басмакана, “Коопсуз шаар” аттуу акыбети тез кайта турган долбоорлорго бурууну сунуштады. Атаханов президенттин көздөй кишилеринин бири. Ошондуктан шамал каяктан согуп жатканын Өмүрбек Бабанов да түшүнүп, ачууга алдыра жаздады:

- Бул акчага 100 миң доллар гана үстөк пайыз төлөйт экенбиз. Кыйын болсоңор 1 миллиард доллар алып келбейсиңерби! Алып келген акчаны көрө албай... Көрө албастык, оюн болуп жатат бардык жерде. Чатырда окуп жаткан балдарга мектеп салалы деп жатабыз. Анда кыргыздын балдары чатырда окуй берсин. Он жылдан кийин алардын баары билимсиз болуп чыгышат. Түркия тарап элчисине бул келишимге кол коюуну тапшырып жатат. Бул деген алардын акчаны алып, өздөштүргүлө деп, бизди колдоп жатканын билдирет. Ошол колдоп берип жаткан акчаны биз ар нерсе кылганы жатабыз.

Өлкөдөгү таасирлүү көп саясатчылар жана күчтөр Өмүрбек Бабанов 106 млн. доллар түрк насыясын социалдык инфраструктурага жумшап, упай алышына кызыкдар эмес.

Бирок Өмүрбек Бабанов өз кезегинде активдүүлүгүн арттырып, бул жагы Казакстан, тиги жагы Кумтөргө чейин барып келди. Казакстанда кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өттү. Ал эми Кумтөрдө “Центерра голд инктин” ишин кескин сынга алып, кен казылып жаткан аймакты экологиялык катастрофага жакын катары баалады.

Кумтөрдө өкмөт башчы менен кошо болгон КСДП фракциясынын мүчөсү Эркингүл Иманкожоева мындай абал көптөн бери түзүлүп келген дейт:

- Эми абал ошондой. Ал көрүнүп эле турат. Аны тармактар аралык комиссиянын иши учурунда аныктап чыкканбыз. Ошонун негизинде депутаттык комиссия айтып чыкты.

Белгилей кетчү нерсе, Кумтөрдүн ишин текшере турган мамлекеттик комиссияны экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев жетектей турган болду. Жалпы экономиканын 7% жакын төмөндөп кетүүсүнө Кумтөрдү күнөөлөп жаткан Темир Сариев эми кендин жалпы тагдырын чечмекчи.

Борбор Азиядагы оюндар

Бул аптада Кыргызстанда АКШ Конгрессинин мүчөлөрү болуп кетти. Алар Бишкекте Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана регионалдык коопсуздукка байланыштуу маселелерди талкуулашты. Тогуз конгрессменди АКШнын Конгрессинин өкүлдөр палатасынын Европа жана Евразия боюнча комитетинин төрагасы Дэн Бертон мырза жетектеп келген.

Бертон мырза баштаган делегация Кыргызстандан кийин Тажикстанга барды. Мына ошол жерде ал олуттуу билдирүүлөрдү жасаган. Бертон мырзанын айтымында, 2014-жылы "Манастагы" транзиттик борбор жабылса, ага орун Тажикстандан табылышы мүмкүн:

- Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен узун чек арасы бар. Ошондой эле Тажикстан "Манастан" келген жолдун боюнда турат. "Манас" аркылуу биз Ооганстан менен байланышып турабыз. Бирок "Манастагы" борбор 2014-жылы жабылышы мүмкүн. Ошондуктан "Манаста" турган стратегиялык борборду Тажикстан алмаштырышы мүмкүн. Биздин сөзүбүз өкмөттүн сөзү эмес, бирок Тажикстан алмаштыра алат. Ал мүмкүн.

Тажикстан да Өзбекстан сыяктуу эле Москва менен кер-мур айтышып, тышкы саясатта башка тандоосу бар экенин көрсөтүүдө. Маселен, азыркы кезде Орусия менен Тажикстан 201-базанын тагдыры боюнча орток пикир таба албай жатат. Орусия 201-базасын Тажикстанда 49 жылга калтырууну көздөсө, Дүйшөмү ижара акыны көтөрүп, базаны мурунку шартта калтырууга макул болбой жатат.

Кремль Өзбекстан тараптан мындан да катуу сокку алды. Ташкен Москва жетекчилик кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгып, АКШ менен жакындашууга багыт алды.

"Борбор Азия регионунда түзүлгөн ушундай кырдаал Москва бул региондо таасирин жогото баштаганын кабар берүүдө" дейт орус талдоочулары.

Орусия Кыргызстан менен да гидроэнергеткалык жана башка долбоорлор боюнча орток пикир таба албай келатат. Бирок кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, Бишкек коопсуздук жана аскерий багытта Москвага моюн толгой элек.

Бирок да Кыргызстан "Манастагы" транзиттик борбордун калышына кызыкдар. Москва болсо буга каршы болуп келген. Эми Москванын өзү Ульяновск шаарындагы инфраструктурасын НАТОнун пайдалануусуна берүүсү Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш алдында жүзү кызарбашына шарт түздү.

Транзиттик борбордон олуттуу акча түшүп турат. Финансылык каатчылыкка кабылып турган Кыргызстан үчүн бул чоң киреше. Андан сырткары базанын турушу эл аралык аренада Кыргызстанга чоң салмак берип турат.

Өлкөнүн тышкы саясатына байланыштуу мына ушундай олуттуу маселелерди чечүүдө Алмазбек Атамбаевдин позициясы эми ого бетер күчтүү болот. Анткени Жогорку Кеңеш жайкы сессиясынын соңку күндөрүндө “Тышкы саясат жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Ага Кыргызстанда тышкы саясатты президент аныктайт деген жобо киргизилди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG