Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

Өтүп бараткан аптада чек арадагы окуя кыргыз-өзбек мамилесин татаалдаштырды. Саясий күчтөр күзгү күрөш алдында катарларын тактоодо. Кумтөр үчүн кармаштын аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси көптөн бери жылуу-жумшак эмес. 17-июлда Ала-Бука районундагы эки өлкөнүн чек арасындагы окуя аны ого бетер татаалдаштырды. Анткени ал окуядан көп узабай өзбек тарап Кыргызстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, каттоолорго чек койду.

17-июлда чек арадагы атышууда кыргыз тараптан бир жоокер окко учуп, бир жаран жарадар болгон. Өзбек тараптан да бир чек арачы окко учуп, жарадар болгондор бар экени кабарланган.

Күтүлгөндөй эле атышуунун себептери жана окуянын жүрүшү боюнча эки тараптын баасы эки башка болду. Өзбекстан кыргыз тараптын кол салуусу болгонун айтса, Кыргызстандын расмий органдары чек ара аныкталбаган жерде ок атышуу орун алганын, адегенде өзбек чек арачылары ок чыгарганын билдирип чыкты.

Чоң чыр чатакты жаратууга жөндөмдүү мындай окуянын чыгуусуна эки өлкөнүн чек арасынын такталып бүтпөй жатышы себепкер экенин адистер белгилеп жатышат. 17-июлдагы окуя орун алган Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу аймакта да чек ара тилкеси аныкталып бүтө элек.

Чек ара маселелери боюнча кыргызстандык адис Саламат Аламанов акыркы кезде кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча иштер дээрлик токтоп калганын белгилейт. Анын айтымында, эки өлкө эки башка документтерге таянып, чек араны аныктоону көздөөдө. Мына ошонун айынан эки тарап туңгуюкка кептелди:

- Жогорку деңгээлдеги жетекчилер сүйлөшмөйүнчө болбойт, төмөн жактагы эксперттердин ыйгарым укуктарына тиешелүү иштер бүткөн. Эми эки тарап тең жаңы көрсөтмө, жаңы тапшырма алыш керек. Ага барыш үчүн биринчи жетекчилер көзмө-көз отуруп сүйлөшүп, бири-бири менен пикир алышып, анан чечимге келиш керек.

Ал эми өлкөнүн жетекчилери көптөн бери көзмө-көз жолугушуп, сапар алмаша элек.

Расмий Бишкек менен Ташкендин тил табыша албашы өз ара сооданын дээрлик соолушуна алып келген. Эки өлкө учурда энергетика тармагында гана алыш-бериш кылууда. Ал да бара-бара азайууда.

Чек араларда жашаган жарандар ар кандай тоскоолдуктарга карабай соода-саттык жүргүзүп келатат. Бирок Өзбекстан тараптан чек аранын жабылышы мына ошол жарандар ортосундагы катташууларга, соодага терс таасирин тийгизбей койбойт.

Акыркы мезгилде Өзбекстанды Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу тынчсыздандырып келатат. Ташкен өз каршылыгын ар кандай жолдор менен билдирүүдө. Кошуна өлкөнүн чек арачыларынын агрессивдүү жүрүм-туруму, андан кийин чек аранын толук жабылышы орусиялык “Русгидронун” башчысы Евгений Доддун Камбар-Ата-1 баш болгон бир катар ГЭСтер курула турган жайларды кыдыруусуна туш келгени да бекеринен эместей.

Орус президенти Владимир Путиндин 10-июлдагы сөзүнөн кийин энергетикалык долбоорлор боюнча жылыштар башталганы мына ошол Доддун сапары менен тастыкталууда.

20-июлда Евгений Дод Чолпон-Атада президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, ал жетектеген компания ГЭСтердин курулуш баштоого даярдыгын билдирген. Дод президент менен жолугушууга чейин Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтери курула турган жайларда, жогорку Нарындагы ГЭСтер курула турган жерлерди көрүп келген.

Талаада жалгыз Бабанов

Кыргызстандын ички саясатында өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов үчүн көрүнүп калууга ыңгайлуу шарт түзүлдү. Анткени күн сайын “мээге чай кайнаткан” парламент жайкы каникулда. Президент Алмазбек Атамбаев да эс алууга чыкты.

Саясат талаасында жалгыз калган өкмөт башчы активдүүлүгүн арттырып, бир катар ийгиликтүү кадамдарды жасады. Биринчиден, түрк насыясын өзү пландагандай бөлүштүрүүгө жетишти. Экинчиден, каяша айтып келген Канат Исаевди “Республиканын” фракция башчылыгынан четтетип, анын ордуна Алтынбек Сулаймановду алып келди. Үчүнчүдөн, өкмөткө чабуул коюп келген “Ата Журт” фракциясы ичинен ыдырап, өз айласын таппай калды. Өмүрбек Бабановдун атаандашы Камчыбек Ташиев уюштурган “Ата Журттун” курултайына фракциядан үч гана депутат келди. Бул Камчыбек Ташиевдин фракциядагы салмагы азайганынан кабар берет.

Булардан сырткары паспорт чыгаруучу мамлекеттик басмакананы уюштуруу жана антикоррупциялык мыйзамдарды кабыл алууда Өмүрбек Бабанов бир топ саясий упай топтоого жетишти.

Бирок өкмөт алдында бюджетти балансташтырууга байланыштуу өтө татаал жана социалдык каршылыкты жарата турган маселе турат. Мына ошол маселени чечүүгө киришүүнүн алдында өкмөт башчы да, каржы министри Акылбек Жапаров да социалдык тармактарга абдан каражат көп сарпталып, анын кайтарымы начар болуп жатканын айтып, келечектеги кыскартууларга кыртыш даярдай баштады. Ал кыскартуулар биринчи кезекте саламаттык сактоо жана билим берүү тармагын камтый турган болууда. Бул максатты турмушка ашырууда өкмөт адегенде жогорку окуу жайларды бюджеттик каржылоодон чыгарууну көздөөдө. Ошондой эле медицина тармагында ар бир жаран өзүн-өзү камсыздоого барыш керек деген демилге көтөрүлүүдө.

Орто мектептердин да өзүн-өзү каржылоого бет алышына жол берилет. Эксперимент катары Бишкектеги №61 мектеп 1-сентябрдан тарта коммерциялык негизде балдарды окута баштайт. Бул кадамдар коомчулукта бир жактуу кабыл алынбашы турган иш. Ал гана эмес, локалдык мүнөздөгү нааразылык акцияларды жаратып, чоң акцияларга түрткү болуп болуп бериши да мүмкүн.

Өкмөт жетекчилеринин социалдык тармакка каражат көп сарпталууда деген билдирүүлөрүн Жогорку Кеңештин Билим, илим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев сынга алды:

- Биринчиден, акча көп бөлүнө баштады дегенди кандай түшүнсөк болот? Биздин ИДПны алсак 6% бөлүнүп жатат. Анан биздин министрлер баш болгон азаматтарыбыз “мына, биз Өзбекстанга, Казакстанга, Орусияга караганда көп бөлдүк” деп жатышат. Бул эмне деген алдамчылык, көз бойомочулук? Биз дүң продукциябыздын жалпы абсолюттук көлөмүн да эске алалы да. Мейли эми 18 млрд. сом бөлүнүптүр. Бирок ал качан бөлүнө баштады? Кечээ жакында башталды. Жарым жылдан кийин эле натыйжалуулугу жок деп кыйкырып чыкканыбыздын өзү келекелегендик. Билим берүү системасы акырындап натыйжасын берет. Колубуздан келсе 10% көтөрүшүбүз керек.

Каныбек Осмоналиев ошондой эле №61 мектепти өзүн-өзү каржылоого өткөрүү, бул мектептеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын окуусуна чек койорун кошумчалады.

“Республика” фракциясынын лидеринин орун басары Курманбек Дыйканбаев жарандар үчүн ар түрдүү мектептердин болгону, тандоого мүмкүнчүлүк берилгени дурус дейт:

- Эгерде биз эксперимент кылып, быйыл 1-январдан баштап, ошол №61 мектепке бюджеттен каражат бербей, ага бериле турган 19 млн. сомду жанындагы начар орто мектепке берсек, эмнеси жаман болот? Экинчиден, №61 мектептей окуу жайларын ар бир региондо ачышыбыз керек. Ал мамлекеттин саясатына айланыш керек. Идиректүү балдар үчүн ошондой мектептер ар бир региондо болуш керек.

“Доор эни” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Гүлжамал Султаналиева директорлор мектептерди өзүн-өзү каржылоого өткөрөбүз десе, анда жаңы мектеп салып алуусу керек дейт:

- Эгерде базар системасына өтөбүз десе, анда жер сатып алсын, имарат курсун. Бирок мамлекеттин эсебинен базар системасына кирип, башка балдардын укугун тебелебеш керек. Мындай кадам туура эмес деп эсептейм.

Ошентип өкмөт социалдык чыгымдарды азайтуу менен бюджетти балансташтырууну көздөп калды. Анткени жыл сайын 20 млрд. сом тартыштык менен бюджетти кабыл алуу жана аны чет өлкөлүк насыялар менен жабуунун өзү келечексиз жана опурталдуу.

Кумтөр үчүн күрөш: чечүүчү учур

Кумтөр үчүн күрөш чечүүчү фазасына келатат. Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев башында турган комиссия "Кумтөр" ишканасын үч багытта текшерүүнү чечти. Комиссия ичинде түзүлгөн биринчи топ тоо-кен техникалык, экологиялык маселелерди иликтесе, экинчиси экономикалык, үчүнчү топ юридикалык жагдайларды текшерет. Бул текшерүүлөр эмне менен аяктап, өкмөткө, парламентке кандай отчет менен чыгары азырынча белгисиз.

Бирок өкмөт мүчөлөрүнүн арасында Кумтөр боюнча келишимди кайра карап чыгуу керек деген ойлор көбүрөөк айтылууда. Ошол эле мезгилде андай чечим эл аралык арбитражда соттошууга алып келбейби деген чочулоорду жаратууда.

Кумтөр, алтын жаңжалы боюнча Турдакун Усубалиев башында турган биринчи депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон, азыркы өкмөттүк комиссиянын да катарында турган Шергазы Мамбетов кен боюнча келишим кайра каралып чыгууга тийиш дейт:

- Биз каталарды көрсөтүп, туура талаптарды коюшубуз керек. Мына ошонун негизинде келишимди өзгөртүшүбүз керек. Эң башкы катанын бири - кирешени бөлүүнү чечүү болгон. Кирешени бөлүү, эгерде кенди биз иштетсек, эсеп-кысап биздин колдо болсо туура болмок. Тигилер иштетип, эсеп-кысап алардын колунда болгондуктан, киреше кылбай коюш оңой эле да. Менин оюмча, жаңы келишим түзүлүш керек. Жаңы келишимде продукция бөлүнүш керек. Ошондо көп маселе чечилет.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев Кумтөрдү тынымсыз текшерүүлөр мамлекеттин инвестициялык беделине олуттуу сокку урду деп эсептейт. Эгерде Кумтөр боюнча соттошуу болсо, Кыргызстан жеңилип калат дейт Дүйшеев:

- Биз соттошсок эле утулабыз. Анткени акыркы келишим Жогорку Кеңеште бекитилген. Анын мыйзамдык күчү бар.

Кумтөрдө текшерүүлөр башталгандан бери “Центерра голд инктин” акцияларынын баасы Торонто биржасында тынымсыз арзандоодо. Азыркы кезде бир акция Канаданын 6 доллар 67 центине барабар. Мындай арзандоодон Кыргызстан да жүздөгөн миллион доллар жоготууга учурады.

Парламенттик комиссиянын чабуулунан кийин өкмөттүк комиссия кайрадан текшерүү жүргүзүп жаткан шартта “Центерра голд инк” коргонуу багытында акыркы кадамдарга барууда. Ал акыркы кадам жумушчулардын колун топтоп, алар аркылуу президентке, парламентке, өкмөткө кайрылуу болду. 700 жумушчунун колу коюлган кайрылууда кендин айланасында ызы-чуулар негизсиз көтөрүлгөнү, Кыргызстандагы ийгиликтүү долбоорду сактап калууда акыл-эс үстөмдүк кыларына үмүт бар экени айтылган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG