Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Кыргызстанда жаңы өкмөт башчысы шайланды. Парламентте эки фракция оппозицияга бирикти. Экономикалык кырдаал өтө оор катары бааланууда.

Жогорку Кеңеш Жантөрө Сатыбалдиевдин кайсы багыттарда кандай аракеттерди жасарын угуп туруп, 111 добуш менен 5-сентябрда өкмөт башчылыкка бекитти. Бул сан өкмөттү оппозициясы да, коалициясы да шайлаганын көрсөттү.

Өмүрбек Бабановдун өкмөтүн да ушундай эле жол менен шайлашкан. Бирок жылуу-жумшак мамиле көпкө созулган эмес. Үч ай мурун колдоп добуш берген оппозициялык “Ата Журт” фракциясы эрте жаз менен өкмөткө каршы митингдерди уюштурду. Жай айларында бул демилгени коалиция ичиндеги фракциялар улантып, ал Өмүрбек Бабановдун кызматтан кетүүсү менен аяктады.

Жантөрө Сатыбалдиевге карата парламентте “түшүнүүчүлүк” мамиле канчага чейин созуларын так айтуу кыйын. Бирок биринчи эле сыноо күзгү талаа жумуштары жана кышка даярдык менен башталат. Эгерде абал түзөлүү жагына ообосо, жазгы саясий сезондо оппозиция эле эмес, башкаруучу коалиция да “башка оюндарды” баштап жиберери айтылууда.

Азырынча Жантөрө Сатыбалдиевде убакыт жана мүмкүнчүлүк бар. Аны жаңы өкмөт башчы кандай пайдаланат? Кандай саясат жүргүзөт деген суроолор коомчулукта жок эмес.

Жантөрө Сатыбалдиев парламентке иштелип бүткөн программасын алып чыккан жок. Ал болгону кайсы багыттарда жана кандай жолдор менен иштерин билдирди. Ал билдирүүлөргө таянсак, жаңы өкмөт башчы “жүрүп-жүрбөй турган мамлекеттик машинаны жүргүзүүгө”, аны менен чарбалык иштерди аткаруу аракетин жасайт. Муну анын бийлик вертикалын чыңдоо, мамлекеттик органдардын функцияларын аныктап, аким, губернаторлордун ишин жандантуу, кышка даярдык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатынан көрүүгө болот:

- Облус эмнеге жооп бериш керек, район эмнеге жооп бериш керек, айыл өкмөт эмнеге жооп бериш керек? Азырынча бул маселе так эмес.

"Ошондуктан алардын функцияларын аныктоо багытында иш жүрөт", - деди Сатыбалдиев.

КСДПнын өкүлдөрү басымдуулук кылат

Өкмөттүн курамына келе турган болсок, анда КСДПнын өкүлдөрү басымдуулук кылат. Маселен, 21 өкмөт мүчөсүнүн 14тү социал-демократтардан же ушул партияга жакын адамдардан турат. Алар: өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана дагы 12 министр.

“Ата Мекен” фракциясы өкмөттө төрт орунду ээледи. Жоомарт Оторбаев биринчи вице-премьер-министрликке, Алмамбет Шыкмаматов Юстиция министрлигине, Транспорт жана коммуникация министрлигине Калыкбек Султанов, социалдык өнүктүрүү министрлигине Кылычбек Султанов дайындалды.

Коалициянын үчүнчү мүчөсү “Ар-намыс” фракциясы үч орунга ээ болду. Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке Камила Талиева отурса, Каржы министрлигине Ольга Лаврова жана Айыл чарба министрлигине Чыңгызбек Узакбаев келди.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жогорку кызматтарды бөлүштүрүүнү саясий коррупция деп атап, саясий кызматтарды кыскартуу максатын билдирген. Бирок да парламенттик системада коалициялык өкмөт түзүү, анда кызматтарды бөлүштүрүү мыйзам ченемдүү көрүнүш экени белгилүү. Жаңы өкмөт башчы муну реалдуулук катары баалап, ага көнбөскө айласы болбоду.

Ал эми саясий коррупцияга байланыштуу сөзү мамлекеттик агенттик жана башка органдардын жетекчилигин, министрлердин орун басарларын дайындоодо саясий соодага жол бербөөгө багытталды окшойт. Бирок фракциялар агенттик жана башка таасирлүү органдарды бөлүштүрүүдөн баш тартпоочудай. Маселен, “Ар-намыс” мамлекеттик каттоо кызматын өзүндө калтырууну көздөп жатса, “Ата Мекен” аба жолдорун көздөөдө. Бул бир гана мисал.

Мына ошентип, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” бир катар чечүүчү министрликтерди ээлегенине карабай, өкмөт негизинен КСДП партиясынын көзөмөлүнө өттү. Президенттин өкмөттө таасири өтө күчөдү. Бул Кыргызстанда парламенттик система аксап, президенттик башкаруу кайрадан баш бакканынан кабар берет.

Кечээ душман, бүгүн дос

Жаңы башкаруучу коалиция менен бирге оппозициялык блок да түзүлдү. “Ата Журт” жана “Республика” фракциялары биригип, “Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк” аттуу азчылыктын коалициясын түзүштү. Анын жетекчилигине Мыктыбек Абдылдаевди шайлашты.

Эки фракциянын элүүдөн ашуун депутаты бар. Бирок алардын ичинен онго чукул депутат көпчүлүк коалицияга жан тартып турат.

Бир канча депутаттарын жоготконуна карабай “Ата Журт” жана “Республика” фракциялары олуттуу оппозиция болууга жөндөмдүү. Аларга Конституцияга ылайык парламентте финансы жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү комитеттер да берилет.

Бирок кечээ эле айгыша кармашып жаткан эки фракциянын биригиши “чийки май жуткандай” сезимди жаратууда. Белгилүү болгондой, “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов кызматта турганда аны коррупция жана башка күнөөлөр боюнча айыптап, анын орду абакта дегенге чейин барган. Мына ошол айыптоолорду унутуп, эки тарап кызматташууга баратканда, бери дегенде Камчыбек Ташиев айыптоо сөздөрүн кайра алып, жаңылышканын моюндоого тийиш беле деген суроо туулат. Ансыз максатка жетүү үчүн “шайтан менен болсо да достошом” деген принцип иштеп, оппозициянын моралдык бейнеси жабыркайт.

Жогорку Кеңештен сырткары да оппозициялык топтор активдешип жатканы маалым. Алар кендер боюнча түз эфирдеги аукционду үзгүлтүккө учуратып, өздөрү тууралуу кабар берип коюшту. Ыңкылаптардын “бульдозери” аталган Азимбек Бекназаров да парламентке оппозиция экенин жарыялап, аны таратуу максатын койду.

Эми мына ошол парламенттик жана парламенттик эмес оппозиция биригүүгө барабы деген суроо жаралууда. Окшош максаттар эки ортодо кызматташуу болушунан кабар берет. Мисалы, бардык оппозициялык күчтөр парламенттин таркашына кызыкдар.

Азимбек Бекназаров мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен биригүүгө каршы эместигин билдирген. Буга азырынча Өмүрбек Бабанов тарабынан жооп боло элек. Ал эс алууга чыкканын, бирок саясаттан узабасын айткан. Демек саясаттан узабаган Бабанов партиясын бекемдөөгө киришип, жакын арада боло турган шаардык кеңеш үчүн шайлоого аттанат.

Ошентип жаңы оппозициянын катарында Бабанов, Бекназаров болсо, анда ал “азуулуу да, акчалуу да” болот.

Бирок бул оппозиция азырынча өкмөткө мүмкүнчүлүк берип, экономикалык жагдайга жараша жаз айларында активдешүүсү мүмкүн.

Эңшерилген экономика

Экономика демекчи, бул жаатта Кыргызстанда абал жакшы эмес. Муну жаңы өкмөт башчы баса белгиледи. Өзгөчө бюджеттик тартыштык оор жагдайды жаратууда. 23 млрд. сомдон ашуун тартыштыкка 9.5 млрд. сом салыктын алдын-ала алынышы да кошул-ташыл болууда. Абалды Жантөрө Сатыбалдиев мындайча сүрөттөдү:

- 9.5 млрд. сом салык алдын ала төлөнгөн. Ал эми алына элек салыктын өлчөмү болгону 1 млрд. 200 млн. сом гана. Буга бюджеттин тартыштыгын кошсоңуздар абалыбыз кандай экенин жакшы түшүнөсүздөр.

Ошондуктан Сатыбалдиевдин өкмөтү бюджетти кыскартууга барат.

Эгерде Өмүрбек Бабанов институционалдык реформаларга басым кылып, мына ошол жагынан ийгиликке жетишүүгө аракет жасаса, жаңы өкмөт административдик рычагдарды пайдаланууга басым жасайт. Бул Сатыбалдиевдин эки баскычтуу бюджеттик системаны жоюп, губернатор, акимдердин ролун күчөтүү максатынан байкалып турат:

- Эки баскычтуу бюджет менен биз бийлик вертикалын жоготуп койдук. Ошон үчүн бул жагын карап көрөлү. Акылдашалы.

Жантөрө Сатыбалдиевдин мына ушул команда-административдик ыкма менен иштөө максаты либералдык чөйрөдө кескин сынга алына баштады.

Экономист Азамат Акелеев:

- Бийлик вертикалын күчөтөбүз деп жатышат. Мен буга макул эмесмин, ал туура эмес деп эсептейм. Бүгүнкү күнү эки баскычтуу бюджет, жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөрүнө өзүн-өзү башкарууга мүмкүнчүлүк берүү өзүнүн натыйжасын көрсөткөнгө чейин тартып алганга аракет жасалууда. Бул система өзүнүн жыйынтыгын көрсөтүш үчүн бир-эки жыл бериш керек эле.

Акелеев ошондой дыйкандарды кооперативдерге жогору жактын басымы менен киргизүүнү туура эмес деп эсептейт.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жаңы өкмөт практикалык иштерге артыкчылык берет дейт:

- Бул өкмөт мурункудан жумуш менен айырмаланат. Жалаң эле кагаз жүзүндө болбойт. Жантөрө Сатыбалдиев тажрыйбасы мол практик катары кагазга ишенбейт, жумушту сурайт. Ошон үчүн бул өкмөт мурункуга караганда жемиштүүрөөк иштейт.

Бажы биримдигинин дарбазасында Лукашенко турабы?

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү аркылуу да экономикалык өсүшкө үмүт артып жаткан. Бирок Бажы биримдиги, андан ары Евразия экономикалык биримдигине кирүүдө Минск Кыргызстанга олуттуу тоскоол жаратчудай. Буга Курманбек Бакиев жана анын жакындарына байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда орун алган жаңжал себеп болчудай.

Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында болгон бир катар акциялардан кийин Беларус президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө жол Минск аркылуу өтөөрүн текебер мүнөздө эске салды:

- Кыргызстандын Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү үчүн көптөгөн документтерди кабыл алып, ратификациядан өткөрүш керек. Мына ошол узак жолду басып өткөндөн кийин карап көрөбүз. Алар мүчө болуш керекпи же керек эмеспи дегендей кылып. Ал эми умтулуулар боло берсин. Аны колдойбуз. Ал эми келечектеги Евразия экономикалык биримдигине мүчө болосуңбу же жокпу бул чоң маселе. Эми бул эртеңдин иши эмес.

Александр Лукашенконун пикиринде, Кыргызстандын экономикасы өтө алсыз. Ошондуктан уюмга мүчө болгон күчтүү экономикасы бар башка өлкөлөргө анын зыяны тиет.

Азыркы оорчулуктарга карабай Кыргызстан экономикасынын келечеги таптакыр эле кара түндөй деш туура эмес. Анткени ири долбоорлор аркылуу кандайдыр бир жандануу болушу күтүлөт. Маалым болгондой учурда Кытай насыясы менен мунай кайра иштетүүчү завод, Датка-Кемин электр зымын тартуу ишке ашууда. Андан сырткары Орусия менен биргеликте бир катар ГЭСтердин курулушу белгиленүүдө. Бишкек менен Москва ГЭСтерди куруу боюнча келишимге сентябрь айында кол коюуну белгилешкен.

Эки өлкөнүн мына ушул максаты Ташкенди өтө бейпайга салып, Ислам Каримов 6-7-сентябрда Казакстанга жасаган сапары учурунда Камбар-Ата-1 жана Рогун ГЭСтерин салуудан мурда экспертизадан өткөрүш керектигин, суу маселеси согуштарга алып келиш мүмкүндүгүн эскертти.

Мындан мурдараак Ташкен менен Москванын мамилеси жылуу-жумшак болуп турганда Ислам Каримовдун мындай сөзү Кремлде түшүнүү тапкан эле.

Азыр абал өзгөрүп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG