Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Өтүп бараткан аптада орус президентинин Кыргызстанга келери тастыкталды. Президент Алмазбек Атамбаев парламентти мыйзам чыгаруу менен көбүрөөк алек болууга үндөдү.

Борбор Азия регионундагы суу-энергетикалык маселе кайрадан биринчи орунга чыга баштады. Маселенин курчушуна орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапар менен келип, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюлуш мүмкүндүгү себепкер болду.

Белгилүү болгондой, Владимир Путин 20-сентябрда Бишкекте расмий сапар менен болот. Сапар учурунда эки тарап аскердик, финансылык, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу, эң башкысы Кыргызстанда бир катар энергетикалык объекттерди, анын ичинде ири Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюушу күтүлүүдө.

Мына ушул маселе кошуна мамлекеттерди бүлгүнгө салып, алардын мамлекет башчылары согуш менен коркута баштады. Өзбекстан президенти Ислам Каримов 6-7-сентябрда Астанага жасаган сапары учурунда “региондогу суу-энергетикалык маселе согушка алып келиши мүмкүндүгүн” эскертти. Ташкен Тажикстанда Рогун, Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна кескин каршы болуп келатат.

Өзбекстан тарап бул ГЭСтер сейсмикалык жактан туруксуз жерлерде курулат жана региондогу суу балансын бузат деп чыр салууда. Ташкендин чыр салганына карабай Тажикстан Рогунду бир нече жылдан бери өз күчү менен куруп жатканы маалым. Ошонун айынан эки өлкөнүн мамилеси курчуп, Тажикстан блокадага алынып турат.

Бирок Ислам Каримовдун Астанадагы сөзү көбүнэсе Кыргызстанга багытталгандай болду. Анткени ал “кайсы бир улуу держава менен ГЭСтерди куруу боюнча кол коюуга чейин экспертизадан өткөрүп, суунун этегинде жашаган элдердин келечеги кандай болорун түшүндүрүп берели” деп айткан. Байкалып тургандай улуу держава Орусия менен Кыргызстан энергетикалык долбоорлор боюнча кол коюунун алдында турат. Ошондуктан Өзбекстан президентинин сөзү Кыргызстанда бир катар кызуу талкууларды жаратты.

Оппозициялык партиянын лидери Камчыбек Ташиев 12-сентябрда парламентке президент келгенде Ислам Каримовдун согуш жөнүндөгү сөзүн көтөрүп чыкты:

- Мына, кечээ биздин коңшубуз Өзбекстандын президенти Ислам Каримов так айтты: жакынкы арада Орто Азия мамлекеттерде суу боюнча согуш чыгып кетиши мүмкүн деди. Ким менен согушканы даярданып жатат ал киши? Эгерде ошондой согуш чыгуу мүмкүн болсо биздин күч органдарыбыз, армиябыз согушка даярбы, даяр эмеспи? Ал киши ушундай маселени айткандан кийин биз аны эмне үчүн талкуулаган жокпуз? Президент айтып жатат ошондой сөздү, ошондуктан капыстан ошондой алаамат чыгып кетсе коомубуз, мамлекетибиз даярбы?

Президент Алмазбек Атамбаевдин ага жообу мындай болду:

- Биринчиден, Ислам Абдуганиевич Каримовдун сөзүнүн мааниси коңшулар ынтымак жашап, тил табышуу керек дегенге барат. Убагында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча ошол кездеги президент Бакиев жалаң гана Орусия менен курабыз деп кол коюптур. Ошондуктан Казакстан менен Өзбекстандын нааразылыгы күчөп жатат. Биз орус тарабына "50% бизде, 50% силерде. Бирок ошол өзүңөрдөгү 50 пайыздан Казакстан менен Өзбекстанга үлүш берсеңер ынтымакта куруп алат элек" дедик. Бул маселелер боюнча мен Ислам Абдуганиевич менен сүйлөшүп жатам. Мага ишенип койгула, андай коркунуч азыр жок. Ал башка мамлекеттин дарегине айтылып жатат.

Президенттин айтымында, жакынкы айларда Коргоо кеңешинин жыйыны болуп, анда кеңири алкактагы маселелер талкууланат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун билдирүүсүнө караганда, учурда Владимир Путиндин сапарында кол коюла турган келишимдердин үстүнөн иштер, даярдыктар уланып жатат. Ошондуктан азырынча конкреттүү кайсы документтерге кол коюлушун айтуу эртелик кылат.

Бирок Кыргызстан менен Орусия жетише турган келишимдер август айынын орто ченинде Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шуваловдун сапары учурунда кол коюлган үч протоколдун негизинде болмокчу. Ал протоколдордо эки тарап аскердик, карыз, энергетикалык багытта кызматташуу жана жакынкы айларда алар боюнча келишимдерге кол коюуну макулдашкан.

Атамбаев парламентти таркатууга каршы

12-сентябрда парламентте Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон жаңы өкмөт мүчөлөрү парламент жана президент алдында кызматка киришүү антын беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Атамбаев өкмөт мүчөлөрүн таза иштөөгө чакырды:

- Жаңы түзүлгөн өкмөт өзүнүн ишин ырааттуулук менен алып барыш керек. Мурунку өкмөттүн жакшы иштерин, реформаларын улантып, өкмөттүн ишинде ордун басуучулук болуш керек. Кыргыз элине татыктуу кызмат өтөп, өз ишиңерди так жана таза аткаргыла.

Президенттин сөзүндө парламенттин дарегине олуттуу сындар айтылды. Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишине көп кийлигишип, айрым учурларда прокуратура ролун аткарып калганы белгиленди.

Бирок да парламентти таркатуу боюнча демилгелерди колдобосун мамлекет башчысы белгилеп өттү:

- Айрым саясатчылар Жогорку Кеңешти тез арада таратып, Конституциялык реформа өткөрүү талабын коюп жатышат. Албетте Баш мыйзамдагы айрым кемчиликтер бар экенин көрүп турабыз. Бирок биздин пикирибизде, жаңы парламенттик шайлоолор жана Конституцияны өзгөртүүнүн тегерегиндеги талаш-тартыштар, жаңыдан шайлоо өткөрүү туруктуулуктун сакталуусуна, экономиканын, өлкөнүн өнүгүүсүнө жакшы шарт түзбөйт. Президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, соттордун, жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын мыйзамдардын, Конституциянын негизинде тактаса болот деп эсептейм.

Белгилүү болгондой, парламент ичинде да, сырткы оппозиция катарында да Конституцияны өзгөртүү, парламентти таркатуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бирок азырынча көпчүлүк саясатчылар жакынкы айларда боло турган Бишкек шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүүгө киришти. Өзгөчө Бишкек шаардык кеңешине шайлоо күчтүү атаандашуу жана курч мүнөздө өтөөрү күтүлүүдө.

Экономикада эмне кеп?

Мына ушундай саясий күрөштүн алдында өлкө экономикасынын быйылкы жылдын сегиз айындагы көрсөткүчтөрү жарыяланды. Ага ылайык өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ички дүң жыйымдын көлөмү 4.6% кыскарган. Бирок Кумтөрдү кошпогондо экономика 3.9% өскөн. Ал эми инфляция 2% түзгөн.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстан экономикасы “тирүүлүктөн” кабар берип жатабы деген сурообузга экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев мындай жооп берди:

- Биздин экономикада “өлүү” да жок, “тирүүлүк” да жок. Былтыр кандай болсо ошондой. Биздеги негизги өндүрүш айыл чарбасы аба ырайына жараша болуп турат. Аба ырайы быйыл кургакчыл болду. Жаз кеч келди. Демек айыл чарбасынын продукциясынын көлөмү былтыркыдан алда канча төмөн. Бул Кумтөрү да жок эле белгилүү болуп турат. Жеке пикиримде, экономикада “өлүү” да жок, “тирүүлүк” да жок. Эл өз арбайын өзү согуп, өз оокатын өзү кылып жатат. Чакан жана орто ишканалар өз ишин токтоткон жок. Дүкөндөр толтура турат. Базар толтура турат. Баалардын өзгөрүшү өкмөттүн саясатынан эмес, дүйнөлүк баалардын өсүшүнө же төмөндөшүнө жараша болууда. Инфляция болуп жатабы же болбой жатабы - аны статистика катары гана көрсөтүп жатат. Аны башкарып, ошону жөндөп, азайышына же көбөйүшүнө таасир эткен өкмөттү көргөн жокмун.

Каржы министри Ольга Лаврова өлкөнүн экономика жана финансы системасында түзүлгөн абалды оор катары баалап, бирок бюджеттин корголгон беренелерин каржылоо үзгүлтүккө учурабасын билдирди. Ал ошондой эле бюджеттин тартыштыгы 23 млрд. сомдон ашып, аны жабуу үчүн баалуу кагаздарды чыгаруу жана сырттан насыя алуу жагы каралып жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бюджеттеги тартыштыкты чечүү үчүн секвесторго барарын билдирген эле. Бирок ал кадам качан жасалары азырынча белгисиз. Экономист Айылчы Сарыбаев Кыргызстан шартында секвестор зарыл, бирок ал бийликтен башталыш керек дейт:

- Эмнеден башташ керек? Өзүнөн башташ керек. Жогорку Кеңештин аппаратынан, ошого кеткен каражаттан, өкмөттөн, президенттик аппараттан башташ керек. Ал жакта президенттин башкаруу чарбасы бар, өкмөттүн алдында, парламенттин алдында башкаруу чарбалары бар. Анын баарын өз алдынча кирешеси, чыгашасы бар ишкана кылып коюшпайт. Ошолорго абдан көп көрүнбөгөн каражат кетүүдө. Анан ар бир депутатка 8 млн. сомдон кетет. Эмне үчүн? Ал эмне жумуш кылат? Ойлонуп, эсептеп көргөн киши барбы?

Кыргызстан экономикасында дагы бир таң калычтуу жагдай бул импорт менен экспорттун өтө чоң тескери сальдосуна карабай улуттук валюта сомдун туруктуулугунда болууда. Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев аны эмгек мигранттарынын Кыргызстанга акча которуулары менен байланыштырат.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алты айында эмгек мигранттары мекенине 860 млн. доллар которушкан. Бул расмий дайын болгон сан. "Ал эми реалдуу сумма андан көп болуш керек", деп эсептейт Улуттук банк.

Мына ушул эмгек мигранттарынын акча которуулары тышкы соодадагы ири тескери сальдону түзөп турат. Маселен, жети ай ичинде импорт 2 млрд. 800 млн. доллардан ашса, экспорт 863 млн. долларды гана түзгөн. Тескери сальдо 2 млрд. долларга жакындап барган.

Ошентип эмгек мигранттары өз үй-бүлөсүн эле бакпастан, мамлекеттин финансылык системасынын туруктуулугуна да салым кошууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG