Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Бул аптанын башында Кыргызстан коомчулугунун өкүлдөрү да АКШда жарык көргөн “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын айыптаган акцияга чыгышты.

Аптанын аягында Бишкектеги “Бир дүйнө” фестивалында дагы бир “Мен кумса жана мусулманмын” даректүү тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды.

Кыргызстандагы мусулмандар коомчулугу бул эки тасмада тең бирдей эле диний араздашууга чок салган жагдайлар бар экендигин айтышса, укук коргоочулар “Бир дүйнө” фестивалында көрсөтүлбөй калган тасмада адам укугу чагылдырылганын белгилешип, ага тыюу салууну мыйзамсыз жөрөлгө катары баалашты.

Жалал-Абаддын Сузагында чечекке каршы эмделген койлор жапырт кырылса, Ала-Букада сот чечимине кыжырданган жергиликтүү тургундар судья менен прокурорду токмоктоп салышты.

АКШ элчилигиндеги митинг

“Бейкүнөө мусулмандар” көркөм тасмасына карата ислам өлкөлөрүндө өтүп жаткан каршылык акцияларына үн кошкон айрым кыргызстандык мусулмандар коомдоштугу Бишкектеги АКШнын элчилигине чогулуп, тасманын авторлорун жазалоо талабы менен кайрылуу жолдошту.

25-сентябрда өткөн митингге “Ар-намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу, аялдардын “Мутакаллим” бирлиги, "Акыл, эс, рух, ыйман” коомдук уюму, “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору, “Эркин Кыргызстан” партиясы, “Кыргызстанды сактоо кыймылы” жана башка коомдук уюмдар келди. Алар менен жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Дэвид Макормик чыгып, кайрылууну кабыл алды.

Турсунбай Бакир уулу кайрылууга жооп болбосо, мындан аркы акцияларда талаптар курч коюларын белгилеген болчу:

- Элчи өзү жок экен, анын орун басары чыкты. Биз билдирүүнү бердик, анда Барак Обамага жана Конгресске кайрылганбыз. Аны алганын көрдүңүздөр, өзү жообун беребиз деп айтты. Жообун күтөбүз. Эгер ушул иш боюнча АКШ чара көрбөсө, анда кайра чогулууга себеп болот. Анда элчиликке гана эмес, “Манастагы” америкалык базага чейин барсак болот.

Буга чейин АКШнын президенти Барак Обама аталган тасма мусулмандарды гана эмес, бүтүндөй америкалыктарды мазактаган тасма экендигин айтып, аны айыптаган. “АКШ кандай гана расадагы жана кандай диндеги адамдарды болбосун кабыл алган өлкө. Ошондуктан тасма миллиондогон адамдарга кандайча таасир эткенин түшүнүп турабыз” деп билдирген болчу. Бирок сөз эркиндигин чектей албай турганын айтып, ага тыюу сала албастыгын белгилеген.

"Акыл, эс, рух, ыйман” коомунун төрагасы Дүйшөн ажы Абдылдаев АКШнын саясий жетекчилиги мусулмандарга шек келтирген андай жорук-жоосунга жооп берүүгө тийиш деп эсептейт:

- Ал адамдар кимдин үйүндө жашап жатса, ошол үйдүн кожоюну жооп бериш керек. Мисалы, ал адамдар АКШда жашап жатат жана анын жарандары. Андыктан буга түздөн-түз АКШнын жетекчилери, мыйзам чыгаруучулары жооп бериши зарыл.

Кастыкты козуткан жагдайлар

АКШнын Лос-Анжелес штатында ал тасманы тарткан деп шектелген түбү египеттик христиан-коп Накула Басели боштондукта жүрүүнүн шарттарын бузгандыгы үчүн камакка алынды. Ал мындан мурда банк карточкалары менен алдамчылык иш кылгандыгы үчүн кармалып, атайын шарттарды бузбоо талабы менен кайра бошотулган экен.

Тергөөдө Накула “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын өзү тартпаганын айтып, болгону уюштуруу иштерине гана катышканын мойнуна алган. Аталган кино тасманы көрсөтүүгө жана жайылтууга бир катар мамлекеттерде тыюу салынды. Кыргызстандын соту да аны чагымчыл тасма катары баалап, фильмди жайылтууга чек койду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Табылды Орозалиев ага негиз берген жагдайлар туурасында мына буларды билдирген болчу:

- Анда диний кастыкты козуткан элементтер, ошондой эле байкалбаган, жылмалап кеткен диний араздашууга чакыруу да бар. Ошондуктан биздин балдар кылдаттык менен карап чыгып, тастыктап-текшерип, ошондой корутунду чыгарып берди.

Пакистандагы нааразылык

Пакистандагы нааразылык

АКШнын жайкын жараны тарабынан тартылган аталган тасма интернет аркылуу жайылары менен ал мусулман дүйнөсүндөгү толкундоолордун чыгышына түрткү болду. Бир катар араб мамлекеттеринде антиамерикалык нааразылык акциялары чыгып, Ливияда АКШнын элчилигине кол салуу болду. Мусулмандарды мазактоо катары кабыл алынган тасманын айынан чыккан толкундоолор учурунда ондон ашуун адам өлтүрүлдү.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Уран Ботобеков чагымчыл тасманын айынан дүйнө жүзүндө диний араздашууга жол бербеш үчүн толеранттуулук абадай зарыл экенин белгиледи:

- Эки тарапка тең толеранттуулук маселеси абдан зарыл болуп турат. Дүйнөдө андан саясий упай топтойм деген кээ бир топторду көрүп жатабыз. Алар басып алып, адамдарды өлтүргөн окуялар да болду. Андан толеранттуулук орноп калбайт деп айтаар элем. Кыргызстандагы мусулман жамааттарына да ошону айтат элем.

Мухаммед пайгамбарды мазактаган ал фильмге карата мусулмандардын кыжырдануусун талдоочулар мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалашат. Фильмдин жөн жерден жаралбагандыгын жоромолдогон тараптар анын антиамерикалык маанайды күчөтүүгө багытталган жана АКШдагы президенттик шайлоонун алдында Барак Обамага каршы колдонулган саясий курал катары сыпатташат. Экинчи бир тарап тасманын жарыкка чыгышын жана ага карата агрессивдүү маанайды диний баалуулуктарга карата эки башка көз караш менен байланыштырат.

Дин социологиясынын доктору Маметбек Мырзабаев араздашуунун себебин мына ошондон көрөт:

- Диний маселе өтө эле назик жана аялуу. Ага байланыштуу мусулмандар арасында терс пикир айтылса, ал ислам динине кол салуу катары кабыл алынышы мүмкүн. Мындай сезимталдык бардык эле салттуу диндерде бар. Бул жерде маселе мына ошол динге байланыштуу же анын баалуулуктарына карата маселеде мусулман дүйнөсүндө жана Батышта эки башкача көз караш бар. Батышта мындай жагдайды жөн эле сөз эркиндиги катары караса, мусулмандар арасында ал көрүнүш мазактоо катары кабыл алынышы ыктымал.

Көрсөтүлбөй калган тасма

“Бейкүнөө мусулмандар” фильмине карата нааразычылыктын табы басыла электе Бишкекте Мараккодогу кумса мусулмандын тагдырын чагылдырган башка бир даректүү тасмага байланыштуу маселе чыкты. “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынын жабылышында коюла турган “Мен кумсамын жана мусулманмын” деген аталыштагы тасманын көрсөтүлүшүнө Кыргызстандын мусулман коомчулугу каршы чыкты. Муфтияттын жана дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын бүтүмүнүн негизинде аталган тасманы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экстремисттик деп таап, аны көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салды.

Аталган даректүү тасманын автору, голландиялык режиссер Крис Беллони буга чейин тасма 12 өлкөдө көрсөтүлүп, анда мындай тоскоолдукка кабылбагандыгын "Азаттыкка" курган маегинде белгиледи:

- Мен кырдаал мынчалыкка барат деп күткөн эмесмин. Балким кандайдыр бир митингдер болушу мүмкүн деп ойлогом. Бирок мынтип мамлекеттик деңгээлде ушундай чечим чыгат деп такыр ойлобопмун. Тасма гомосексуалист беш мусулман жигит тууралуу. Алардын да башкаларга окшоп эле жашагысы, сүйгүсү келгенин билдиргим келген.

Аталган тасма Кыргызстанда көрсөтүлсө, анда ал биринчи жолу мусулмандар көп жашаган өлкөдө көрсөтүлгөндүгү менен эсе калмак. Тасманын автору мында экстремисттик же диний араздашууга түрткү боло турган жагдайлар жок экенин белгилеп, мында болгону башкача жыныстык ориентациядагы адамдын тагдыры чагылдырылгын жүйө келтирди. Бирок эмне себептен тасманын аталышы адатта башкача эмес, дал “Мен кумсамын жана мусулманмын” деп адамдын диний ишенимине басым жасалып калганы боюнча комментарий берген эмес.

Көз караштардын кагылышы

Диний маселелер боюнча эксперт Кадыр Маликов тасманы талдоо учурунда чынында эле диний араздашууну козута турган жагдайлар бар экенине мындайча токтолду:

- Тасмада кумса менен мечиттин жана имамдын аралашуусу нормалдуу эле көрүнүштөй берилип жатат. Мында ислам атайын бурмаланган. Адамдын адаттан тыш сексуалдык багытын ислам динине байлап койгон. Мисалы, “сиз Мекеге ажылыкка барууну тандайт белеңиз же өзүңүзгө шерик издеп чыгуунубу ” деген суроого каарман “алгач өзүнө шерик табууну, анан Мекеге барууну тандайм” деп жооп берген.

“Бир дүйнө” фестивалынын директору Төлөкан Исмаилова тасманы көргөзүүгө тыюу салуу мыйзамсыз экендигин айтып, аталган сот чечимин өзгөртүү үчүн жогорку соттук инстанцияга кайрыларын билдирген болчу:

- “299-берене боюнча жооп берип калышыңар мүмкүн” деп мага эскертүү берип жатпайбы. Мен бул чечим мыйзамсыз экендигин жана мында баш мыйзамдын бир дагы беренесин бузбаганыбызды айттык. Бул деген адам укугуна каршы келген чечим катары мен ага макул эместигимди билдирдим.

Дарынын курамы белгисиз бойдон

Экинчи бир орчун окуя Жалал-Абаддын Сузагында чечекке каршы эмделген эки миңден ашуун койдун жапырт кыргынга учурашы болду. Бул дары-дармек Өзбекстандан алынып келингени дайын болду. Маселени талкуулаган айрым парламенттарийлер муну атайын жасалган диверсия катары баалап жиберишти. Бирок Өзбекстандын өзүндө да эмделген койлор жапырт кырылган фактылар катталгандыгын эске алган эл өкүлдөрү бул окуяны толук иликтеп чыгууну Айыл чарба министрлигине тапшырды.

Бирок бир жумадан бери аталган дарынын курамында эмне болгондугун Кыргызстандын лабораториялары изилдеп чыга албай, препарат Москвага экспертизага жөнөтүлдү.

Жалал-Абад облустук ветеринария башкармалыгынын башкы адиси Эрмамат Калмаматов бул боюнча мындай дейт:

- Мына ошол препарат Оштогу жана Бишкектеги лабороторияларда текшерилип жатат. Бирок мына ошол дарынын курамында кандай зат болгондугун аныктай албай жатабыз.

Сотко кезелген муштум

Өлкөгө чуулган салган дагы бир окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун судьясынын жана прокурордун жергиликтүү тургандар тарабынан токмоктолушу болду. Ага 8-сентябрь күнү Ала-Буканын Достук айылында кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда чыккан жаңжалдан улам кармалган бир тууган Эгамбердиевдерди сот үй камагына чыгарып жибергени себеп болгон.

26-сентябрда Ала-Буканын борборуна үч жүзгө чукул адам чогулуп, райондук соттун төрагасын жана прокурорду алмаштыруу талабын койушту. Нааразы тарап өзбек тектүү айыпкерди үй камагына чыгаруу үчүн акча маселеси роль ойногон деп шекшишет. Этностук түс алган бул окуяны өз убагында чечүү үчүн Жогорку Соттон атайын өкүлдөр Ала-Букага барышты. Айыл аймагындагы ички коопсуздук күчөтүлүп, окуянын себептери иликтене баштады.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева маселе эки багытта иликтене турганын белгиледи:

- Биринчиси, Жаримбетовдун өзүнүн сабалганы боюнча факт. Экинчиден, анын бир тууган Эгембердиевдерге карата чыгарган баш коргоо чарасы тууралуу чечими изилденет. Ал эми нааразы болгон тараптын судьяны кызматтан алуу талабы боюнча азыр айта албайбыз. Кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында дагы тааныштырып турабыз.

Ошол эле кезде жергиликтүү укук коргоочулар соттордун жана укук коргоо органдарынын акыйкатсыздыгынан майда-барат бейбашчылык фактылары да этникалык түс алып жатканын айтышууда.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун Жалал-Абаддагы өкүлү Адылназар Маматисламов сот, укук коргоо органдары калыс иштегенде жаңжалдын тереңдемек эмес деген пикирде:

- Кырдаалдын бардыгы сот, тартип коргоо органдарына такалып, ошолорго нааразы болуп жатпайбы. Ар бир ушундай чыңалуудан шылтоо чыга берет. Буга чейин деле чыгарылган чечим боюнча түшүндүрүп, негиздеп берсе, тараптар түшүнүү менен эле мамиле кылып жүргөн. Мен кооптонууга негиз жок деп айта албайм. Мисалы, нааразы тарап чара көргүлө деп он күн мөөнөт койду. Эгер көрүлбөсө, алар кандай аракетке барышары мага белгисиз.

Башчылары “базарчылаган” мамлекет

Бул аралыкта мамлекетте президенттин, төраганын жана өкмөт башчысынын - үчөө бирдей чет өлкөгө чыгып кетиши коомчулуктун көңүл борборуна илинди.

27-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттөгү эмгек өргүүсүн алып, Түркияга жөнөп кетти. Ошол эле күнү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Украинанын Ялта шаарына КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын саммиттине учкан. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков болсо 25-сентябрда башталган БУУнун Башкы ассамблеясынын 67-жыйынына катышууга кеткен.

Саясий жетекчиликтин барынын бир убакта сыртта болуп калышы өлкөдө өзгөчө кырдаал жаралса, өтө опурталдуу экендиги талкууга алынды. Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев саясий жетекчиликтин бир убакта баарынын өлкө ичинде жок болушуна эч убакта жол берилбеш керектигин билдирди:

- Түптөлүп калган өлкөлөрдө бул жагы терең мыйзамдаштырылып, мамлекет башчыларынын сыртка чыгып кетүү тартиби аныкталган. Кээ бир өлкөлөрдө мыйзам менен аныкталбаганы менен ошол тарыхы, өлкөнү башкаруу логикасы менен аныкталган. Менин оюмча, биз да так ушундай нормаларды киргизбесек, тажрыйбабыз жок. Узун мөөнөткө, кыска мөөнөткө пландаштыруу жагынан аксап жатканыбыз мына ушундан көрүнүп турат. Мындай учурлар боло бериши мүмкүн. Мурда дагы Бакиевдин убагында бир жолу ушундай болгон. Менимче, биз тез аранын ичинде бул маселени мыйзам чегинде жөнгө салуубуз керек.

Мыйзамда үч жетекчинин бир маалда өлкөдөн сырткары чыгып кетүүсүнө чек койгон тартип жок. Бирок башка мамлекеттердин тажрыйбасында мындай көрүнүшкө жол бербөө жагы мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Бирок мамлекетти башкаруу маданиятындагы катуу сакталган эреже катары киргизилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG