Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Апта: Атамбаев ички-тышкы саясатын тактады


Президент Алмазбек Атамбаев ички жана тышкы саясатка байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия келишимди кайра карап чыгууну сунуштады.

Жыл соңунда өткөргөн жыйынында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Тышкы саясатта Кыргызстан Орусияга таянарын билдирди:

- Орусияга карай багыт алды деген сөздөрдү мен башка жактан келген коноктордон да угуп жатат. Ошол эле Европа Биримдигинен келгендер да айтууда. Биздин коңшубуз Орусия. Бардыгын ойлонуп, багыт алыш керек да. Анын үстүнө Орусия, Казакстан менен бизде бир дагы чечилбей турган талаш сөз жок. Келечекте да талаш турган эч нерсе болбойт. Бизге жаныбызда тура турган, керек болсо душмандар менен атыша турган бирөөлөр керек. Азыр биз буга жалгыз жарабайбыз. Ачык айтканда энергетикадагы абалдай эле көрүнүш бардык жакта.Ошондуктан муну да ойлонуш керек.

Алмазбек Атамбаев Орусияга ымаласын шардана кылуу менен катар кош стандарттуу жана убада кылган жардамын бербей жатат деп Батышка сынын жолдоду. Сөз Европа бере турган 15 млн. доллар жөнүндө болгон.

Президенттин бул кескин сөздөрү Батыш менен мамиле бузулду, көп вектордуу саясат токтоду дегендей таасир калтырат. Бирок Кыргызстан тышкы саясатта бардык өлкөлөр менен кызматташууну уланта беришинде шек жок. Муну ошол эле Атамбаевдин Германияга сапарынан баамдасак да болот.

Ал эми Орусияга таянууга келгенде ал көбүнчө коргоо жана коопсуздук жагына байланыштуу болуп жатканы байкалат. Муну президент Атамбаевдин Орусиянын дагы бир аскердик базасы өлкөнүн түштүк регионунда жайгашса жаман болбойт эле деген сөзү, Бишкектин Москвадан ири өлчөмдө курал алуу аракети да тастыктап турат.

Мына ушул ЖККУнун алкагындагы коопсуздук жана коргоону келишимдерине жараша АКШнын "Манастагы" Транзиттик борбору да 2014-жылдан кийин ишин токтотмокчу.

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандын тышкы саясатында экономикалык кызыкчылык үстөмдүк кыла баштады дейт:

- Кыргызстан саясатта экономиканы биринчи орунга коюп жатат. Анткени экономикада кырдаал аябай начар. Чын эле Орусия биздин энергосекторго көңүл бурду. "Газпром" келатат. Курал жагынан, аскерий жактан жардам берүүчү чоң план бар.

Экономикалык кызыкчылыкка жараша Кытай менен мамиле түзүлүүдө. Учурда Бээжиндин насыялары менен Кыргызстан ири жана маанилүү энергетикалык долбоорлорду турмушка ашырып жатат. Кезекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу турат.

Батыш тарап да Кыргызстанга жардамын аяган жок. Бирок ал жардамдар көбүнчө мамлекеттик институттарга багытталып, анын кайтарымы элге байкалган жок. Экономикага жугуму аз. Ал эми Кытай жана Орусия сыяктуу Батыштын чыныгы атаандаштары менен Кыргызстан конкреттүү экономикалык долбоорлорду турмушка ашырууга киришүүдө. Мына ошондуктан да Кыргызстандын тышкы саясатында басым кайда коюлуп жатканы ачык байкалууда.

Ички саясатта президент баарын колуна алат

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрдагы маалымат жыйынында ички саясатка байланыштуу да билдирүүлөрдү жасады. Бул билдирүүлөр сентябрдагы өкмөттүн алмашуусу менен Кыргызстанда реалдуу бийлик президенттин колуна топтолду деген саясатчылардын баасын бышыктагандай болду.

Бирок Кыргызстан Конституциясы бийликти бөлүштүрүүгө негизделген. Анткени бир президенттин чексиз бийлиги өлкөнү коррупция, кризис, мыйзамсыздык жана бийликти узурпациялоого алып келди деген жүйө менен азыркы Конституция кабыл алынганы маалым.

Азыркы бийлик мына ошол принциптерди буза баштады дейт оппозициялык саясатчылар. Маселен, президенттин Апрель ыңкылабында пикирлеши Азимбек Бекназаров:

- Президент менен Жогорку Кеңеш Конституция көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан чыга албайт. Конституциянын 64-74-беренелердин акыркы бөлүмдөрүндө ошентип жазылган. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ээ деп белгиленген, а Бакиев, Акаевдин убагында ушул Конституцияда жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ээ деген болгон. Азыркы Баш мыйзамда мыйзамдарда деген сөз жок. Ал эми булар жалаң мыйзамдар менен (ыйгарым укуктарды) токуп алып жатат. Андан ары жардыктар менен алып жатат. “Жол картасында” да ошентип жазып коюптур. Конституцияда баары жазылган эмес деп жатышат. Анда эмнеге башында укуктук мамлекет курабыз дегенбиз? Өнүгүүнүн бирден-бир негизи мыйзамдуулук деп жатат. Ал эми мыйзамдуулук болуш үчүн биринчи кезекте президент өзү мыйзамдуулукту сакташ керек.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, эгерде Алмазбек Атамбаев ыйгарым укуктарын кеңейткиси келсе, анда референдум жарыялаш керек. Мурунку президенттер формалдуу болсо да референдум жарыялап, андан кийин ыйгарым укуктарын кеңейткен.

Президент Атамбаев маалымат жыйынында мындан ары экономика, шайлоо, энергетика жана башка иштерге кийлигишерин билдирди:

- Мен ойлодум эле парламенттик өлкөлөрдөгүдөй сырттан байкап турайын деп, бирок туюшумча соңунда жооп берүүчү мен болуп калат экем. Ошондуктан мен экономикага, коргоо маселесине, ал гана эмес шайлоолорду өткөрүүгө да киришем. Менде башка айла жок. Бишкектин же башка шаардын маселеси болобу, алар менен да иштешүүгө туура келет.

Белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев президентке Конституция андай укуктарды берген эмес дейт:

- Конституцияда президентке андай ыйгарым укуктар берилген эмес. Экономикага кийлигишсин деген жок. Демек Конституцияны бузуп жатат.

12-май, 2010-жыл, Бишкек
12-май, 2010-жыл, Бишкек
Президенттик аппараттын укуктук камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов парламент жана өкмөт экономикалык программаларды түзө албагандыктан, президент өзүнө жоопкерчиликти алды дейт. Ал эми президенттин экономикага кийлигишем деген сөзүн Исмаилов мындай түшүндүрдү:

- Бул мыйзамдын негизинде киришем деген нерсе. Президент азыркы убакытта мыйзам чыгаруу жараянына кийлигишип турат. Себеби Жогорку Кеңештен келген мыйзамдарга кол коёт. Ошол мыйзамдар боюнча ой-пикирин айтканга да укуктуу. Маселен, вето коёт. Ошону менен мыйзамдар күчүнө кирет. Ошонун баарын эске алып, ошол эле деңгээлде кийлигишет. Азыркы Конституциянын атасы Өмүрбек Текебаев да президент Конституцияны бузбады деп эсептейт.

Кумтөр көкбөрүсү

Оппозициялык “Ата Журт” фракциясы Кумтөр маселесин негизги темага айлантууну көздөгөнү маалым. Бул фракциянын лидери Садыр Жапаров Кумтөр боюнча депутаттык комиссияны жетектеп, ал комиссия кенди улутташтыруу сунушу менен парламентке чыккан. Кенди кайтаруу талабы менен 3-октябрда болгон митинг бийликти басып алуу аракети менен коштолуп, анын айынан үч депутат камакта отурат.

Кумтөр маселесин оппозициялык “Эл үнү” кыймылы да көтөрүп, кен боюнча түзүлгөн келишимди бузуу талабын коюп жатат. Бул үчүн 10 миң адамдын колун топтоп, парламентке да жолдоду. Эми парламент аны кароого тийиш.

Бирок бийлик да Кумтөр маселесин колго алып, мамлекеттик комиссия түзгөн. Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев башында турган ошол комиссия текшерүүсүн аяктап, корутундусун жарыялады. Анда кен боюнча түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу сунушталды. Албетте бул сунуш Садыр Жапаров талап кылган улутташтыруудан, “Эл үнү” талап кылган келишимди бузуудан жумшагыраак. Бирок ал "жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырууга" жол бербейт. Ошондуктан оппозициянын демилгесин колдон алып, Кумтөр боюнча нааразылык маанайды азайтууга жардам берет дейт талдоочулар.

Комиссия төрагасы Темир Сариевдин айтымында, 2009-жылкы келишимде кыргыз бийлигинин ыйгарым укуктары чектелип калган. Ошондуктан келишимди кайра карап чыгуу сунушталды:

- Кыргыз өкмөтүнө Центерра голд компаниясы менен Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимди кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү сунушталсын. Экология үчүн бөлүнгөн каражат көбөйтүлсүн. Кен иштетүү аяктагандан кийин калдыктарды рекультивациялоо толук жасалууга тийиш, салыктар толук төлөнүш керек.

Сариевдин айтымында, бул талаптар аткарылбаса, анда Кыргызстан Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу, салык төлөө шартын өзгөртүү, инвестициялык келишимдерди токтотуу иштерин башташ керек. Башкы прокуратура Кыргызстан үчүн ыңгайсыз келишимди түзүүгө тиешеси барларды иликтөөгө киришүүгө тийиш.

Эгерде "Центерра голд" мамлекеттик комиссиянын сунушуна көнсө, Кыргызстанга төлөнө турган салыктын көлөмү өсөт дейт Сариев:

- Ушул өкмөт мамлекеттик комиссиянын сунуштарын кабыл алып, Центерра менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздеги бардык мыйзамдардын чегинде иштейсиң десе, анда алар 13 млрд. 48 млн. сом, же болбосо 4 млрд. 895 млн. сомго көп төлөп калышат.

Комиссия ошондой эле "Центерранын" жетекчилигинде Кыргызстандын позициясын күчөтүүнү, "Кумтөр оперейтинг компани" өңдүү ортомчу компанияларды жоюуну да сунуштады.

Мамлекеттик комиссиянын курамында принципиалдуу башка позиция менен чыккандар да бар. Маселен, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов "Центерра" менен келишимди бузуп, жаңы келишим түзүүнү жактайт. Жаңы келишимде тараптар казып алынган алтынды бөлүшү керек.

Бул сунуш тийиштүү мыйзамдардын жоктугуна байланыштуу кабыл алынбасы айтылууда.

Эми мамлекеттик комиссиянын корутундусун өкмөт карап, андан кийин парламентке жөнөтүлүш керек. Ал эми "Центерранын" жетекчилиги корутундуга өз баасын жана реакциясын билдире элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG