Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Апта: Өткөөл мезгилден кийин эмне күтөт?


Сүрөттө: Бишкектеги такси айдоочусу
Сүрөттө: Бишкектеги такси айдоочусу

Кыргызстанды 2013-жылы кандай иштер, долбоорлор күтүп турат? Өткөөл мезгил соңуна чыктыбы?

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, 2012-жылы апрель ыңкылабынан кийинки өткөөл мезгил бүттү. Бардык шайлоолор өткөрүлүп, жаңы бийлик концепциясына ылайык бийлик органдары калыптанды. Эми алдыдагы үч жылда шайлоо, бийлик алмашуулар болбостон, туруктуулук сакталат.

2010-жылы парламентти, 2011-жылы президентти, 2012-жылы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен Кыргызстанда бир шайлоо цикли соңуна чыкты. Саясий чукул бурулуштар болуп кетпесе, жакынкы шайлоо 2015-жылы болуш керек. Анда Жогорку Кеңешке шайлоо болот.

Бирок парламентти таркатууну көздөгөн күчтөр жаз келери менен жанданып, жаңы саясий күрөш башталат деген божомол бар. Буга “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын билдирүүсү күбө. “Ата Журт” партиясынын лидери Акматбек Келдибеков да Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү талабын коюуда.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков быйылкы жылы жаңы оппозиция түзүлөт деген ойдо. Өлкөдөгү саясий жараяндарды 10-январга белгиленип жаткан сот да жандантышы мүмкүн. Бул күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытовдун үстүнөн сот башталмакчы. Ал тууралуу Талантбек Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев билдирди:

-Биринчи сот жараяны 10-январь саат ондо башталат.

Ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдыразак Боромбаев карайт.

Өкмөт менен коалициянын колу канчага чейин кармашат?

Башкаруучу коалиция жана президент азыркы өкмөткө күзгө чейин мөөнөт берип, андан кийин кырдаалга жараша чечим кабыл алышы күтүлөт. Тактап айтканда, эгерде быйылкы жылы экономикалык көрсөткүчтөр оңолуу жолуна түшсө, Сатыбалдиевдин өкмөтү өз ордун сактоого мүмкүнчүлүк алат.

Азырынча бул өкмөттүн алдында Бажы биримдигине кирүүгө даярдыктарды көрүү, Кумтөр боюнча чечим кабыл алуу, Жерүйдү конкурстук негизде сатуу, электр энергиясына тарифтерди көтөрүү сыяктуу иштер турат. Андан сырткары сот бийлигин акыр-аягына чейин түзүү, апрель окуясы, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча соттук иштерди жүргүзүү, Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарында ГЭСтерди курууну баштоо сыяктуу маселелер да турат.

Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов энергетика тармагында быйылкы жылы аткарыла турган иштер тууралуу буларды билдирди:

- “Датка-Түштүк” электр линиясын март айында ишке киргизебиз. Ошону менен түштүктө энергетикалык жактан көз карандысыздыкты камсыз кылабыз. Андан сырткары “Датка” деген подстанция бүт ылдыйкы ГЭСтерди бир энергетикалык түйүнгө чогултат. Анан Кеминге зым тартууга шарт түзүлөт.

Калмамбетовдун айтымында, учурда Датка-Кемин электр линиясынын техника-экономикалык негиздемеси түзүлүп жатат. Ушул жылы курулуш иштери башталып, ал 2015-жылы ишке киргизилет.

Орусия менен курула турган ГЭСтер тууралуу Калмамбетов буларды белгиледи:

- Жогорку Нарындагы төрт ГЭСтин техника-экономикалык негиздери бүтүп жатат. Ошол станциялардын курулушу башталат. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча даярдыктар көрүлө баштайт. Анткени бул ири масштабдуу курулуш. Ошондуктан ага даярдык көрүлүш керек.

Энергетиктер ошондой эле тариф саясатын өзгөртүүгө да камданууда. Министрдин айтымында, эгерде бөлүштүргүч компанияларга керектүү өлчөмдө каражат берилбесе, анда авариялар токтобойт.

Газ системасында да өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Биринчиден, “Газпром” "Кыргызгазды” менчиктештирүүсү белгиленген. Ошол эле “Газпромдун” түштүк региондо газ кендерин чалгындоосу башталмакчы.

Жалпы экономикада “100 күн ичиндеги реформа” сыяктуу өткөн жылдагыдай опол тоодой убадалар берилген жок. Бирок экономикада 7% өсүш күтүлүүдө дейт Экономика жана антимонополдук саясат министринин орун басары Санжар Муканбетов:

- 7% өсүш күтүп жатат, буйруса. Баары биздин сайтыбызда көрсөтүлгөн.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев тоо-кен тармагына өзгөчө көңүл бурууну өткөн жылы сунуштаган. Ал өз сөзүндө кендерди ийгиликтүү иштетүүгө компаниялар менен жергиликтүү калк ортосундагы түшүнбөстүктөр, бийликтин алсыздыгы себепкер болуп жатканын белгилеген.

Орозбек Дүйшеев
Орозбек Дүйшеев
Быйылкы жылы өкмөт тоо-кен тармагында ишти активдештирүүгө аракет жасашы күтүлөт. Бул ошол эле Жерүй алтын кенин аукцион аркылуу сатуудан башталат. Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, аукционду өткөрүү боюнча комиссия 15-январга карай түзүлөт. Жалпысынан тоо-кен тармагында абал түзөлөт дейт Дүйшеев:

- Тоо-кен тармагы бир топ жакшырат. Анткени жаңы өкмөт тоо-кен өнөр жайына көңүл буруп жатат. Быйыл, буйруса, “Жерүй” курулуп баштаса, ошондой Талды-Булак иштеп жатат. Ошентип, эки ишканадан 8-10 тоннага чейин алтын алууга болот. Быйыл ошондой эле Андаш кенин кура башташыбыз керек. Андан башка Чаткалдагы жана башка жерлердеги кендер иштей баштайт. Кантсе дагы быйыл алдыга жылабыз деген ойдобуз.

Орозбек Дүйшеевдин айтымында, “Центерранын” акционерлери да Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштарын оң кабыл алат. Ошону менен андан түшкөн салык көбөйөт. Эгерде тескери кетсе, анда эки тарап тең жабыркайт.

Өкмөт быйылкы жылы айылык акыларды, пенсияларды көтөрүүгө убадаларды берген жок. Бирок Социалдык фонд май айында пенсияларды 10% көтөрүүнү белгилеген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG