Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Өтүп бараткан аптада мамлекеттик айыптоочу Жогорку Кеңештин үч депутатын узак мөөнөткө кесүүнү соттон сурады. Кумтөр боюнча сүйлөшүүнү өкмөт башчы өзүнө алды. Николай Бордюжа Кыргызстанга Орусиянын курал берүү ниетин тастыктады.

3-октябрдагы окуя боюнча соттук жараян соңуна чыгууда. Ал күнү Бишкектеги борбордук аянтта Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу талабы менен митинг өтүп, ал Акүйгө кирип баруу аракети менен коштолгон.

Тартип коргоо органдары ал окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовго жана мурунку аскердик прокурор Кубатбек Кожоналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 295-297-беренелери боюнча айып коюп, өздөрүн камакка алган.

Бул иш боюнча 20-январда башталган сот жараяны соңуна жакындап, 14-мартта Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу-прокурор, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9, Кубатбек Кожоналиевди 8, Ташиевдин эки жан сакчысын 3 жылдан эркинен ажыратууну сурады.

Соттун чечими кандай болушун айтуу кыйын, бирок прокурорлордун 10 жыл сурашы суроолорду жаратууда. Анткени бир эле 295-берене боюнча айып коюлганда 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыртуу талап кылыныш керек эле.

3-октябрь, 2012-жыл

3-октябрь, 2012-жыл

Камчыбек Ташиевдин адвокаты Азимбек Бекназаров тергөөнүн жүрүшүндө да, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө да коюлган айыптар далилденбегенин, айыпталуучуларга “бейбаштык” үчүн айып койсо гана болоорун билдирди. Ал эми соттоону саясий куугунтук деп атады:

- Бул жигиттер Кыргызстан арыла албай келаткан, 21 жылдан бери сиңип калган, орноп калган системага айланып калган нерсенин курмандыгы болуп калышты. Саясий оппонентпи - ал душман. Сен мени сындадыңбы? Сен менин душманымсың. Бала-чакасына, урук-тууганына чейин кууш керек. Жоготуш керек, эптеп бирдемке табыш керек. Мына, мамлекеттик бийликтин стили ушундай болуп калбадыбы!

Расмий бийлик саясий куугунтук жөнүндөгү айыптоону четке кагып, бул ишти сот чечиш керектигин билдирип келатат.

Президент Алмазбек Атамбаев 16-мартта Жалал-Абаддан келген аксакалдарды кабыл алган учурда да, депутаттардын иши боюнча сот мыйзам чегинде чечим кабыл алыш керектигин белгилеген.

Сот болсо өз чечимин 29-мартта чыгара тургандай болуп калды. Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, 29-мартта айыпталуучуларга акыркы сөз берилет:

- 29-мартта соттолуучулар акыркы сөзүн айтат. Андан кийин судья өкүмдү чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетет. Өкүм даярдалып бүткөнгө чейин чыкпаш керек.

Айткуловдун пикиринде, судья ошол 29-мартта эле өкүмдү угузуп коюушу мүмкүн. Эгер даяр болбосо, кийинки жумага калат.

Депутаттардын үстүнөн жүрүп жаткан сот президент Алмазбек Атамбаевди коррупция боюнча айыптоо менен коштолууда. Маалыматка караганда, мамлекет башчысын коррупция боюнча айыптаган баракчалар жер-жерлерде таратылууда. КСДП фракциясы ал айыптоолорду текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буларды билдирди:

- Садыр Жапаров эки факты, эки нерсе жөнүндө айтып жатат. Бирөө Артыкбаев экөө “Центерранын” 30 млн. сомун уурдап алышкан. Экинчиси, 2007-жылы Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда 4 млрд. доллар турган Иштамбердини 40 млн. долларга сатып ийген деп эки маселени көтөрүп жатат. Депутат айтып жаткандан кийин ошолордун канчалык чындыгы бардыгын билгиле деп Башкы прокуратурага тапшырма бердик.

Турсунбековдун айтымында, маалымат тараткан киши аны далилдеш керек же кылмыш жообуна тартылыш керек.

Кумтөр: сүйлөшүүлөр уланууда

Бул жумада Бишкекте “Центерра” менен сүйлөшүү башталды. Канададан компаниянын президенти Ян Аткинсон келди. Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун билдирүүсүнө караганда, эми сүйлөшүүлөр тынымсыз жүрөт:

- Эми, буйруса, Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр болот. Мындан ары тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрө берет.

Кумтөрдүн маалымат катчысы Сергей Дедюхин да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок анын мазмуну жана жыйынтыгы тууралуу эч нерсе айта албасын билдирди.

Канадалыктар келер алдында кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча сүйлөшүү үчүн Консультативдик кеңеш түздү. Аны өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектейт. Демек Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгына жоопкерчилик өкмөт башчысына жүктөлдү.

Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңеш “Центерра” менен сүйлөшүү үчүн өкмөткө үч ай мөөнөт берген. Ал мезгилдин ичинде Кыргызстанды канааттандырган бүтүм табылбаса, анда өкмөт 2009-жылкы келишимди бузууга тийиш.

Ал эми “Центерра” бул келишимди мыйзамдуу деп атап, ал бузулса, маселе эл аралык арбитражда караларын эскертип келатат.

Кыргызстанды канааттандырган чечимге келиш үчүн “Центерра” 2009-жылкы келишимди ыктыярдуу түрдө карап чыгууга барыш керек. Андан сырткары экологиялык зыянды калыбына келтирип, атайын келишимдер менен эмес Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеши керек. Экологиялык зыяндар үчүн эле кыргыз тарап 470 млн. доллар айып койгон. Кыргызстан мыйзамдары менен иштегенде салыктын өлчөмү да көбөйөт.

Экономика министри Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, эски келишим боюнча Кумтөр быйылкы жылы 8 млрд. сом салык төлөш керек болсо, жаңы шартта 13 млрд. сомдон ашык төлөп калыш керек. Кыргыз тарап быйылкы жылдын башынан тарта Кумтөрдү жаңы шарт менен иштөөгө өткөрүүгө далаалат жасап көрдү. Бирок андан майнап чыга элек.

Кыргызстан оппозициясы Кумтөр боюнча келишимди бузуп эле калбастан, кенди дароо мамлекетке кайтаруу талабын коюп келатат.

Өкмөт Кумтөр эле эмес, Жерүй алтын кени боюнча чайналып турган мезгили. Коомчулукта Жерүйдү иштетүү боюнча бир жактуу пикир жок. Ачык каршылыктар бар. Ошондуктан өкмөт кендин конкурстук баасын өзгөртүүгө барды. Адегенде Жерүйдү 100 млн. долларга баалап, бирок коомчулуктун терс кабыл алышына байланыштуу 300 млн. долларга көтөрдү. Мындай баада кенди алып иштетүүгө дурус инвестор келбейт сөздөр айтылууда. Анын үстүнө президент Алмазбек Атамбаев жума башында телеканалдарга курган маегинде мындай баа коюлса, инвестор келбейт деп ачык айтып салды:

- Мына Жерүйдүн баштапкы баасы 300 млн. доллар болсун дептир. Ага да тилекке каршы өкмөт макул болуп, ушундай абалда аукционго чыгарылсын дептир. 300 млн. доллар баштапкы баасы болсо, бир да инвестор келбейт да.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин маалымдоосуна караганда, азыркы кезге чейин Жерүй боюнча өткөрүлө турган сынактын күнү белгилене элек.

Орусия Кыргызстанга курал берет

Узап бараткан аптада Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа келип кетти. Ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев баш болгон расмий адамдар менен жолугушуп, ЖККУнун май айында Бишкекте боло турган саммити талкууланды. Белгилүү болгондой, ЖККУга быйылкы жылы Кыргызстан төрагалык кылат.

Николай Бордюжа Бишкектеги сапары учурунда кыргыз-орус аскердик байланышына байланыштуу маанилүү маалымат айткан. Ал Орусиянын Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашуун суммага курал-жарак берүү ниетин тастыктаган.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиев Кыргызстан керектүү курал-жарактардын тизмеси Москвага жөнөтүлгөнүн билдирген.

Кыргызстандык генерал Артур Медетбеков Кыргызстан менен Орусия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн кайра куралдандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2006-жылы баштаган дейт:

- 2006-2009-жылдары эле Орусия Кыргызстанга курал берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. 1 млрд. доллар суммасындагы куралды Орусия Кыргызстанга грант түрүндө берет. Эң негизгиси, бул акыркы жаңы чыккан куралдар эмес. Орусия үчүн эскирээк болсо, Кыргызстан үчүн абдан жаңы, жакшы курал болуп калат.

Кыргызстан менен Орусиянын жетекчилиги жакынкы айларда бир катар жолугушууларды өткөрөт. Мына ошол жолугушууларда курал маселеси да көтөрүлөрү бышык. Маселен, март айында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин Москвага сапары белгиленсе, май айында ЖККУнун Бишкек саммитине орус президенти Владимир Путиндин келиши күтүлүүдө.

Мына ошентип, бир жагынан Москва менен Кыргызстан аскердик жана башка жактан жакындашып баратса, экинчи жактан кошуна Өзбекстан АКШ, Британия менен кол кармашууда. Маселен, Бордюжа Бишкекке сапар менен келген мезгилде, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун Вашингтондо сапарда жүргөнү кабарланды. Батыш басылмалары АКШ жана Британия Ооганстандан чыгарыла турган курал-жарагын Өзбекстанда калтырарын байма-бай жазып келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG