Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Узап бараткан аптада Орусия транзиттик борборду чыгаруу, Бажы биримдигине кирүү боюнча Бишкекке басымын күчөттү. Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров 1.5 жылга, Талант Мамытов 1 жылга кесилди.

Кыргызстан ички жана тышкы саясатка байланыштуу татаал жана жооптуу чечимдерди кабыл алуунун алдында турат. Саясий элитанын биримдигинин жоктугу, өлкөнүн “өгүз өлбөсүн, араба сынбасындай” абалы, андай чечимдерди кабыл алуунун опурталдуулугун арттырууда. Ички саясатта депутаттардын соту жана оппозициянын курултайында кабыл алынган талаптарды аткарууга байланыштуу чечимдер кабыл алыныш керек.

Депутаттар соту боюнча чечим 29-мартта кечинде кабыл алынды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов 3-октябрдагы окуя боюнча Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровду 1.5 жылдан, Талант Мамытовду 1 жыл, Ташиевдин эки жан сакчысын бир жылдан кесүү өкүмүн чыгарды. Генерал Кубатбек Кожоналиев толук акталды.

Камчыбек Ташиев соттун өкүмүн бийликтин буйругу катары баалады.

Камактагы депутаттардын тарапкерлери, 29-март, 2013-жыл

Камактагы депутаттардын тарапкерлери, 29-март, 2013-жыл

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Галина Скрипкина маалымат каражаттарына билдирүүсүндө кол тийбестик мандаты турган депутаттарга өкүм чыгарууну нонсенс деп атады.

Адвокат Азимбек Бекназаров соттун өкүмүнө мындай баасын берди:

- Соттун чечими жарымы юридикалык, жарымы саясий болуп калды. Биринчи бөлүгү юридикалык болду. Анда келтирилген далилдер тастыкталган жок, жокко чыгарылсын деп, кайра аягында келип, жогору жактан буйрук түшкөн окшойт, 1 жылдан, 1.5 жылдан кесилсин деп койду. Экинчиден, 295-берене менен 297-беренени сиңиштирип койду. Мындайга мыйзам такыр жол бербейт. Эң төмөнкү чектен да бериле берилсин деп эптеп бийликтин буйругун аткарып, депутаттык мандаты алына турганды жасады.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, соттун ушул өкүмү күчүнө кирсе, анда кесилгендерден депутаттык мандат алынат. Алардын узак мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматка келүү, депутат болуу укугу да чектелет. Адвокаттар дүйшөмбү күнү чогулуп, апелляциялык арыз берүүнү чечишет.

Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акун соттун чечими саясий чечим болгонун айтып, андан соттордун аброюна дагы сокку урулганын белгиледи:

- Менин оюм боюнча, соттун көз каранды экендиги дагы бир жолу далилденди. Бирок кечээги чечимди мен колдойм. Компромисттик чечим болду. Саясий жагынан туура чечим болду. Буларга 9 жыл сураганга болбойт. Эң төмөнү 12 жыл сураш керек эле. Ал эми булар 1.5 жылга кесип коюшту. Мындайча айтканда 295-берененин ишпалдасын чыгарышты. Аны койбош керек эле. Койгондон кийин ошол беренеге таяныш керек.

Башкы прокуратура соттун чечимине макул эместигин, Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрыларын билдирди.

Кырдаалга жараша шаардык сот катаал өкүм чыгарышы да мүмкүн. Аны коррупция боюнча айыпталган Равшан Сабировго байланыштуу окуя далилдеп турат. Белгилүү болгондой, райондук сот Сабировду актап, бирок Бишкек шаардык соту беш жылга эркинен ажыратып койду.

Талдоочулардын баамында, 24-марттагы Жалал-Абаддагы курултай калк ичинде бийликке нааразылык өскөнүн көрсөттү. Саясий деп аталып жаткан соттун чечимине да курултайдын таасири болгондой. Маалым болгондой, курултайда коюлган талаптардын бири депутаттарды бошотуу болгон.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдирүүсүнө караганда, ал 4-апрелде бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө отургузууга аракеттенүүдө. Ал канчалык ийгиликтүү болоорун айтуу кыйын. Анткени акыйкатчынын андай биринчи аракети натыйжасыз болгону маалым.

Москва жол көрсөтүүдө

Тышкы саясаттагы маселеге келе турган болсок, маселенин өзөгү "Манастагы" транзиттик борборго такалат. Кошмо Штаттар ыңгайлуу жана өздөрүнө ылайыкташтырган "Манаста" 2014-жылдан кийин да кала берүүгө кызыкдар.

Ал эми акыркы мезгилдерде бекемделип алган Орусия базаны чыгарып, региондо өкүмүн калыбына келтирүүгө өктөм киришүүдө. Ошондуктан Кыргызстан үчүн транзиттик борбор, Бажы биримдигине кирүү боюнча бир жактуу чечим кабыл алуу мөөнөтү келип турат.

АКШ менен жетишилген келишимге ылайык "Манастагы" транзиттик борборду чыгаруу үчүн кеминде алты ай мурун маалымат берилиш керек.

Президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө караганда, базанын Кыргызстанда калуу мөөнөтү 2014-жыл июнь айында бүтөт:

- 2014-жылдын июнь айында бул база жабылат. Биз транспорттук түйүн түзүүнү көздөп жатабыз. Ага каалаган өлкөлөрдү чакырып жатабыз. Орусия, АКШ, Германия болсун. Бирок жарандык аба майданында 2014-жылдын жайынан тарта болбойт.

Демек кыргыз парламенти кеч болгондо күзүндө транзиттик борборду жабуу боюнча эскертүүнү жасаш керек.

Орус тарап андай чечим азыр эле кабыл алыныш керектигин ишара кылууда.
25-мартта Бишкекке чогулган Орусиянын КМШ боюнча айтылуу эксперттери Алексей Власов, Андрей Грозин, Аждар Куртов, Леонид Бондарец бир ооздон Кыргызстан базаны чыгаруу боюнча сөзүн аткарыш керек деп белгилешти.

Леонид Бондарец көп вектордуу саясат менен ойноо мезгили бүткөнүн, Кыргызстан же Орусияны, же АКШны тандаш керектигин белгиледи:

- Көп вектордуулук башкарып турганын элитанын баюу ыкмасына айланып калды. Мына ошого байланыштуу Батыш менен “оюн” жүрүп жатат. Стратегиялык өнөктөштүк деген бул биринчи кезекте аскердик багытта болот. Кызыкчылыктарды биргелешип коргоо дегендик. Ошондуктан Кыргызстан ким менен болоорун аныкташ керек. Же Орусия, же АКШ.

Кыргызстандык эксперттер өз кезегинде өлкө АКШнын транзиттик борборунан олуттуу финансылык киреше алып жатканын, андан сырткары Кыргызстандан чыккан база Тажикстан же Өзбекстанга барып жайгашаарын, ал эмес Орусиянын өзү Ульяновск аба майданын НАТОнун пайдалануусуна берип жатканын эске салышты.

Орусиянын эксперттеринин чабуулу 26-мартта ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа катышкан конференция менен бекемделди. Конференция Бишкекте Кыргыз-славян университетинде болду. Маалыматка караганда, ЖККУ Кыргызстан жаштарынын ичинен да өз тарапкерлерин табууну да көздөйт.

Бажы биримдиги чакырат

Орусиянын чабуулу транзиттик борбор менен токтолуп калган жок. Ушул эле жумада Москвадан биринчи вице-премьер-министр Игорь Шувалов баштаган делегация Бишкекке келип, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесин талкуулады.

Игорь Шувалов бул маселеге байланыштуу атайын жыйында Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча билдирүү жасап, бирок практикалык иштерди жүргүзбөй жатат деп сынга алды:

- Тилекке каршы Бажы биримдигине кирүү бир эле саясий билдирүү менен бүтпөйт. Тажрыйба көрсөткөндөй, Бажы биримдигине кирүү шарттарын аныктоодо улуттук бюрократиянын нааразылыгы жана бири-биринен "өз көмөчүнө күл тартып алууга" кызыкдар аракеттер болгон. Кыргызстан үчүн баштапкы этапта Бирдиктүү бажы кодексин түзүүгө катышуунун жол-жобосун иштеп чыгуу, бажы чек арасын түзүүнү камдоо жана бажы тарифтерин аныктап алуу маанилүү. Бул элементтерсиз Бажы биримдигине кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан Орусия жаңы СССРди түзүү үчүн айрым мамлекеттерди Бажы биримдигине сүйрөп жатат деген болбогон сөз.

Кыргызстан өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Бажы биримдигине кирүүдө улуттук кызыкчылык эске алыныш керек дейт.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, бажы төлөмдөрү көтөрүлүп, Кыргызстан соода борбору болуу жагынан жабыркайт. Өлкөнүн бюджетине бажы төлөмдөрү да кыскарат.

Экинчи жагынан Бажы биримдигинин артыкчылыгын айткандар, Кыргызстандын өндүрүшчүлөрү үчүн Казакстан жана Орусиянын кең базары ачылат, эмгек мигранттарына шарт жакшырат деген жүйөлөрдү келтирүүдө.

Игорь Шуваловду президент Алмазбек Атамбаев да кабыл алды. Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда Кыргызстан менен Орусия аткарууну белгилеген долбоорлор талкууланды. Алар: "Манаста" логистикалык борбор куруу, ГЭСтер боюнча долбоорлор, ЖККУнун Бишкектеги саммитин өткөрүү жана башка маселелер. ЖККУнун саммитине президент Владимир Путиндин келери кабарланды.

Орус делегациялары куйрук улаш келип жатканда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган кыргыз делегациясы Москвада болду. Маалыматка караганда, анда “Кыргызгазды” “Газпромдун” менчигине берүү маселеси талкууланды.

Вашингтон акыркы көзүрүн чыгардыбы?

Москва жактан келип жаткан бул күчтүү эпкинге каршы Вашингтон акыркы көзүрүн пайдаланууну чечкендей. Белгилүү болгондой, 2009-жылы Бишкек "Манастагы" базаны чыгаруу боюнча билдирүү жасап, парламент келишимди бузууга киришип калганда Түркиянын президенти Абдулла Гүл Кыргызстанга келген. Абдулла Гүл аркылуу АКШ жана Батыш Кыргызстанга көп убадалар бергени ошол кезде айтылып, соңунда Кыргызстан базаны калтыруу чечимине келген.

Бул ирет Бишкекке Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган келатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк премьер-министри апрель айынын башында Бишкекке расмий сапар менен келерин ырастады.

Түрк өкмөт башчысы менен кыргыз президентинин мамилеси жакшы экени маалым. Анын үстүнө Түркиянын 100 млн. доллар насыясы Кыргызстанда бир катар социалдык долбоорлорду аткарууда негизги ролду ойноп жатат. Маселен, өкмөт мектептерди ушул насыянын эсебинен кураары маалым. Андан сырткары ал насыянын бир бөлүгү Бишкектин тамтыгы чыккан жолдорун оңдоого жумшала баштады.

Байкалып тургандай, тышкы саясатта Кыргызстан бир жактын эле эмес, экинчи жактын да басымына туш болчудай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG