Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Узап бараткан жумада оппозиция Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун парламентке тапшырды. Сланец газынын чыгышы менен дүйнөлүк базарда алсыздана түшкөн “Газпром” “Кыргызгазды” алуудан тайсалдап жатабы? Кыргызстан Апрель ыңкылабынын үч жылдыгын белгилеп жатат.

Кыргызстан 7-апрелде 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын үч жылдыгын белгилеп жатат. Баласын, туугандарын жогорку кызматтарга коюп, мамлекет байлыгын, бийлигин өз менчигиндей көрүп калган Курманбек Бакиевди үй-бүлөсү, жакындары менен кошо кыргыз калкы мындан үч жыл мурун сыртка сүрүп салган. Ал оңой болгон жок. Ондогон балдар окко учту, жүздөгөнү жарадар болду.

Бакиевди бийликке алып келген 2005-жыл март ыңкылабынын негизги ураандарынын бири коррупцияга баткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы болсо, 2010-жылы да ошондой болду.

Мына ушул эки ыңкылаптан кийин гана Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууга чек коюлгандай болуп турат. Бирок өлкө бийликти эпке келтире албай, экинчи жагынан белгиленген эреже же Конституция, мыйзамдар менен “ойноого” өтө албай турганы айтылууда.

Ал эми ыңкылап учурундагы талап-тоноочулук, ага жогорку даражалуу ыңкылапчылардын тиешеси бар деген шек көпчүлүктү иренжитти.

Саясатчы Кубатбек Байболовдун айтымында, Бакиевдин үй-мүлкүн талап-тоноо айсбергдин учу гана:

- Лента.ру сайтында Бекназаров айтып жатат, “банк уячаларынан 67 млн. доллар алынды” деп. Анан жүрүп-жүрүп эле 21 млн. болуп калбадыбы. Көлдөгү “Витязь” деген пансионаттын мебелдери чыгарылып кеткен. Аны көлдүктөрдүн баары билет. Банкта орус насыясынын 198 млн. доллары калган. Бул дайынсыз. Андан сырткары 35 миллион доллар гранттык акча ошол жерде жатканын финансисттер айтып жүрүшөт. Азия Универсал банкта 1 млрд. сом жаткан. Мунун баары дайынсыз жок болду.

Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстан бир кыйла алдыга жылды дейт:

- Үч жылдын ичинде биз алдыга кыйла жылыптырбыз. Саясий реформалар президент, парламент, аткаруу бийлиги менен эле чектелбей, азыр алдыга жылып, жергиликтүү бийликтерде да шайлоо өтүп, мына бүгүн Жогорку Кеңеште эле эмес, шаардык кеңештин сессиясы да кызыктуу болуп, бир да нерсе жашырылбай, демократия ишке ашып жатканына баарыбыз күбө болуп отурабыз.

Роза Отунбаева ыңкылаптан кийин орногон парламентаризмди жактады.

Бирок оппозиция парламенттик бийлик системасы бекемделе албай, кадырын жоготуп жатканын билдирүүдө. Эң башкысы апрель ыңкылабынан кийин өлкөнүн экономикасы өнүгүү ыргагына түшө алган жок. Бюджеттин тартыштыгы күчөп, мамлекеттин ишинде ыраатсыздык орун алды.

Экономиканы оңдоого инвестиция гана жардам бере алат. Бирок анын агымы азайды. Маселен, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2012-жылы инвестиция 2011-жылга салыштырмалуу 40% аз келген.

Президент жана өкмөт орус инвестициясы абалды оңдойт деген ишеничте турат. Президент Атамбаевдин айтымында, жакынкы айларда Жогорку Нарында ГЭСтерди куруу, Камбар-Ата-1 боюнча да иштер башталат. Орус тарап да бул маселелер боюнча кадамдарды ташташты. Маселен, 4-апрелде орус өкмөтү ГЭСтер боюнча келишимди жактырды.

Оппозиция Кумтөр маселесин кайра параламентке чыгарууда

Кыргызстанда Кумтөр маселеси күн тартибине кайрадан курч коюлууда. 5-апрелде “Ата Журт” фракциясы Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча он миңден ашуун адамдын колу коюлган мыйзам долбоорун карап, пленардык отурумга алып чыгууну чечти. Мыйзам долбоорун сунуштоо укугуна депутаттар менен кошо он миң жаран да укуктуу.

“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Надира Нарматова:

- Мыйзамдын долбоору даяр. Он миңден ашуун жарандын колу менен долбоор сунушталды. Ага Конституциянын 79-беренеси жол берет. Он миңден кем эмес шайлоочу мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, парламентке сунуш кылса болот.

Нарматованын айтымында, фракция жакынкы убакта долбоорду Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштайт.

“Ата Журттун” жыйынына келген биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу, “Центерранын” миңден ашуун акционерлери менен соттошууга алып келерин эскертти. Ал эми экономика министри Темир Сариев өкмөт да Кумтөрдү мамлекетке кайтарууга кызыкдар деп билдирди.

Өкмөттүн бул эки мүчөсүнүн сөздөрүнө караганда, кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инктин” аткаруучу диреткору Ян Аткинсон менен сүйлөшүүлөрү натыйжалуу болгон эместей. Маселен, Жоомарт Оторбаев “Центерра” менен соттошууга юристтер даярдалып жатканын билдирген. Анын пикиринде, экология маселеси боюнча Кыргызстан сотторунда териштирүүгө болот. Ал эми финансы жана корпоративдик талаштар эл аралык арбитражда каралат.

Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча он миңден ашуун жарандын колу менен мыйзам долбоорун киргизүүнүн демилгечиси “Эл үнү” оппозициялык кыймылы болду. Бул кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун айтымында, долбоор парламентте каралган күнү кол койгон жарандар аянтта туруп, анын кабыл алынышына катышат. Демек оппозиция бийликке каршы күрөштө Кумтөр маселесин негизги ураанга айлантат.

Жерүй боюнча конкурстун шарты жарыяланды

Өкмөт Кыргызстандагы экинчи ири алтын кени болгон Жерүйдүн иштетүү боюнча конкурстун шартын 5-апрелде жарыялады. Андагы негизги шарттардын бири боюнча, кенди алган инвестор 300 млн. доллар Кыргызстанга төлөш керек. Андан сырткары инвестор Жерүй боюнча эл аралык соттордо мүмкүн болуучу чыгашаны да мойнуна алууга тийиш.

Белгилүү болгондой, казакстандык “Визор групп” аттуу компания Кыргызстанды Вашингтондо жайгашкан эл аралык сотко берип, 400 млн. доллар доомат койду. Бул компания Жерүйдүн 60% ээлик кылып келген. Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстан соттору лицензиялык келишимдерди аткарбаганы үчүн Жерүйдү мамлекетке толук кайтарган.

Жерүй үчүн коюлган 300 млн. доллар жана соттошуу тобокелчилиги инвесторлорду чочутат деген пикирлер айтылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев 3-апрелде Бишкекте студенттер менен жолугушууда Жерүйгө инвестор келбесе, Кыргызстан кенди өзү иштетерин билдирди.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуев Жерүйдү Кыргызстан өзү иштетсе болот, бирок каражат жагы татаал дейт. Ал эми Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев, кен казуу жагында көп жыл жетекчи болуп иштеген Мамат Айбалаев Жерүйдү Кыргызстан өзү иштете алат деп эсептейт. Акча маселесин Жерүйдү күрөөгө коюп, насыя алуу менен чечсе болот. Кумтөрдү канадалыктар ошентип эле иштетишкенин Мамат Айбалаев эскерет.

Техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов Жерүйдү иштетүү үчүн Кыргызстандын бардык мүмкүнчүлүгү бар, ал үчүн белсенген жетекчи гана керек дейт:

- Менин оюмча мүмкүнчүлүгү бар. Аны болгону уюштуруш керек. Кадрлар бар. Иштетсе болот. Бирок биздикилер иштеткенге чымырканбай жатпайбы. Чымырканганы - карыз акча алыш керек. Кумтөр деле насыя алып иштетти го. Ошого чыдап, белсенген киши керек. Белсенбей жатпайбы биздин жетекчилер. Биздин бардык балакетибиз эмнеде? Жетекчилердин жемкорлугунда. Болбосо чыдап эле насыя алып иштетсе болот. Адистер жетет, шарт бар. Кумтөргө караганда жөнөкөй кен байлык. Кеп белсенип, бел байлаган жетекчинин чыкпай жатканында.

Жерүй кенин иштетүү боюнча коомчулукта бир жактуу пикир жок. Талас облусунун айрым тургундары Кумтөр маселеси чечилмейин Жерүйдү иштетүүнү токтото туруу талабын коюшкан. Бирок өкмөт өлкө алдыга жылуусу үчүн кендерди иштетүү керектигин белгилеп, Жерүйдү конкурс жолу менен инвесторго берүүгө баратат.

"Газпром" келатат

Кыргызстан менен Орусия “Кыргызгазды” менчиктештирүү боюнча интенсивдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө. Өткөн жумада биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган делегация бул маселе боюнча Москвага барып келсе, 4-апрелде Бишкекке Орусиянын энергетика министринин орун басары Анатолий Яновский жана “Газпромдун” төрагасынын орун басары Валерий Голубев келди.

Алар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп, “Кыргызгазды” “Газпромго” менчиктештирүү маселеси боюнча сүйлөшүү өткөрүштү. Жакынкы күндөрү өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин Москвага сапары белгиленген. Мына ошол сапарда “Кыргызгазды” менчиктештирүү боюнча маселеге чекит коюлары буга чейин айтылган. Азыркы кезде делегациялардын тынымсыз ары-бери каттоосу даярдыктардын катуулугунан кабар берет.

Кыргызстан “Кыргызгаздын” 75% акциясын "Газпромго" бекер берүүнү чечкен. Өз кезегинде орус тарап “Кыргызгаздын” карыздарын төлөп, 500 млн. доллар инвестиция салыш керек. Кыргызстан аймагында газ кендерин издеш керек.

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов сүйлөшүүлөр жакшы эле жүрүп жатканын айтат:

- Бул боюнча Жоомарт Оторбаев башында турган топ иштеп жатат. Ал топто мен да бармын. Жалпысынан иштер жакшы эле жылып жатат. Бирок жыйынтыгы чыга элек.

Калмамбетов сүйлөшүүлөр мазмуну тууралуу маалымат бере албай турганын белгиледи.

Энергетика боюнча эксперт Расул Үмбеталиевдин айтымында, “Газпром” “Кыргызгазга” 100% ээлик кылууну көздөөдө. Бирок Кыргызстан үчүн 34% акцияны кармап калуу зарыл дейт Үмбеталиев:

- Бул стратегиялык тармак болгондон кийин 100% берген туура эмес. 34% биздин колдо калса туура болмок. Анткени 34% бул тосмо коюучу пакет. “Газпромдун” чечимдерине таасир этсе болот. Толугу менен берип койгон туура эмес деп ойлойм.

“Газпром” акыркы мезгилде батыш базарында баарын бийлеген монополист болуудан калып баратат. Анткени бир жагынан дүйнөдө сланец газын иштеп чыгуу жөнгө салынып жатса, экинчи жагынан Европада суюлтулган газ менен керектөөчүлөрдү камсыздоо көбөйүүдө. Ошондуктан “Газпромдун” акциялары арзандап баратат. Маселен, 2008-жылы “Газпромдун” капитализациясы 360 млрд. доллар болсо, азыркы мезгилде 99 млрд. доллар болуп калды.

Мына ушундай шартта “Газпром” Кыргызстанда чыгашага учуроону каалабай жаткандай. Мындай ойго "Кыргызгаздын" жетекчисинин орун басары Евгений Орленконун Москвада сүйлөшүүлөр тунгуюкка кептелгенин жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирүүсү түртөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG