Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Узап бараткан жумада Азиз Батукаевдин жаңжалы вице-премьер-министрди убактылуу кызматтан кетүүгө мажбур кылды. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге парламентте чабуул күч ала баштады. Кумтөр маселеси жаңы тирешүүнү жаратуу алдында турат.

Узап бараткан жумада кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевдин бошотулушу көңүл борборунда кала берди. Башында бул иш менен кабарсыздыгын көрсөткөндөй болгон президент Алмазбек Атамбаев да ага көңүл бурууга аргасыз болду. Ал вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевди чакырып, иликтөө ишине жардам берүүнү тапшырды. Президент менен Батукаевдин бошотулушун иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер да жолугушканы кабарланды.

Депутаттык комиссия болсо ишин улантып, анын жүрүшүндө вице-премьер-министр Шамил Атахановдун уулу Данияр Атахановдун “Анилия” аттуу фирмасы Батукаевди учурууга тиешеси бар деп чыкты.

Шамил Атаханов муну төгүндөп, бирок комиссиянын талабы менен иликтөө учурунда кызматын таштай турууга аргасыз болду:

- Батукаев Чеченстанга учуп кеткен учакты тейлеген компания менин уулума тиешелүү деген билдирүү болгон. Чындыгында ал учакты APR деген компания тейлеген экен. Бул компанияга менин уулумдун эч тиешеси жок. Жөн гана айрым техникалык каталардан улам ушундай билдирүү болуптур. Бул боюнча бардык маалыматтар такталып, бул суроого чекит коюлду.

Атахановдун уулунун фирмасынын Батукаевдин учушуна тиешеси бардыгын комиссияга “Ата Мекен” фракциясынан кирген депутат Жоомарт Сапарбаев билдирген. Сапарбаевдин айтымында, азыркы кезде кагаздар алмашып калыптыр деп, аны төгүндөөгө аракет жасалып жатат. Бирок Атахановдордун Машкевич сыяктуу олигархтар менен шектүү байланыштарын төгүндөгөн эч ким жок.

Депутаттык комиссия бир эле Атаханов эмес, Батукаевдин бошотулушун мыйзамдуу деп атаган башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу мекемесинин башчысы Зарылбек Рысалиев жана башка жооптуу кызматкерлердин да кызматтан четтеп турушун талап кылган. Бирок комиссиянын талабын бир чиновник гана аткарды. Ал эми Зарылбек Рысалиев депутаттардын көрсөтмөсү менен жашабай турганын билдирип чыкты.

Мурунку юстиция министри Марат Кайыпов Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар, бардык кызматкерлер кызматынан четтетилүүгө тийиш, ансыз бул ишке мамлекет башчысынын тиешеси бар болгону аныкталып калат дейт:

- Бир күндө көп нерсе жасалып жатат. Соттун чечими чыгып, паспорт берилип, учак конуп, учуп кетип атат. Мунун баары уюшулган. Президент баш болуп буйрук берип, көзөмөлдөгөн. Себеби буларды жасагандар президенттин алдындагы органдар да. Эгерде президент мен күнөөлүү эмесмин десе, анда бардыгын кызматтан алыш керек. Башкы прокурорду, Жаза аткаруу мекемесинин, ГАИРТтин, УКМКнын жетекчисин, Чек ара кызматынын башчысын, Саламаттык сактоо министрин.

Нарындагы түрмө

Нарындагы түрмө

Марат Кайыповдун айтымында, ал Юстиция министрлигин жетектеп турган мезгилде эле (ал кезде Жаза аткаруу мекемеси Юстиция министрлигине карачу) Азиз Батукаевди акчага бошотуу боюнча сунуштар болгон. Андай сунуштар ал кездеги президент Курманбек Бакиевге да жеткен. “Бакиев бошотуп жиберүүнү сунуштап, бирок уят болобуз дегенибизден кийин аралашпай калган”,- дейт Кайыпов.

Депутаттык комиссия өз ишин үч жумада аяктоого тийиш. Алар Батукаев боюнча бардык акыйкатты алып чыгууга кудурети жетер-жетпесин айтуу эрте. Анын үстүнө комиссиянын төрагасы Болот Шердин айтымында, Шамил Атаханов бардык соккуну өзүнө алып, Батукаевди бошотууда президентке да, өкмөт башчыга да маалымат бербегенин билдирүүдө. Мындай сөзүн Атаханов Жогорку Кеңеште өткөн жумада да айтканы маалым.

Бирок бул окуя кыргыз мамлекетинин беделине оңбогондой сокку урганын оппозиция эле эмес, бийлик да баамдап калгандай болду. Ал эмес, оппозиция өкүлү Бектур Асанов Батукаевдин бошотулушун Барак Обама Усама бен Ладенди өлтүртпөй, араб өлкөлөрүнө жөнөткөндөй эле болуп калды деп баалоодо.

Сатыбалдиевге чабуул күч алууда

Оппозициянын 24-апрелге белгиленген митингинин алдында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге ар тараптан чабуул күчөдү. Жогорку Кеңештеги оппозициялык эле эмес, башкаруучу коалициядагы депутаттар да өкмөттү кызматтан кетирүү талабын койо баштады. Маселен, буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Карганбек Самаков бул маселени көтөрсө, Батукаев жаңжалы тутангандан кийин КСДПнын бир катар депутаттары да өкмөттүн кетүүсүн талап кылышты.

Коалициянын үчүнчү мүчөсү болгон “Ар-намыста” өкмөткө нааразылык бир нече жумадан бери бышып келатат. 18-апрелде бул фракциянын мүчөсү Абдырахман Маматалиев:

- Буларга деле сегиз ай болуп калды. Айы-күнү жетип калды. Тез арада карап, так баа берип, отчетун угуп, элдин алдына алып чыгалы. Эгерде биз карабай отура берсек, эртең биз да жооп беришибиз керек.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Аширбек Темирбаевдин айтымында, өкмөт Жогорку Кеңештин алдында отчетун май айында берет.

Жантөрө Сатыбалдиев акимдерди кызматтан бошотууда Конституция жана мыйзамдарды бузганын “Республика” фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бөкөев сындап чыкты:

- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын укуктарын кечээ күнү премьер-министр тебеледи. Анткени акимдерди кызматтан бошотуу үчүн жергиликтүү кеңештер макулдугун бериш керек эле. Биз мыйзам аркылуу аларга ошондой укук бергенбиз. Эмне үчүн биз буга карабайбыз? Эмне үчүн башкы прокурор өкмөттүн токтомун же буйругун жокко чыгарбайт?

Депутат Кенжебек Бөкөев өкмөттүн ичиндеги башаламандыкка, күч министрликтеринин ортосундагы жаңжалдарга башкаруучу коалиция да күнөөлүү деп, өкмөттү эле кызматтан кетирбестен, Жогорку Кеңешти да өз ыктыяры менен тароого чакырды. Бөкөевдин бул демилгесин “Республика” фракциясы келерки жумада кароону чечти. Депутаттын айтымында, Батукаевдин бошотулушунан кийин бир катар депутаттар Жогорку Кеңешти таратууну ойлонуп калышты.

"Эл үнүн" эки фракция колдоду

Жогорку Кеңеште тароо маанайын 24-апрелге белгиленип жаткан “Эл үнү” кыймылынын митинги да күчөтүүсү ыктымал. Бул кыймыл Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча 12 миңден ашуун жарандын колу коюлган мыйзам долбоорун парламентке тапшырган. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 24-апрелге чейин карабаса, анда аны таратуу маселеси көтөрүлөрүн кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров билдирди. Бекназаров 24-апрель датасынын тандалып алыш себебин Жалал-Абад курултайынын талабы менен байланыштырды:

- Жалал-Абаддагы курултайдын чечимине ылайык болду. Анткени ошол чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү “Эл үнүнүн” штабына жүктөгөн. Анда апрель айынын ичинде талаптар аткарылыш керек деген. Эгерде ага чейин каралбаса, анда митингге айланып кетиши мүмкүн. Анда башка талаптар көтөрүлүп калышы мүмкүн.

Бекназаровдун маалыматы боюнча, 24-апрелде Жогорку Кеңештин бул ай ичиндеги акыркы пленардык отуруму болот. Ошондуктан митинг үчүн ушул дата тандалып алынды.

“Эл үнү” кыймылы сунуштаган мыйзам долбоорун 19-апрелде “Республика” фракциясы карап, аны жактырды. Буга чейин долбоорду “Ата Журт” фракциясы жактырган. Мына ошону менен парламенттик жана парламентке кирбей калган оппозиция Кумтөрдү мамлекетке кайтарууда позициялары бирикти.

Башкаруучу коалициядагы “Ата Мекен” фракциясы “Центерра голд” Кыргызстан койгон талаптарды аткарбаса, келишимди бузууну караштырган мыйзам долбоорун даярдаган. Ал долбоор “Эл үнү” сунуштап жаткан долбоорго окшош. "Бирок биз канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатабыз"-, дейт “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев:

- Мындай өтө олуттуу мыйзамдар аянттарда, митингдерде кабыл алынбайт. Андай мыйзамдар экспертизадан өтүш керек, талданыш керек, талкууланыш керек. Мыйзам жазуунун, талкуунун, кабыл алуунун эрежелери бар. Анан 24-апрелге чейин алсаңар алдыңар, албасаңар өлдүңөр дегендейдин бул өзү кандай?

Балтабаевдин айтымында, эгерде “Центерра голд” Кыргызстандын талаптарын аткарбаса, анда “Ата Мекен” келишимди бузууга барат.

Мына ошентип өкмөттү кызматтан кетирүү чакырыктары Кумтөр жаңжалы менен туташып баратат.

Сүйлөшүүдөн натыйжа чыга элек

“Центерра голд” менен сүйлөшүүлөр башталганына эки айга жакындап калса да, анын натыйжасы байкала элек. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөр эки тарап жалдап алган юридикалык компаниялардын ортосунда жүрүп жатат. Алар парламент белгилеген үч айдын ичинде сүйлөшүүлөрдү бүтүрбөй калышы да мүмкүн. Ошондуктан анын мөөнөтүн узартуу өтүнүчү келтирилиши күтүлүүдө. Бул маселеге ачыктык өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин Жогорку Кеңеште май айында бере турган отчетунда киргизилип калышы күтүлөт.

Ага чейин Жантөрө Сатыбалдиев Москвага иш сапар менен барып келмекчи. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, өкмөт башчы кийинки жумада Москвада иш сапарда болуп, орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул сапар учурунда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны да өткөрүлөт. Андан сырткары “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 долларга сатуу боюнча келишимге кол коюлушу да даярдалууда.

Бул арада Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстан менен Орусиянын 2012-жылдагы келишимдерин ратификациялады. Ошондуктан жакынкы айларда Жогорку Нарында ГЭСтердин курулушу башталаарын кыргыз жетекчилиги ишенимдүү билдире баштады. Маселен, президент Алмазбек Атамбаев 19-апрелде Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү актив менен жолугушууда Жогорку Нарында ГЭСтердин курулушу май айында башталарын билдирген. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча техника-экономикалык негиздеме даярдалууда. Улуттук электр станциялар акционердик коомунун кеңешчиси Григорий Зыряновдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, азыркы кезде ГЭСтин курулушу үчүн керектеле турган жер аянттары аныкталып, документтери даярдалууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG