Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш иш кайра жанданды.

​Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты. Өкмөт Транзиттик борборду чыгаруу чечимин парламентке жөнөттү.

Азиз Батукаевдин ордуна Болот Шер отурабы?

“Ата Мекендин” лидерлеринин бири Болот Шер Азиз Батукаевдин бошотулушун иликтөөдөгү аракети апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулукка байланыштуу кылмыш иштин кайра козголушуна алып келгенин жар салды. Талап-тоноочулук боюнча “Ата Мекендин” депутаттарына, анын ичинде Болот Шерге да өткөн жылы айып коюлганы маалым. Бирок бул иш далилденген эмес деп жабылган. Мына ошондуктан бул кылмыш иштин кайра жандандырылышын Болот Шер өзүнө каршы ачылган кылмыш иш катары баалады.

Болот Шер жетектеген депутаттык комиссия өз корутундусунда Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча мамлекет башчысы жана өкмөт башчысынан башка ири жетекчилерге айып коюлган. Комиссиянын айрым мүчөлөрү бул иште биринчи жетекчилер да аралашкан болушу керек деген шектүү ойлорун кыйытып келишкен.

Комиссиянын корутундусунда Батукаевди бошотууда күч органдары, Саламаттык сактоо министрлиги, прокуратура кызматы ич ара сүйлөшүп алган деп белгиленген. Ошондуктан вице-премьер-министр Шамил Атаханов, башкы прокурор Аида Салянова, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, жаза аткаруу мекемесинин башчысы Зарылбек Рысалиев, акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан алуу, кылмыш ишин козгоо сунушталган.

Ошентип Болот Шер жана “Ата Мекен” бийликтин барсканына кабылды. Талап-тоноочулук боюнча айыптоону иликтөөнү президент өзү күч структураларына тапшырды. Натыйжада Башкы прокуратура кылмыш ишин жандандырып эле калбастан, тергөө ишин “Ата Мекендин” өчөшкөн оппоненти Зарылбек Рысалиевдин колуна тапшырды. Зарылбек Рысалиев президентке жазган катында “атамекенчилерди” талап-тоноочулук эле эмес, киши өлтүрүү, барымтага алуу, мүлктөрдү зордук менен тартып алуу боюнча да айыптаган.

- Булардыкында иштелбей калган жерлер бар болчу. Ошону иштеп көрүү үчүн президентке кат жазгам. Президент текшерип көрүңүз деди. Мен өзүм текшерип жатам. Бул фактылар мурда эле менде болгон. Бул жерде адамдар бар да, эмне үчүн Рысалиев муну мурда айткан эмес, эми айтып жатат деген. Ар кимдин акылы өзүндө. Рысалиев билгенинин баарын айтып эле, элге жарыя кылып эле жүрө бериш керекпи? Ар нерсенин өз учуру келет да, - деп билдирди Рысалиев кылмыш иштин кайра ачылышы тууралуу.

Батукаев жаңжалы боюнча чечүүчү кармаш алдыда. Анткени депутаттык комиссиянын корутундусу парламенттин кароосуна бериле элек. Ага комиссия мүчөлөрүнүн ичиндеги келишпестиктер себеп болгон.

Комиссияга КСДП фракциясынан кирген Дамира Ниязалиева, Эркин Сакебаев жана президентке жакын мурунку “республикачылар” Канат Исаев, Алмазбек Батырбеков корутундуга кол койгон эмес. Дамира Ниязалиева өзүнүн кол коё электигин мындай түшүндүргөн эле:

- Мен койбоймун деп айткан эмесмин. Мен сөзсүз түрдө колумду коём. Бирок мен сунуш киргизгем. Азыр дагы ошону айтып келдим. Комиссиянын бардык мүчөлөрү толук жыйналып туруп, бардык маселелерди талкуулап, андан кийин пункт-пункт боюнча добушка коюп, чечим кабыл алынышы керек.

Депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү Равшан Жээнбековдун айтымында, комиссиянын калган беш мүчөсү корутундуга кол койду. Алар маселени 29-майдагы парламенттин жыйынын күн тартибине киргизүүнү сунуштоодо. Мына ошондо позициялар ачыкталып, башкаруучу коалициядагы өнөктөр бетме-бет келишет. Ал эмне менен аяктаары азыр айтуу кыйын.

Парламент Жантөрө Сатыбалдиевге канааттанды

Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеште отчет берип, анда "канааттандырарлык" деген бааны алып чыкты. Албетте мындай баа күтүлүп жаткан. Анткени өткөн жылы экономика 1% төмөндөгөнү менен быйылкы жылдын төрт айындагы айрым көрсөткүчтөр дурус.

Жалпы экономика төрт айда 8.2% өсүш берген. Бирок текстиль жана тигүүчүлүк тармагынын катуу аксаганы, тышкы соодадагы төрт эсеге жакын тескери сальдо, бюджеттин тартыштыгынын кыскарбашы оптимизмге негиз бербейт.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев үмүт артып жаткан долбоорлорду Жогорку Кеңеште санап өттү:

- Быйылкы жылдын аягына чейин Кара-Балта мунай иштетүүчү заводу ишке кирет. Кубаттуулугу 1 млн. тоннага чейин мунайды иштетүүгө жетет. Экинчи, Талды-Булак Сол жээк комбинаты декабрда бүтөт. Биринчи алтынды эмдиги жылдын экинчи кварталында алабыз. Ала-Букада Бозымчак алтын, жез комбинатын ишке киргизүү алдында турабыз. Төртүнчү кварталда бүтүү алдында турат. Иштамберди алтын кенин да быйыл реалдуу көзөмөлгө алып, жакшы иштетүүгө аракеттер болот.

Өкмөт башчы ошондой эле ишкерлик, жеңил өнөр жайын өнүктүрүү багытында да чаралар көрүлөрүн кошумчалады. Мындан сырткары өкмөт чыгашаларды кыскартуу багытында да иш жүргүзмөкчү.

2014-жылдын бюджети болсо 1-сентябрда сунушталганы турат. Ал эки вариантта келерин өкмөт башчы эскертти. Кыязы, биринчи вариант азыркыдай эки тепкичтүү бюджет болсо, экинчиси мурункудай үч тепкичтүү болмокчу. Эки тепкичтүү бюджеттин кемчилигине токтолгон Жантөрө Сатыбалдиев ал каржы министрлигинин ченемсиз борборлошуусуна алып келгени, айыл өкмөттөрүндө финансылык мыйзам бузуулар абдан көп болуп жатышы менен түшүндүрдү.

Башкаруучу коалициядагы депутаттар ичинен Исмаил Исаков өкмөттүн ишине канааттандырарлык деп баа берүүгө каршы болду. Ал өкмөт 2012-жылдын бюджетин аткара албады, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо начар иштеди деп эсептеди.

Оппозициялык азчылык болсо өкмөттүн ишине баа берүүдөн баш тартты. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевдин билдирүүсүнө караганда, алар Батукаев боюнча комиссиянын маалыматын жана Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгын угуудан кийин өз баасын берет.

Кыргыз өкмөтү Транзиттик борборду чыгарууну чечти

Кыргызстан Транзиттик борборду "Манастан" чыгаруу аракетин баштады. Өкмөт Транзиттик борбор боюнча 2009-жылкы келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырып, аны кароо үчүн 21-майда парламентке жөнөткөнү маалым болду.

Өкмөттүн бул чечими Транзиттик борборду чыгаруунун мөөнөтүн өзгөртөбү деген түкшүмөлдү жаратты. Анткени макулдашылган чечимдер боюнча, Транзиттик борбор 2014-жылы июль айында чыгарылышы керек. Ал эми келишимди бузгусу келген тарап кеминде 180 күн мурун экинчи тарапка маалымат берүүгө тийиш. Ошондуктан кыргыз өкмөтү 2014-жылдын январь айынын баш ченине чейин АКШга нота жиберүүсүнө убакыт кенен эле.

Кыргыз өкмөтүнүн 21-майдагы чечими базаны чыгаруунун мөөнөтүн өзгөртпөйт дейт юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов:

- Ошол 2014-жылдагы өзүнүн мөөнөтүндө эле токтойт. Транзиттик борборду чыгарууну ылдамдатуу каралган эмес.

Кыргыз өкмөтүнүн практикалык кадамдарына карабай Транзиттик борбордун чыгышына ишенбегендер арбын. Өзгөчө Кыргызстандагы саясат талдоочулар күмөндүү ойлорун жашырган жери жок. Маселен, белгилүү саясат талдоочулар Валентин Богатырев жана Марс Сариев Транзиттик борбор боюнча чечимди Бишкек эмес, Москва менен Вашингтон кабыл алат, ошондуктан баары башкача болуп чыгышы мүмкүн дегендей пикирди карманууда.

Саясат таануучулардын күмөнүнө Кыргызстан бийлигинин 2009-жылдагы өзгөрмө чечимдери да негиз берет. Белгилүү болгондой, 2009-жылы да Кыргызстан базаны чыгаруу чечимин кабыл алып, бирок жаңы келишим түзүүгө барган. Ага ылайык АКШнын "Манастагы" базасы Транзиттик борборго айланган.

Мына ошол кезде КСДП фракциясы базаны чыгарууга каршы болгон эле. Азыр эми кандай болоор экен дейт Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Улукбек Ормонов:

​- Ошондо Жогорку Кеңеште КСДПнын депутаттары базаны чыгаруу туура эмес, база керек деп чыккан. Азыр эми кырдаал кандай болорун көрөбүз. Анткени өкмөттүн токтомунан кийин парламент караш керек да. 30-июнга чейин сөзсүз караш керек.

Кыргыз парламенти адаттагыдай эле жогору жактын чечимин колдоп беришинде шек жок. Президент Транзиттик борборду чыгаруунун демилгечиси болгон жана ал позициясын бузбай келатат.

27-майда Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин келери күтүлүүдө. Ал Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейформал саммитине катышат. Мына ушул жолугушууларда Кыргызстан менен Орусиянын мамилесин, албетте Транзиттик борбор боюнча маселени өнөктөр талкуулашы турган иш. Анын үстүнө президент Атамбаевде айтаарга сөз да бар, анткени өкмөт АКШ менен келишимди бузуу боюнча чечимди парламентке жолдоп койду.

Бейформал саммиттен кийин эле 29-майда президент Алмазбек Атамбаев Астанага сапар алаары маалым болду. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, сапар учурунда эки өлкөнүн президенттери интеграциялык жараяндардын жүрүшүн талкуулайт.

Белгилүү болгондой Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын кабыл алуунун алдында турат. Кыргызстан менен Казакстан лидерлеринин жолугушуусунун күн тартибинде дал ушул маселе болорунда шек жок.

Казакстандын эксперттик чөйрөсүнөн болсо Кыргызстанды Бажы биримдигине кирбөөнү үндөгөн чакырыктар көбүрөөк чыга баштады. Кыргызстандын өзүндө да бул маселе боюнча бир жактуу пикир жок. Кээ бир эксперттер Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен баалар көтөрүлөт, өнөр-жайы өнүккөн биримдиктин калган мүчөлөрүнүн сырьелук базасына айланат деп эсептейт.

Бийлик башчылары да аны четке какпайт. Бирок келечекте Кыргызстан экспортёрлору үчүн кеңири базар ачылат, эмгек мигранттарынын шарты жеңилдейт деп жооткотууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG