Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

Башкы прокуратура Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурун бошотулушунан кылмыш белгилерин тапты.

Буга чейин аталган башкы көзөмөл органы Батукаевдин бошотулушу мыйзамдуу деген жүйөнү карманып келген. Башкы прокуратуранын бул боюнча турумунун өзгөрүшүн талдоочулар күздөгү саясий күрөштүн алдындагы көз жазгыруу аракети катары баалашууда.

Ошондой эле бул апта Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге карата сот өкүмүнүн чыгышы жана уюшма кылмыштуулукка каршы бийликтин аракеттери менен эсте калды.

Кылмыш белгилерин табуу аракети

Жаза мөөнөтүнүн тогуз жылын өтөбөй абактан чыгарылган кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевге байланыштуу козголгон кылмыш иши парламенттин май айындагы токтомун аткарууга негизделген. Бирок мындан мурун эле башкы прокурор Аида Салянова парламентте “Батукаевди бошотууда мыйзам бузулган эмес” деп бир нече курдай билдирген болчу.

Азыр башкы көзөмөл органы мурдагы жаңылыштыгын мойнуна алып, оңдоо үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Талдоочу Уран Ботобеков мунун бардыгын бийликтин кечиккен аракети катары баалады:

- Адегенде башкы прокурор Салянова мыйзамдуулукту кармануу жаатында эмес, Батукаевдин адвокаты катары сүйлөп турганы баарыбызга маалым. Эми азыр бул боюнча иш козгомуш болуп жатышканы бул алдыдагы күздө күтүлүп жаткан саясий күрөшкө байланыштуу. Анткени бийлик Батукаев маселеси күзүндө кайрадан көтөрүлө турганын түшүнүп турат. Болбсо эми Батукаев бул жерде турганда аны бошотуунун мыйзамдуулугун аныктабаган прокуратура эми ал эбак өлкөдөн чыгып кеткенден кийин анын канынын анализин алып, кайра артына кайтарып алып келе алмак беле? Бул жөн гана ушул ишти иликтөө болуп жаткандай түр көрсөтүү.

Бул жерде кылмыш ишин козгоого Батукаевдин канынын анализи боюнча эки түрдүү медициналык корутундунун чыгышы негиз болгон. Мына ушуга байланыштуу башкы көзөмөл органы саламаттыгына байланыштуу Батукаевди мөөнөтүнөн мурун бошотууну мыйзамдаштыргысы келген кызмат адамдары суракка чакыртыла турганын эскертти.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу бул жерде соттолуучунун канынын анализи боюнча күмөндүү жагдайлар бар экенин кошумчалады:

- Кылмыш иш медициналык корутундулардын бири-бирине карама-каршы келип жатканына байланыштуу козголду. Бул иш боюнча Батукаевди алып келип, же алып келбесек да Орусияга кан анализдерин бергиле деп өтүнүч жиберебиз. Бул ишти УКМКга өткөрүп бердик. Эми алар тергөөнү баштоо үчүн Батукаевдин анализдерин алууга өтүнүч жибериши шарт. Ал биздин өлкөлөрдүн ортосундагы Минск конвенциясынын алкагында ишке ашат.

Бирок мында, адистердин баамында, Батукаевди мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгарууга өбөлгө түзгөн тиешелүү бийлик органдарынын кылмыштуу байланышын иликтөө көңүл сыртында калган.

Батукаев боюнча Нарындагы тергөө абагынын башчылыгынын мүнөздөмөсү, жаза аткаруу кызмат өкүлдөрүнүн соттолуучуну аба майданга чейин коштоп келүүсү жана абак жайларын көзөмөлдөгөн прокуратура өкүлдөрүнүн шалаакылыгы сыяктуу шектүү жагдайларга укуктук баа берилери белгисиз.

Кылмыш-жаза укугу боюнча адистер тергөө кандын анализин тактоо багытында гана иш алып барса, анда жетекчиликтин буйругун аткарган жөнөкөй дарыгерлер эле жазаланып, Батукаевдин кылмышынын оордугуна карабастан ага оң мүнөздөмө бердирткен жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу байланышы көмүскөдө калышы мүмкүн деп кооптонушат.

"Бирок башкы көзөмөл органы муну дилгир иликтесе, анда жогору жактан төмөн карай ким кимге оозеки буйрук бергени ачылат", - дейт парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев:

- Батукаевди бошотуу үчүн негиз болгон материалдар - анын ден соолугу боюнча дарыгерлердин корутундусу жана абак жайынын ага карата оң мүнөздөмөсү. Башкы прокуратура анын канынын анализи боюнча гана эмес, оор беренелер боюнча айыпталып, соттолгон Батукаевди бошотуу үчүн оң мүнөздөмө берип, аны бошотууга өбөлгө түзүүгө буйрук берген мекеме жетекчилери боюнча маселени да карашы керек. Ошондо бул иштин башында ким турганы аныкталат.

Жогорку Кеңеште түзүлгөн Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия бийлик органдарынын кылмыштуу байланышы боюнча корутунду чыгарган. Буга байланыштуу вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, акыйкатчы Турсунбек Акун баш болгон кызмат адамдарын жумуштан четтетүү жагы сунушталган. Бирок буга чейин парламент “токтоосуз кызматынан алынсын" деп тапкан өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен Атаханов менен Акундан башкасы ордуларынан козголо элек. Бул маселе вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөттүк комиссияга тапшырылып, бирок ушул кезге чейин жыйынтык чыга элек.

Мына ошондуктан Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмазбек Баатырбеков токтомдун аткарылышы сентябрь айында карала турганын белгиледи:

- Биз токтом чыгарган соң анын жүйөлөрүн карап чыгуу үчүн өкмөт атайын комиссия түзгөн эле. Азыр ал иштеп жатса керек. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө парламенттеги тиешелүү комитеттерге тапшырылган. Анын негизинде бул токтомдун аткарылбай калышын күзүндө сөзсүз түрдө талкуулайбыз.

Түлеевге 11 жыл берилди

Апта ичиндеги дагы бир олуттуу окуя - Кыргызстандагы эң эле бай адамдардын бири катары сыпатталган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин 11 жылга эркинен ажыратылышы болду.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Нариман Түлеевге аталган жаза чарасын чегерип, анын жана жакын туугандарынын үй-мүлкүн мамлекеттин карамагына алуу өкүмүн чыгарды. Нариман Түлеевдин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев сот “атасы үчүн баласы жооп бербейт” деген принципти бузду деп сынга алды:

- Эч бир мыйзамда минтип жазылган эмес. Эгерде сот бирөөнү күнөөлүү деп тапса, анын жакындары кошо айыпка жыгылсын деген кылмыш жазасы барбы? Мисалы, айдоочу бирөөнү сүзүп кетсе, анда анын жубайы, балдары да кошо соттолобу? Биз албетте шаардык сотко даттанабыз.



Сот Нариман Түлеевдин бир туугандарынын жана жакындарынын банктагы эсептерин, “Ак жол” камсыздандыруу компаниясындагы акцияларын жана мамлекеттик каттоо органдарында аларга катталган мүлктүн бардыгын мамлекетке өткөрүүнү чечти. Бирок эмнегедир сот өкүмүндө Нариман Түлеевге таандык деп коомчулукта айтылып жүргөн “Караван” соода үйү, “Сапатком” жана “Рахат палас” сыяктуу ири ишканалардын тизмеси жок. Ал турсун атактуу олигархтын иниси Нарынбек Түлеев мамлекетке кайрып бере тургандай үй-мүлкү деле жок экенин айтып, коомчулукту таң калтырды:

- Менин да, Нариман Түлеевдин да үйү жок. “Ак жол” камсыздандыруу компаниясынын акциясы да Нариман Түлеевге тиешеси жок, ал анын атасына, мага жана балдарына таандык. Бул эми саясий чечим болду. Биз шаардык сотко, керек болсо эл аралык сотко чейин арызданабыз.

Сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Кытайдан Бишкек шаарына автобустарды сатып алып келүүдө мамлекеттин казынасына 60 миллион 670 миң сом зыян келтирген деп тапты. Бирок муну Түлеевдин тарапкерлери саясий буйрутма катары баалап келишет.

Ошол эле кезде бул сот өкүмү өтө эле катаал чыкты деп, аны мурдагы бийликтин өкүлдөрүнөн өч алуу катары мүнөздөгөндөр да жок эмес.
“Коррупционерге каршы күрөш мурдагы жана азыркы экенине карабастан жүргүзүлгөндө Атамбаев бийлиги бир топ аброй тапмак” деп ой калчагандар бар. Анткен менен парламенттеги бийлик партиясынын өкүлү Ирина Карамушкина Түлеевдин иши азыркы аткаминерлерге да эскертүү экенин белгиледи:

- Азыр элдин кыжыры келгени - эмне үчүн бирөөнү жазалайт, башканы жазалабайт, эмне үчүн уурдап жатышат, бирок колунан кармаган эч ким жок деп жатышат. Бирок баары өз убагы менен болот. Бүгүн элдин эсебинен уурдап жаткандар кеч болсо да сөзсүз сотто жооп берет. Түлеевдин окуясы да сабак болду.

“Каралар” көңүл чордонунда

Ошол эле кезде бул аптада өкмөт буга чейин унутулуп бараткан “уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш” ураанын кайрадан көтөрдү. Буга Кыргызстандын ичинде жана кыргызстандык эмгек мигранттары иштеген Орусиянын шаарларында криминалдык топтордун тымызын таасир талашы башталганы себеп болду.

Кылмыш дүйнөсүндөгү көмүскө жагдайлардын коомдук-саясий абалга таасир этип кетишинен чочулаган бийлик уюшма топторго каршы күрөштү күчөтүүгө киришти. Өкмөт башчысынын күч түзүмдөрү боюнча орун басары Токон Мамытов эки жыл мурун жарыяланган күрөш эмгиче жыйынтыктыла электигин мойнуна алды:

- Жашырганда эмне, айрым райондордо, облустарда, атүгүл чакан айылдарда өзүнчө уюшкан кылмыш топтор пайда болуп калбадыбы. Ошолорго каршы жергиликтүү милиция, башка укук коргоо органдар, жергиликтүү бийлик жана коомчулук чара колдонушу керек. Экинчиси - Батукаевдин, дагы башкалардын топтору тигинтип атыптыр, минтип атыптыр деген сөз чыкты. ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш башкармалыгынын жетекчиси Москвага барып, кыргыздардын акчасын тоногондорду, бизнесин тартып алып жаткандарды, сабагандарды Орусиянын милициясы менен кармаса, алардын баары тең эле өзүбүздүн кыргыз жигиттер болуп чыкты.

2011-жылы Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүү иш-чарасынын алкагында тогуз уюшма топ аныкталып, анын эки жүзгө чукул мүчөсү камакка алынган болчу. Бирок алардын көпчүлүгү тергөөдө жана соттук териштирүүлөр учурунда эркиндикке бошоп кеткен фактылар катталган.

Учурда өкмөт мындан эки жыл мурун ички иштер органдары тарабынан атайын каттоого алынган уюшма топтордун мүчөлөрү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү укук коргоо органдарынын жетекчилерине тапшырды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG