Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:51

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарды. Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болду. Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдү реформалоо мыйзамы талкууланууда.

Башкы штаб башкы күчкө айланабы?

​Жогорку Кеңеште “Коргоо жана куралдуу күчтөр жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланууда. Долбоор кабыл алынса, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы күч түзүмдөрүнүн башкы органына айланат. Анткени өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда армия жана башка күч түзүмдөрү толугу менен Башкы штабдын башкаруусуна алынат.

Башкы штабга сырттан кол салууга каршы туруу эле эмес, стратегиялык объекттерди коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо милдети да тагылат. Демек бийлик стратегиялык объект болгон өкмөт үйүн коргоого, конституциялык түзүлүштү сактоого милицияны эле эмес, Куралдуу күчтөр баш болгон бардык күч түзүмдөрүн тарта алат. Ошентип Башкы штабды негизги күчкө айлантуунун маани-максаты бийликти бекемдөөгө багытталганы байкалат.

Бул өзгөртүүнүн эки жагы бар. Бир жагы бийликти ар кандай төңкөрүштөрдөн коргоп, туруктуулукту камсыз кылса, экинчи жагынан Куралдуу күчтөрдү нааразылык акциясына чыккандарга каршы колдонууга мүмкүнчүлүк ачарын эксперттер белгилешүүдө.

Башкы штабдын күчөшү Пакистан синдромун жаратуу жагдайы менен коркунучтуу. Белгилүү болгондой, Пакистанда Башкы штаб жана анын башчысы өлкөдө негизги адамдардын бири. Бул бир нече төңкөрүштөргө алып келген. Алардын бири генерал Первез Мушаррафдын президентти камакка алып, бийликке келүүсү болгон.

Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов бул мыйзам мурда болгондо 2010-жылкы июнь окуясын болтурбоого шарт болот эле деп белгилейт.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов мыйзамга карата мындай пикирин айтты:

- Мындай кризистик кырдаалда, коркунуч убагында дегени түшүнүксүз болуп турат. Экинчиден, каржылоо маселеси бар. Азыркы тартыштык күчөп турган мезгилде дагы бир мекемени түзүү түшүнүксүз. Менин оюмча, азыркы кезде мындай нерселер керек эмес. Мүмкүн согуш мезгилинде ушундай мыйзамды пайдаланса болот. Азыркыдай тынч мезгилде кереги деле жок.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков мыйзамдын кемчилиги катары Куралдуу күчтөрдү саясий чыгууларга каршы пайдалануу мүмкүнчүлүгүн атады:

- Азыр кабыл алынып жаткан мыйзамдын көп кемчиликтери бар. Биринчиден, Башкы штабга баш ийдириле турган органдардын функционалдык милдеттери бар. Анан кризистик же өзгөчө кырдаалдар учурунда ал органдардын конституциялык түзүлүштү Башкы штабдын буйругу менен коргоого укугу барбы же жокпу деген маселе чыгат. Биз эгерде демократиялык мамлекет курабыз десек, анда өлкө ичинде пайда болгон кандайдыр бир саясий чыгуусу болсо, анда ага армиянын кийлигишүүсүнүн кереги жок. Себеби 2010-жылдагыдай саясий акция болсо, армия кийлигиши керекпи? Кийлигиши кереги жок. Анткени ички коопсуздукту сактоо үчүн ИИМ, УКМК бар. Алардын өздөрүнүн мыйзамдары бар. Ошого жараша иштеш керек.

Куралдуу күчтөрдөгү реформанын алкагында Ички иштер министрлигинин ички аскерлери Улуттук гвардияга өткөрүлүп берилет. Бул да Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын кубатын арттырат.

Президент жыл жыйынтыгын чыгарды

16-декабрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү саясий абал, экономика, эл аралык кызматташуу маселелери боюнча суроолорго жооп берди.

Саясий кырдаалга токтолгон президент өлкө демократиялык багытта өнүгүп жатканын жана жакын арада өлкөдө туруктуулук орноорун белгиледи. Ал эми оппозиция менен сүйлөшүү парламентте жүрүп жатканын айтып, көчө оппозициясы менен диалог болбой турганын кошумчалады. Бирок өлкөнүн туруктуулугуна таасир эткен күчтөр көчө оппозициясы болууда. Бул Оштогу митингдер, Саруу айылынын айланасындагы абал менен тастыкталып турат.

Президенттин экономикалык темадага билдирүүлөрү бир топ жаңылыктарды жаратты. Маселен, Алмазбек Атамбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун Кыргызстанга пайдасыз деп атады:

- Эми ачыгын айтууга мезгил келди окшойт, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолу Кыргызстандын бир дагы проблемасын чечпейт. Бул жол Кытайга жана Өзбекстанга керек. Биз башка вариантты сунуштайбыз. Анда биринчи кезекте Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын көздөйт. Анткени биз темир жол Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн туташтыруусун каалайбыз.Ошол эле кезде ал жол Кытай менен Тажикстанды, керек болсо Өзбекстан менен байланыштырат. Мен жолдун бул вариантын Кытай төрагасы, урматтуу Си Цзинпин мырзага бердим. Дагы бир жолу белгилеп кетейин, биз биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыгына жараша чечим кабыл алабыз. Анткени биз бул жолду курсак, анда биз Кыргызстанга керек болгон экинчи жолду кура албайбыз.

Президент Атамбаев айткан экинчи жол Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан темир жолу. Бирок бул жолго акчасы бар Казакстан жана Орусия кызыгуусун көрсөтө элек.

Президенттин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна карата позициясы бир жагынан Орусиянын кызыкчылыгына туура келет. Экинчи жагынан, долбоорго кызыкдар болгон Кытай менен Өзбекстан бүт чыгашаны көтөрсүн, биз анан карап көрөбүз дегендей позицияны каңкуулайт.

Экономикалык темадагы сөзүн уланткан мамлекет башчысы Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктары сакталганда гана кирерин билдирди. Бажы биримдигине кирүү жараянында Кыргызстандын кызыкчылыктары сакталбай жатканын буга чейин экономика министри, өкмөт башчы билдерген эле.

Орусия, Казакстан жана Беларус бийлиги Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн шарттарын, мөөнөттөрүн аныктаган “Жол картасын” ноябрь айында кабыл алган. Кыргыз бийлиги ал биз менен макулдашылбаган деп, четке какты.

Кыргызстандын жана Армениянын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу маселе 24-декабрда Москвада боло турган Евразия экономикалык кеңешинин күн тартибине коюлган. Мына ошол саммитте Бажы биримдигинин негизги демилгечиси болгон Орусия Кыргызстанга карата кандайдыр бир чаралар көрүлүш мүмкүндүгүн кыйытышы да ыктымал. Маселен, Кыргызстан жыл сайын Орусиядан кошумча бажы төлөмсүз күйүүчү май алуу боюнча келишимди узартып келет. Бажы биримдигине кирбеген үчүн ал жеңилдиктер узартылбай калышы ыктымал.

Президент маалымат жыйынында ошондой эле “Кыргызгазды” сатуу, ГЭСтерди куруу долбоорлорун кубаттады. Кумтөр маселесине токтолгон мамлекет башчысы депутаттар популизмге алдырбай, өкмөт сунуштаган 50-50 пайыздан үлүш бөлүшүүнү кабыл алууга үндөдү.

"Ата Мекен" айтканын аткарабы?

Кумтөр демекчи, бул маселе боюнча өкмөт өзүнүн жаңы сунушун 23-декабрга чейин Жогорку Кеңешке алып кирүүгө тийиш. Парламент Кумтөр долбоорунда Кыргызстандын үлүшүн 67% кем кылбоого өкмөткө тапшырма берген. Бирок аны аткаруу мүмкүн эместигин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев белгилеп келатат:

- Парламент бизге 67% деп так берген. Бир жарым айдан бери сүйлөшүүлөр жүргүздүк, 67% жеткирүүгө эч кандай жылыш болгон жок. Биз 50-50 пайызды жакшыртуу, финансылык агымдарды Кыргызстанга көбүрөөк буруу, көзөмөлгө алуу үстүндө иштеп атабыз.

Жогорку Кеңеште өкмөттүн бул сунушу кандай кабыл алынары белгисиз. 67% катуу талап кылган “Ата Мекен” фракциясы өз позициясында тура алабы деген суроо турат. Анткени бул фракция өкмөт 67% камсыз кыла албаса, анда кызматтан кетиш керек деп билдирген.

“Ата Мекендин” өкмөттү кызматтан кетирүүгө чамасы жетет. Ал үчүн бул фракциянын башкаруучу коалициядан чыгуусу эле жетиштүү. Бирок ага барууга эрк жетишеби? Анын үстүнө өкмөт “Ата Мекендин” эң эле айыгышкан душманы болуп келаткан Зарылбек Рысалиевди Жаза аткаруу мекемесинин жетекчиси кызматынан бошотту. Бул жогору жактагы кандайдыр бир келишимдерден кабар берет.

“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, Кумтөр боюнча “Центерра Голд” менен убактылуу келишим түзүлөт. Мына ошонун мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргызстандын позициясын жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлөт. Кыязы башкаруучу коалиция мына ушундай формула менен Кумтөр боюнча келишимди жактырып беришет.

Бирок оппозициялык саясатчылар эгерде Жогорку Кеңеш 50-50 пайыздан үлүш бөлүштүрүүнү колдогон болсо, анда коррупциялык схемалар ордунда кала берет деп билдирүүдө. “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаровдун пикиринде, Акматбек Келдибековду камакка алуунун бир себеби дал ушул Кумтөр чатагына барып такалат. Анткени Келдибеков 50-50% бөлүүгө каршы чыккан таасирдүү депутаттардын бири эле. Келдибековдун камакка алынышы менен башка депутаттардын жүрөгүнө да кол салынды. Ошондуктан 23-декабрда Жогорку Кеңеш өкмөттүн сунушун колдоп бериши күтүлүүдө.

Орусия олигархтарынын табити ачылды...

Узап бараткан жумада Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болду. Комиссиянын кыргыз тарабын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектесе, орус тарабын федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов жетектеди. Жыйында эки өлкөнүн он ай ичиндеги соодасынын көлөмү 1 млрд. 800 млн. долларга жетип, былтыркы өлчөмдөн ашканы белгиленди.

Биргелешкен жыйында Кыргызстан эмгек мигранттарына шарттарды жакшыртуу темасына көңүл бурса, орус тарап Кыргызстандагы ири бизнестерди ээлеп алуу аракетин көрсөттү. Маселен, орус тарап “Кыргызгаз”, ГЭСтерди куруудан сырткары “Манас” аба майданы баш болгон аэропортторду ишенимдүү башкарууга алуу, “Супержет” учактарын лизингге берүү, кен байлыктарды алуу максаттарын билдирди.

“Манас” аба майданына Орусиянын “Новапорт” компаниясы кызыгууда. Ал аэропортторду ишенимдүү башкарууга алуу менен 300 млн. доллар инвестиция саларын билдирүүдө. Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, “Новапорт” компаниясынын артында Орусиянын айтылуу мамлекеттик кызматкер-ишкери Игорь Сечин турат. Бул инсандын орус президенти Владимир Путиндин эң жакын жана ишенимдүү адамдарынын бири экени да маалым.

Өкмөт аэропортторду ишенимдүү башкарууга берүү зарылчылыгын Транзиттик борбордун чыгарылышы менен түзүлө турган оор финансылык жагдайга байланыштырууда.

Кыргызстандык адистердин пикиринде, "Манас" жана Оштогу аэропорттор стратегиялык объекттер. Аларды башка өлкөнүн колуна берүү максатка ылайыктуу эмес. Анын үстүнө бул аба майдандарынын ишинин жанданышына кыргыз эмгек мигранттарынын салымы абдан эле чоң. Ал эми "Манасты" хабга айлантуу үчүн биринчи кезекте Кыргызстандын өзүнүн ири авиакомпаниясы болушу керек. Маселен, Сингапур, Дубайдын ири хабга айлануусуна бул өлкөлөрдүн ири авиакомпаниялары биринчи иретте салымын кошкон.

Орусия Кыргызстандагы ири бизнести эле эмес, маалымат чөйрөсүнө да кирип баратат. Алар “Пирамида” телеканалын алууга да аракеттенүүдө. Албетте буга чейин эле Орусиянын маалымат чөйрөсүндө таасири эбегейсиз болгон. Эми анын дагы да күчөрүн эксперттер белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG