Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Апта: Айланы кетирген арбитраждар


Узап бараткан жумада президенттин төрагалыгы менен өткөн Улуттук кеңештин жыйынында шайлоо системасын реформалоо талкууланды.

Улуттук валюта сомдун курсу бир кыйла төмөндөдү. Кыргызстан эл аралык арбитражда Валерий Белоконго 16.5 млн. долларга утулганы маалым болду.

Улуттук коопсуздук кызматы Кыргыз-орус Славян университетине 24 абитуриент мыйзамсыз кабыл алынган деп кылмыш ишин козгоду. УКМК ишти тергөө үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп бергени маалым болду. Башкы прокуратура андай иш тергелип жатканын “Азаттыкка” тастыктады.

Кылмыш иштин саясий өңүтү анын Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилиши жана ага Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевдин тиешеси бардыгы менен чыгууда. Маалыматка караганда, Славян университети абитуриенттерди Каныбек Осмоналиевдин катынын негизинде кабыл алган. Ошондуктан кылмыш иштин мизи Каныбек Осмоналиевге багытталгандай болууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, юрист Курманбек Осмонов эч бир депутаттын катынын негизинде жогорку окуу жайларга абитуриенттер кабыл алынбасын эске салат:

- Ага 25 баланы мыйзамсыз эле окууга өткөрүп жиберген деген айып коюлганы жатат. Бирок комитеттин төрагасында да, депутаттарда да, төрагада да андай ыйгарым укук жок. Конкурсу жок, жөн эле өткөрүп жибере турган ыйгарым укугу жок. Менин оюмча, депутатка кезектеги кысым болуп жатат го.

Каныбек Осмоналиев парламенттеги билим, илим жана спорт комитетинин төрагасы катары акыркы кезде мугалимдердин айлык акыларын көтөрүү маселесин курч көтөрүп келаткан:

- Бүгүнкү күндө мугалимдердин орточо айлык акысы мурда убада кылынгандай 15 миң сом эмес, 5-7 миң сомду гана түзүп калды. Бул жагдай мугалимдерде катуу нааразычылык туудурууда. Мугалимдердин эмгегине акы төлөө модели өзгөргөн. Тактап айтканда, 2011-жылы бирдиктүү тарифтик торчону алып салып, саатына жараша эмгек акы төлөө киргизилгенден кийин ушундай болуп калды.

Каныбек Осмоналиев парламенттин жыйынында айлык акылары көтөрүлбөсө, мугалимдер нааразылык акцияларына чыгууга даярдыгын билдирген каттарды да жарыя кылган эле.

Ошондуктан “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов Каныбек Осмоналиевге тиешеси бар иштин артында саясий негиз болушу мүмкүн экенин четке какпай турат. Азыркы кезде депутаттар региондордо иштеп жатат. Алар пленардык отурумга чогулганда бул маселе көтөрүлүп, айкындык киргизери күтүлөт.

Шайлоо камы

27-октябрда президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болду. Анда шайлоо системасын реформалоо маселеси талкууланды. Бул багыттагы ири өзгөрүүлөр биометрикалык маалыматтар менен добуш берүүнүн киргизилиши болчудай.

Ал эми Өмүрбек Текебаев баш болгон бир катар депутаттардын ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарын камтыган тогуз шайлоо округун түзүү идеясы Улуттук кеңеште колдоо тапкан жок. Демек шайлоо мыйзамдарына бул багытта өзгөртүүлөр киргизилбейт. Анын башкы себептеринин бири президент Алмазбек Атамбаевдин андай өзгөртүүнү колдоого албаганында болууда.

Жакында эле бириккен “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев тогуз шайлоо округун түзүү демилгесине карата мындай пикирин билдирген эле:

- Өмүрбек Текебаевдин долбоорун колдоп келгем. Азыр да айтам, аны колдоп өткөрүп алсак идеалдуу болмок. Ошол кагаз жүзүндөгү нерселер турмушка ашса жакшы болмок. Бирок бүгүнкү шартта, Кыргызстандын саясий шартында турмушка ашырылбай турганына көптөгөн адамдардын катарында менин да көзүм жетип отурат.

Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаевдин Улуттук кеңештин жыйынындагы сөзүнө караганда, шайлоо мыйзамдарына башка өзгөртүүлөр сунушталууда. Алар кабыл алынса, Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары артат. Маселен, участкалык шайлоо комиссиясынын иши боюнча арыз мурункудай түз сотко эмес, Борбордук шайлоо комиссиясына жолдонот. БШК карагандан кийин гана сотко берүүгө болот. Шайлоо участокторундагы мыйзам бузуулар боюнча арыз прокуратурага эмес, Ички иштер министрлигине жолдонот.

Биометрикалык маалыматтар болсо алдыдагы шайлоодогу негизги өзгөчөлүк болуп калчудай. Андай маалыматтарды тапшырбаган жарандар шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроо алдында турат.

Азыркы кезде биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жагынан ири мамлекеттик орган, министрликтердин кызматкерлеринин активдүүлүгү байкалууда. Ал жогорку бийликтин тапшырмасы менен жүрүп жатканы маалым. Адатта, мына ушул күч структураларынын жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин добушу бийлик партиясынын негизги таянычы болуп келет. Жүз миңдеген эмес, он миңдеген шайлоочулар шайлоонун жыйынтыгын чечкен жагдайда миңдеген бюджет кызматкерлеринин жана күч структураларынын кызматкерлеринин добушу шайлоо жыйынтыгына чечүүчү таасир эте алат. Ошондуктан алардын биометрикалык маалыматтарын топтоп, шайлоонун камы көрүлүүдө.

Cомго басым күчөдү

Узап бараткан жумада сом күчтүү басымга кабылып, бир доллар 58 сомго чыкты. Жуманын соңунда доллардын курсу бир аз төмөндөп, бир доллар 57 сом 60 тыйын болуп калды.

Сомго басымды азайтуу үчүн Улуттук банк олуттуу суммада интервенцияларды жасады. Октябрь айынын акыркы күндөрүндө эле Улуттук банк 35 млн. доллар интервенция жасап, долларга болгон талапты жабууга, сомдун курсун кармап калууга аракеттенди. Жыл башынан бери болсо Улуттук банк бул максатта валюта базарына 331 млн. доллар чыгарганы маалым болду.

Улуттук банк курсту кармап калуу үчүн “учеттук ставканы” же коммерциялык банктарга берген насыясынын үстөк пайызын да 7 пайыздан 9 пайызга көтөрдү.

Бирок мындай кадамдын тескери жагы да болот. Анткени ал коммерциялык банктар тарабынан насыялардын үстөк пайызын көтөрүүсүнө алып келет. Ал эмес, бүгүнкү күнгө карай айрым коммерциялык банктар сом менен насыя берүүгө чектөө киргизишти. Маселен, алар сом менен 100 миң сомдук гана насыя беришет. Бул чектөөлөр канчага чейин созулары белгисиз экенин Бишкектеги коммерциялык банктардын биринен тастыкташты.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоров коммерциялык банктардын мындай чечимин түшүнүү менен кабыл алып, банктар чыгашага учуроодон качып жатканын белгиледи.

- Өкмөт да, эл да курстун өсүшүн Улуттук банкка байлап алганбыз. Бирок бул туура эмес. Кыска мөөнөткө Улуттук банк курсту турукташтырып, кескин өсүп кетпеш үчүн чараларды көрөт. Бирок негизинен курстун түшүшү же өсүшү экономика менен тыгыз байланышта. Бүгүнкү экономикалык көрсөткүчтөрдү карасак, биз импорттун эсебинен жашап калган мамлекет болуп калдык. Маселен, төрт долларлык товар алып кирсек, бир долларлык товарды алып чыгып атабыз. Бул эмнени билдирет, бир доллар биздин экономикага кирип атат, ошол эле учурда төрт доллар импорттук товарга кетип атат.

Улукбек Кочкоровдун пикиринде, бул тенденцияны жоюу үчүн өкмөт импорттун ордун жабуу, экспортту көбөйтүү багытында иштерди жүргүзүш керек. Ага инвестиция тартуу, инвестициялык шарттарды жакшыртуу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу жетишүү мүмкүн. Бирок бул багытта өкмөттүн алгылыктуу иши байкалбайт.

Сомдун курсунун төмөндөшү бир нече факторлорго байланыштуу экенин мурунку каржы министри Акылбек Жапаров белгилейт. Жапаровдун эсеби боюнча, Кыргызстанга келип жаткан валютанын агымы кыскарды. Ал мигранттардын акча которуусунун азайуусу, түз инвестициянын 30% кыскаруусу, "Манас" аба майданынан америкалык базанын чыгарылышы, "Кумтөрдүн" дурус иштебей жатышы жана доллар менен дивиденд түшпөй калышы менен негизделет.

Буга кошул-ташыл болуп, рублдин күчүнүн кетиши менен кыргызстандык мигранттардын кирешеси да кыскарууда. Маселен, эгерде алар 30 миң рубль айлыкка иштеп, ал өткөн айларда эле миң доллар болсо, азыр 700 долларга жетпей калууда.

Акылбек Жапаров улуттук валютанын күчүнүн кетүүсү инфляциянын өсүп кетүүсү менен коркунучтуу дейт:

- Коркунучтуусу - инфляция көбөйүп кетет. Баалардын өсүшү күтүлүүдө. Анткени биз тамак-ашты долларга сатып алабыз. Доллар канчалык бекем болсо, Кыргызстандагы баа ошончолук катуу өсө берет. Ошондуктан өкмөт азыр Улуттук банк менен биргеликте кечиктирилгис чараларды иштеп чыгып, элге жарыялаш керек.

Айланы кетирген сот чечимдери

Кыргызстандын финансылык системасына башка жактан да сокку урулууда. Ал эл аралык арбитражда чечимдер Кыргызстандын пайдасына болбой жатышы менен байланыштуу.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан буга чейин Түркиянын “Систем мүхендислик” компаниясына 11.5 млн. доллар, Канаданын “Стэнс энержи корп” компаниясына 118 млн. доллар утулган. Андан кийин Париждеги эл аралык арбитраждын 24-октябрдагы чечими менен кыргыз өкмөтү Максим Бакиевдин өнөктөшү, Бишкектеги “Манас банкынын” кожоюну Валерий Белоконго да 16.5 млн. долларга утулганы маалым болду.

Ал эми "Визор групп" жана Consalidated Explaration Holding Жерүй боюнча 400 млн. доллар доосун дагы 148 млн. долларга көбөйтүп, 548 млн. долларга жеткиргени маалым болду. Жерүй боюнча судьялар дайындалып, алар материал менен таанышып жатканы белгилүү.

Кыргыз өкмөтү мына ушул эл аралык арбитраждарда мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо ийгиликке жетише албай, өлкөнү олуттуу чыгашага дуушар кылууда. Өкмөт “Систем мүхендисликке” 11.5 млн. долларды которуп берди. Ал эми “Стэнс энержи корп” Кыргызстандын “Центерра Голддогу” 60% акциясын камакка алууга жетишип отурат.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кеңештин жыйынында, андан кийин 29-октябрда Канаданын жаңы элчисинен ишеним грамотасын алуу учурунда акциялардын камакка алынышы жана Кумтөр боюнча маселени көтөрдү. Алмазбек Атамбаев канадалык тараптын мындай чечимдери Кыргызстанда ишенбөөчүлүктү пайда кылып жаткандыгын белгиледи. “Жаңы элчи катары сиз бул маселелерди Канада жетекчилигине жеткиресиз деп ишенем. Биз демократиялуу эки өлкө катары таптакыр башкача мамиле түзүшүбүз керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Атамбаев ага чейин акциялардын камакка алынышы боюнча Кыргызстан чечкиндүү кадамдарга барарын билдирген. Ал чечкиндүү кадамдар Кумтөрдү улутташтыруу болору боолголонгон. Бирок кыргыз тараптын мына ушундай эскертүүсү жана уятка чакыруусу Канада тарапка кандай таасир этери белгисиз. Бирок да азыркы мезгилде Канада соту акциялардын камакка алынышы боюнча кыргыз тараптын апелляциялык арызын карап жатканы маалым. Ал соттун чечимине жараша чаралар көрүлөрү талашсыз.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG