Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Апта: Муралиев билген "сырлар"


Алтынбек Муралиев.
Алтынбек Муралиев.

Узап бараткан жумада өкмөттүн аппаратынын жогорку даражалуу кызматкери тыңчылык боюнча кармалды.

Башкы прокуратура дагы бир депутатка коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду. Президент Алмазбек Атамбаев Астанага барып келди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу боюнча бөлүм башчысы Алтынбек Муралиевди кармаганы 3-ноябрда маалым болду.

Кабарларга караганда, "Муралиев чет өлкөлүк уюмдарга кызматтык сыр катары сактала турган маалыматтарды берген” деп шектелип, 1-ноябрда кармалган. Тергөө сырына байланыштуу УКМК мындан ашык маалымат берүүдөн баш тартууда. Ошол эле мезгилде Биринчи май райондук соту Алтынбек Муралиевди эки айга камакка алууга санкция берди.

Алтынбек Муралиев буга чейин Кыргызстанда бир нече ирет өкмөт башчы болуп иштеген Амангелди Муралиевдин уулу. Ал өкмөттүн аппаратында бир нече жылдан бери иштеп келаткан.

Азыркы кезде коомчулукта Алтынбек Муралиев кайсы мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылган жана ал канчалык деңгээлде мамлекеттик сырлар менен тааныш болгон, андан мамлекет канча зыянга учурады деген суроолор жоопсуз турат.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун маалыматына караганда, өкмөттүн эл аралык иштер боюнча бөлүм башчысы түрдүү министрлик жана тармактардан түшкөн маалыматтарды топтоп, даярдап, чечим кабыл алуу үчүн өкмөт башчыга жана мамлекет башчыга берет. Ошондуктан ал жогорку деңгээлдеги мамлекеттик сырлар менен тааныш.

УКМКнын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Марат Иманкулов өкмөттүк аппараттын эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы олуттуу кызмат экенин белгилеп, Муралиевди илип алган тарап үчүн ал ири жетишкендик болгон деди:

- Эгерде атайын чыгып, мамлекеттик сырлар катылган маалыматты алууга мажбурлаган болсо, анда албетте ал деген мамлекеттик сырды алып жүрүүчү, орусча айтканда “секретоносителдер” дегендердин катарына кирет. Ошолордун чоң категорияларына кирет деп эсептейм. Анткени өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы чоң кызмат.

Ошол эле мезгилде Алтынбек Муралиев берген маалыматтарда кызматтык жана мамлекеттик сырлар бар экенин атайын комиссия, сот далилдөөгө тийиш деп эсептейт Марат Иманкулов.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Алтынбек Муралиев кошуна мамлекеттердин бирине сырларды берип келген. Анын натыйжасында ал мамлекет менен сүйлөшүүлөргө келгенде кыргыз тараптын позициясы алдын ала белгилүү болуп, ийгиликке жетише албай калып жаткан. Эгерде “кошуна мамлекет” боюнча маалымат чындыкка жакын болсо, анда Алтынбек Муралиев кайсы мамлекеттин кызыкчылыгына иштегенин боолголоого болот.

Анткени Кыргызстан азыркы кезде позициялык сүйлөшүүлөрдү чек ара боюнча Тажикстан жана Өзбекстан менен гана жүргүзүп жатканы белгилүү. Андан сырткары кыргыз өкмөтү Канаданын “Центерра Голд” компаниясы менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүп келатат. Бирок канадалыктар менен сүйлөшүүдө кандайдыр бир шектүү жагдайлар болбогонун “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов “Азаттыкка” тастыктады.

Коррупцияга каршы күрөшпү, же өч алуубу?

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевга каршы Кылмыш кодексинин 303-беренеси-коррупция боюнча 27-октябрда кылмыш ишин козгогону маалым болду. Коррупция боюнча кылмыш иши козголгондо депутатты кармоо үчүн парламенттин макулдугу керек болбойт. Дал ушул берене боюнча депутаттар Акматбек Келдибеков жана Нариман Түлеев кармалганы маалым.

Башкы прокуратуранын маалыматында, Урмат Аманбаева Ош облустук кургак учукка каршы күрөш борборунун башкы эсепчиси катары кылмыштуу топту түзүп, борбордун жетекчисин ага тарткан деп айыпталган. Бул кылмыш 2009-жылдан 2013-жылга чейин созулуп, мамлекетке 17 млн. 263 миң сом зыян келтирилген деп белгиленген.

Урмат Аманбаева
Урмат Аманбаева

Бирок Башкы прокуратуранын айыптоосу негизсиз экенин Урмат Аманбаева билдирип, өз жүйөсүн келтирүүдө. Маселен, Башкы прокуратура Ош облустук кургак учук борборунда кылмыш 2009-жылдан 2013-жылга чейин жасалган деп айыптаган. Урмат Аманбаева болсо 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып кеткен.

Экинчиден, коррупция боюнча айыптоо үчүн ал мамлекеттик кызматта туруп, тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болууга тийиш жана аны пайдаланып, мамлекетке зыян келтириш керек. Ал эми башкы бухгалтер андай кызматтардын катарына кирбейт дейт өлкөнүн мурунку башкы прокурору Кубатбек Байболов:

- Кызматтык адам деген категорияга кириш керек. Кызматтык кишилердин белгилери Кылмыш кодексте жазылган. Эгерде кызматтык адам болбосо ошол беренеге субъект боло албайт. Башкы бухгалтер мамлекеттик кызматтык киши эмес. Ал үчүн мамлекеттик кызматтык ыйгарым укуктарга ээ болуш керек. Мына ошондо гана кызматтык киши боло алат.

Кубатбек Байболов Башкы прокуратура акыркы кезде туш келди эле кылмыш иштерин козгоп жатканын белгиледи.

Оштогу муз аянтынын ээси Жогорку Кеңеш депутаты Урмат Аманбаева экени буга чейин айтылып келген.
Оштогу муз аянтынын ээси Жогорку Кеңеш депутаты Урмат Аманбаева экени буга чейин айтылып келген.

Урмат Аманбаеванын пикиринде, Башкы прокуратура ага кылмыш ишин бир тууганы, Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаевден өч алуу максатында козгоду. Анткени Бакыт Аманбаев Саруу айлында жарандарды кыйноо фактысы боюнча Башкы прокуратураны кескин сынга алып, соттордо утуп алган. Өз кезегинде Башкы прокуратура Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү боюнча борбордогу кемчиликтер боюнча кылмыш иши Бакыт Аманбаев акыйкатчы болуп шайланганга чейин эле козголгонун билдирүүдө.

Урмат Аманбаевага кылмыш ишинин козголушу боюнча Жогорку Кеңеште да талкуу жаралды. Урмат Аманбаева мүчөсү болгон “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров фракция бул маселени иликтөө үчүн комиссия түзүү сунушталганын билдирди:

- Биз комиссия түзөлү деп чечим кабыл алып бергенбиз. Жалпы эле депутаттарга козголгон кылмыш иштер боюнча комиссия түзүп карайлы дегенбиз. Кандай болгон күндө да бир жактуу болбой, депутаттар да Жогорку Кеңеште карайлы дегенбиз.

Маалыматка караганда, парламент бул маселени кароону тийиштүү комитетке тапшырды. Бул комитет “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиевге байланыштуу маалыматтарды да кошо карамакчы. Белгилүү болгондой, Осмоналиевге байланышы бар иш боюнча кылмыш иши козголгонун УКМК маалымдап, тергөө иши Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бирок азыркы кезге карай Каныбек Осмоналиевдин үстүнөн кылмыш иши козголгону расмий кабарлана элек.

Атамбаевдин Астана сапары

Аптанын башында президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда 2020-жылга чейинки мамлекеттик диний саясаттын концепциясы кабыл алынды.

Концепцияда Кыргызстандагы диний абалга баа берилип, тобокелчиликтерди азайтуу, диний билим берүүнү, жараяндарды мамлекеттин көзөмөлүнө алуу сунушталды. Бул концепцияга таянып, мыйзамдар жазылып, мамлекеттик органдардын функциялары такталууга тийиш.

Концепцияда Кыргызстан мусулмандары чет өлкөлүк ар кандай диний агымдардын таасиринде калганы, бул мусулмандардын арасында талаш-тартыш, келишпестиктерди жаратып жатканы белгиленген. Жалпы мусулмандарды бир багытка буруу үчүн исламдын ханафи мазхабынын матруди окуусун кармануу сунушталды. Бул мазхабдын өнүгүүсү үчүн мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

“Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун башчысы Кадыр Маликов:

- Биз ханафи мектепти жөн эле тандап калган жокпуз. Биз аны модернизациялашыбыз керек. Анткени биздин азыркы молдолор башка агымдарга туруштук бере албай жатышат. Бул эми билимдин начардыгы, кадр саясатынан аксашына жана интеллектуалдуулуктун жоктугуна байланыштуу. Ошондуктан мамлекет ханафизмди өнүктүрүүгө жардам берет. Анын интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө, билим берүү жагын терең реформалоого көмөктөшөт.

Матруди агымы динде “акыл-эске” таянууну тандоосу менен өзгөчөлөнөт. Бул мектептин негиздөөчүсү Абу Мансур ал-Матуруди 893 Самаркандда төрөлгөн. Анын окуусу Борбор Азия жана Түркияда тараган.

Диний концепция кабыл алынгандан кийин 7-ноябрда президент Атамбаев Казакстанга бир күндүк мамлекеттик сапар менен барды. Анда эки мамлекет энергетика тармагында кызматташуу келишимине кол койду. Ага ылайык, Казакстан келерки жылы Кыргызстанга 1 млрд. кВт. саат электр энергиясын сатат. Быйылкы жылы болсо 400 млн. кВт. саат электр энергиясын сатат. Андан сырткары эки мамлекет экономикалык жактан кызматташуу боюнча да келишимге жетишти.

Президент Алмазбек Атамбаев жетишилген келишимдер үчүн Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирди:

- Бир маселелер менен келгем, жардам сурап. Сиз айттырбай бардыгына тапшырма берип, чечип бергиле деп жатасыз. Өзүңүздүн өкмөткө тапшырма берип, "чечип бергиле, Кыргызстанга жардам берели" деп жатасыз. Кээ бир маселелер боюнча өкмөт каршы пикир берсе да, “туугандарга жардам берели, чечип бергиле” деп жатасыз. Албетте мунун кадырына жете баарын түшүнүп жатабыз. Сизге абдан ыраазымын, агай. Чоң рахмат.

Казак президенти Кыргызстан президентин ошондой эле “Достук” ордени менен сыйлады. Бул чет өлкөлүк мамлекеттик ишмерлерге берилген Казакстандын жогорку сыйлыгы экени маалым.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG