Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүнө сапар менен барды. Кумтөр боюнча Бишкекте сүйлөшүүлөр уланды. Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджетин экинчи окууда кабыл алды.

Куну да, чуусу да бүтпөгөн Кумтөр

Кыргызстандын саясатынын күн тартибине Кумтөр маселеси кайрадан башкы тема катары кайтып келатат. Адегенде ага президент Алмазбек Атамбаев кайрылып, Кумтөр боюнча маселени жыл аягына чейин чечүүнү, түзүлгөн кырдаалда Кыргызстан жоготуу алдында экенин эскертти. Президент маселенин ушул кезге чейин создугуп келгенине парламентти айыптап, бул иште депутаттар популизмге алдырууда деди.

Келечегинен кетерине аз калган парламент президентке каяша айтып, "акыйкаттык андай эмес, мындай" дегенге жараган жок. Болгону депутат Мыктыбек Абдылдаев парламентти “популист” деп айыптоого каршы чыгып, Кумтөр боюнча чечим кабыл алууга өкмөт тарабынан сунуш бериле электигин билдирди.

Кумтөр азыркы кезде 2009-жылкы келишим менен иштеп жатат. Убактылуу өкмөт да, азыркы президент, парламент да дээрлик беш жылдан бери аны өзгөрткөн жок.

Оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаровдун айтымында, келишим 2016-жылга чейин өзгөрбөйт. Анткени канадалыктарга кыргыз бийлигинин башында тургандар мына ошол мезгилге чейин эски келишим менен иштөөгө кепилдик берген...

Декабрь айынын башынан бери Бишкекте “Центерра Голддун” юристтери менен Бишкекте сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок жакынкы айларда Кумтөр боюнча келишимге жетишүү мүмкүн эмес дейт “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров. Анын айтымында, канадалыктар менен сүйлөшүүдө олуттуу жылыштар бар. Эки тарап тең келишимге жетишүүнү көздөөдө. Бирок карала турган документтер өтө татаал. Ошондуктан жакын арада чечим кабыл алынышы кыйын.

“Ата Мекен” фракциясы Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, парламенттин кароосуна жөнөткөн. Бирок ал долбоор Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине түшө электигин комитет төрагасы Кожобек Рыспаев билдирип, Кумтөр маселесин келерки жумада карашарын айтты:

- Бул маселени шейшемби күнү карайбыз. Өкмөт келип кандай иштер жүрүп жатканы боюнча маалымат берет. Азыр кандай абалда экени тууралуу толук маалымат алабыз.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Кумтөр сыяктуу эл аралык деңгээлдеги ачык акционердик коомдорду кайра түзүү, акционерлер менен тил табышуу, юридикалык, финансылык жана башка маселелерди чечүү чынында эле татаал иш деп эсептейт. Ошол эле мезгилде “Центерранын” жетекчилиги менен кыргыз тараптан кызыкдар адамдардын убакытты атайын созушу үчүн да негиз бар деди:

Кыргызстандын тышкы саясатында көзөмөлдөөчү пакетти Орусия кармап турат. Анын сөзүн укпасак, эч нерсе кыла албайбыз.

- Чынында эле атайлап создуктуруу кызыкчылыгы да бар. Анткени канадалык тарап ансыз деле иштеп жатат. Мурдагы эреже менен ишин улантууда. Аларга эч кандай кыйынчылык жок. Биз тараптан кандайдыр бир кызыкдар күчтөр болсо, алар создуктурганга жардам бериши мүмкүн.

Азыркы кезде “Центерра Голддогу” камакка алынган Кыргызстандын акциялары боюнча Москва жана Канаданын Онтарио провинциясынын сотторунда кыргыз тараптын апелляциялык арыздары каралууда. Бул соттошуулар Кумтөр боюнча маселенин созулушуна алып келерин эксперттер белгилешкен. Ошондуктан кыргыз бийлигинин Кумтөр маселесин декабрь айында чечебиз дегени ишенич жаратпайт.

"Барарыбыз Бажы биримдиги"

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу бир катар мыйзамдар каралды. Өкмөт 23-декабрга чейин ал мыйзамдардын парламент тарабынан каралып бүтүшүнө аракеттенүүдө. Анткени 23-декабрда Москвада Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине кабыл алуу боюнча келишимдерге кол коюу белгиленген. Муну менен расмий Бишкек Орусия менен ого бетер жакындашат.

Орусияда рубль арзандоодо.

Орусияда рубль арзандоодо.

Бул жакындашуу өтө опурталдуу мезгилге туш келүүдө. Украина жаңжалынан Батыш менен Орусиянын тирешүүсү күч алып, анын натыйжасында Орусиянын башкы экспорттук товары болгон мунай арзандап, аны менен кошо рублдин куну кескин кетүүдө. Орус экономикасы келерки жылы рецессияга батып, 0.8% төмөндөрүн Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев маалымдады.

Орусияда экономикалык абалдын начарлашы Кыргызстанга таасирин тийгизет. Биринчиден, эмгек мигранттарынын кирешеси азайса, экинчи жагынан Бишкектин Москвага негизги инвестор катары караган үмүтү акталбай калышы мүмкүн. Анткени финансылык оорчулукка туш келген Москва Кыргызстан менен макулдашкан долбоорлорду аткарууда тоскоолдуктарга туш болорун адистер белгилешүүдө.

Бүгүнкү күндө Орусиянын рублинин артынан кыргыз сомунун да күчү кетүүдө. Орусиянын башкы банкы сыяктуу эле Кыргызстандын Улуттук банкы долларга талапты канааттандыруу үчүн ири өлчөмдө интервенция жасоодо. Маселен, акыркы жуманын ичинде эле Улуттук банк 57 млн. долларга жакын интервенция жасады. Буга карабай доллардын курсу жогорулап, бир доллар кайрадан 58 сомго барып калды.

Мына ушундай реалдуулукка карабай доллардын курсун 53 сом 50 тыйын деп эсептеген парламент келерки жылдын бюджетин экинчи окууда кабыл алды.

Каржы министри Ольга Лаврова валюта курсундагы айырмачылык бюджеттин тартыштыгына таасирин тийгизбейт дейт:

- Доллардын курсу бюджеттин тартыштыгын көбөйтүүгө таасир этпейт. Анткени келерки жылы биз сырттан 72 млн. доллар алабыз. Ал эми тышкы карыз үчүн төлөй турган суммабыз андан азыраак. Ошондуктан курстун айырмасы биз үчүн оң болот. Быйылкы жылы да курстардын айырмасынан 140 млн. сом кошумча акча таптык.

Ольга Лаврова келерки айлык акыларды көтөрүү үчүн каражат каралбаганын кошумчалады.

Бюджетте келерки жылы ички дүң продукция 6.2% өсөт деп белгиленген. Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев бул өсүш эмненин эсебинен болору тууралуу буларды билдирди:

- Биринчи иретте кызмат көрсөтүү тармагы. Экинчиден, курулуш. Үчүнчүдөн, эң негизгиси өнөр жай өндүрүшүнөн жогорулашы керек. Себеби, бизде жаңы курулуп, ишке кире турган объекттер бар. Алар: Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү завод, түштүктөгү цемент завод, Токмоктогу мунай иштетүүчү завод. Мына ушулар ишке кириши керек.

Ошол эле учурда инфляциясы жогору Кыргызстандай өлкөдө мамлекет эч нерсе кылбаган шартта да экономика 4% тегерегинде өсөрүн Насирдин Шамшиев кошумчалады.

Келерки жылдын бюджетинин негизги параметрлерине келе турган болсок, анын кирешеси 102 млрд. 700 млн. сом, чыгашасы 117 млрд. 386 млн. сом, тартыштыгы 14 млрд. сомдон ашуун деп белгиленди. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бул өлчөмдөгү тартыштык ички дүң продукциянын 3.3% түзөрүн, ошондуктан анын коркунучу жок экенин парламентте белгиледи.

Бюджетте так эместиктер жана белгисиздиктер арбын болгонуна карабай экинчи окууда парламентте жеңил-желпи кабыл алынды. Кээ бир депутаттар муну келерки жылдын бюджети Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин кайрадан каралышы менен түшүндүрүүдө.

Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүндө

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиясына, Бирикен Араб Эмираттарына жана Катар мамлекетине сапар менен барды. Сауд Арабиядагы жолугушууларда Алмазбек Атамбаев Кыргызстан аркылуу өтүүчү Кытай-Иран темир жолуна инвестор болууга чакырды.

Кыргызстан “Темир жолундагы” жаңы темир жолдорун куруу жана долбоорлоо боюнча дирекциянын башчысы Канат Абдыкеримовдун билдирүүсүнө караганда, Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолун куруу боюнча транспорт министрлеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр 8-декабрда Дүйшөмбү шаарында болот. Жолдун Кыргызстан аркылуу өтө турган бөлүгү тууралуу Абдыкеримов буларды маалымдады:

- Бул жолдун транзиттик потенциалы бар. Бул темир жол долбоору ишке ашса, Эркеч-Там аркылуу Тажикстанга кетет. Биздин аймак аркылуу өткөн бөлүгү 215 чакырымды түзөт. Кытайдан Эркеч-Тамга кирип, Сары-Ташка келип, Сары-Таштан Карамыкка барып, андан ары Тажикстанга чыгып кетет.

Канат Абдыкеримовдун айтымында, азыркы кезде жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Ал ушул жылы аякташы керек.

Жогорку Кенештеги Транспорт, коммуникация жана архитектура комитетинин мүчөсү Нарынбек Молдобаев бул жолдун курулушуна биринчи кезекте Кытай менен Иран кызыкдар, ошондуктан мына ошол өлкөлөр каржылоого тийиш дейт:

- Ушул темир жолду салганда Кыргызстан эч акча чыгарбаса дейм. Анткени ал абдан чоң долбоор. Ага биздин акчабыз да жок. Ал жол менен көбүнчө Кытай менен Ирандын товарлары өтөт. Биз бир да товарды экспортко чыгара албай жаткандан кийин биздин экология бузулат, жайыттарыбыз кетет. Ошондуктан Кытай тараптан каржыланып курулса, анан бизден өткөн үчүн акча түшүп турса, экономикабыз үчүн жакшы болмок.

Бул жолдун курулушуна Тажикстан абдан кызыкдар болуп келатканы маалым. Дүйшөмбү муну менен Өзбекстандын блокадасынан чыгууну көздөөдө.

Кыргызстан жана Тажикстан аркылуу өтүүчү бул жолго Орусиянын каршы чыгары буга чейин талдоочулар тарабынан айтылган.

Саясат таануучу Марс Сариев Москванын каршылыгын мындайча негиздеди:

- Ушул жолдордун баары Орусияга жакпайт. Себеби, булар Орусияга кирбей өтүп кетип, Транссибирдик магистралга атаандаш болот. Экинчиден, Кыргызстан, жалпы эле Борбор Азия Түштүк Азияга ооп кетет. Анан Кытайдын салмагы, таасири күчөйт. Менин оюмча, бул долбоорлорго Орусия кирбесе, анда каршы болот. Биз Орусия менен стратегиялык өнөк болуп, Бажы биримдигине, Евразия экономикалык биримдигине киргени жатабыз. Эми ачыгын айтканда, Кыргызстандын тышкы саясатында көзөмөлдөөчү пакетти Орусия кармап турат. Анын сөзүн укпасак, эч нерсе кыла албайбыз.

Кыргызстан Орусиянын басымынын Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруудан баш тартканы айтылып келет. Бул ирет да Кремль каршы болсо, Кыргызстан артка чегиниши мүмкүн деген шектенүүлөр бар. Тажик тарап мындай шартта Кытай-Иран жолун Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагы аркылуу өткөрүүнү экинчи вариант катары карап жатканы айтылууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG