Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Апта: газдуу Ош, Жапаровдун "бомбалары"


Ош шаарынын борбордук аянтындагы Жаңы жыл майрамы. 31-декабрь, 2014-жыл

Ош шаарынын борбордук аянтындагы Жаңы жыл майрамы. 31-декабрь, 2014-жыл

​​Жаңы жылдын алдында Ош шаарына газ берилип, түштүк борбордун тургундарына күтүүсүз белек жасалды.​​ ​​Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебин жарыялап, айрым белгисиз маалыматтарды ачыктады.

Расмий маалыматтарга караганда, “Газпром Кыргызстан” менен Gazprom Schweiz AG ортосунда келишим түзүлүп, 2015-жылы өлкөнүн түштүк аймагына 100 миллион куб метр жаратылыш газы бериле турган болду. Gazprom Schweiz AG орусиялык "Газпром" компаниясына таандык ишкана. Ал Борбор Азия регионунда Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстандан газ сатып алуу жагынан иш жүргүзөт. Ишкана Щвейцарияда катталган.

Түштүк регионго 2014-жылы апрель айынан тарта газ берүү токтотулган. Эми анын кайрадан берилип, жергиликтүү тургундардын турмушу жеңилдеши кубанарлык көрүнүш. Бирок маселенин башка өңүтү суроолорду жаратууда.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-декабрда жылдык маалымат жыйынында түштүк регионду газ менен камсыздоо максатында долбоорлор түзүлүп жатканын билдирип, 2016-жылды Ош өзүбүздүн газ менен тосот деген эле:

- Биз, Бишкек да, Ош да Жаңы жылды жарык менен тосуп алабыз. Ош азырынча газсыз. Бирок келерки Жаңы жылды Ош, Жалал-Абад, түштүктүн бардык шаарлары өзүбүздүн газ менен тосуп алат.

"Газпром" ишканасы

"Газпром" ишканасы

Мамлекет башчысы Жаңы жыл алдында Ошко газдын берилиши боюнча эч кандай маалымат айткан эмес. Газдын жакын арада берилиши боюнча өкмөттөн да эч кандай маалымат болгон эмес.

Муну бир жагынан президент жана өкмөттүн Өзбекстан менен "Газпромдун" ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканына карабай, газдын жакын арада берилишине ишеничи жоктугу катары бааласак болот. Экинчи жагынан, "Газпром" менен өзбек бийлиги кыргыз бийлигин оюндан чыгарып, өз алдынча эле сүйлөшүп, газды берүүнү чечкени катары жоромолдоого болот.

Газ берилгенден кийин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ыраазычылык билдирген. Ошондой эле кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандантууну сунуштаган.

Кандай болгон күндө да газдын берилиши жана эки өкмөт башчынын сүйлөшүүсү кыргыз-өзбек мамилесинде “муздун эрий” баштаганынан кабар берет. Эки ортодогу мамиле газ кризиси, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдөгү татаалдыктар менен “тоңдурулган” деңгээлге жетип калган эле. Өткөн жылы Алтынбек Муралиевдин кармалышы да кыргыз-өзбек мамилесинде өтө жагымсыз жагдайлардын бири болуп калды.

Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын Эл аралык байланыш бөлүмүн жетектеген Алтынбек Муралиев Өзбекстандын пайдасына тыңчылык кылып келгени расмий түрдө айтылбаса да айкын болуп калды. Алтынбек Муралиевдин атасы Амангелди Муралиев кезинде өкмөттү бир нече ирет жетектеген. Алтынбек Муралиев УКМК тарабынан тыңчылык боюнча шектелип ноябрь айында кармалган.

Садыр Жапаров Польшадан "бомбасын" жарды

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров убада кылып келген “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебин жарыялады. Анда Жапаров өзү күбө болгон окуяларды баяндаган. Китепти учурда интернет булактардан таап, окууга болот.

Жапаровдун китебинин тыш мукабасы

Жапаровдун китебинин тыш мукабасы

Китептин биринчи бөлүгүндө негизинен 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо депутаттык мандат үчүн күрөш, март ыңкылабы, ал кезде тагдыр чечкен саясатчылар Курманбек Бакиев, Феликс Кулов, Алмазбек Атамбаев жана башкалардын мамилеси, саясий жүрүштөрү жазылган. Андан сырткары 2010-жылдагы ыңкылап, июнь коогалаңында убактылуу өкмөттүн чечкинсиздиги, Кадыржан Батыров менен сүйлөшүп атып кырдаалды кан төгүүгө жеткирди делип, “Ата Журт” партиясынын түптөлүшүнө орун берилген.

Экинчи бөлүктө 2010-жылда өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолордон кийинки саясий күрөштөр, коррупциялык көрүнүштөр, Кумтөр маселеси, “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин ортосундагы татаал мамилелер баяндалган.

Китепте көп нерсе ачык жазылгандыктан репутациялык жактан алганда азыркы президент Алмазбек Атамбаев жана чет өлкөдө дарыланып жаткан Акматбек Келдибековдун аброюна өтө олуттуу шек жараткан маалыматтар келтирилген.

Маселен, "Акматбек Келдибеков шайлоо учурунда Казакстандан келген 3 млн. долларды энчилеп алган, Арзыбек Буркановду 200 миң долларга Баткенге губернаторлукка дайындаган" деп айыпталган. Ошондой эле 2011-жылы Келдибеков “Ата Журтту” коалицияда калтырып, ошону менен Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчылыкта калып, президенттик шайлоодо жеңишке жетүүсүнө мыкты шарт түзүп берген, аны менен өзүнө да ор казган деп жазылган.

Садыр Жапаров,19-июнь, 2012-жыл

Садыр Жапаров,19-июнь, 2012-жыл

Садыр Жапаровдун китебинде 2011-жылы октябрь айында Кыргызстандан үч тонна алтын мыйзамсыз жолдор менен Түркияга чыгарылып кеткен деп жазылган. Буга Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаевдин тиешеси болуш мүмкүндүгү божомолдонгон.

Ар бири өзүнчө тактоону, далилди жана иликтөөнү талап кыла турган мына ушундай маалыматтар өтө көп келтирилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов Садыр Жапаровдун китебин окуп чыккандыгын айтып, анда саясатчы өзүнүн “ич күптүсүн” чыгарган дейт:

- Өзүнүн жеке таасирлерин, орустар айткандай “өзүнүн коңгуроосунан” жоруптур. Ал эми финансылык иштери, акчалай операциялары боюнча биз эчтеке билбейбиз. Мен эч нерсе билбейм. Теңтөрага болуп Камчыбек Ташиев, Келдибеков, Садыр Жапаров бирге жүрүшкөн. Юридикалык жагынан алганда бул жерден криминал издештин кереги жок дейм. Анткени бул өз ара мамилелеринен келип чыккан нерсе. Бу жерде өкмөттүн, мамлекеттин, элдин каражаты, менчиги жөнүндө сөз болгон жери жок.

Курманбек Осмоновдун айтымында, үч тонна алтынга байланыштуу маалымат дагы далилсиз болуп калган. Ал УКМКнын Садыр Жапаровго маалымат берген кызматкерлери ачыкка чыкса тастыкталышы ыктымал. Ага мезгил, убакыт керек дейт Осмонов.

Кыргызстандагы белгилүү юристтердин бири, саясатчы Мукар Чолпонбаев Садыр Жапаровдун китебиндеги маалыматтар негиздүү жазылган деп эсептейт:

Мукар Чолпонбаев

Мукар Чолпонбаев

- Эми бийликте турган адамдардын баарына эле кылмыш иши козголо бербейт. Бирок коомго белгилүү адамдарга саясий баа берилиш керек. Анан укуктук жактан да баа берилиш керек. Бирок укуктук баа дайым бериле бериле бербейт. Ал эми саясий баа берилет. Анан Садыр Жапаров негизсиз жазбаса керек.

Мукар Чолпонбаев 2011-жылы Кыргызстандан 3 тонна алтындын мыйзамсыз чыгарылышы боюнча маалыматтар буга чейин эле чыгып келгенин кошумчалады.

2015: Улуттук экономиканы чыңдоо жылы

Кыргыз бийлиги быйылкы жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялады. Президенттин жардыгында бул максат өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын жоболоруна ылайык ишке ашырылары көрсөтүлгөн. Жардыкта энергетика, айыл чарба, транспорт жана башка тармактарда 24 улуттук долбоорду ишке ашыруу башталганы, аларга 418,9 млрд. сом жумшалып жатканы айтылган.

Экономикага өзгөчө көңүл буруу быйылкы жылдагы парламенттик шайлоого да байланыштуу. Анткени бийлик партиясы шайлоодо жеңишке жетиш үчүн экономикалык көрсөткүчтөр, жетишкендиктер керек.

Бул маселеде бийлик өзгөчө Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна үмүт артып жатканы маалым. Орусия убада кылгандай өткөн жылдын соңунда бул фондго 100 млн. доллар которгону бегилүү болду. Орус тарап бул фондго 500 млн. доллар которуп, андан сырткары дагы 500 млн. доллар кошумча насыя табууга макул болгон. Фонд аркылуу Кыргызстанда айыл чарба, кайра иштетүү, тигүү тармактары каржыланат. Каражаттардын мыйзамдуу иштетилишин Орусиянын Эсеп палатасы дагы көзөмөлдөйт.

Белгилеп кете турган нерсе, быйылкы жылы Кыргызстан иш жүзүндө Евразия экономикалык биримдигинин шартында жашай баштайт. Өткөн жылы 23-декабрда кол коюлган келишим быйылкы жылдын май айына чейин ратификациядан өтүп, Кыргызстан Евразия экономикалык шериктештигинин шарты менен жашай баштайт. Биримдиктин шартында жашоо Кыргызстандын финансы-экономикалык турмушуна кандай таасир этээри май айынан кийин айкын боло баштамакчы.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG