Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Узап бараткан жумада Бишкекте Кумтөр боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр аяктады. Башкы прокурорго байланыштуу маселе башкаруучу коалициянын жыйынын чакыртууга мажбур кылды. Өкмөт башчы өктөм билдирүүлөргө өттү.

Кыр ашып бүтпөгөн Кумтөр

27-январдан 29-январга чейин Бишкекте “маселелердин маселеси болгон” Кумтөр боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өттү. Бул ирет сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев катышты. Ал эми “Центерра Голддун” кызыкчылыгын компаниянын башкы юристи Фрэнк Херберт коргоду.

Үч күн бою жүргөн сүйлөшүүдө талкууланган маселелер тууралуу “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов буларды билдирди:

- Үч маселе боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Биринчиси - финансы-экономикалык маселелер болду. Экинчиси - экология маселелери болду. Үчүнчү багыт: юридикалык маселелер.

Токон Мамытовдун айтымында, тараптар февраль айында Москвада сүйлөшүүнү улантууну чечти. Бирок сүйлөшүүлөрдүн качан бүтөөрүн азырынча айтуу кыйын.

Токон Мамытовдун орун басары Кылычбек Шакировдун пикиринде, “Центерра” менен сүйлөшүү быйылкы жылдын экинчи кварталында аяктап, келишимге ошол мезгилде жетишиши мүмкүн. Анткени документтердин үстүндө дагы иштер көп.

Кыргыз коомчулугунда жана парламентте Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр созулуп кеткени айтылууда. Аны созуу канадалыктар үчүн пайдалуу экени маалым. Анткени алар 2009-жылдагы келишим менен иштеп, кирешесин ала беришет. Кыргызстандын өзүндө да “Центерранын” ал келишим менен 2016-жылга чейин иштөөсүнө кепилдик берген күчтөр бар экенин Убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министри Азимбек Бекназаров билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүш темпи Бекназаровдун сөзүндө чындык бар экенин көрсөтөт.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков эски келишим менен иштөө “Центерра” үчүн ыңгайлуу экенин талашпайт. Бирок да сүйлөшүү маселеси өкмөткө жүктөлгөн дейт:

- “Центерранын” жетекчилиги маселени кечеңдетүүдө. Колундагы токочту алдыргысы келбей жатат. Маселе чечилбесе, кандай болорун баарыбыз түшүнүп турабыз.

2013-жылы Кумтөрдө үлүштөр 50% бөлүнгөн биргелешкен ишкана түзүү боюнча Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү сүйлөшүү баштап, ал парламентте колдоо тапса, бюджетке кошумча 60-70 млн. доллар түшөрү айтылган. Парламент андай келишим түзүүнү колдоп берген. Бирок маселе ошол мезгилден бери чечилбей, демек мамлекет кошумча каражаттан кур калууда.

Кумтөр кенинин иши тууралуу айта турган болсок, расмий маалыматтар боюнча 2014-жылы Кумтөрдө 17.6 тонна алтын казылып алынган. Быйылкы жылы 16 тоннанын тегерегинде алтын алынары белгиленген.

“Центерранын” директорлор кеңешинин Кыргызстан тараптан мүчөсү Кылычбек Шакировдун маалыматы боюнча, өткөн жылы Кумтөр бюджетке 108 млн. доллар салык төлөдү. Ал эми дивиденд биринчи алты айлык үчүн гана алынган: суммасы 6 млн. долларга жакын.

Оторбаев өктөм билдирүүлөргө өттү

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев “чечкинсиз”, “эч нерсени чечпейт” деген сөздөрдөн тажагандай узап бараткан жумада бир катар өктөм билдирүүлөрдү жасады. Маселен, өкмөт башчы акыркы кезде күчөгөн балдарды сексуалдык зордуктоолорго байланыштуу кескин билдирүү менен чыгып, педофилдердин сүрөттөрүн көчөгө илип, өлүм жазасына тартууну сунуштады.

Андан кийин өкмөт башчы Бишкек шаардык мэриясынын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча чогулушка катышып, шаарды өнүктүрүүгө каражат табуу үчүн баалуу кагаздарды чыгарууга мэрияны үндөдү.

Эл аралык валюта корунун Бишкекке келген миссиясы менен жолугушуу алдында Жоомарт Оторбаев бекем позициясын билдирип, валюта кору өз шарттарын таңууласа, анда кызматташууну токтотобуз деп чыкты:

- Биз аларга мындан кийин “бизди ноктолоп, жетелей албайсыңар" деп айттык. Эгер мурдагыдай эле биздин карыздарга, салык саясатыбызга кийлигише турган болсо, иштешүүнү токтотобуз. Алардын бизге кереги жок. Эл аралык валюта фонду өкмөткө структуралык реформаларды жүргүзүүгө, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга көмөк көрсөтсө гана иштешебиз.

Бул билдирүү Кыргызстандын сырттан жардам алуусуна терс таасирин тийгизүүсү менен опурталдуу. Бюджети такай тартыштык менен түзүлгөн Кыргызстан андай жардамдарга абдан муктаж экени маалым.

Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсүн ички саясий коньюктурага арналган, реалдуу маселеге тиешеси жок катары кабылдоого да болот. Анткени Кыргызстандын мурунку өкмөттөрү да дүйнөлүк финансылык уюмдарына карата кээде өктөм билдирүүлөрдү жасап, бирок соңунда алардын жетегинде кете бергени маалым.

Бирок бул ирет Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсүнүн себеби Кыргызстандын тышкы карызынын ички дүң продукциянын жалпы көлөмүнүн 60% жакындап баратышына байланыштуу чыккандай.

Каржы министрлигинин билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 3 млрд. 647 млн. долларды түздү. Бул сумма 2014-жылдагы ИДПнын 54.1% түзөт. Мамлекет сырттан жана ичтен карыз алууну тынымсыз улантып жатат. Ошондуктан мамлекеттик карыз жакынкы мезгилде ИДПнын 60% ашат деген чочулоолор бар. Эл аралык финансылык уюмдар, анын ичинде Эл аралык валюта кору ага жол берилбеш керек деген позицияда турат. Анткени ал мамлекеттин тышкы карызынын кескин өсүшүнө, соңунда мамлекеттин аны төлөй албай калышына алып келет.

Сырттан карыз алууну токтотуу болсо Кыргызстан үчүн кедерине ого бетер кетүүнү билдирет. Анткени карыз алуу токтосо, азыркы кездеги бардык инфраструктуралык долбоорлорду аткаруу да токтойт. Ошондуктан өкмөт экинчи жагын тандап алып, ошого жараша Эл аралык валюта корун сүйлөшүүнүн башында эле эскертип жаткандай.

Улуттук банктын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Максат Ишенбаев өкмөт башчынын билдирүүсүнүн максаты эмнеде экенин билбестигин айтып, бирок Кыргызстан эл аралык финансылык уюмдардын жардамына муктаж деди:

- Биздин бюджетке эгемендүүлүк алгандан бери акчалай жардам берип келген Эл аралык валюта кору болуп саналат. Азыр деле жардамын берип жатат. Ошондуктан аларга карата антип сүйлөө туура эмес. 2007-жылы Данияр Үсөнов дагы бизде бардык проблемалардын баары Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунан келген деп, аларды жамандаган. Анан бир ай өтпөй сөзүн кайра алган. Себеби аларсыз биз эч нерсе кыла албайбыз.

Максат Ишенбаевдин айтымында, акча берип жаткандан кийин Эл аралык валюта корунун өзүнүн шартын баары бир коёт.

Эл аралык валюта кору үч жылдык программасынын негизинде 100 млн. доллардан ашуун жардам берип келет. Быйылкы жылы тараптар кезектеги үч жылдык программа боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоодо.

Саясаттагы таймаштар жана жүрүштөр

Кыргызстандын саясий талаасында кагылыштар, кармаштар узап бараткан жумада токтоп калган жок. Оппозициялык саясатчылар тобу Кошмо Штаттарда маанилүү жолугушууларды өткөрүп, өздөрүн көрсөтүүгө жетишти. Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирүүсүнө караганда, жолугушуулар Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинде башталып, андан ары да маанилүү кездешүүлөр менен уланды. Америкалык расмий адамдар менен жолугушууда Кыргызстандын расмий бийлиги менен Кошмо Штаттардын мамилеси сууп калганы байкалган.

Ошол эле учурда Кошмо Штаттар Кыргызстанда ыңкылап уюштурууга оппозицияга акча берет деген сөздөрдү Равшан Жээнбеков төгүнгө чыгарды:

Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков

- Батыштагы демократиялык мамлекеттер Америка болобу, же башка мамлекеттер болобу бирөө дагы ыңкылап жасоого бир дагы саясатчыга тыйын берген эмес, бербейт дагы. Биздин Америкага келген биринчи максатыбыз: бүгүнкү күндө Кыргызстанды оор көчкү сыяктуу каптап келаткан кризис шартында кандай жардамдарды ала алабыз, кандай үмүт арта алабыз. Мына ушул багытта иш алып баруу болуп эсептелет.

Оппозициялык саясатчылардын АКШга сапарын жана алардын Вашингтондо бир топ жогорку деңгээлдерде кабыл алынышын оппозицияга салмак берүү катары саноого болот.

Кошмо Штаттар менен Кыргызстанда эле эмес, башка дүйнөлүк маселелерде да теңтайлашып жаткан Орусия да Бишкекте өз жүрүшүн жасады. “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер 30-январда Бишкекке келип, 2017-жылга чейин республикадагы газ тармагына 45 млрд. сом инвестиция салынарын жарыя кылды. Түзүлгөн программага ылайык, бул мезгилдин ичинде республиканын 60% аймагына газ жеткирилерин билдирди.

Булардын баары Кыргызстандагы шайлоо жылында эки ири мамлекеттин күч сынашы күчөшүнөн кабар берет.

Республикадагы ички саясий күчтөрдүн күрөшү да улам-улам жаңы жаңжалдарды жаратууда. Туңгуюк жагдайларда кызматынан кеткен Аида Салянова аны ого бетер табышмактантып, "кызматтан кетүүгө аргасыз болгонун, ансыз аны көп нерселерди аткарууга мажбур кылышмак эле" деп билдирди.

Салянова жаңжалы президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев менен юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун ортосундагы курч келишпестик менен уланды. Шыкмаматовдун “Аида Салянованын кызматтан кетүүсүнүн артында Данияр Нарынбаев турат, ал өзү ошол кызматка барат экен” деген сөзү Нарынбаевдин кескин нааразылыгын пайда кылып, ал башкаруучу коалициянын жыйынын чакырып, Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин карап көрүүнү талап кылды.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, башкаруучу коалиция 2-февралда чогулуп, маселени кароону чечти. Эгерде коалициянын жыйынында “Ата Мекен” өз министрин коргоп чыкса, ортодо келишпестик дагы күчөшү мүмкүн. Анын үстүнө “Ата Мекен” менен бийликтин ар кандай маселелер боюнча тирешүүсү тынымсыз жүрүп жатат. Андай тирешүүлөргө БНК компаниясынын сатылышы боюнча козголгон кылмыш иши дагы салымын кошчудай.

Белгилүү болгондой, 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин БНК мунай компаниясынын курамындагы Максим Бакиевге таандык “Петрол групп” компаниясы 9 май куюучу жайы жана жер үлүштөрү менен улутташтырылып, бирок кийинчерээк Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан менчик компанияга 137 млн. сомго сатылган. Бирок өткөн жылы курамына “Петрол групп” кирген БНК “Роснефть” компаниясына 39 млн. долларга сатып алган. Ортодогу айырмачылык абдан эле чоң.

“Петрол групптун” иштерине “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышанов тыгыз аралашкан. Ошондуктан БНК боюнча козголгон кылмыш иштин мизи “Ата Мекенге” багытталган деген пикирлер бар.

Сайдулла Нышанов “Петролл групп” 9 май куючу жайы менен туура баага сатылган дейт:

- Муну Мамлекеттик мүлк фонду саткан. Ал жерде баары 100% таза болгон. Муну тергөө дагы тастыктайт. Анан “Роснефтиге” 39 млн. долларга сатылып, айырмасы чоң болуп жатат. Маселе ушул жерде болуп жатат. Себеби 22-23 май куюучу жай, мунай базасын жана техникаларын кошуп, “Роснефтиге” ошондой баага сатылып жатат. Булардын 20 млн. долларлык Беловодскиде эң заманбап мунай базасы болгон. Америкалык авиа база да аны ижарага алып турган.

Нышановдун айтымында, “Роснефтиге” “Петрол групп” БНКнын улутташтырылбаган бөлүгү менен кошо сатылган. Ошондуктан анын баасы кымбат чыккан. Бирок бул жерде ири коррупциялык көрүнүштөр орун алган деген шек коомчулукта күчтүү. Эми ага УКМК козгогон кылмыш иши ачыктык киргизиш керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG