Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Узап бараткан аптада электр энергиясына тарифтер 1-августтан тарта көтөрүлөрү жарыяланды. Мустафа Жемилевдин жардамчысынын кармалышы аягында нааразылык нотасына барып такалды. Өкмөт экономикалык көрсөткүчтөрдү кескин төмөндөтүүгө барды.

Кыргызстанда энергетикалык кризис үстөмдүгүн жүргүзүүдө. Андан чыгуунун келечеги да байкалбайт. Анткени Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күнгө карай 8 миллиарддан ашуун гана суу топтолууда. Ал эми энергетикалык тартыштыкты жаба турган Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кара-Кече жылуулук электр станциясынын курулушу качан башталары да белгисиз. Ал эмес, Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадын куруу иши да каржылоо жагынан аксап турат.

ГЭСтерди курууда негизги акча табуучу болгон Орусия өзү кризиске туш болуп, Батыштын санкцияларынан жабыркап жатат. Кризиске чейин эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жиберүүгө Москванын дилгир эместиги байкалган. Кремлди бир жагынан долбоорго көп каражат сарпталышы, өзүн актоо мөөнөтүнүн узактыгы, экинчи жагынан Ташкенттин каршылыгы токтотуп келатат.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев долбоорду каржылоо маселеси чечиле электигин тастыктады:

- Каржы булагы азырынча чечиле элек. Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоордун эки варианты каралган. Каржылык моделин чогуу карап чыгалы деп сүйлөштүк. Техникалык-экономикалык негиздемени ошого карап бекитебиз. Анткени бул долбоорго көп каражат сарпталат. Ошол каражат канча убакта өзүн кантип актайт деп, эки вариантты тең карап чыккандан кийин гана техника-экономикалык негиздемеси бекийт.

Тайсалдаган тариф саясаты

Энергетикалык кризиске тармактагы финансылык тартыштык кошул-ташыл болууда. Тариф саясатында бааны бирде көтөрүп, андан кайра тарткан тайсалдоолор тартыштыкты ого бетер көбөйтүүдө.

Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Миргүл Айдарованын айтымында, 1-июндан тарта электр энергиясына тарифтерди көтөрүүнү токтотуу энергетика тармагындагы финансылык тартыштыкты 300 млн. сомго көбөйтүп, анын жалпы суммасын 9 млрд. сомго жакындатты.

Электрди эсептегич

Электрди эсептегич

Белгилүү болгондой, өкмөт 1-июндан тарта электр энергиясы жана жылуулукка тарифти 20% көтөрүүнү чечкен. Бирок президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Темир Сариевди чакырып, тариф саясатын кайра карап чыгууну сунуштаган. Президенттин мындай талабынан кийин өкмөт тариф саясатын карап чыкты. Жаңы тариф саясаты тууралуу Миргүл Айдарова буларды кабарлады:

- Тарифтер 1-августтан тарта көтөрүлөт. 10% көтөрө турган болдук. Ошондо 700 кВт. саатка чейин бир кВт электр энергиясынын баасы 77 тыйын болот. Былтыр Нарындагы тоолуу райондордун калкы "700 кВт. саат бизге аздык кылат, көлөмдү көбөйтүп бергиле" деп чыккан. Аны биз эсептеп чыгып, 700 кВт. саатка 300 кВт. саат кошуп жатабыз. Бул бийик тоолуу райондорго тиешелүү болот.

Айдарованын айтымында, жаңы тариф саясаты боюнча 700 жана 1 миң киловатт сааттан ашык электр энергиясына калк 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Ал эми калган керектөөчүлөрдүн баары 2 сом 24 тыйындан төлөйт.

Электр энергиясындагы баа саясатына импорттук электр энергия чоң таасирин тийгизип жатканы маалым. Бул фактор жакынкы мезгилде тыйылбайт. Анткени Токтогулда суунун өтө аздыгына байланыштуу Кыргызстан быйылкы жылы да Тажикстандан 225 млн. киловатт саат, Казакстандан 450 млн. киловатт электр энергиясын сатып алууну пландаштырууда.

Сариев мактанды, Каржы министрлиги артка тартты

Премьер-министр Темир Сариев жакында эле Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө салыштырмалуу эң дурус деп, төрт айдын жыйынтыгында өсүш 7% барганын мактанган эле. Бирок Каржы министрлиги премьер-министрдин мактанычын жокко чыгарып, быйылкы жылы ички дүң продукциянын өсүшү 2% гана жетет деген эсебин чыгарды. Инфляция болсо тездеп, 11% ашарын билдирди.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, экономиканын өсүшүнө тоскоолдук кылган негизги жагдайлардын бири - энергетикалык тартыштык. Андан сырткары Кара-Балта, Токмок мунай иштетүүчү заводдорун чийки зат менен камсыздоо маселеси чечилбей жатышы жана начар инвестициялык кырдаал терс таасирин тийгизген жагдайлардан.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров өкмөттүн экономикалык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүшүн реалдуулук менен эсептешүү катары баалап, ошол эле учурда өкмөт антикризистик чараларды көрбөй жатат деп сынга алды:

- Кыргызстанга системалык түрдөгү кризис кирип келатат. Ошонун алдын алган чаралар көрүлбөй калды. Декабрда Беларус көргөн, январда Казакстан жана Орусия көргөн. Кыргыз дагы эли кризис деген сөздү айткандан коркуп келатат.

Акылбек Жапаров калктын колунда 3-4 млрд. доллар товар түрүндө сакталып калып, өлкөнүн финасылык кан тамыры токтоп калганын кошумчалады. Жапаровдун эсеби боюнча, кыргызстандыктар Бажы биримдигине кирер алдында автоунаа, товарларды сатып алып, эми аларды сата албай турушат.

Мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев финансы-экономикада түзүлүп жаткан кырдаал өкмөттү реалдуулукка келүүгө мажбур кылды деп эсептейт. Анын пикиринде, абал азыркыдан да оорлошу мүмкүн:

- Биз аябай сак болушубуз керек. Быйыл андан оор абал болушу мүмкүн. Божомолдоо баары бир теориялык нерсе. Ал турмуш менен дал келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан бардык жагынан сак болушубуз керек.

Кыргызстанда экономикалык абалдын татаал экенин бюджеттин тартыштыгынын кескин өсүүсү, Евразия экономикалык биримдигине кирүү менен салык жана бажы төлөмдөрүн чогултууда пайда боло турган оош-кыйыштар тастыктап турат. Маселен, Каржы министрлиги бюджетке өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча Жогорку Кеңешке жөнөткөн мыйзам долбоорунда бюджет тартыштыгы 25 млрд. сомго жетерин көрсөттү. Бюджеттин реалдуу тартыштыгы андан да көп болуп, ал 36 млрд. сомго жакын экенин парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Курманбек Дыйканбаев тастыктады.

Экономикада түзүлүп жаткан мына ушундай кырдаалга карабай өкмөт шайлоо алдында “арыктыгын билдирбеген карышкырдай жүнүн үрпөйтүп" мугалимдерге айлык акысын көтөрүү, район жана облус борборлорунда жолдорду оңдойбуз деген ураан менен упай алууну көздөп жатат. Бул долбоорлор үчүн өкмөт Жерүйдөн түшө турган 100 млн. долларды, ал жетпесе "Мегакомду" сатып, анын акчасын жумшап ийүүнү көздөп турат.

Тышкы жана ички саясаттагы көрүнүштөр

Узап бараткан жумада Кыргызстандын тышкы саясатына жана эл аралык карым-катнашына байланыштуу эки көрүнүш көзгө урунду. Анын бири Украина депутаты Мустафа Жемилевдин жардамчысы Рустам Умеровдун Манас аба майданында бир нече саатка кармалып, анын айынан Жемилевдин Кыргызстан бийлигин кемсинте сындашына байланыштуу болду.

Крым татарларынын лидери Жемилев жана жардамчысы Кыргызстанга миграция боюнча эл аралык конференцияга катышууга келген. Кыргызстандын тийиштүү кызматтары Умеровду бир нече саатка кармап, андан кийин коё беришкен. Орусия менен араздашып, Крымга кирүү укугунан ажыраган Жемилев, жардамчысынын кармалышын “Кыргызстан кожоюндарынын буйругун аткарды” деп сыпаттап, бул иштин артында Кремль турарын билдирген. Мындай сыпаттоону Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги орунсуз катары баалап, Украинанын Тышкы иштер министрлигине нота жолдоду.

Экинчи көрүнүш, НАТОнун Кыргызстандагы өкүлү Александр Винниковдун НАТОнун жүктөрүн Кыргызстан аркылуу ташууга уруксат суроону ачыкка чыгарышы болду. НАТО мындай өтүнүч менен өткөн жылы кайрылганы жабык болуп, бирок Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйынында капысынан жыл башында айтылып кеткен. Кыргыз тараптын бул маселени кароону кечеңдетүүсү НАТОну ачык айтып чыгууга аргасыз кылгандай. НАТОнун жүгүн ташуу кыргызстандык айдоочуларга пайдалуу болгон менен Кремлге жага бербеши турган иш. Анын үстүнө Орусия жакында эле өз аймагынан НАТОнун транзитине чек койду.

Шайлоо алдындагы жүрүштөр

Тышкы саясатта мына ушундай көрүнүштөр орун алганы менен Кыргызстандагы саясатчылардын, коомчулуктун көңүлү ички саясатка, тагыраак айтканда күзгү парламенттик шайлоого бурулуп келатат. Жаңы партиялар түзүлүп, биригүүлөр жүрүп, шайлоочулардын көңүлүн алуу үчүн ар кандай акциялар өткөрүлө баштады.

Маселен, КСДП республика аймагын кыдырууга дарыгерлерди чыгарып, алар элдин ден соолугун сурап, текшере баштады. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы Балыкчыда балдар ойной турган аянттарды оңдосо, калган партиялар да ар кандай долбоорду ойлоп чыгып, көзгө көрүнүүнүн амалын жасап жатат.

Жаңыдан түзүлгөн “Кыргызстан” аттуу саясий партия да ири партиялардын катарында болууга умтулууда. Бул партиянын лидери Чүйдүн мурунку губернатору Канат Исаев экени маалым.

Канат Исаев жаңы партия борборчулдук позицияны карманарын билдирди:

- Бул партия жаңыдан эле түптөлүп келатат. Негизи борборчул болобуз. Анткени биздин катарыбызда мамлекеттик кызматта иштеген, депутат болгон адамдар бар. Ошондуктан борборчул багытты кармап, өз алдыбызча шайлоого барабыз деген ойдобуз.

“Кыргызстан” партиясынын катарына “Замандаш” партиясын таштап кеткен саясатчылар чогулуп жатканы маалым. Саясат таануучу Марс Сариев “Замандаштын” ордуна бийликтин жандоочу партиясына “Кыргызстан” айланууда дейт:

- “Замандаш” КСДП менен бирге болуп, анын долбоору катары келатканы белгилүү болчу. Азыр “Замандаштан” кеткен лидерлер, өзгөчө коммерция, акчалуу ишкерлердин “Кыргызстан” партиясына барышы аны бийлик долбоору деген ойго түрдүүдө. “Кыргызстан” азыркы кезде бийлик долбоору болуп калды. “Замандашта” болсо бизнесмен, акча менен бийликке келем дегендерден тазаланып, өзүнүн жолуна кайтып келишине мүмкүнчүлүк бар.

Күзгү парламенттик шайлоого байланыштуу парламентте жаңы чечим кабыл алынды. Депутаттар шайлоодо жеңишке жетишүү босогосун 7 пайыздан 9% көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ушул эле долбоор менен аймактык босогонун өлчөмү 0.7 пайыздан 0.5 пайызга кыскартылды. Босогону көтөрүүгө ири партиялар кызыкдар болуп жатканы маалым. Бирок “качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт” дегендей КСДП партиясынан башкасы учурда өзүн ишенимдүү сезбей жатканы маалым.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG