Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Узап бараткан жумада президенттин жакынкы жан-жөкөрлөрүнүн аброюна шек келтирген маалыматтар көбөйдү. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калды. Саясий партиялар шайлоого акыркы камын көрүшүүдө.

Шектүү айлана...

Парламенттик шайлоо алдында президенттин жакын жан-жөкөрлөрү биринин артынан бир коррупциялык чуулгандуу жаңжалдарга кириптер боло баштады. Адегенде Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев Нариман Түлеевдин кызынан пара алган жана доолаган деген шек менен кызматынан алынып, эки айга абакка отургузулду.

Нарымбаев менен Түлеевдин кызынын жолугушууларына Жогорку Кеңештеги президенттик фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековдун да катышканы боюнча маалыматтар чыгып, оппозициялык саясатчылар Турсунбековду да камакка алууну талап кылышты.

Мына ушундай жагдайда Чыныбай Турсунбековдун жубайынын Максим Бакиев жан-жөкөрлөрүнө жаздырып койгон мүлктү шектүү жагдайларда сатып алганы кошумча болуп кетти. Сөз “Акыл инвест“ деп аталып келип, Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова сатып алгандан кийин “Борбор Азия Капиталбанк” деп аталган финансылык мекеме жана ал жайгашкан имарат жөнүндө болуп жатат.

“Азаттыктын” колуна келип түшкөн документтер көрсөткөндөй банк жана банк жайгашкан имаратты Тентимишова сатып алган. Бул мүлк Убактылуу өкмөттүн чечимдери боюнча мамлекетке өткөрүлүш керек болгон. Бирок анын тагдыры башкача чечилген.

Мына ушундай эле жагдайда мурунку президенттин айлана-чөйрөсүнө таандык башка мүлктөрдү да азыркы бийликтин жан-жөкөрлөрү ээлеп алганы тууралуу фактылар бар экени айтылууда.

Чыныбай Турсунбековго байланыштуу жаңжалга удаалаш Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Сапар Исаковдун көчмөндөр оюну өткөрүлгөн Чолпон-Атадагы ипподромду курууда финансылык чатактарга аралашканы маалым болду. Ипподромду курган “Темир канат” ишканасынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев Сапар Исаковду бюджеттен акча бөлүүдө алдап кетти деп айыптады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү мына ушундай жаңжалдарга кабылып, айрымдары абакта отурушу бир жагынан коррупцияга каршы күрөштө баарына бирдей мамиле деген принциптин аткарылышын көрсөтсө, экинчи жагынан мамлекет башчысынын айланасына кандай адамдар чогулуп алган, булардын арасында турган президент өзү тазабы деген суроолорду жаратууда.

Белгилүү коомдук ишмер Эдил Байсалов коррупцияга каршы күрөшүүчү органдардын өздөрү коррупцияга батканын, тазалоо мына ошол жактан башталыш керектигин айтып, акыркы мезгилдердеги окуяларга мындай баасын берди:

- Мурунку башкы прокурор (Аида Салянова) айтпады беле, мен президенттин ишениминен кеттим, ошондуктан кызматымдан кеттим деп. Бул сөздө туюнтулгандай, көрсө баш прокурор мыйзамдуулук, мамлекеттүүлүктү коргоодо эмес, мурункудай эле президенттин буйруктарын, кызыкчылыгын аткаруучу адам экенин ошондо эле билгизип койду. Экинчиден, жакынкы маалымат жыйынында Атамбаев мырза, мен Нарынбаевди каматпай койсом болмок, менин ошондой мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок ага барбадым дегени, кайрадан эле мыйзамдуулук, көз карандысыз органдардын чечиминен кабар бербейт. Кимди камаш керек, кимди камабаш керек, кайсы жерде көз жуумп коюш керектигин президент мырза мен чечип атам деп өзү айтып атат.

Саясат талдоочу Марс Сариев президенттин акыркы кездеги кадамдарын мыйзамдуулукту сактоо менен бирге рейтингин көтөрүү максаты менен байланыштырат:

- Алдыдагы парламенттик шайлоодо президенттик шайлоонун тагдыры чечилет. Ошон үчүн президент айланасын тазалоону күчөтпөсө, анда рейтинги түшө берет. Азыр деле социалдык-экономикалык абал аябай начар. Эл араң эле чыдап атат. Мындай шартта президенттин айланасы таза болбосо рейтинги төмөндөп, мүмкүн башка оюндар башталып кетет. Анын үстүнө бул жакта башка мамлекеттердин да кызыкчылыгы бар. Ал сезилип атат. Назарбаев күйөө баласын, Каримов кызы Гүлнараны камаганда рейтинги элде аябай көтөрүлгөн. Азыр биздин президенттин азыркы жасаган кадамынан рейтинги көтөрүлүп атат. Ошондуктан ушундай жол менен барбаса, анда абал аябай эле начар.

Парламенттик шайлоонун алдында саясий күрөштө камакка алууларды бир тарап коррупцияга каршы күрөш катары баяндап, упай алууга аракеттенсе, экинчи тарап аны тескери багытта пайдаланууга умтулат. Бул эми саясий күрөштүн логикасы.

Саясий партиялар шайлоо алдында

Парламенттик шайлоо демекчи, 4-октябрга белгиленген шайлоого катышуу ниетин 34 партия билдирди. Алар эми 25-августка чейин 5 млн. сом күрөөсүн коюуга тийиш. Бирок 34 партиянын баары эле ага барбайт. Ошондуктан реалдуу күрөш алты-жети партиянын ортосунда жүрөрү айкын болууда.

Маалым болгондой, азыркы мезгилге карай КСДП, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Республика Ата Журт”, “Бир бол” партиялары ырааттуу күрөш жүргүзүп келатат. Ошондуктан майдараак партиялар жана жалгыз-жарым жорткон саясатчылар негизинен мына ушул саясий партиялардын айланасына баш кошууда.“Кыргызстан” жана “Өнүгүү” партиялары да үзөңгүлөшкө муктаж экени байкалууда.

Фелик Кулов жетектеген “Ар-намыс” партиясы мурунку кадрларынан толук ажырап, эми жаңыдан тизме түзүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө. Бул арада Исмаил Исаков “Азаттык” демократиялык партиясын БШКдан каттоодон өткөртүп, “Ар-намыска” ыктап турган демократ депутаттарды, эркин саясатчыларды катарына тартууда. Ошондуктан “Ар-намыс” менен “Азаттык” демократиялык партияларынын ортосунда кадрлар үчүн кызуу күрөш жүрүп жатат.

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - шайлоо мыйзам боюнча партиялык тизме менен республикалык бирдиктүү округда өткөрүлөт. Иш жүзүндө болсо көп мандаттуу округдарда өткөрүлөт. Анткени ар бир партия республиканы шайлоо участокторуна бөлүп, ар бир 30-40 миң шайлоочуга бирден талапкер коюп жатат. Мына ошол талапкерлерге алган добушуна жараша мандат берилерин партия лидерлери убада кылууда. Бирок тизмени алган добушуна жараша өзгөртүп, талапкерлерди которуштурууга мыйзам жол бербейт.

Партия лидерлери бөлүнгөн участогунан аз добуш топтогон айрым талапкерди мандаттан баш тарттыруусу мүмкүн. Бирок жалпы тизмени өзгөртүүгө мыйзам жол бербейт.

Муну Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов тастыктайт:

- Азыркы иштеп аткан мыйзам боюнча тизмени өзгөртө алышпайт. Жогорку Кеңеште кээ бир партиялар мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоодон кийин үч күндүн ичинде партия өзүнүн чечими менен тизмени бир жолу өзгөртө алат деген сунушту эки жолу киргизди. Бирок, тилекке каршы, парламент колдобой койду.

Ошол эле учурда Жеңиш Акматов өзүнө бөлүнгөн участоктон жетиштүү добуш ала албаган талапкерди мандаттан өз эрки менен баш тарттыруу партиянын ички иши экенин кошумчалады.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев 2010-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча мандат талаш мушташка чейин жеткенин эске салат. Бул ирет да ошол көрүнүш кайталанат дейт Сариев:

-2010-жылы мушташканга чейин барышкан. Бул жолу да ошол көрүнүш кайталанат. Чыр болот. Эгерде сүйлөшкөн сөзүнө туруп, мен добуш топтой албадым деп баш тартса, анда маселе болбойт.

Ошол эле учурда тизмени толук өзгөртүү мүмкүн болбогондуктан, айрым талапкерлер мандаттан баш тарткан мезгилде да маселе чечилбесин Акылбек Сариев кошумчалады.

Шайлоодон кийин мына ушундай талаш-тартыштарга жол бербеш үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, регионалдык тизме түзүү сунушталган. Бирок алардын эч бири өткөн эмес. Ошондуктан партиялар добуш топтош үчүн тобокелчиликке барып, мыйзам жол бербеген убадаларды беришүүдө.

Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болду

Узап бараткан жумада Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калды. Келишимге шартына ылайык эми биримдиктин аймагында товар, капитал, эмгек күчү жана кызмат көрсөтүү эркин болот. Кыргыз эмгек мигранттары Орусия жана Казакстанда жеңилдиктерди алышат.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, келерки жуманын башында кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттерин ачуу расмий түрдө өткөрүлөт. Ага эки өкмөттүн жетекчилиги катышуусу күтүлүүдө. Бажы бекеттеринин ачылышына Кыргызстан жана Казакстан президенттери Ысык-Көлдөн туруп уруксат беришет. Анткени Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев ал күндөрү Кыргызстанда, тагыраак айтканда, Ысык-Көлдө болот. Мына ошол жерде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен бирге кыргыз-казак бажы бекеттеринин ачылышына теле-көпүрө аркылуу катышат.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен импорттук товарлардын кымбатташы күтүлөт. Анткени бүгүнкү күнгө карай Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келе турган товарларга бажы тарифтери көтөрүлдү.

Ошол эле учурда чек аранын ачылышы менен Биримдикке кирген өлкөлөрдөн келе турган товарлардан бажы төлөмдөрү алынбайт. Мына ушундай шартта Кыргызстандын фермер жана дыйкандары, эт-сүт азыктарын өндүрүүчү ишканалары өз продукцияларын Казакстан жана Орусияга экспорттоого кеңири жол ачылат деген ишеним болгон. Бирок анын дароо ишке ашып кетүүсү мүмкүн эмес болууда. Анткени Кыргызстан товарларын, айыл чарба продукцияларын Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына, стандарттарына туура келишин тастыктай турган тийиштүү лабораториялардын даярдыгы боюнча да маселе бар.

Стандартташтыруу жана метрология борборунун жетекчиси Бердимамат Адамбаев бул багыттагы маселенин чечилиши боюнча мындай пикирин билдирди:

- Бажы биримдигинин өзүнүн бирдиктүү реестри бар. Эт, сүт продуктыларын өндүрүүчү ишканалардын реестри. Ошол реестрге биздин ишканалар кириши керек. Ал үчүн биздин Айыл чарба министрлиги, Мамлекеттик ветеринардык кызмат жана Саламаттык сактоо министрлиги жооптуу. Бүгүнкү күндө даярдыктар көрүлүп коюлган. 6-августтан тарта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болуп калды. Эми бүгүнтөн баштап биздин ишканаларды бирдиктүү реестрге киргизгенге укук алышты.

Адамбаевдин айтымында, айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн да фитосанитардык сертификат керек болот. Ал үчүн айыл чарба продукциялары бирдиктүү реестрге кирген лабораториялардан текшерүүдөн өткөрүлүшү керек. Ал лаборатияларды бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн бир жума керек болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG