Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

Узап бараткан жумада шайлоо өнөктүгү жаңжалдуу кылмыш иштер менен коштолду. Евразия экономикалык биримдиги валюта согушун чектөөнү макулдашты. Кыргызстан экономикасы сегиз айда эмнеге жетишкени жарыяланды.

Үгүт өнөктүгү учурунда кылмыш иштер козголду

Кыргызстанда шайлоо алдында үгүт өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Акчалуу, белдүү партиялар ырчы-чоорчулардын жардамы менен эл чогултуп, өз тарабына тартууга аракеттенүүдө. Популярдуу ырчыларды угуу жана көрүү үчүн келген элди партиялар биздин шайлоочулар деп эсептеп, эйфорияга учуп калганы да байкалат. Өткөн парламенттик шайлоодо андай эйфория кээ бир партиялардын ачуу жеңилүүсү менен аяктаганы белгилүү.

Бирок да шайлоо өнөктүгү жаңжалдуу кылмыш иштери менен коштолууда. Айрым партиялардын батыл үгүт өнөктүгү бийликтин шаштысын кетирип, бийлик күч структураларын аттандаштардын тизгинин тартууга колдоно баштаганы байкалат. Акыркы кезде күмөндүү жагдайларда ачылган кылмыш иштер мына ошондон кабар берет.

Биринчилерден болуп, Бишкектеги “Тазалык” ишканасы УКМКнын укуругуна илинди. Ал үгүт өнөктүгү башталар алдында эле борбордогу көрүмдүү жерлерди бийликтин өз партиясына эмес, өнөктөш партиясына берип койгону үчүн каарга калды. “Тазалыктын” башчысы Рысбек Сарпашев автоунааларга күйүүчү майды туура эмес бөлгөн деп, УКМК кылмыш ишин козгоду.

Эмилбек Каптагаев

Эмилбек Каптагаев

Андан көп узабай Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаевге кылмыш иши козголгону маалым болду. Ал өзүнө жана орун басарларынын айлыгына кошумча 25% чегерип алып, мамлекетке 781 миң сом зыян келтирди деп айыпталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов облус жетекчилигине "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана "ишенип тапшырылган мүлктү өзүнө ыйгарып алуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди:

- Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлчүлүктүн маяналарга мыйзамсыз кошумча каражат төлөнгөнү такталды. Такталган маалыматтар боюнча 2013-жылдын январь айынан 2015-жылдын июль айына чейин ыйгарым өкүлгө, анын орун басарларына жана башка жооптуу кызмат адамдарына 25 пайыз өлчөмдө айлыктан сырткары кошумча акча төлөнгөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Такталган маалыматтар боюнча 25% кошумча төлөм купуя сырлуу документтер менен иштеген үчүн тийиштүү мамлекеттик кызматкерлерге берилет. Алардын арасында башка облус губернаторлору жана алардын орун басарлары да бар. Ошондуктан УКМКнын Ысык-Көлдө “ыкчам иликтөөсүнүн” сыры Эмилбек Каптагаевдин бийлик партиясын эмес, анын атаандашын жең ичинен колдоосунан көргөндөр бар.

Үгүт мезгилиндеги оор сокку “Бир Бол” партиясына урулду. Бул партиянын тизмесинде үчүнчү болуп бараткан Игорь Чудиновду кылмыш жообуна тартууга уруксат сурап, Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

“Бирболчулар” Игорь Чудинов аркылуу орус тилдүү калктын добушун алабыз, Чудинов тушунда байманабыз ашкан деп жалпы калкты өзүбүзгө тартабыз деп жаткан.

Игорь Чудинов Карганбек Самаковдун жер чатагына байланыштуу айыпталып жатат. Белгилүү болгондой, Карганбек Самаков Аламүдүн районундагы Байтик, Кара-Жыгач жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнөн 262 гектардан ашуун жерди коррупциялык жол менен өзүнө ыйгарып алган деп айыпталууда. Бул жерлерди айыл чарба багытындагы жерден башка категорияга которууну 2008-жылы ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов жана анын биринчи орун басары Искендербек Айдаралиев аткарган. Ошондуктан Башкы прокуратура аларды жоопко тартууга уруксат сурап Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева Башкы прокуратуранын БШКга кайрылуусу кийинки жумада каралат дейт:

- Мыйзамга ылайык каттап койгондон кийин талапкер деген статусу бар. Ошондуктан кылмыш ишин козгоого биздин уруксатыбызды алыш керек. Биз карайбыз. Мүмкүн уруксат беребиз, мүмкүн бербейбиз. Азыр аны айта албайм. Алардын да адвокаттары келип, эмне үчүн мурун кылмыш иши козголгон жок, эмне үчүн шайлоо учурунда козголуп жатат деп маселе коёт да.

“Бир Бол” партиясы Игорь Чудиновго кылмыш ишин козголушун партияга басым катары баалады.

Партия лидери Алтынбек Сулаймановдун “шайлоодо добуштарыбыз уурдалган болсо чечкиндүү кадамдарга барууга даярбыз” деп билдирген эле:

- Эгерде биз чындап жеңген болсок, жетиштүү добуш алсак, колубуздагы протоколдор турса, ошолор бурмаланган болсо, биз ар бир шайлоочубуздун добушун коргоого милдеттүүбүз. Биз бүгүнкү бийликтин кетишин талап кылабыз. Биздин туура талаптарыбыз ишке ашпаса, анда биз акыркы чечкиндүү жолдорго барышыбыз мүмкүн. Андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

“Бир Болдон” өтсө өтүп, бирок кем калбаган үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан “Республика Ата Журт” партиясына да жогору жакта кызганыч менен көз салып турганы байкалат. Бул партиянын дарегине айтылган кескин сындар мына ошондон кабар берет.

Экономикасы өсүп, валютасы чөккөн Кыргызстан

Шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан мезгилде кыргыз экономикасы жана финансысы карама-каршылыктуу көрсөткүчтөрдү берүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукция 6.8% өстү. Экономикасы мына ушинтип жогорку өсүштү көрсөтүп жаткан республиканын финансы тармагы аксап, улуттук валюта сомдун куну күн сайын кетүүдө. 12-сентябрга карай сатууда бир доллардын баасы 69 сомдо ашып, 70 сомду багынтууга аз калды.

Сомдун курсу күн сайын күчүн жоготуп баратканына карабай Улуттук банк валюталык интервенция менен чыга элек. Улуттук банктын мындай карманышын эки нерсе менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиден, өкмөттө акыркы кезде өкүм сүрө баштаган сомду девальвациялоо маанайы Улуттук банк менен макулдашылган. Экинчиден, Улуттук банк валюталык резервди сактай турууну чечиши ыктымал.

Евразия экономикалык биримдигинде болсо валюта согушуна жол бербөө расмий түрдө талкууланды. Белгилүү болгондой, жума башында Беларуста биримдикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны болду. Анын жүрүшүндө орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев биримдиктин ичинде валюта согушуна жол бербөө түшүнүү тапканын билдирди:

- Азыркы шартта жарыша девальвацияга баруу туура эместигин түшүнүштүк. Улуттук валютаны арзандатып, тышкы соодада кыска мөөнөткө артыкчылыкка жетүү азгырына алдырбайлы дедик. Бул жол опурталдуу. Анын аягы бир катар тармактардын оош-кыйыш болушуна алып келет.

Валюта согушуна жол берүү же жол бербөө, тактап айтканда валюталарын арзандоодон сактап калуу Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн эркинен чыгып калган маселедей. Анткени мунайга, металлдарга баанын арзандоосу казак, орус валюталарынын кунунун кетүүсүнүн негизги себепкери болуп калууда. Чийки заттарга бааны көтөрүү Москва, Астана эмес, андан күчтүү экономикалардын, дүйнөлүк базардын эркиндеги иш болуп турат.

Казастан жана Оруисяда валюталардын арзандашы кыргыз өкмөтүн да девальвацияга барууну ойлонтууда. Кыргыз өкмөтү эгемендүүлүк алгандан бери жүргүзүлүп келаткан акча-насыя саясатын өзгөртүп, аны экспортту колдоого бурууну көбүрөөк айта баштады.

Маселен, экономика министри Олег Панкратов мына ошол эле Беларуста кошуна мамлекеттердин валюталары арзандап жатканда, биздин валютанын туруктуу калышы жергиликтүү өндүрүшчүлөр жана экспортерлор үчүн пайдалуу эместигин, валюта саясаты экспортту колдоого да багытталыш керектигин билдирген. Өкмөт башчы Темир Сариевдин экономикалык программасында да экспортерлорду колдоого басым жасалган.

Москва, 3-сентябрь, 2015-жыл

Москва, 3-сентябрь, 2015-жыл

Акча-насыя саясатын өзгөртүү, аны экспортту, өндүрүштү колдоого багыттоо арзан жана узак мөөнөттүк насыя берүү дегенди билдирет. Бирок мындай саясат өтө кылдаттык жана жогорку кесиптик чеберчилик менен жүргүзүлбөсө, экономикасы алсыз Кыргызстандай өлкөдө ал гиперинфляция, сомдун курсунун кескин төмөндөөсү менен опурталдуу. Ошондуктан мындай кадамга өкмөттүн барышы күмөндүү. Ал эми азыркы кезде айтылып жаткан экспортту колдоо саясаты, сомдун курсун кескин түшүп кетүүсүн актоо аракети болушу да мүмкүн.

Улуттук банк өз кезегинде сомдун курсунун кескин төмөндөөсүнө жол бербөө анын негизги милдеттеринин бири болуп кала берерин билдирүүдө.

Улуттук банктын маалымат кызматынын жетекчиси София Балакина сомдун курсун экспортту колдоого карай ыңгайлаштыруу саясаты өкмөттө көбүрөөк айтылып жаткан менен Улуттук банк өз саясатын өзгөртпөйт дейт:

- Кыргыз Республикасы тандап алган валюта режимин аткаруу үчүн Улуттук банк акча алмаштырууда эркин агым саясатын уланта берет. Мындай курс 1993-жылы тандалып алынган. Ага ылайык Улуттук банк акча курсун катуу көзөмөлдөбөйт. Акча курсун аныктоодо чектөөлөрдү койбойт. Курсту суроо-талапка жараша базар аныктайт. Бирок курс кескин өйдө-ылдый боло баштаса Улуттук банк интервенция менен чыгып, кырдаалды жөнгө салат.

Улуттук валютанын туруктуулугуна кошуна мамлекеттердин валюта саясаты эле эмес, өлкөнүн соода балансынын абалы да чечүүчү ролду ойнойт.

Кыргызстандын тышкы соодасында болсо тескери сальдо көп мезгилден өкүм сүрүп келатат. Быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча да абал өзгөргөн эмес. Жети айда Кыргызстан болгону 816 млн. долларга товар экспорттосо, 2 млрд. 352 млн. долларга импорттогон. Тескери баланс үч эсеге жакын. Анын үстүнө кыргыз экспортунун басымдуу бөлүгүн республикада өндүрүлгөн же жасалган товарлар эмес, Кумтөр алтыны түзөт. Ал Кыргызстан экспортунун 56% ээлейт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG