Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Узап бараткан жумада валюта базары олку-солку болду. Борбордук шайлоо комиссиясы мурунку өкмөт башчыны жоопко тартууга уруксат бербеди. Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйыны болду.

Узап бараткан жума валюта базарында олуттуу олку-солкулук менен коштолду. Август айында казак теңгеси эркин агымга коюлгандан кийин сом долларга карай кескин арзандай баштады. 16-сентябрда эң жогорку чекке жетип, айрым акча алмаштыруу жайларда бир доллардын сатуудагы баасы 73 сомго чыкты. Бир ай мурун бир доллардын баасы 63-64 сомдун тегерегинде турган эле.

Валюта базарында кырдаал дүрбөлөңгө айлана баштаганда жума ичинде Улуттук банк 36 млн. долларга жакын интервенция жасады. Анын натыйжасында 17-сентябрда доллардын курсу 70 сомдун тегерегине түштү.

Улуттук банк июнь айынан бери интервенция жасай элек болчу. Муну кыргыз өкмөтүнүн жана Улуттук банктын кошуна мамлекеттерде валюталар арзандап жатканда сом дагы өз баасын табышы керек, өтө бекем сом экспортко зыяндуу деген саясаты менен түшүндүрүүгө болот.

Кыргызстандык эксперттер да кошуна мамлекеттердин валюталары арзандап жатканда сомдун туруктуу кала бериши экономикага зыяндуу экенин, тынымсыз интервенция жасоо Улуттук банктын валюталык резервинин түгөнүүсүнө түртү болорун эскертип келишкен.

Республиканын мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев:

- Эгерде рубль ошончолук арзандап атса, биз сомдун курсун калп эле кармап тура бергендин эч кандай пайдасы жок. Анда биз алтын-валюта резервибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн. Экинчиден, биздин экономикабыз атаандаштыкка жарамсыз болуп калат. Ошондуктан бизге баланс керек. Биз рублдин сомго карата өтө ылдыйлап кетпешине да аракет кылышбыз керек, бирок эч качан толук бойдон рублдин артынан ээрчий бергенибиз да болбойт. Анткени биздин экономика башка соода агымдары менен да байланышкан.

Финансист Умбриэл Темиралиев кыргыз валютасынын арзандоосунун себеби кошуна мамлекеттердин валюталарынын арзандоосуна эле эмес, улуттук экономикадагы проблемаларга байланыштырат:

- Бизде структуралык дисбаланс бар. Ошол структуралык дисбаланс өзгөрмөйүнчө биздин сом долларга карата арзандай берет. Структуралык дисбаланстын себебин баарыбыз эле билебиз, бул экспорттун аз, импорттун көп болушу. Кыргызстанга инвестиция да азыраак келип атат. Мигранттардын акча которуусу азайды. Реэкспорт токтоп калды. Мына ушул структуралык пробелмалар чечилмейинче Улуттук банктын жасап жаткан аракеттери кыска мөөнөттүк гана натыйжа берет.

Кыргызстандын тышкы соодасындагы тескери баланс өнөкөт көрүнүшкө айланып калган. Маселен, быйылкы жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча экспорт 800 млн. доллардан ашса, импорт 2 млрд. 300 млн. доллардан ашкан.

Тескери баланстын кедергисин буга чейин эмгек мигранттарынын акча которуусу, реэкспорт жана көмүскө экономика кайсы бир деңгээлде жаап, улуттук валюта сомго басымды азайтып келген. Эми эмгек мигранттары которгон акчанын кыскаруусу, реэкспорттун солгундоосу жана Орусия, Казакстандагы экономикалык кризис кошулуп, сомго басым көбөйдү. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы жылдын алты айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 765 млн. доллар которгон. Өткөн жылдын ушул мезгилиндн бир млрд. доллардан ашуун которуу болгонун эске алсак, кыскаруу 25% жетти.

Үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан саясий партиялар калк менен жолугушууда сомдун туруктуулугуна байланыштуу маселени көтөргөнү байкалган жок. Болгону “Бир Бол” партиясындагы финансисттер Марат Султанов жана Акылбек Жапаров кырдаалга карата ойлорун айтышты. Алар республиканын төлөм балансы эки жыл мурун эле кескин өзгөрө баштаганын, ал үчүн импортту кыскартуу, экспортту көбөйтүү боюнча сунуштар көңүл сыртында калганын билдиришти.

Ала-Тоодон алтоо эмес, жетөө желпинүүдө

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү өз нугунда баратат. Негизги күрөш каражаты менен адамдык ресурсу жетиштүү жети партиянын ортосунда жүрүүдө.

Дагы эки жумадан кийин үгүт өнөктүгү аяктап, 3-октябрда шайлоочуларга чечим кабыл үчүн ойлонууга берилет.

Биометрикалык маалыматтар менен шайлоону уюштурууга жоопкерчиликтүү биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин билдирүүсүнө караганда, добуш берүүнүн жыйынтыктары дароо эле маалым боло баштайт. Анткени автоматташтырылган үкөктөр бюллетендерди дароо санап, жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.

Шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн ат салышып жаткан 14 партия добуш берүүгө келген шайлоочулардын 7% жана региондордон 0.7% добуш алууга тийиш. Мына ушул босоголордон өткөн партиялар Жогорку Кеңеште мандатка ээ боло алат.

Шайлоонун жыйынтыгын ага катышкан бардык эле партиялар тааныйбы, нааразылык акциялары өлкөнү кайрадан бүлгүнгө салбайбы деген чочулоолор дагы жок эмес. Тартип жана коопсуздук үчүн жооп берген өкмөт башчы Темир Сариев 15-сентябрда шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуп, анда партиялардын баарына бирдей шарт түзүлгөнүн, ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын баары таануусу керектигин эскертти. Ал ошондой эле административдик ресурсту колдонууга жол бербеш үчүн шайлоого аттанган мамлекеттик кызматкерлер ээлеген ордун бошотконун да кошумчалады.

Өкмөт башчы менен жолугушууда Феликс Кулов административдик ресурс колдонулуп жатканын айтса, Камчыбек Ташиев бийлик партиясы айрым мектептерде штаб ачып алганын билдирди. Негизи административдик ресурс же бийлик күчү мамлекеттик кызматтагы адамдарды, бюджеттен айлык алган кызматкерлерди кызматтан бошотуу менен коркутуп, туугандары менен бирге бийлик партиясына добуш берүүгө, үгүт ишин жүргүзүүгө мажбурлоо жүрүп жатканы маалым. Ал эми административдик ресурсу жок, бай партиялар акчанын күчү менен шайлоочуларды сатып алууга басым жасаган жагдайлар дагы байкалат.

Ошентсе да үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө эч кайсы партияга тоскоолдук жасалбаганы айкын. Ар бир партия каалаган жерде жолугушуусун өткөрүп, өзүнүн идеясын, программасын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алууда. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер Игорь Чудинов, Искендер Айдаралиев жана Карганбек Самаковду кылмыш жообуна тартуу боюнча Башкы прокуратуранын талабын канааттандыруудан баш тартып, шайлоодон четтеткен жок.

Жер коррупциясы боюнча айыпталып жаткан бул талапкерлердин иши шайлоодон кийин да каралары айтылууда. БШКнын мүчөсү Канатбек Азиз Чудинов, Айдаралиев жана Самаков Жогорку Кенешке депутат болуп калса, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен алардын кол тийбестигин алып салууну сурарын эскертти:

- Эгерде Самаков, Чудинов, Айдаралиев депутат болуп калышса, биз мандатты бере беребиз. Эгерде алар шайлоонун жыйынтыгы менен депутат болууга укуктуу болуп калса, анда БШК эмес, прокуратура Жогорку Кеңештен аларды жоопкерчиликке тартууга уруксат алышы керек. Талапкерлерге соттун чечими жок биз деле эч нерсе кыла албайбыз.

Эгерде үч талапкерге коррупция боюнча айып коюлса, анда Жогорку Кеңештен уруксат суралбайт. Анткени оор беренелер боюнча айып коюлганда, парламенттин уруксатысыз камоого мыйзам жол берет. Муну азыркы Жогорку Кеңешти айрым депутаттарын камакка алуу фактылары айгинелеп турат.

"Ислам мамлекетинин" коркунучу реалдуубу?

15-сентябрда Тажикстан борборунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити болду. Саммитте "Ислам мамлекетинен" келип жаткан коркунуч көңүл борборунда болгонун Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мираслав Ниязов “Азаттыкка” билдири:

- "Ислам мамлекети" деген көйгөйлүү маселени четке какпашыбыз керек. Андан Кыргызстанга да, Тажикстанга да, жалпы Борбор Азияга коркунуч келип турат . Бул маселеге кайдыгер карабашыбыз керек. Бизден ал кыйгап өтүп кетет деген ой болбош керек. Анын дүйнө жүзүнө коркунучу бар. Ошондуктан, бул маселе саммитте абдан катуу талкууланды. Ал боюнча ойлор айтылып, жыйынтыктар чыгарылды.

Душанбе саммитинде "Ислам мамлекетинин" коркунучун көңүл борборуна чыгарууга Орусиянын геосаясий кызыкчылыгы бар. Анткени ушул мезгилде Орусия Сирияда "Ислам мамлекетине" каршы күрөштү күчөтүү боюнча жаңы аскердик-техникалык аракеттерди көрүп жатканы маалым.

Саммит жүрүп жаткан мезгилде тажик баш калаасына жакын жердеги Рамит капчыгайында тажик күч структуралары генерал Абдухалим Назарзоданын тарапкерлерине каршы операция жүргүзүп жатышты. Расмий Душанбе Назарзоданы "Ислам мамлекети" менен байланышы бар деп айыптады.

“Дин, укук жана саясат” борборунун жетекчиси Кадыр Маликов "Ислам мамлекетинин" коркунучу реалдуу, бирок ЖККУга кирген мамлекеттер ага каршы идеологиялык күрөштү жолго койбой жатат деп баалайт. Анын пикиринде, регион мамлекеттери "Ислам мамлекетине" каршы турган диний аалымдарды, имамдарды коргоого алып, диний экстремисттерге күрөштүн чектерин так аныкташы керек:

- Мына мисал үчүн бир адам идеологияны карманып жүргөн болсо, аны менен алдын-алуу иштери жүргүзүлүшү керек. Колуна курал алар замат, жок кылганга чейин катуу чара көрүлүш керек. Кээ бир мамлекеттер Сирияда согушка катышкандарды жарандыгын жок кылууда. Бул дагы туура. Бирок аны дагы тастыкташ керек. Мүмкүн ал кайсы бир сектанын курмандыгыдыр. Андайлар коргоого жана жардамга муктаж. Бизде, Кыргызстанда мына ошол секталардын торуна түшүп калгандар, алардын жакындары кайрыла турган ишеним телефону да жок.

Кадыр Маликов "Ислам мамлекетинин" идеологдору жергиликтүү калктын Борбор Азиядагы авторитардык режимдерге, коррупция, социалдык-экономикалык кризиске каршы нааразылыгын пайдаланып кетүү мүмкүнчүлүгү менен опурталдуу экенин белгилет. Анын пикиринде, мындай кырдаалды "Ислам мамлекетинин" идеологдору пайдаланып кеткен болсо, ЖККУнун куралдуу күчтөрү натыйжалуу болбой калат. Ошондуктан диний экстремисттерге каршы идеологиялык багытта күрөштү колго алыш керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG