Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Апта: антитеррор, араздашкандар жана актангандар...


Атайын операцияда набыт болгон жоокерди акыркы сапарга узатуу, 23-октябрь, 2015-жыл

Атайын операцияда набыт болгон жоокерди акыркы сапарга узатуу, 23-октябрь, 2015-жыл

Узап бараткан жумада №50 абактан качкандардын баары кармалды же өлтүрүлдү. “Республика Ата-Журттун” талапкерлери Жогорку Сотто партия лидерлерин утуп алды. Курманбек Бакиев Минскиде жаңы китебинин бет ачарын жасады.

Антитеррордук операциядагы алешемдик...

Бишкектеги Достук кичи районунда абактан качкан Алтынбек Итибаевдин жашынып жүргөнү 22-октябрда кечке жуук аныкталып, ал жер милиция кызматкерлеринин курчоосуна алынды.

Итибаев колунда автомат менен каршылык көрсөттү. Бир нече саатка созулган атышуудан кийин Алтынбек Итибаев атып өлтүрүлдү. Атышууда милициянын атайын багыттагы жоокери Төлөбек Исмаилов жана эки жаран окко учту. Алар 81 жаштагы Батыш Койчуманова жана 56 жаштагы Медет Какеев болуп чыкты. Алар Итибаев жашынган батирге кошуна тургандыктан ок жаңылган.

Алтынбек Итибаевдин жок кылынышы менен №50 абактан качкандардын баары кармалды же өлтүрүлдү.

12-октябрда алар абакта үч күзөтчүнү өлтүрүп, бирөөсүн оор жарадар кылып качышкан. Алардын бешөө дароо кармалып, үчөө кармоо учурунда атып өлтүрүлдү. Бирөө - Эдил Абдырахманов бутуна атылып, кармалды.

12-октябрда кармалгандардын үчөө абакта бир күндүн ичинде, 21-октябрда жүрөгү кармап, мээсине кан куюлуп өлгөнү кабарланды.

Атайын операциядан кийин

Атайын операциядан кийин

Булар кургак статистикадай. Бирок ал Шекспирдин Гамлетинде “Дания падышалыгында бир нерсе чирип кеткен” дегендей Кыргызстандын Жаза аткаруу мекемелеринде, жалпы эле тартип коргоо органдарында баары ордунда эместигинен, бери дегенде мыйзамды, адам өмүрүн барктабаган өзүмбилемдиктен, башаламандыктан кабар берет.

Бул өзүм билемдик жана адам өмүрүнө кайдыгерлик 22-октябрда Достук кичи районунда Алтынбек Итибаевди жок кылуу операциясында трагедия менен аяктап, эч күнөөсүз эки жаран окко учту. Бир жоокер набыт болду. Ал эми абактан качкандардын үчөөсүнүн бир күндөгү өлүмү укук коргоочулардын кескин сынына жана айыптоосуна кабылды.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдирасулова “муну менен мамлекет өзүн террорчулар менен теңеп алды” десе, саясатчы жана укук коргоочу Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкерлер мыйзамдан чыгуусу мамлекеттүүлүктүн негизине коркунуч келтирерин эскертти:

- Анткени алар бир жапайы коомдо жашаган жок да. Алар бир көмүскө дүйнөнүн өкүлдөрү эмес. Алар мамлекеттик кызматкерлер, мамлекеттин, мыйзамдын кызматында тургандар. Ошондой өлтүрүүлөр болуп жатканы болуп көрбөгөндөй көрүнүш. Анткени мен кыргыз мамлекетинин жараны катары мамлекеттин өкүлдөрү мыйзамсыз, кылмыштуу жол менен биздин эле жарандарыбызды өлтүрүүсүн каалабайт элем. Муну түшүнүүгө болбойт. Бул - кылмыш.

Адистер антитеррордук операциялардын бардык эрежелеринде жарандардын, жоокерлердин коопсуздугу биринчи орунга коюла турганын айтышат.

Жоокерди акыркы сапарга узатуу

Жоокерди акыркы сапарга узатуу

Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку биринчи орун басары, республикадагы антитеррордук борбордун биринчи жетекчиси Марат Иманкулов 22-октябрда бир жоокердин жана эки жарандын өлүмүнө алып келген операция кесипкөйсүздүк болду деп эсептейт:

- Жашынып алып, ошол имаратта атышып аткандан кийин операция жүргүзүп жаткан кызматкерлер биринчи кезекте тегерегин тазалаш керек эле. Ошол үйдө жашаган тургундарды, балдарды коопсуз жайга алып чыгып, андан кийин алар менен иш алып барыш керек эле. Кандайча кошуналардын каза болушу таң калычтуу болуп, операция кандай уюштурулган деген суроону жаратууда.

22-октябрдагы операцияга ички иштер министри Мелис Турганбаев жетекчилик кылган. Ал 23-октябрда өткөрүлгөн маалымат жыйынында эки жарандын өлүмү үчүн жоопкерчиликти алууга даярдыгын билдирди. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганы да кабарланды.

Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты жума күнү болду. Ага өкмөт башчы Темир Сариев, ички иштер министри Мелис Турганбаев катышты. Жетекчилик маркум Исмаиловдун жакындарына мамлекет тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлөрүн убада кылды.

"Республика Ата-Журтту" бытыраткан мандат талаш...

Кыргызстандын саясий турмушунда да ушундай эле өзүм билемдик жана мыйзамды аттап өтүү аракеттери келишпестиктерди, араздашууларды жана соттошууларды жаратууда. Бул өзгөчө 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана мандат бөлүштүрүүдө байкалууда. Мына ушул келишпестиктер жана соттошуулар айрым партиялардын парламентке келбей жатып эле чачырап кетүү коркунучун жаратууда. Бул коркунуч өзгөчө “Республика Ата-Журтту” тооруп калды.

Белгилүү болгондой Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо партиялык тизме менен бирдиктүү республикалык округдан өткөрүлгөн. Мыйзам боюнча ушундай. Бирок иш жүзүндө шайлоо бир мандаттуу округдардан өткөрүлүп, ар бир партия талапкерлерине округдарды бөлүп берип, ошол жерден добуш алышына жараша мандат берилерин убада кылган. Убадалар добуш топтой албай калса мандаттан баш тартары жөнүндөгү талапкерлердин алдын ала жазылган арыздары менен бекемделген.

20-октябрь, 2014-жыл

20-октябрь, 2014-жыл

Мына ошол арыздардын негизинде “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары ондогон талапкерлерди тизмесинен чыгарууну БШКга сунуштап, ал аны аткарган. Бирок өзгөчө “Республика Ата-Журттун” талапкерлери буга каршы болуп, мандат алуу укугун калыбына келтирүү максатында сотко кайрылышты. Биринчи Май райондук соту партиялардын, БШКнын чечимин колдоп берген менен Жогорку Сот аны четке какты.

Жогорку Сот “Республика Ата-Журттун” талапкерлери Аида Исмаилова, Закир Шарапов, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов, Рада Туманбаева жана Курманкул Зулушевдин мандат алуу укугун калыбына келтирди. Бул талапкерлердин бешөө биринчи жыйырмалыкта тургандыктан, алардын баары депутаттык мандат алууга мүмкүнчүлүк алды. Анткени “Республика Ата-Журт” шайлоонун жыйынтыгы боюнча 28 мандатка ээ болгон. Бир гана 67-орунда турган Закир Шараповдун мандат алуусу кыйын.

Жыргалбек Саматов

Жыргалбек Саматов

“Республика Ата-Журттун” парламентке келе албай жатып мындай тагдырга туш болуусунун эки себеби бардай. Биринчиси - бийлик эң күчтүү оппонентин алдын ала алсыратууну көздөп, соттор аркылуу ал максатына жетишти. Анткени чачыраган “Республика Ата-Журттун” эми бирдиктүү күч болушу татаал. Бирдиктүү күч болбогондон кийин ал алсыз, таасирсиз болот.

Экинчиден, “Республика Ата-Журттун” мына ушундай тагдырга туш болуусун партия лидери Өмүрбек Бабановдун “жуурканды көбүрөөк өзүнө тартып”, өз жакындарына мандатты көбүрөөк берүү аракетинен көргөндөр бар. Жогорку Сот чечим кабыл алганга чейинки “Республика Ата-Журттан” депутат боло турган талапкерлердин тизмеси мына ошондон кабар берет.

“Республика Ата-Журттун” лидери Өмүрбек Бабановдун оппонентине айлана баштаган талапкер Жыргалбек Саматов пикири да аны ырастайт:

- Жок жерден жалаа жаап, 180 киши берген анттын ичинен добуш алгандарды жаманатты кылып көрсөтүп, ошону менен оюн жүргүзүп, өзүнүн тууган-уруктарын алып келип алам дебедиби. Жогорку Соттун чечимдери мыйзам боюнча аткарылыш керек. Биздин лидерибиз бардык нерсени бизнеске айландырып, баарын соода кылып үйрөнүп калган экен. Биз билбестен ошол торго түшүп калган экенбиз.

“Республика Ата-Журттун” өкүлү Мирсулжан Намазалиев берген арыздарынын негизинде бул талапкерлерге мандат берилбешине партия аракет кыла берерин билдирди.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Соттун чечимине жараша чечим кабыл ала турган болууда. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова маалымдады:

- Соттун чечимин ала элекпиз. Соттун чечимин алгандан кийин карап чыгабыз. Ал чечим колго тиймейинче эч нерсе кыла албайбыз.

Жогорку Сотто арыздар каралып бүткөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган депутаттарга мандатын тапшырып, Жогорку Кеңеш ишин баштайт. Бул келерки жумада ишке ашмакчы.

Бакиев Минскиден үн катты

Кыргызстандын саясий-коомдук турмушуна таасирди абактан качкан террорчулар, партиялардагы мандат талашуулар эле эмес, 2010-жылы Беларуска качууга аргасыз болгон Курманбек Бакиев да тийгизүүгө аракеттенди.

Бейшемби күнү Курманбек Бакиев Минскиде “Кайгы, сүйүү, үмүт: менин Кыргызстаным” деген китебинин бет ачарын өткөрдү. Жүз беттен турган китепте Курманбек Бакиев Кыргызстандын саясий турмушунда өзү катышкан урунттуу окуяларга токтолгон. Тактап айтканда, китепте ал мамлекетти башкарып турганда кандай экономикалык ийгиликтерге жетишкени, "Манастан" АКШнын базасын чыгаруудагы Орусия менен оң-терс мамилелер, 2005-жылдагы март ыңкылабы жазылган. Андан сырткары, албетте, 2010-жылдагы апрель ыңкылабына жана анын каармандарына токтолгон.

Бакиев 2010-жылы 10-апрелде атууга буйрук бербегенин, бирок Ак үйдү кайтарган кызматтар ага кол салуу болгондо буйруксуз эле ок чыгарарын эскерткен. Саясаттагы башкы катачылыгы катары Бакиев Алмазбек Атамбаевди өкмөт башына алып келгенин атаган. Ал Атамбаев өкмөт башчы кезинде спирт ичимдигине көп берилип, жумушка көңүлкош мамиле жасаган деп айыптаган.

Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Курманбек Бакиевдин китебине жооп кылып, аны Кыргызстандын ийгиликтерине ичи күйгөн уурунун, киши өлтүргүчтүн реакциясы катары баалады.

Курмабек Бакиев китептин бет ачарынан кийин

Курмабек Бакиев китептин бет ачарынан кийин

Ал эми Бакиевге да, азыркы бийликке да оппозиция болуп жүргөн Азимбек Бекназаров Акаев жана Бакиевдин үй-бүлөлүк коррупциялык башкаруусуна мамлекеттик деңгээлде баа берилбегендиктен, алар ушундай китептерди жазып, республиканын саясий турмушуна таасир тийгизүүгө аракеттенүүдө дейт:

- Акаевдин, Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруулары боюнча, ошолордун кесепеттери боюнча ушул кезге чейин бир да мамлекеттик комиссия түзүп, жыйынтык чыгарылган жок. Мисалы, кен байлыктар, Үзөңгү-Кууш, Каркыра боюнча, балдарынын бийликке кийлигишкени жөнүндө, мына ошолордун кесепеттери жөнүндө мамлекеттик деңгээлде жыйынтык чыгарып, аны Кыргызстандын тарыхына киргизе албай жатабыз. Мына ошол боштуктан алар пайдаланып, керек болсо партияларын түзүп, кайсы бир партияларды каржылап, өздөрүнүн шакирттерин ар кандай мамлекеттик кызматтарга коюп, булар баш көтөрүп келатат. Унчукпагандан булар пайдаланууда.

Курманбек Бакиев китебинде балдарынын, ини, туугандарынын жогорку кызматтарга коюлушу, коррупцияга батышы жөнүндө сөз кылган эмес. Аскар Акаев да маектеринде жубайы, балдарынын бийликке аралашуусу, үй-бүлөлүк, коррупциялык башкарууну жолго коюусу боюнча сөз кылбайт. Демек, мамлекеттин башына ар кандай жагдайларда келип калган бул эки инсан өздөрүнүн негизги катачылыктарын моюнга алгысы келбейт. Чындыктын жүзүнө кароодон тайсалдайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG