Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

Узап бараткан жумада улуттук валюта сом кескин арзандоону башынан кечирди. Түркия менен Орусия чыры Кыргызстанда да талкуу жаратты. Президенттик аппараттын мурунку башчысы “гумандуу” сотко жолукту.

Кыргызстан калкынын саны узап бараткан жумада 6 миллионго жетти. Алты миллионунчу жаран 26-ноябрда Ош шаарында төрөлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Темир Сариев бул окуяга байланыштуу оптимисттик билдирүүлөрдү жасап, мамлекет башчысы “эл өлкөнүн келечегине ишенгендиктен көбөйүп жатат” деп билдирди.

Бирок президент менен өкмөттүн оптимисттик маанайына өлкөнүн валюта базарында түзүлгөн кырдаал дал келбей калды. Анткени акыркы мезгилдерде туруктуу тенденцияга айланып бараткан сомдун күчүн жоготуусу кескин күчөп, 26-ноябрда өзүнүн туу чокусуна жетти. Бул күнү бир доллардын сатуудагы баасы 80 сомго барды.

Улуттук банк 16 млн. доллардан ашуун интервенция жасап, базарды доллар менен толтуруу аракетин жасады. Анын натыйжасы акырындап тийип, жума күнгө карай бир доллардын сатуудагы баасы 76 сом болуп калды. Ошону менен ноябрь айындагы Улуттук банктын интервенциясынын жалпы көлөмү 70 млн. долларды түздү.

Темир Сариев

Темир Сариев

Валюта базарында туруктуулук качан орношу мүмкүн деген суроого өкмөт башчы Темир Сариев "бул маселеде биздин кубатыбыз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жок" деп жооп берди:

- Улуттук валютанын курсу бизде эркин калыптанат. Биз аны күчтүү кармап турууга кубатыбыз да, экономикабыз да жетпейт. Улуттук валютаны кармап калуу үчүн экономиканын өзүнүн мыйзамдарын колдонушубуз керек.

Улуттук валюта сомдун курсуна түздөн-түз жооп берген Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов болсо сомдун курсунун кескин төмөндөөсүн чайкоочулук чабуулдан көрүп, чайкоочулардын ысымдары жакын арада аталат деп билдирди. Ошондой эле акча алмаштыруу жайларын чектөө, республика ичинде бардык төлөмдөрдү, эсептерди сом менен жүргүзүүнү киргизүүнү өкмөткө сунуштады.

Белгилүү болгондой, азыркы кезде Кыргызстанда үй, автоунаа эмес, андан төмөнкү баадагы товарлар да доллар менен эсептелип, долларга сатылат. 27-ноябрда өкмөттөгү кеңешмеде Улуттук банктын төрагасынын бул демилгеси колдоого алынып, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн баары сом менен бааланып, сатылыш керектиги айтылды. Бирок аны турмушка ашыруу жеңил болбойт.

Улуттук банктын жетекчиси ошондой эле калк ичинде ишенбестикти күчөткөн коммерциялык банктар тарабынан накталай доллар сатууга чектөөнү да алып салуу талабы коюлганын билдирди. Мына ушундай чектөөлөр валюта базарында дүрбөлөңдүн ого бетер күчөшүнө себеп болору да айкын.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков сомдун курсун туруктуу кармоого Улуттук банктын жана өкмөттүн чамасы чакталуу экенине кошулуп, бирок өкмөт чыгашаларды кескин кыскартууга барыш керектигин айтты:

- Мамлекеттик кызматкерлерди, чыгашаларын кескин кыскартышыбыз керек. Муну менен биз бюджеттен 100-200 млн. доллар үнөмдөсөк болот. Экинчиден, ишкерлерге, фермелерге Кыргызстандан товар экспорттоого шарт түзүшүбүз керек. Салык саясатын жеңилдетип, бизнести текшерүүнү токтотуш керек. Үчүнчүдөн, бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү либералдаштырып, бизнес ачууга, кризис шартында анын бат-бат өзгөрүүсүнө жеңил шарт түзүшүбүз керек. Төртүнчүдөн, экспортко багытталган айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү, кайра иштетүүгө шарт түзүшүбүз керек. Бешинчиден, батыш мамлекеттери менен мамилебизди оңдошубуз керек.

Кыргызстан валютасынын туруктуулугуна тышкы соодадагы чоң тескери баланс өзүнүн терс ролун ойноп келатат. Белгилүү болгондой, бул жагынан республика өнөкөт илдетке кабылгандай абалдан чыга албай келатат. Маселен, тогуз айдын ичинде республиканын экспорту 1 млрд. доллар болсо, импорту 3 млрд. доллардан ашып кеткен. Мындай соода баланс менен улуттук валютаны туруктуу кармоо кыйын экенин эксперттер белгилеп келишет. Орусиядагы кризистин айынан эмгек мигранттарынын акча которуусу кыскаруусу да абалды оорлотууда.

Улуттук валюта сомдун туруксуздугу ишкерлерди, инвесторлорду катуу бейпайга салып, алар келечектеги долбоорлор эле эмес, бүгүнкү иштерин жүргүзүүдө кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Ошондуктан улуттук валютанын туруксуздугу президент менен өкмөт башчынын Кыргызстанды “ишкерликтин бейишине айлантабыз” деген максатына да сокку урууда.

Кыргызстандын "гумандуу" соттору

Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурат Коркмазовго өкүмүн чыгарды. Ага ылайык Нарымбаев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылга, Коркмазов да үй-мүлкүн конфискациялоо менен 1.5 жылга кесилди. Прокурорлор Нарымбаевди 12 жыл 6 айга, Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну сураган эле.

Коркмазов жана Нарымбаев быйыл июль айында камакка алынган. Ага Коркмазовдун Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимине таасир этүү үчүн Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевадан 100 миң доллар пара алып жаткан жерден кармалышы себеп болгон. Коркмазов кармалгандан кийин ал акча президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевге даярдалганын, ага чейин да 50 миң доллар берилгени тууралуу көрсөтмө берген. Мына ошол көрсөтмөнүн негизинде Данияр Нарымбаев кармалган.

Мамлекеттик айыптоочулар

Мамлекеттик айыптоочулар

Сотто Нарымбаев жана Коркмазовго "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча беренелер “көз боёмочулук” боюнча беренеге алмаштырылган. Мына ошонун негизинде аларга салыштырмалуу аз мөөнөт берилген. Сот ошондой эле Нарымбаев жана Коркмазовдун буга чейин соттолбогонун, үй-бүлөлүү экенин эске алган.

Ошондуктан Биринчи май райондук соттун чечимине коомчулукта бир жактуу баа жок. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев соттун чечими кош стандарттуулуктун белгиси болуп калды дейт:

- Биздин сот системасында кош стандарттуулук бар болгонун көрүп жатам. Мисалы, өтө эле чоң кылмыш кылбагандар 5-10 жылга кесип жатышпайбы. Ошондуктан эл сот системасына ишенбей, нааразы болуп атат. Ошол эле учурда оор кылмыштар боюнча коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануудан айыпталып жаткандар жеңил жаза алууда. Аларга "коррупция" беренеси боюнча айып коюлганы туура болгон. Анткени алар кызматка таянып туруп ушундай иштерге барышкан. Бирок аларга келгенде соттор "азуусуз" болуп чыгууда. Бул жерде кыргыздын “мыйзам буйлаланган төөдөй болуп, бул жакка сүйрөсө бул жакка, тиги жакка сүйрөсө тиги жакка кетет” деген сөзүндөй болуп жатат.

Соттор Коркмазов жана Нарымбаевге коюлган беренелерди алмаштыруу менен аларды куткарууга эле эмес, сот системасына кеткен шекти да четке сүрүүгө аракеттенди. Анткени Нарымбаевге "коррупция", "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айып коюлса, сот "көз боёмочулук" беренеси менен алмаштырган. Муну менен мамлекеттик бийлик жана сот системасы арачаланууда.

Эки дөө кагышып, Кыргызстанга зыяны тийбесе...

Кыргызстандын эки стратегиялык өнөктөшү кескин араздашып кетти. Орусия менен Түркиянын ортосундагы кошуналык, өнөктөштүк мамилеге Сирия боюнча келишпестиктер каскак болуп, эки ортодо түшүнбөстүк келишпестиктин үрөнүн сепкен. Ал эми Орусиянын Су-24 учагын Түркия 24-ноябрда атып түшүрүүсү эки өлкөнүн мамилесин астын-үстүнгө салып, эки тарап жүз карашпай калган деңгээлге жетишти.

Түркия атып түшүрүлгөн учак үчүн кечирим сурабаса да, бирок одоно катачылык кетирип алганын сезип, Кремль менен байланышууга далалат кылып, күчөп бараткан тирешүүнү, жараканы токтотууга аракет жасап жатат. Бул түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын орус президенти Владимир Путин менен байланышууга жасаган эки жолку аракети, “силердин учагыңар экенин билбей калыппыз” деген билдирүүлөрү менен тастыкталат.

Анкара, 1-декабрь, 2014-жыл

Анкара, 1-декабрь, 2014-жыл

Эрдоган жакынкы мезгилде Парижде боло турган климат боюнча дүйнөлүк саммитте Владимир Путин менен көзмө-көз жолугушууну мерчемдеп алууга да умтулууда. Бирок Кремл ага жуутпай, Түркия менен мамилесин тынымсыз катаалдантып баратат. Адегенде Кремл соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууларга, туризмге чек койду. Андан кийин келерки жылдан баштап Түркия менен визасыз каттоону жокко чыгарды.

Кыргызстанга жакын эки мамлекеттин мындай тирешүүсү Бишкекке зыяндан башка пайда алып келбейт. Ал тирешүү Кыргызстанды бир жакты тандоого мажбурлоосу менен ого бетер зыяндуу. Андай мажбурлоонун натыйжасында Кыргызстан АКШнын Транзиттик борборун "Манас" аба майданынан чыгарып, Батыш менен мамилесин солгундатууга барды.

Саясатчы жана коомдук ишмер Эдил Байсалов Орусия тараптан андай мажбурлоо болушу мүмкүн, андай шартта Кыргызстан Казакстан менен макулдашкан саясат жүргүзүүсү максатка ылайыктуу дейт:

- Биз Казакстанга теңелишибиз керек. Казакстан кандай саясат жүргүзсө, ошондой саясат жүргүзүшүбүз керек. Ошондо туруштук бере алабыз. Болбосо биздин колубузду толгоого аракет болот. Бирок ага моюн бербешибиз керек. Анткени Түркия бизге бир тууган мамлекет. Орусия менен да жакшы мамиледе болушубуз керек. Бул жерде биз эгемендүү саясатыбызды жүргүзүп, бири-бирине кызгантууга жол бербешибиз керек. Түркия мамлекети бизге түбөлүктүү дос, бир тууган өлкө. Аларга жаман көрүнүп алсак, мамилеси бузулса, жарым кылым иштеп да аны оңдой албашыбыз мүмкүн.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов азыркы мезгил прагматикалык чечим кабыл алуу мезгили деп эсептейт:

- Кыргызстан-Орусия, Кыргызстан-Түркиянын ортосундагы алаканы, саясий-экономикалык мамилени, маданий-тарыхый мамилелерди эсепке алып, таразага салышыбыз керек. Анан бир позицияга келишибиз керек. Менин оюмча, биз эч жакка кете албайбыз. Биз Орусиянын позициясын колдошубуз керек. Биздин жетекчилердин Түркия менен да, Орусия жетекчилери менен жакшы болгонго байланыштуу ортомчу болуп, калыс сөзүн айтып чыкса туура болмок.

Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, Орусия расмий түрдө бир жакты тандоого Кыргызстанды мажбурлабайт. Бирок коомдук пикир аркылуу ага аракет жасайт.

Кечээ эле дос болгон, бүгүн айыгышкан тирешүү жолоюна түшкөн Орусия менен Түркиянын мамилесине көз салып, анын аягы эмне бүтөт дүйнө карап турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG