Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

Узап бараткан аптада өкмөт Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыкканын жарыялады. ГЭСтерди куруу боюнча келишимди Орусия аткарбагандыктан Кыргызстан андан чыгары маалымдалды.

Атамбаевдин аргасыз кадамы...

24-декабрда президент Алмазбек Атамбаев жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Анда бир катар олуттуу маселелер боюнча маалымат берилди.

Алардын эң орчундуусу - Кыргызстандын 2012-жылы сентябрь айында орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда кол коюлган энергетикалык келишимдерден чыгары тууралуу маалымат болду.

Ал келишимдерге ылайык, Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарында төрт чакан жана орто ГЭСти куруш керек эле. Бирок келишимге кол коюлгандан бери үч жылдан ашып баратса да көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасалган эмес. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесине 15 млн. доллар бөлүү жөнүндөгү баштапкы иштердин дайыны белгисиз.

Алмазбек Атамбаев келишимдерден чыгуу чечими жеңил болбогонун билдирди:​

ГЭСтер курулчу жердин бир бөлүгү

ГЭСтер курулчу жердин бир бөлүгү

- Биз бул маселе боюнча быйылкы жылы көп жолу сүйлөштүк. Мен үчүн да жеңил эмес. Жаңы инвесторду издөө үчүн дагы бир жактарга барып, кимдир бирөөлөрдү көндүрүш керек. Бул жерде баары чечилген эле. "Русгидронун" башында Дод турган мезгилде бир иштер жасалып жаткан. Мен дагы реалистмин. Бул иш эки-үч, мүмкүн беш-он жылга токтоп калат. Орус тараптын жүйөлөрүн уктум. Алар тынымсыз жаңы себептерди таап чыгууда. Ал түгөнбөйт.

Кыргызстан бул келишимден чыккандан кийин жаңы инвестор издөөгө туура келерин президент белгиледи.

Эгерде Жогорку Нарындагы чакан жана орто ГЭСтерди куруу үчүн инвестор издөө жана табуу кайсы бир деңгээлде жеңил жана тобокелсиз болсо, Кыргызстандын энергетикалык тартыштыгын чечүүгө жөндөмдүү болгон ири Камбар-Ата-1 ГЭСине инвестор табуу да, тартуу да жеңил эмес. Биринчиден, долбоорго көп каражат талап кылынат. Экинчиден, геосаясий мүшкүлү бар. Белгилүү болгондой, Өзбекстан бул ГЭСтин курулушуна каршы.

Жаңы инвестор ким болот?

Жаңы инвестор дегенде биринчи кезекте Кытай көз алдыбызга тартылат. Кытайда акча жана тийиштүү технология бар. Бирок Кытай Өзбекстан менен мамилесин тобокелге салып, бул долбоорго кирише алабы? Маселе ушунда жатат.

Андан сырткары мындай ири долбоорду аткарууда Кыргызстандын ишенимдүү өнөк боло аларына Бээжинде күмөн болушу мүмкүн. Ага Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча азыркы кыргыз бийлигинин каршы-терши чечимдери негиз болот. Андан сырткары Сары-Жаз бассейинин өздөштүрүү боюнча Кыргызстан Кытайдын сунуштарын сумсайткан жайы бар.

Алмазбек Атамбаев акыркы кезде айланчыктаган араб инвесторлорунда акча бар. Бирок аларда технология жана саясий эрк, жөндөм болгону шек жаратат.

Ошондуктан Камбар-Ата-1 үчүн Орусия идеалдуу инвестор эле. Ал Ташкендин тилин табууга, керек болсо тизгинин тартууга жөндөмдүү болуп, эң башкысы регион мамлекеттеринин кызыкчылыктарын балансташтырууга дараметтүү болчу.

ГЭСтердин курулбай калышынын кесепети

ГЭСтердин курулбай калышы Кыргызстанда энергетикалык кризистин учугун дагы узартат. Экономикалык өсүш үчүн зарыл болуп жаткан энергетикалык тартыштыкты жоюунун келечеги дагы белгисиз мөөнөттөргө жылат. Албетте өкмөт Кара-Кечеде жана башка жерлерде көмүр менен иштөөчү ТЭЦтерди курарын айтып жатат. Бирок ал кымбаттыгы, экологияны бузганы менен ылайыксыз.

Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны маалында

Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны маалында

Орусия үчүн келишимди аткарбоо репутациялык жактан зыяндуу. Өзгөчө Кыргызстан калкынын алдында. Ошондуктан Орусиянын элчиси Андрей Крутько жана президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө реакция жасап, азырынча так чечим кабыл алына элек дегендей жооткотууда.

Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов Кыргызстан Орусия менен энергетикалык келишимдерди түзүүдө катачылыктарга жол берген дейт:

- Эми Орусияга ишенип келдик. Аларга саясий жагынан да, экономикалык жактан да таянып, ошолор курат деген ишеним менен келдик. Ошонун негизинде келишим түзгөндө да экономикалык жоопкерчилик жазылбай калган. Эл аралык принциптердин негизинде алар куруудан баш тартса, чыгымдарга эки тарап кандай жооптуу болот деген пункттар болгон эмес.

Жаныбек Оморов ГЭСтерди куруу үчүн ачык эл аралык конкурс жарыялап, ага мамлекеттер эле эмес, жеке ишкерлердин катышуусуна да жол берилиш керектигин кошумчалады.

Рогун ГЭСи

Рогун ГЭСи

Кыргызстан менен Орусия 2012-жылы жетишкен келишим Кыргызстан үчүн ыңгайсыз экени ошол кезде эле айтылган. Анткени келишимге ылайык Орусия курула турган ГЭСтердин 50% түбөлүк ээлик кылмак. Маселен, Иран Тажикстанда ГЭС куруп, ал өзүн актаганга чейин Тегерандын ээлигинде болору келишилген. Ошондуктан Орусия менен келишимдин бузулушу Бишкек үчүн ушул жагынан пайдалуу болушу да ыктымал.

Орусиянын ГЭСтерди курбай калуу себебине келе турган болсок, президент Алмазбек Атамбаев аны Орусиядагы экономикалык кризис менен байланыштырды. Чындыгында Орусияда экономикалык каатчылык жана санкцияга байланыштуу сырттан насыя тартууда оорчулук бар. Бирок 350 млрд. доллар валюталык резерви, технология жана башка мүмкүнчүлүгү бар Москва долбоорду аткарууга дарамети жетиштүү эле деген пикирлер бар.

Москва Бишкекти эле эмес, Тажикстанды да ушундай абалда калтырган. Тажикстан мындай шартта Рогун ГЭСин өзү курууга киришкени маалым.

Фонддун да иши канааттандырбайт

Москва менен Бишкектин ортосунда кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иши боюнча да пикир келишпестиктер жаралгандай. Президент Атамбаев фонд жакын арада натыйжалуу ишке киришпесе, кадрдык чечимдер талап кылынарын айтты. Эки өлкө фонддун уставдык капиталын 500 млн. долларга жеткирип, дагы кошумча 500 млн. доллар насыя тартууну макулдашкан. Ушул күнгө чейин фондго 250 млн. доллар түшкөн.

Кыргызстан президенти фонд аркылуу чакан жана орто ишкерликти сом менен 12%, доллар менен 7% үстөгү менен каржылай баштайт деп үмүт артып жаткан. Бирок фонд үстөгү 12% насыя бөлүп, анын үстүнө ири долбоорлорго көп суммада насыя берүүгө ыктап жатканы маалым. Мына ушул жагдайлар жана фонддун ишинде активдүүлүктүн жоктугу да кыргыз президентин нааразылыгын жараткандай.

"Центерра" да сестентти...

“Балээ жалгыз келбейт” дегендей ГЭСтер көйгөйүнө чейин узак жылдык жаңжалга айланган Кумтөр тарапта да Кыргызстан жоготууларга учурап жатканы маалым болду. Кыргызстан бийлиги жана парламенти Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү биринин артынан бирин жүргүзүп, тынымсыз талашып-тартышып жатып, соңунда сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын жарыялады.

Кыргызстан сүйлөшүүдөн баш тартардан бир нече күн мурун “Центерра Голд Инк” Кыргызстандын кызыкчылыгына дагы бир сокку уруп, кошумча акция чыгаруу чечимин кабыл алганы маалым болду. “Центерра Голд Инктин” 12 кишиден турган Директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын үч өкүлүнүн бири болгон Кылычбек Шакиров кошумча акция чыгаруу “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшүнүн кыскаруусуна алып келерин айтты:

- 4.6 млн. даана акция чыгарабыз деп жатат. Андай болгондо “Кыргызстандын” азыркы 32.75% акциясы 32.1% чейин түшөт. Биз Директорлор кеңешинде үчөөбүз каршы чыгып, “Кыргызалтындын” үлүшү азайбаш керектигин айттык. Бул маалыматты өкмөткө да ошол замат жеткирдик.

Кумтөр кени

Кумтөр кени

Өкмөт башчы Темир Сариев Директолор кеңешиндеги үч өкүлдүн ишине нааразылык билдирди. Бирок азчылыкты түзгөн Кыргызстан өкүлдөрү Директолор кеңешинде чечим кабыл алууга таасир этүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Анткени үч добуш эч нерсени чечпейт.

“Центерра Голд Инк” мына ошентип кошумча акция чыгарабыз, чатактын баарын эл аралык сотто чечебиз деп опузалап жатканда Темир Сариев канадалыктар менен мурунку сүйлөшүүдөн чыгып, жаңы сүйлөшүүлөр баштарын билдирди:

- Биз ал сүйлөшүүдөн чыктык. Расмий түрдө билдирдик. Бирок жакын арада жаңы сунуш беребиз. Биз экономикалык, экологиялык жагына басым жасашыбыз керек. Мамлекет көбүрөөк пайда ала турган, экологияны сактап кала турган, жаңы технологияны колдонуп, башкаруу системасына толук кандуу кирише ала турган вариантка барабыз деп айтып атабыз.

Ошол эле учурда “Центерра” буга чейин коюлуп келген экология, экономикалык, башкарууда Кыргызстандын талаптарын аткарбай койгонун Темир Сариев мойнуна алды.

Ошондуктан “Центерра” баарын четке кагып жатканда жаңыдан кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн деген суроо жаралат. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков жаңы сүйлөшүүлөрдө көзүрлөрдүн баары “Центерранын” колунда болорун айтат:

- Эгерде биз жаңы келишим түзөбүз деп, сүйлөшүүлөрдү баштай турган болсок, биздин абалыбыз мындан дагы начарлайт. Анткени Кумтөр эртең кандайдыр бир себеп менен токтоп кала турган болсо, биздин экономикабызда катастрофалык абал түзүлөт. Анткени Кумтөрдөн биз 6-7 млрд. сомдун деңгээлинде салык түрүндө, дивиденд алабыз. Мына ушулардын баары бизге чоң коркунуч туудурат. Ошондуктан жаны сүйлөшүүлөр бизди эч кандай ийгиликке алып келе албай турганына көзүм жетет.

Равшан Жээнбеков Кумтөр боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү Кыргызстан бийлигинин жана коррупциялашкан адамдардын жаңы оюну болуш мүмкүндүгүн белгиледи.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сүйлөшүүлөрдү убакытты созуу катары баалады:

- Биз бир нече жыл мурун эле улутташтырууга барышыбыз керек эле. “Центерранын” тактикасы баарыбызга белгилүү. Анын сыры ачылган. Эптеп сүйлөшөбүз деп убакытты созууда. Үч жыл созду, дагы үч жыл созсо ал жерде алтын деле калбай калат. Биз өзүбүз үчүн өтө кымбат, маанилүү болгон үч жылды өткөрүп жибердик. Бүгүн да биз макул эмеспиз деп өкмөт менен мышык-чычкан ойноп, созгонго аракет жасоодо.

Кыргызстан эң чоң акционери болгонуна карабай, аны менен эсептешпей, кызыкчылыгын эске албай кошумча акцияларды чыгарып, биздин үлүшүбүздү бир топко азайтып жатышат... Мунун баары “Центерранын” бизге ниети түз эмес экендигинин далили. Алардын “эптеп эски эрежелер менен иштей берсек, бир нече жылдан кийин алтын да калбай калат, Кыргызстан менен ошондо башкача сүйлөшөбүз” деген ниети бар.

Иллюстрация

Иллюстрация

Кыргызстандын келерки жылынын бюджетинин кирешеси 124 млрд. сом деп белгиленген. Анын ичинен 5 млрд. сомдон ашууну Кумтөрдөн түшөт. Чындыгында мамлекет үчүн бул анчалык деле чоң сумма эмес. Анткени Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден эле салык, бажыдан 5 млрд. сомдон ашуун жоготууда, ал эми Транзиттик борборду чыгарууда мамлекет андан көп өлчөмдөгү жоготууларга барган. Бирок “Центерра” эл аралык сотто кездешебиз деп коркутууда.

Кыргызстандын да сотто экология, келишимдин башынан коррупциялык мүнөздө болгону сыяктуу жүйөлөрү жок эмес. Бирок да кыргыз бийлиги андай тобокелчиликтерден баш тартып, 2009-жылы Курманбек Бакиев учурунда жетишилген келишимди да сактай албай, Кыргызстандын үлүшүн азайтууга барууда. “Мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраптыр” дегендей абал түзүлүүдө.

Ачык калган ажо шайлоо

24-декабрда маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин бийликте бир күн да турбасын, аны төрагалык да, өкмөт башчылык да кызыктырбасын, атүгүл мураскерин да даярдабасын билдирди.

Президенттин бул билдирүүсү 2017-жылдагы президенттик шайлоого карата жаңы кырдаалды түзөт. Анткени Алмазбек Атамбаев 6-ноябрда Жогорку Кеңешке кайрылуусунда Европа үлгүсүндөгү таза парламенттик бийлик системасына өтүү жөнүндө сөз кылган эле. Бул 2017-жылдагы президенттик шайлоонун баа-баркын төмөндөтүп жаткан. Себеби таза парламенттик системада президентти парламент шайлап, анын бийлиги өтө эле чектелүү болот.

24-декабрда болсо Алмазбек Атамбаев 2017-жылы боло турган президенттик шайлоо, ал алып келе турган тобокелчиликтер жөнүндө сөз кылгандыктан республиканын таза парламенттик башкаруу системасына өтүүсү арасат экенин көрсөтөт.

Дегеле Конституция качан өзгөртүлөт, ал кандай жол менен ишке ашырылат, бийликте ыйгарым укуктар кандай бөлүштүрүлөт деген суроолор жоопсуз кала берди.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG