Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Жер-жерлерде калктын нааразылыгынын өсүшү оппозициянын жанданышына алып келди. Бишкекте журналист Турат Акимовго кол салуу министрдин дарегине күмөн жаратты. Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы талкууланды.

Кызыкчылыктар кагылышуусу

Экономикалык кризис калк менен өкмөттүн ортосунда кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келди. Өкмөт тартыштыгы кескин өсүп кеткен бюджеттин кенемтесин аз болсо да толтуруу максатында ар кандай төлөмдөрдү көбөйтүүгө аракеттенсе, кризистин айынан “жону жукарган” калк аны митингдер менен каршы кабыл алууда.

Жер-жерлерде чыккан андай митингдер өкмөттү чегинтүүгө аргасыз кылды. Бирок нааразылыктын толкуну бирде Нарында, бирде Таласта, бирде дагы башка жерде чыгып, басылбай бийликти бир топ бушайманга салууда.

Бардык митингдерде жарандар социалдык-экономикалык багыттагы маселелерди көтөрүп жатат. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин калктын турмушу оңолбоду деген жүйөлөр нааразылыктарга саясий өң-түс кошууда.

Ал эми кыргыз-орус мамилесиндеги акыркы кездеги терс жагдайлар, тактап айтканда ГЭСтер боюнча Москва менен келишимдин бузулушу, Кыргызстандын Кытай менен темир жол курууда Орусия каршы болгон жолдун кууш вариантына кыргыз өкмөтүнүн макул болушу жана Бишкектин Батышка жакындашуу саясаты Кыргызстандагы абалга геосаясий да боёк бере баштады.

Камчыбек Ташиев

Камчыбек Ташиев

Мына ушундай шартта бийлик жана оппозиция жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүүдө. 27-мартта боло турган шайлоодо өзгөчө күрөш Ош шаардык кеңеши үчүн күтүлүүдө. Активдүү саясаттан ар кандай жагдайларда четке сүрүлүп калган Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана башка таасирдүү саясатчылар биригип, жергиликтүү кеңештер, андан кийин президенттик шайлоо жөнүндө сүйлөшүп жатканы маалым болду.

Бул маалыматты “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да ырастады:

- Бүгүнкү күндө мамлекетибизде өтө реалдуу саясий күч топтолуп жатат. Ошол эле Акматбек Келдибеков “Ата-Журт” партиясынан чыккан эмес. Партиянын мүчөсү бойдон калган. Эгерде мен “Ата-Журт” партиясын мындан ары жетектеп кете турган болсом, ал ошол партияда болот. Андан сырткары башка саясий күчтөр биз менен акылдашып, макулдашып бир болууга аракеттенип жатат.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров да жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда оппозициялык саясатчылардын биригүүсү жүрүп жатканын белгилеген.

Азыркы кезде биригип жаткан бул оппозиция нааразылыгы күчөп келаткан калктын сап башында эмес. Нааразы болгон калк да кайсы бир саясий күчтөргө таянбастан, өздөрүнүн социалдык-экономикалык талаптарын канааттандырууга умтулууда. Муну калктын саясатчыларга ишеними калбай калганы менен түшүндүрүүгө болот. Ишенимдин кетиши болсо эки ыңкылапка байланыштуу. Анткени саясатчыларга ишенип калк ыңкылап жасады, бирок андан калктын турмушунда, мамлекетте олуттуу оңолуу боло бербеди.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев азыркы кезде оппозициянын майдаланганын белгилеп, өлкө үчүн бирдиктүү, кубаттуу оппозициянын болушу маанилүү дейт:

- Чоң оппозициялык саясатчылар биригиш керек. Эгерде алар бирикпесе оппозиция өнүкпөйт. Оппозиция биригип, өзүнүн лидерин алдыга койбосо, анда диалектиканын мыйзамдарына ылайык коомубуз өнүкпөй токтоп калышы мүмкүн. Анткени бийликке кубаттуу, салабаттуу оппозиция керек. Мына ошондо бийлик чыйралып, өлкөнү да өстүрөт, өнүктүрөт.

Бакыт Бакетаев калкты социалдык маселелер каржалтып жатканын айтып, апрель ыңкылабынан кийин электр энергиясына баанын кымбатташы, "Мегакомду" сатуу аракети, калкка жакшы түшүндүрүлбөгөн камсыздандыруу мыйзамдары жана башка долбоорлор нааразылыктын булагы болуп жатканын кошумчалады.

Акимов менен Турганбаевдин тиреши

Узап бараткан жумада Кыргызстанда саясий-криминалдык жаңжал чыкты. “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовду 20-февралга караган түнү белгисиз бирөөлөр арматура менен чапкан. Акимов башына чабылган арматураны колу менен тосууга аракеттенгенде темир кулагына тийип өткөн. Акимовдун колу да жабыркаган.

22-февралда маалымат жыйынын өткөргөн Турат Акимов ага кол салууга ички иштер министри Мелис Турганбаевдин тиешеси бардыгын билдирип, аны мындайча негиздеди:

- Мелис Токтомамбетович, мен сизге бүгүн кайрылам. Менде сиз абдан корко турган маалымат бар экенин билесиз. Эгер мага, менин үй-бүлөмө, санаалаштарым Максат Мамытканов жана Москвада жашаган Акылбек Апаитовго бир нерсе боло турган болсо, анда сиз менен болгон сүйлөшүүнүн стенограммасы интернеттеги Ютуб каналына жарыяланат. Бул биздин камсыздандыруучу кепилдик. Эгерде мен сизге жеткирейин деп алып кирип, бирок сиз кабинетте туталанып, жинденген ал маалымат жарыялана турган болсо, эл аралык чатак чыгат. Мен сизге эл аралык форматтагы олуттуу материалды алып баргам. Бирок уккуңуз келген жок. Анткени сиз ал маалыматтан аябай корктуңуз.

Байкалып тургандай, Акимов Мелис Турганбаев менен жолугушууда эл аралык мүнөздөгү маалыматты берүүгө аракет жасаган. Бирок ал Турганбаевге жаккан эмес. Акимовдун маалыматы криминалга байланыштуу болгону байкалат. Анткени ал сөзүндө Турганбаевге ал иштеген тармак боюнча маалыматты айтууга барганын белгилеп жатат.

Бул өңүттөн алганда Турганбаев менен Акимовдун сүйлөшүүсү белгилүү криминалдык төбөл Алмамбет Анапиявдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу болушу ыктымал. Анапияев өткөн жылы февраль айында Минскиде өлтүрүлгөн. Кыргыз бийлиги, анын ичинде министр Мелис Турганбаев бул иш боюнча Бакиевдерди жана ага жакын адамдарды айыптаган. Алар милиция кызматкерлери жашыруун түрдө Минскиден алып келген Анапияевдин жардамчысы Гүлжигит Абдулазизовдун көрсөтмөсүнө таянышкан. Бирок азыркы кезде Абдулазизовдун кайда экени белгисиз. Анапияевдин өлтүрүлүшүн иликтеп жаткан Беларус милициясы кылмышка шектүү адам изделип жатканын, ал чет өлкөдө экенин Турганбаев менен Акимовдун жаңжалынан бир нече күн мурун кабарлаган эле.

Албетте Мелис Турганбаев Турат Акимов тарабынан ага коюлган айыпты толук четке кагып жатат. Ал Акимовго кол салуунун артында ким турарын ачуу үчүн баарын жасарын билдирди.

Бирок коомчулукта бул ишти Ички иштер министрлиги эмес, Улуттук коопсуздук кызматы тергеш керек деген пикирлер арбын айтылууда. Турат Акимов өзү да президентке кайрылып, тергөөнү УКМКга өткөрүп берүүнү өтүндү. Ал өзү учурда өмүрүнөн чочулап, жашынып жүрүүдө.

Кыргызстандын мурунку ички иштер министри Болотбек Ногойбаев бул маселени прокуратура чечиш керектигин айтат:

- Эми менин ишимди бул, же тигил орган тергесин деп, ар бир киши чырылдай берсе бир жагынан туура эмес болуп калат. Экинчи жагынан калыстык болсун десе Башкы прокуратура эле чечип, башка органга берүүнү. Бирок Кылмыш кодекси боюнча мындай кылмыштарды милиция органдары караш керек. Эми министрдин үстүнөн доо болуп жаткандан кийин чырылдатпай УКМКгабы же башка органгабы берип койсо болмок.

Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Турат Акимовду мамлекет коргоого алганын билдирип, ал Мелис Турганбаевге айткан маалыматын коомчулукка ачык чыгарыш керектигин билдирди.

Мелис Турганбаевдин тарапкерлери Турат Акимов менен болгон окуя атайын уюштурулушу мүмкүн, анын максаты Турганбаевди кызматтан кетирүү, президенттин айланасын алсыратуу деп болжоодо.

Кайсы версия чын болуп чыгарын тергөө жана сот аныктоого тийиш.

Адам укуктарынын абалы начарлады

24-февралда Бишкекте адам укуктарынын, сөз, ишеним эркиндигинин сакталышы талкууланды. Талкуу “Бир дүйнө" укук коргоо кыймылы тарабынан уюштурулду.

Бул форумдун алдында Amnesty International уюму дүйнө жүзүндө адам укуктарынын абалы боюнча жылдык иликтөөсүн жарыялады. Анда жалпы дүйнөдө адам укуктарынын сакталышына коркунуч күчөгөнү белгиленген. Кыргызстанда болсо “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу аракети сынга алынган.

Чоң оппозициялык саясатчылар биригиш керек. Эгерде алар бирикпесе оппозиция өнүкпөйт.

Кыргызстандагы укук коргоо форумунда тынчтык митинг, пикет өткөрүүгө жол бербөө күчөгөнү, журналисттерди сотко берүү, сабоо фактыларынын көбөйүшүнөн жабыркап жатканы белгиленди.

“Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Азиза Абдирасулова:

- Тынч жыйындардын жобосун бузган дебестен, милиция кызматкерине баш ийбеди деген берене менен кармап жатышат. 2015-жылы кармоолор көбөйдү. 2015-жылы Бишкекте уруксат берилген, милиция көзөмөлдөгөн пикет болду. Калган баарын чектешти. Мыйзам жакшы болгон менен аны аткарууда артка кетип калдык.

“Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова журналисттерди соттоо, сабоо аларды өзүн-өзүн чектөөсүнө алып келип жатканын билдирди:

- Азыр журналисттер өздөрү да курч макала жазбай, курч сүйлөбөй калышты. Анткени көрүп атышат да: “Вечерний Бишкек” менен болгон окуя, Дайырбек Орунбеков, Уран Ботобековдун соттолушу. Ошолордун баары бийлик чоң кысым көрсөтүп жатканын айгинелеп турат.

Замира Сыдыкова Кыргызстанда кошуна мамлекеттерге караганда сөз эркиндиги дурус деп жооткотууларга кошулбай турганын кошумчалады. Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин эле сөз эркиндигине жетишүүгө жана демократияны курууга киришкен. Мына ошол биринчи убактагы жетишкендиктер азыр азайып баратат.

“Бир дүйнө” уюмунун форумунда мындай тескери тенденция Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийин күчөгөнү белгиленди.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG