Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга эки күндүк иш сапары менен барды. Медакадемиядагы адам өлүмүнө алып келген окуянын айланасындагы ызы-чуу ырбады.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев президент Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу мамилени чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттыруу маселесин талкуулады.

Бул иш сапар Кыргызстан Москва милдеттенмесин аткара албаганына байланыштуу ГЭСтердин курулушу боюнча Орусия менен келишимди бир жактуу жокко чыгаргандан берки биринчи жолугушуу болду. Андыктан бул иш сапар Бишкек менен Москванын мамилеси салкындады деген коомчулуктагы ар кандай сөздөргө чекит койду.

Бул арада парламентте Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна которулган акчанын көпчүлүгү Орусияда сакталганы тууралуу маселе көтөрүлүп, бул жагдай ишенбөөчүлүктүн белгиси катары кызуу талкууланды.

Иш сапардын максаты эмнеде?

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусияда иш сапары менен 2-марттан 4-мартка чейин болду. Москвада президенттер Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин, биргелешкен долбоорлордун аткарылышын жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү жагдайын талкуулашты.

Президент Атамбаев иш сапардын алкагында Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, учурдагы кыргыз-орус мамилесинин туруктуулугу тууралуу кеп салды.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов мамлекет башчысынын эки күндүк иш сапары ийгиликтүү жыйынтыкталганын белгиледи:

- Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы маанилүү деген маселелердин кеңири спектрин, мындан аркы багыттарды талкууга алышты. Иш сапардын алкагында биздин президент Орусиянын каржы министри менен жолугуп, анда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун каржылоонун негизги багыттары боюнча маселени талкууга алды.

Президент Атамбаев Москвадагы жолугушууларынын ар биринде “Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү” деген сөз айкашын бир нече ирет колдонду. Муну менен мамлекет башчысы расмий Бишкектин Кремлге карата көзү түз экенин жана тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттында эч кандай өзгөрүү болбостугун дагы бир жолу тастыктагандай болду. Анткени өткөн январда эки өлкө ортосундагы мамилеге кескин таасир эте турган жагдайлар орун алган.

Расмий Бишкек Орусия өзүнө алган милдеттенмесин аткара албаганына байланыштуу ГЭСтерди куруу келишимин бир жактуу жокко чыгарган болчу. Орус тарап болсо курулушту баштоого кеткен чыгымды 37 миллион доллар деп баалаган. Бирок бул көрсөткүч кыргыз тараптын күмөн саноосун жаратып, бул коомчулукта кызуу талкууланган. Учурда башталбай жатып токтогон курулуштун чыгымдарын атайын комиссия иликтөөдө.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни 9-февралда Жогорку Кенештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууда буга чейин үзгүлтүккө учураган эки тараптуу кызматташуу боюнча жаңы келишим даярдалып жатканын жарыялаган. Муну болсо орусиялык басма сөз Бишкектин Москвага далысын сала башташы катары мүнөздөп жиберген эле. Бирок Орусиядагы иш сапарында президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу мамиле жылуу бойдон кала берерине өзгөчө басым жасады:

- Биздин өлкөлөр ортосундагы бардык актуалдуу маселелерди дагы бир жолу талкуулап алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кубанычтамын. Биздин өлкөлөр ортосунда ири соода-экономикалык катнаштар орун алгандан тышкары биз – эң оболу стратегиялык өнөктөшпүз. Ушул боюнча эле каларыбызга үмүттөнөм. Бул эң башкысы.

Көңүл жайгаруунун көмүскө жолу

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Орусиядагы бул иш сапарында кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган кандайдыр бир орчундуу документтерге кол коюлган жок. Андыктан талдоочулар арасында бул иш сапар эки тараптуу мамилени бекемдөөгө гана багытталып, өз ара ишенимди чыңдоо максатында жасалды деген көз караш үстөмдүк кылууда. Себеби соңку мезгилде саясий чөйрөдө Москва расмий Бишкектин соңку кадамдарына нааразы дегендей сөз тараган.

Жогорку Нарындагы ГЭС курулушу башталбай жатып токтоду

Жогорку Нарындагы ГЭС курулушу башталбай жатып токтоду

Орусия каржылай албагандыктан ГЭСтерди курууга башка инвестор издөөнү көздөгөн расмий Бишкектин эгемен чечими Москваны тырчытканы Кремлге жакын кабар агенттиктеринин маалыматтарынан байкалып калды. Демейде Кыргызстан биротоло Орусиянын орбитасына киргизилди деген маанайда отурган орус жетекчилигине Бишкектин ал кадамы жакпаган шекилди.

Мына ошондуктан саясатчы Равшан Жээнбеков президент Атамбаевдин Орусияга иш сапары ортодогу тымызын чыңалууну жөнгө салууну көздөгөнүн белгиледи:

- Орусия тарап Кыргызстанга берген убадаларын жалпысынан аткара алган жок. Кыргызстан аткарылбай калганын дипломатиялык жол менен айтып, келишимди бир жактуу бузгандан кийин бул жагдай Орусия тараптын нааразылыгын жаратты. Өлкөдө социалдык-экономикалык абал оор болуп турганда Атамбаевге Кремлге окшогон душман ашыруунун кереги жок. Ошондуктан биздин президент өзү сунуш кылып, Москвага барып, Кремлди жумшартканга жана аны менен мамилени оңдогонго аракет кылды. Президент Атамбаев “биз башка жакты карабайбыз, биз дагы деле болсо силер мененбиз” деген сыяктуу сөздөрү менен өзүнүн Кремлге болгон берилгендигин далилдегенге аракеттенди.

Путиндин мамилеси

Эмнегедир Орусиянын президенти Путин Кыргызстандын мамлекет жетекчиси Атамбаев менен бул жолку жолугушуусунда мурдагыдай эки өлкө ортосундагы биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгына жана анын учурдагы абалына көп токтолгон жок. Адатта Кыргыз Республикасын өзүнүн лексиконунда дайыма “Кыргызстан” деп урмат менен атаган Путин бул ирет өлкөнүн аталышын “Киргизия” деп эски совет доордо аталган ат менен атады.

Эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу үстүрт гана айткан президент Владимир Путин миңдеген кыргызстандык мигранттардын Орусияда байырлап жаткан жагдайына басым жасап, муну эки өлкө ортосундагы байланыш-катыштын башкы көрсөткүчү деп атады:

- Биздин алака-катышыбыздын мүнөзүн баса белгилөөнүн деле кереги жок. Киргизия стратегиялык мамиледеги биздин ишенимдүү өнөктөш. Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташуу көрсөткүчтөр аркылуу эле берилбей реалдуу жашоого, экономиканын өнүгүшүнө, социалдык тармакка таасирин тийгизет деп үмүттөнөм. Байланышыбыз бекемделип жатканын белгилегим келет. Буга Кыргызстандын Орусияда жашап, иштеп жаткан кыргыз жарандарынын саны мисал.

Ошону менен Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду аткаруунун шарттары жана экономикалык кызматташтыктын солгундашын калыбына келтирүү туурасында маселе кандайча талкууланганы конкреттүү мисалдар менен бышыкталган жок. Буга чейин президент Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишкерликти насыялоо талабы бир топ жогору болуп жатканын белгилеген болчу. Аталган фонддун жетекчилиги муну ишкер долбоорлорду каржылоо саясатын Орусия тарап аныктай турганын айтуу менен чектелген эле.

Фонддун акчасы Орусияда сакталат

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинде кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн акчанын көпчүлүгү Орусияда сакталганы тууралуу маселе көтөрүлдү. Андагы 350 миллион доллардын 265 миллиону төрт пайыз үстөк менен орус банктарында сакталып турганы белгилүү болду. Фонддун төрайымы Нурсулуу Ахмедова орус тарап Кыргызстандын банктарына ишенбегендиктен каражатты Орусиянын банктарында депозит катары кармоо чечимине келгенин айтты.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев муну туура эмес саясат катары кабыл алды:

- Фондго бөлүнгөн акчанын 265 миллион доллары төрт пайыздык үстөк менен кайра эле Орусиянын банктарына берилип кетиптир. Бул жагы туура эмес. Бул акчаны Алмазбек Атамбаев чоң талаш-тартыш менен алып келген. Аны эми биздин банктарга салса деле болот эле го.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нурсулу Ахметова президенттин кабыл алуусунда

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нурсулу Ахметова президенттин кабыл алуусунда

Аталган фонд Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин өлкө экономикасын колдоо максатында түзүлүп, уставдык капиталы 1 миллиард долларга чейин жете турганы жарыялаган болчу. Башында фонддун каражаты өндүрүштү, майда жана орто ишкердикти насыялоого багыттала турганы айтылып, бирок экономикалык негиздемеси жогору долбоорлор гана каржылана турганы көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары фондго Орусия убада кылган баштапкы сумма эки эсе кыскарып, 500 миллион доллардын ордуна 350 миллион гана Кыргызстанга которулган. Ошол эле кезде келип түшкөн долбоорлорду кароонун шарттары менен насыя берүүнүн талаптары боюнча дагы ишкерлер арасында сын пикирлер көбөйгөнү маалымат каражаттарында айтылган болчу.

ЖИА бизнес бирлигинин башчысы Умбриэл Темиралиев экономикасы каатчылыкка кептелген Орусия Жогорку Нарын каскадынын курулушу сыяктуу эле фондду каржылоодон дагы баш тартышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Орустардан акча чыгара албай калышыбыз да мүмкүн. Мен билгенден директорлор кеңешинин жыйынында алар акча бербейбиз деп ачык эле айтышты. Анткени туруктуу экономикалык долбооруңар жок экен деп жатышат. Бир сөз менен айтканда, тобокел учурда турабыз. Себеби Орусияда экономикалык абал курч. Азыр алар бир да доллар сыртка чыгаргысы келбейт. Минтип отурса, акчаны кийин беребиз же бербейбиз деп коюшу да мүмкүн. Анткени Нарын ГЭСинен көрбөдүкпү.

Медакадемиядагы дүрбөлөң

Ал арада февраль айынын соңунда Медициналык академиянын аппарат жетекчисин атайын кызматтын өкүлдөрү пара менен кармоо учурунда адам өлүмүнө алып келген окуянын айланасындагы ызы-чуу ырбады.

Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын жамааты окуу жайдагы кайгылуу окуяга байланыштуу өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Медакадемиядагы оперативдик иш-чарасынын жыйынтыгы жөнүндө кыскача гана маалымат тараткан. Анда ушул жылдын 23-февралында окуу жайдын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровго чара көрүү тууралуу бир жарандын арызданганы жарыяланган. Ал жаран окуу жайдын аймагына коюла турган соода күркөсү үчүн Гапаров андан 30 миң сом талап кылганы, болбосо ал жерди башка ишкерлерге берип коёрун айтып опузалаган деп даттанган.

26-февралда Абдыкерим Гапаров өзүнүн иш бөлмөсүндө 30 миң сомду алып жаткан маалда колго түшкөн жана ошол маалда жүрөгү кармап каза болгон. Адатта атайын кызмат мындай операция маалында тартылган видео тасманы интернетке жарыялачу. Бул ирет жөн гана маалымат берүү менен чектелиши күдүктөнүүгө негиз берди.

Коомчулукта атайын операция учурунда парага берилген акча кылмышка шектүүнүн жанынан чыккан эмес деген түкшүмөл пайда болду. Буга атайын кызматтын окуяга карата ачык-айкын комментарий берип, так жүйөлөрүн келтирбей жатканы себеп болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG