Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:56

Апта: Текебаевдин “ачылышы”, Анкара - Москва жүрүшү


Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.

Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.

Узап бараткан аптада “Ата Мекен” фракциясынын лидери Кыргызстанда өкмөт эмнеге тез-тез алмашып жатканын ачыкка чыгарды. Кыргыз-орус энергетикалык келишимдерин токтотууга акыркы чекит коюлду.

Орусия менен Анкара жакын өнөктөштүккө кадам таштады.

Конституция үчүн күрөштөгү жаңы "ачылыштар"

Президент демилгелеп, парламенттеги төрт фракция колдоду деп июль айынын аягында жарыяланган Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоор оппозиция жана жарандык коомдун каршылыгын ошол замат эле пайда кылган.

Узап бараткан аптада болсо “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана акыйкатчы Кубат Оторбаев долбоорду сынга алышты. Бийлик ичинен чыккан бул каршылык оппозиция менен бийликтин ортосундагы тиреште бийликке сезилерлик сокку уруп, аларды долбоордогу айрым жоболордон баш тартууга аргасыз кыла баштады. Маселен, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов долбоордогу 1-берененин жоболорун преамбулага которуу жөндүү болорун айтып чыкты.

Азыркы Конституциянын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы айткан пикиринде долбоор республиканы 2010-жылга кайра алып бараарын эскертти. Бирок “Ата Мекендин” лидери бийлик “узурпациясы” алда качан эле башталганын жана ал өзү ага салым кошконун моюнга алды:

- Ошон үчүн өкмөттөрдү кайра-кайра кетирип, биз Атамбаевди бекер эле күчтөндүрдүкпү? Контрреволюциялык өкмөттөрдү кетирип... Билесиңер, баарын мен кетиргенмин! Сариевди гана мындай... Бирок тарых алдында айтып коюшум керек, мен өзүм кетирген жокмун, Атамбаев менен макулдашып туруп кетиргем. Темир Сариевди деле Канат Исаев өзү кетирген жок. Атамбаев менен макулдашып туруп кетирди. Улам-улам өкмөттү алмаштыруу жолу менен өкмөттү маргиналдаштарып, үшүн алып, Конституциядагы ыйгарым укуктарын пайдалана албай турган кылып, кол балага айлантып, президент жана анын айланасы Конституцияда көрсөтүлбөгөн ыкма менен өлкөнү башкарып келатат. Мына узурпациянын белгилери. Менин дагы ага салымым бар.

- Мына, Өмүрбек Чиркешович ар кандай конфигурациялык топторду бүлүндүрүү аракетин көрүп келгенин моюнга алса, президент күчүн бардык саясий күчтөрдү, Кыргызстан элин бириктирүүгө жумшады.

Текебаев жана Атамбаев кетирген өкмөттөрдүн ичинен Бабановдун өкмөтүн гана анын фракциясынын курамын карап туруп, кайсы бир деңгээлде контрреволюциялык деп атоого болот эле. Президентик аппараттан келген Жантөрө Сатыбалдиевди же “Ата Мекен” партиясынан өкмөт башына келген Жоомарт Оторбаевди, ыңкылапчылар катарында жүргөн Темир Сариевди кантип контрреволюциялык деп атоого мүмкүн? Бул өкмөттөрдү кетирүү айрым учурларда республика экономикасы үчүн эң оор сокку болгону маалым. Маселен, Жантөрө Сатыбалдиевди кетирүү менен Кумтөр боюнча 50/50 долбоору ойрон болду. Аягында республика “тешик тепши” же Бакиевдин мезгилиндеги келишимден да ыңгайсыз жана оор абалда калды.

Өмүрбек Текебаевдин референдумга каршы чыгышы жана бийлик ичиндеги “оюндарды” шардана кылышына президент тараптан дароо сокку урулду. Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Текебаевди бүлүндүрүүчү катары атады:

- Мына, Өмүрбек Чиркешович ар кандай конфигурациялык топторду бүлүндүрүү аракетин көрүп келгенин моюнга алса, президент күчүн бардык саясий күчтөрдү, Кыргызстан элин бириктирүүгө жумшады. Кыргызстанга тынчтык жана стабилдүүлүк ушул жол менен келди. Анан турмушта мындай болот экен, бирөөлөр бүлүндүрүүгө чуркап жүрсө, экинчилери, тескерисинче, бүтүндүктү жогору коет. Ошон үчүн бүгүнкү күндөгү кырдаал референдумду четке какпайт.

Фарид Ниязовдун билдирүүлөрү көрсөткөндөй, бийлик долбоордогу айрым “эмоционалдуу” жоболорду четке сүрүп, бирок өкмөт башчыны кызматтан алууну болушунча татаалдатуу, анын бийлигин бекемдөө жана Конституциялык палатаны ооздуктаган жобону сактоону калтырууну көздөйт.

Негизи эле Конституцияны өзгөртүүнүн негизги максаты да ушул экени белгилүү. Бирок бул жоболордун сакталышы Текебаев айткан “узурпация” жана “диктатуранын” бекемделишине шарт түзөт. Анткени өкмөт башчынын “түшпөс ханга” айлануусу ошондой опурталдуулукту жаратат.

Көпүрөлөр өрттөлгөндө...

12-августта Сочи шаарында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны болду. Ага Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүк делегация катышты.

Анда Кыргызстан менен Беларус премьер-министрлери уюмдун негизги көйгөйлөрүн ортого салышты. Орусия, Казакстан жана Армения өкмөт башчылары болсо биримдик алгылыктуу натыйжаларды да алып келип жатканын айтышып, оң жылыштарын да баса белгилешти. Бирок аны ишке ашырууда зарыл болгон олуттуу маселелер бар экенин айтышты.

​Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр ортосунда башында макулдашылган сүйлөшүүлөр толук ишке ашпай жатканын, мындай абал уюмдун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип келатканын айтты:

​- Соода алмашуу багытында тоскоолдуктар жоюла элек. Кыргызстан менен Казакстан ортосунда ветеринардык-санитардык көзөмөлдү алып салуу маселеси чечилбей келүүдө. Бирдиктүү транспорттук аймак, жүк ташуу маселеси көйгөй бойдон калды. Тоскоолдуктарды жаратуу ордуна бирдиктүү соода тармагын зыяндуу атаандаштыктан сактоо керек.

​Практикалык жагына келгенде Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстан алдындагы бир катар кыйынчылыктарды четтеткен жок. Мигранттардын абалы жеңилдеди. Бирок айыл чарба продукцияларын өткөрүүдө оорчулук кала берүүдө. Анын бир мисалы катары июль айында Казакстан тараптын Кыргызстандын миңдеген тонна айыл чарба продукциясын артка кайтаруусун атасак болот.

Кыргызстан Сочи жыйынында мына ушул маселелерди көтөрөрүн өлкөнүн Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов билдирген эле:

- Бардыгын текшерип, айыл чарба продукциясына мыйзамдуу документтерди даярдап берген күндө деле кээ бир жерде биздин ишкерлерди токтотуп алышып, “мынча акча бересиң, болбосо түшүрүп калабыз” деп коркуткан учурлар болуп жатат. Аларга акча бергени ары өтүп кетип, бербегени кармалган жагдайлар бар. Биз бул тууралуу казак тараптын өзүнө кат менен кайрылып да көрдүк. Мына ошондой түшүнүксүз мамилелер болуп жатат. Кээде биздин ишкерлерден да кемчилик кеткен учурлар бар. Ишкерлер товарды лабораториядан өткөрбөй эле, сертификаты жок алып кирип алып, кармалган учурлары дагы бар. Биз бул маселени жөнгө салууга тийишпиз.

Фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар жагынан Кыргызстан аксап жатканы белгилүү. Мунун өзү Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында жана анын учурунда өкмөттүн жетишсиз аракети, жоопкерсиздиги катары сыпатталып келатат.

Бирок да Евразия экономикалык биримдиги да өлкө күткөн экономикалык натыйжаны бере элек. Маселен, өткөн жылы Биримдикке кире элек кезге салыштырмалуу быйылкы жылы өлкөнүн тышкы соодасы төмөндөө жолунда гана келатат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын жети айында импорт 7.3%, экспорт 28.2% төмөндөгөн. Евразия экономикалык биримдиги тескерисинче сооданын, демек өндүрүштүн өсүшүнө алып келиш керек эле.

- Бардыгын текшерип, айыл чарба продукциясына мыйзамдуу документтерди даярдап берген күндө деле кээ бир жерде биздин ишкерлерди токтотуп алышып, “мынча акча бересиң, болбосо түшүрүп калабыз” деп коркуткан учурлар болуп жатат.

Жалпы эле Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү төмөндөө тенденциясынан арыла албай келатат. Ички дүң продукция сегиз айдын ичинде -1,2% ылдыйлаган. Экономика тармактарынан өнөр жайы -15%ашуунга, электр энергиясын өндүрүү -11%, ал эми кийим тигүү -26,6%, текстиль - 29% төмөндөгөн. Республикадагы орточо айлыктын көлөмү болсо, 14 миң сомго жакын деп көрсөтүлгөн. Бул 200 доллардын тегерегиндеги сумманы түзөт. Ал эми жети айдын ичиндеги экспорттун көлөмү 510 млн. доллар, импорт 1 млрд. 849 млн. доллар болгон. Тескери сальдо төрт эсеге жакындап барган.

Экономикалык өсүшкө өбөлгө боло турган инвестиция байкалбайт. Кыргызстан буга чейин үмүт арткан Нарын каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу келишими узап бараткан жумада толугу менен жокко чыгарылды. Эми орус тарапка бул долбоорлорду аткарууда кетирген чыгымдарды төлөп берүү милдети турат.

Орус тарап Нарын каскады үчүн 37 млн. доллар жумшаганын ачык айткан. Бирок алар Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемеси үчүн да каражат сарптаган. Ошондуктан Кыргызстандын Орусияга төлөй турган суммасы 37 млн. доллардан алда канча көп болушу күтүлөт. Эң башкысы, бул ГЭСтерди куруу үчүн жаңы инвесторлордун карааны көрүнбөгөнү да чоң көйгөй.

Стратегиялык өнөктөш аталган Орусия жана Түркия даректерине президент Атамбаев тарабынан айтылган дипломатиялык эмес сындардан улам ири инвестиция келеринен үмүт аз. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору боюнча азыркы бийликтин бирде ары, бирде бери кеткен позициясы Кытайдын да карманып калышына алып келгендей.

Москва менен Анкаранын табышуусу

Ысык-Көлдөгү маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев акаарат келтирген Москва жана Анкара кайра табышып, мурункудан да жакын болууну чечишти. Эки ири мамлекеттин табышуусуна Казакстандын данакер болгону да айтылууда. Казак президенти Нурсултан Назарбаев 15-июлдагы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин Анкарага барып, президент Режеп Тайып Эрдоган менен кол кармашып, Казакстанда "гүленчилерди" иликтеп, табылганын Түркияга жөнөтүүнү убадалап келди. Бул стратегиялык жана ишенимдүү өнөктүн акыл калчап айткан сөзү жана кабыл алган чечими болду.

Түркия менен Орусиянын жакындашуусуна келе турган болсок, 9-августта Санкт-Петербургда президенттер Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин жолугушту. Эки тарап өткөн жылы ноябрь айындагы учак жаңжалынан кийин бузулган мамилени оңдоону макулдашты. Ал эмес, чалгын жана аскерий жактан жакындашуулардын мерчемделиши Москва менен Анкаранын стратегиялык өнөктөштүккө карай багыт алганын кабарлайт. Бул кызматташтык азырынча Сирия маселесинде да акырындап жолго коюлууда.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Санкт-Петербургда президенттер жолугушуусунан эки өлкөнүн чалгын, аскер жана дипломатиялык кызматкерлери 10-августта чогулганын билдирди:

- Мурда Сирия боюнча Орусия менен башкача көз карашта элек. Андай айырма тышкы иштер, аскерий жана атайын кызматтар ортосунда бар эле. Азыр эми башка күчтүүрөөк кадам жасайбыз. Бүгүн кечинде биздин атайын кызматтардын башчысы, Тышкы иштер министрликтин жана түрк аскеринин өкүлдөрү Санкт-Петербургга келишет. Андан кийин тышкы иштер министрлеринин катышуусунда жогору деңгээлде жолугушуу өткөрөбүз.

Түрдүү геосаясий күчтөрдүн кызыкчылыктарынын кагылышуусунун аренасына айланган Сирия маселесин чечүүдө Орусия менен Түркиянын жакындашуусу Москва жана Башар Асаддын кызыкчылыгына төп келет. Орусия жоготуп табышкан өнөгүнөн Сирия оппозициялык күчтөрүнө курал-жарак, азык-түлүк, техника, жабдуулардын жана адамдардын түрк чек арасынан өтүүсүнө тыюу салууну сурамакчы.

​- Мурда Сирия боюнча Орусия менен башкача көз карашта элек. Андай айырма тышкы иштер, аскерий жана атайын кызматтар ортосунда бар эле.

Бул азыркы кезде Сирия өкмөттүк күчтөрүнө каршылык көрсөтүп келаткан күчтөрдүн алсыроосуна, аягында Башар Асаддын жеңишине алып келет. Түркия өнөгүнүн бул талабын аткаруу багытында экени Москвадагы сүйлөшүүлөр, андан кийин 12-августта Анкарада Иран тышкы иштер министри Мохамад Жавад Зарифи менен түрк тышкы иштер министринин сүйлөшүүлөрү менен тастыкталууда.

Министр Чавушоглу Сирия боюнча Анкара менен Тегерандын позициясынын окшоштугун атады:

- Сириянын чек арасы жана анын аймактык бүтүндүгү боюнча биздин позициябыз окшош. Бул өтө маанилүү нерсе.

Орусия жана Түркия жакындашуусу соңунда Москва-Анкара-Тегеран биримдигине алып келет, ал дүйнөдө олуттуу геосаясий өзгөртүүлөрдү жаратат деген пикирлер айтылууда.

15-июлдагы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин Анкаранын Брюссель жана Вашингтон менен мамилесинин салкындашы андай жаңы альянстын пайда болушунун себеби катары аталууда. Бирок да Түркия Европа Биримдигине мүчөлүк маселесинде үмүтү үзүлүп турганын айткан менен, НАТОнун катарында кала берүүдө. Түркия “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмга каршы күрөштө АКШ баштаган коалицияны колдоорун 12-августта Түркиянын коргоо министри Фикри Ышык билдирди. АКШ менен Түркиянын мамилеси август айынын аягына белгиленген АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин менен сүйлөшүлмөкчү.

Түркия менен Орусия тил табышкан мезгилден көп өтпөй Москва менен Киевдин мамилеси кескин курчуп, толук кандуу согуш коркунучу пайда болду. Орус тараптын маалымдоосу боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү Крым аймагында диверсия уюштурууну көздөгөн. Бул максатта Киев жөнөткөн адамдар менен атышууда жана аларды кармоо учурунда Орусиянын эки аскери өлгөнү кабарланды. Орус президенти Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырып, “биз мындай нерселерден кыйгап өтө албайбыз” деп, Украинага катуу кекенди. Биринчи дипломатиялык кадам катары Москва Минск келишимин аткаруу боюнча Франция, Германия, Украина жана Орусия жолугушуусунун эч кандай мааниси калбады деп билдирди.

Киев бийлиги өз кезегинде Крымдагы окуяларды чагым катары баалап, Москва Донбасста аскерлерибиз жок дегендей эле эки жүздөнүп жатат деди. Киев Куралдуу күчтөрүн толук күжүрмөн даярдыкка келтирип, эл аралык өнөктөрүнөн активдүү колдоо издөөгө киришти.

Киев менен Москванын мамилесинин кескин курчуп кетишине чейин Луганск республикасынын башчысы аталган Игорь Плотницкийдин өмүрүнө кол салуу болгон. Москванын Минск келишими боюнча сүйлөшүүдөн баш тартуусуна ушул окуя кошул-ташыл болушу ыктымал.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG