Линктер

Апта: убактылуулар “урушу”, Каримовдун акыркы сапары...


2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев.

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев.

Узап бараткан аптада Кыргызстан Москвада өрттө каза тапкан кыздарын акыркы сапарга узатты. Эгемендиктин 25 жылдыгын белгилөө саясий жаңжал менен коштолду. Өзбекстан президенти Ислам Каримов дүйнөдөн кайтты.

Кыргызстан кыздарынан ажырады...

27-августта Москвадагы типографияда өрттөн каза тапкан 14 кыз-келин акыркы сапарга узатылды. Бөөдө кырсыктан жаны кыйылган кыздарды жерге берүү зыйнаты Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында өттү.

Бул кыздар өз мекениндеги жумушсуздуктун айынан Орусияга барууга аргасыз болгон миллионго чукул кыргызстандыктардын катарында болчу.

Миграция агымы СССР урап, Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялап, биринчи президентин шайлагандан кийин башталганы маалым. Андан бери эки ыңкылап болду, президенттер алмашты, республика эгемендүүлүгүнө 25 жыл толду. Бирок миграция агымы басаңдаган жок, анткени экономикада илгерилөө байкалбайт.

Майрамда бузулган маанай

Мына ушундай жагдайда республика 31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанатта президент Алмазбек Атамбаевдин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана мурунку президент Роза Отунбаеванын дарегине мазактоого чейин жеткен сөздөрү майрамдык маанайга терс таасирин тийгизди. Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаев сүйлөп жаткан учурда салтанаттан кетип калууга аргасыз болду.

Алмазбек Атамбаевдин Роза Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөттөгү санаалаштарына каарын төгүүсү алардын Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга каршы чыгып, 2020-жылга чейин токтото туруу талабы менен кайрылуусуна барып такалат.

Ыңкылап учурундагы үзөңгүлөштөрүнө ачууланган Алмазбек Атамбаев 2010-жылы референдумда кабыл алынган Конституция парламенттик башкарууну алып келбегенин, Роза Отунбаеванын президенттикке бекитилиши да күмөндүү экенин белгиледи.

Убактылуу өкмөттүн референдумга каршы чыккан калган мүчөлөрүнө карата ачык коркутуу жана кордоого жеткен сөздөр айтылды:

- Кыңыр иштериңер эртели-кеч ачыкка чыгат. Качып кеткен Акаев, Бакиевдей силер да качып кетпегиле. Кыргыздын байлыгын, жерин ким сатканы бардыгы ачылат. Ачыла баштады. Мародерлук да ачылат, банк уячаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровду ким түрткүлөгөнү, ким үгүттөгөнү, ким качырганы да ачылат.

Муну менен Алмазбек Атамбаев өзүн Убактылуу өкмөттөгү көпчүлүк санаалаштарынан бөлүп, ыңкылап учурундагы башаламандык жана андан кийинки кан төгүүлөр үчүн аларды күнөөлөдү.

Убактылуу өкмөттүн референдумга каршы чыккан көпчүлүк мүчөлөрү президент Атамбаевдин сөзүн кескин айыптап, Роза Отунбаевадан кечирим сурашын талап кылды.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев президент Атамбаевдин сөзүн сынга алып , ал өзү өлкөнүн коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн коркунуч жарата баштаганын айтты:

- Эми Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эле эмес, Кыргызстан үчүн күйгөн бардык патриоттор эмне иш кыларыбызды кеңешебиз. Президенттин Конституцияда көрсөтүлбөгөн иштерине чекит коюшубуз керек. Койбосок, мына коңшулардын баары менен мамилелерди бузуп, жаман абалга алып келди. Эми өлкөнүн ичинде адамдарды, региондорду бөлүп, ынтымакты кетирип коюшу мүмкүн.

Бул билдирүүлөр кечээ күнкү санаалаштар ортосунда ырк биротоло кеткенин көрсөтөт. Президент референдумга каршы чыккан Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн кылмыш иши жана абак менен коркутса, оппоненттери президентти тизгиндөөнүн айласын издөөдө.

Өмүрбек Текебаев 1-сентябрда парламенттеги сөзүндө президентти катыштырбай өкмөттү түзүүгө болорун айтып, анын мыйзамдуу жолун көрсөттү. Бирок азыркы шартта анын аткарылышы күмөндүү. Андай кадамга парламентти массалык нааразылык гана түртө алат.

Президент тарап да тизгинди алдырбоо максатында аракетин жасап жатат. Ал кечээки душмандарды боорго тартып, жаңы душманга каршы коюу аракетин жасоодо. Маселен, президенттин жакын кеңешчилери саясатчылар Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүп, өз жээгине тартууга аракеттенүүдө. Ак үйдүн азыркы кожоюндары менен Акматбек Келдибековдун ортосундагы өзгөргөн маанайды, Келдибековдун Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдогон маеги да көрсөтүп турат. Андан сырткары “Ата Журттун” лидерлери референдум боюнча талкуулардан өздөрүн оолак кармап турушат.

Темир Сариев да Убактылуу өкмөттүн билдирүүсүнө кошулбай, президент тарапта калууну артык көрүүдө. Ал ошондой эле Ташиев менен сүйлөшүп, келечекте тандемге баруу максатын көздөөдө.

Теракттын артында ким турат?

30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин алдында жардыруу болду. Расмий маалыматтар боюнча, жанкечти элчиликтин дарбазасын автоунаа менен сүзүп кирип, андан кийин машинадагы бомбаны жардырып жиберген. Азыркы кезге чейин жардырууну ким жасаганы айтыла элек. Андан үч киши жабыркаганы кабарланды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жардыруу болгон жерге келип, окуяны мындай сүрөттөгөн эле:

- Жанкечти автоунаасы менен дарбазаны бузуп кирип, жардырган. Автоунаасы да, өзү да жок болуп кеткен. Азыркы кезде ким тарабынан жасалганын айтуу эрте.

Элчиликтин имаратынын жардыруу болгондон кийинки көрүнүшү. 30-август, 2016-жыл

Элчиликтин имаратынын жардыруу болгондон кийинки көрүнүшү. 30-август, 2016-жыл

Кийинчерээк кыргыз бийлиги Кытай элчилигинин алдындагы жардырууну теракт деп атады. Бирок жардырууга эч кайсы уюм жоопкерчилик алган жок. Ал эми жардыруу жасаган адам дээрлик жок болуп кеткендиктен анын ким экендигин аныктоо кыйынчылыкка турууда.

Талдоочулар бул жардырууну диний экстремисттер менен байланышкан уйгур жикчилдери жасаш мүмкүндүгүн айтып жатышат. Ал теракттын Кытай элчилигинде жасалашы жана Кытайда уйгурлардын өз алдынча болуу максатында жүргүзүп келаткан күрөшү менен негизделүүдө.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Марат Иманкулов Кытай элчилигинин алдындагы терактты ким жасашы мүмкүн деген суроого мындай жооп берди:

- Мына, Сирия жана Иракта согуш жүргүзүп жаткан “Ислам мамлекети” деген ат менен жүргөн террордук уюм бар. Ошолордун колунан келиши мүмкүн. Кытайдагы Шинжаң уйгур автономиялык районунун уйгур улутундагы адамдары бар. Ошолордун колунан келиши мүмкүн.

Кыргызстанда Кытай кызыкчылыктарына уйгур жикчилдери тараптан чабуул буга чейин да жасалган. Маселен, 2000-жылдардын башында уйгурлардын Кыргызстандагы “Иттипак” уюмунун лидери Нигмат Базаков атып өтүрүлгөн. Ал жикчилдерге колдоо көрсөтпөгөнү үчүн атылганы аныкталган. Ошол эле мезгилде Бишкекте кытай консулу атып өлтүрүлүп, бир нечеси жарадар болгон. Ал боюнча да Уйгурстандын эркиндиги үчүн күрөшкөндөр уюму айыпталган. Уюмдун мүчөлөрү камакка алынган.

Кытай Борбор Азия мамлекеттерин уйгур жикчилдеринин уягына айлантпоо үчүн көп аракеттерди жасап келатканы белгилүү. Дал ушул Бээжиндин аракети менен Шаңхай кызматташуу уюму терроризм жана экстремизм менен катар сепаратизмге каршы күрөшүүнү негизги максат кылып койгон.

Андан сырткары Бээжин Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан бийликтери менен мыкты мамиле түзүп, чоң насыя жана инвестиция салып, уйгурлардын саясатташкан бирикмелеринин региондо пайда болушуна жол берген жок.

30-августтагы элчилик алдындагы терактты Кытай өкмөтү кескин айыптап, ага тиешеси барларды таап, жазалоону Кыргызстан бийлигинен талап кылды. Кытай бийлиги тергөө иштерин жүргүзүүгө жардам берүүгө даярдыгын да билдирди.

30-августтагы кол салуу Кыргызстан тарыхында биринчи жолу жанкечти тарабынан жасалган теракт болуп калды. Диний экстремизмдин күчөшүнөн чочулап турган кыргыз коомчулугу террор коркунучу башка деңгээлге чыкканын көрүп, сестенип калды.

Үңкүр-Тоо жаңжалындагы жаңы жагдай

Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасында кырдаал чыңалган бойдон турат. Ал жерде кандайдыр бир олдоксондук куралдуу кагылыш жаратуу коркунучу менен опурталдуу болуп турат. Кырдаал кыргыз тараптын 13-августта өзбек милиция кызматкерин кармоосунан кийин курчуганы белгилүү. Ага жооп кылган өзбек тарап талаштуу делген Үңкүр-Тоого 22-августта аскер жайгаштырып, ал жердеги телемунарада иштеген кыргызстандык төрт жаранды кармап кеткен. Ташкендин мындай кескин жообунан кийин, кыргыз тараптын шашылыш түрдө өзбек милиция кызматкерин бошотуу кырдаалдын жумшарышына алып келген жок. Кыргыз жарандары бошотулбады.

Бийлик маселени чечүүнүн амалын таппай турган маалда, саясатчы Азимбек Бекназаров Үңкүр-Тоону тазалоо үчүн президенттен уруксат сурап кайрылды. Ал ыктыярдуулар тобу менен андай кадамга даярдыгын билдирди. Бул демилге бир жагынан мекен, жер үчүн патриоттордун күрөшкө даярдыгы катары кабылданса, экинчи жагынан ал авантюрага тете көрүнүш. Анткени андай аракеттерге өзбек тарап курал менен жооп берип, чоң жаңжалдын тутанышы менен опурталдуу.

Азимбек Бекназаровдун демилгесинен кийин Үңкүр-Тоодо өзбек күчтөрүнүн көбөйтүлүшү мына ошондон кабар берет.

Ислам Каримов дүйнөдөн кайтты

Өзбекстандын 1989-жылдан бери же дээрлик 27 жылдан бери башкарып келген президент Ислам Каримов дүйнөдөн кайтты. Өзбек парламенти жана өкмөтү бул тууралуу 2-сентябрда кечинде маалымат таратты. Ал маалыматка удаалаш жарыяланган медициналык корутундуда Ислам Каримов мээсине кан куюлуп, өзүнө келбей жатып көз жумганы белгиленген.

Өзбек президенти 27-августта инсульт алган. Өкмөт өлкө лидери ооруканага жаткырылганын кабарлап, бирок ал-абалы боюнча маалымат берген эмес. Өкмөттөгү бул жашыруундуулук ар кандай түкшүмөлдөрдүн чыгышына себеп болду. Муну менен катарлаш Каримовдон кийин өзбек мамлекетинин башына ким келет деген суроолор, талкуулар күч алды.

Азыркы мезгилге карай баары Өзбекстан Конституциясына ылайык баратат. Мамлекет башчысынын милдетин өзбек парламентинин - Сенатынын төрагасы Нигматулла Юлдашев аткармай болду. Ал эми Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссияны өкмөт башчы Шавкат Мирзиёев жетектеди. Өзбек президентинин сөөгү 3-сентябрда Самарканд шаарында коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты да ушул шаарда болду. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Мамлекеттик телекөрсөтүүнүн кабарлоосуна караганда, мамлекеттик комиссия бир айдын ичинде Ислам Каримовдун ысмын түбөлүк калтыруу боюнча иш-чараларды даярдоого тийиш:

- Бир айдын ичинде элдин, ишкана, мекеме, уюм, окуу жай жана кеңири коомчулуктун сунушун эске алуу менен, өкмөттүк комиссия Өзбек Республикасынын биринчи президенти Ислам Абдуганиевич Каримовдун ысмын түбөлүк калтыруу боюнча сунуш киргизсин.

Өзбек Конституциясына ылайык, үч айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Мурунку Советтер Союзунда өлгөн жетекчини акыркы сапарга узатуу боюнча комиссияны жетектеген адам мамлекет башына келчү. СССР кезиндегидей катаалдыкты жана тартипти сактаган Өзбекстанда мына ушул салт сакталса, анда өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башына келүү мүмкүндүгү жогору экени айтылууда. Аны менен кошо Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов жана Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятовдун ысмы да аталган. Бирок Ташкен тактысын ким ээлебесин Ислам Каримов курган система калат, ошондуктан либералдашуунун желаргысына үмүт арткан пикирлер аз.

Тасмада: Каримовду акыркы сапарга узатуу

Кыргызстандан Ислам Каримовдун тажыясына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков барды. Президент Алмазбек Атамбаев барбай калды. Ал 3-сентябрда ачыла турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы менен байланыштырылууда. Бирок бул жерде акыркы кезде Үңкүр-Тоо боюнча курчуган кыргыз-өзбек мамилеси да өзүнүн ролун ойногондой.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин Самаркандга барбай калышын сынга алды:

- Бул дипломатиялык ката болот. Анткени ал жерде Каримовдун ордуна келе турган мураскер болот. Ошондой жамандык-жакшылыкта көп жылдык мамилени аныктай турган кырдаал түзүлөт. Ошон үчүн азыр да кеч эмес, делегацияны президент өзү жетектеп барып койсо, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринин келечегине жакшы болот эле.

Ислам Каримов менен кошо кыргыз-өзбек мамилесиндеги оош-кыйыштар кетпеши, эки тараптуу мамилени уулап турган чек ара талаш-тартыштарын чечүү маселеси дагы көпкө кала бере тургандай.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG