Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Апта: саясий “алай-дүлөй”, жаңы коалиция карааны...


Өмүрбек Текебаев менен Амазбек Атамбаев.

Өмүрбек Текебаев менен Амазбек Атамбаев.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум бир жагынан өнөктөш, бир жагынан атаандаш саясатчыларды жана партияларды биротоло чырлаштырды.

Узап бараткан аптада Өмүрбек Текебаев президентти Максим Бакиевге таандык жерди ээлеп алган деп айыптады. Мындай айыптоо саясий кризиске алып келип,коалициянын тарашы мүмкүн экени айтылды. АКШ менен Орусия Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча кызматташуу келишимине жетишишкенин жарыялады.

Мародерчулук, коррупция, узурпация...

“Көкөтөйдүн ашы көп чырдын башы” дегендей Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум бир жагынан өнөктөш, бир жагынан атаандаш саясатчыларды жана партияларды биротоло чырлаштырды. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн референдумга каршы чыгуусуна ачууланган Алмазбек Атамбаев 31-августта Эгемендүүлүк күнү аларды мародерчулук, июнь коогасы, жикчилдерди качыруу боюнча иштерге айыптаган эле.

15-сентябрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага жооп соккусун берди. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин өзүн коррупция жана мародерчулук боюнча айыптап, факты катары Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында “Дастан” заводуна тиешелүү 27,5 гектар жерди Алмазбек Атамбаев шектүү жагдайларда алып, үй салып жатат деди:

- 2015-жылы Албек Ибраимов президентке ошол жерди, базаны, Ширшов, Максим Бакиев, Данияр Үсөновдун жерин бериптир. Ошондон кийин эле ал Бишкек шаарынын мэри болуп келип калды. Бул жерде логикалык байланыш бар деп карасак болот. Бул коррупциянын классикалык түрү. Албек Ибраимов Атамбаевге бөтөн адам эмес. Анын жеке ишин алып барып жүргөн завхозу, иш башкаруучусу болгон. Атамбаев бийликке келгенде “Дастан” акционердик коомуна жетекчиликке дайындаган. Балким ошондо билип, басып алгандыр. Ал жерде 2 млн доллар жоголгону боюнча да чыр чыккан. Ал тарых бүгүнкү күнгө чейин бүдөмүк бойдон калып отурат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 16-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында ал жердин колдон-колго кандай өткөнүн мындай маалымдады:

- 2015-жылдын 19-мартында Укуев Анарбек деген жаран Ибраимовага 24 млн сомго сатат. 7-майда Ибраимова биздин органга каттоого кайрылат. 12-майда Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке 33 млн сомго сатат.

Кыймылсыз мүлк сатуу жана алууда адатта чыныгы баа ачыкка чыгарылбайт. Анын себептери белгилүү. Кой-Таштагы “Дастан” заводуна таандык бул жердин сатылышында Тайырбек Сарпашев айткан сумма чын деген күндө да, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов алган жерин беш күндүн ичинде президент Атамбаевге сатып, андан 9 млн сом пайда көргөнүн эсептөөгө болот. Албетте, өмүр бою көтөрмөлөп келген кадры өз кожоюнун беш күндө 9 млн сомго “жыкканы” деле мактоого аларлык коммерция.

Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Текебаевдин айыптоосуна жооп кайтарышып, Атамбаев ал жерди мыйзам чегинде өз каражатына сатып алганын жана ал жердин көлөмү 27,5 гектар эмес, 2,4 гектар экенин билдирип чыгышты. Алмазбек Атамбаевдин эки жогорку даражалуу чиновниги тең Өмүрбек Текебаевди сот менен коркутушту.

Өмүрбек Текебаев өз кезегинде Тайырбек Сарпашев 15-сентябрда маалымат жыйынында айтылгандарды тастыктады деп билдирди. Соттошуу болсо мамлекеттик органдын тастыктоочу документтери колдо деп айтты.

Конституциянын 72-беренеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердүүлүгүндө айткан сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондуктан Өмүрбек Текебаевди бийликтин сот жообуна тартуусу канчалык мүмкүн деген суроо жаралат.

Жогорку Соттун мурунку төрагасы, юрист Курманбек Осмонов бул Өмүрбек Текебаевдин айткандарынын далилденүүсүнө жараша болот дейт:

- Ошол айтылган факты чынбы же калппы, келечеги ошого жараша болот. Эгерде айтканы жалган болсо, анда келечеги бар. Мыйзам боюнча депутатты өзгөчө оор кылмыштар боюнча парламенттин макулдугусуз эле жоопко тартса болот, бул өзгөчө оор кылмыштарга кирбесе, парламенттин макулдугун алып туруп тартса болот.

Дагы бир атын атагысы келбеген юрист Өмүрбек Текебаевдин 15-сентябрдагы билдирүүсү боюнча жоопко тартуу мүмкүн эместигин, анын деңгээлиндеги саясатчыны жоопко тартуу үчүн башка, андан өтө олуттуу негиз болуш керектигин айтты.

16-сентябрда Өмүрбек Текебаев президент Атамбаевге соккусун улантып, "Атамбаев кезинде Жазуучулар биримдигинин 50 млн рублин алып, завод, имарат жерлерди менчиктештирип, станокторду темирге айлантып сатуу менен байыган" деди.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жер боюнча Текебаев айткандарын тыкыр текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Ал ошондой эле Кадыржан Батыровду өлкөдөн чыгып кетүүсүнө кимдин тиешеси бардыгын иликтөөнү да башкы прокурордон талап кылды.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөновдун билдиришинче, президент Башкы прокуратурага Батыровдун сыртка чыгып кетишине Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун иликтеп чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү тапшырды:

- Мамлекет башчысы тереӊ жана объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынын алкагы менен чектелбестен, ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүнү башкы прокурорго сунуш кылды. Президент “бардык жагдайлардын элге жарыяланышын каалабаган күчтөр тарабынан катуу каршылыктар болорун түшүнөрүн, бирок жарандар кандай гана болбосун ачуу чындыкты билүүгө тийиштигин" айтты. "Мекемелер аралык тергөө тобунун ишинин жыйынтыктары тууралуу Башкы прокуратура президентти жана коомчулукту кабардар кылууга тийиш" деди.

Талдоочулардын баамында, алты жылдан бери катылып жаткан Кадыровдун ишин көтөрүп чыгуунун артында акыйкатка жетүү эмес, саясий атаандаштарга курал катары колдонуу максаты жатат. Ал эми апрель ыңкылабынан кийин орун алган мыйзамсыздык, уурдап-тоноолор текшерүүгө алына турган болсо, анда “Азия универсал банктан” миллиарддаган сомдун жоголушу, Орусиянын 200 млн доллар насыясынын тагдыры, банк кутучалары сыяктуу иштердин да чети оюлбай жатканын мурунку башкы прокурорлордун бири белгилейт.

Айыгышкан айып ачышуунун акыбети...

Референдум айынан чыккан чыр 2010-жыл апрель төңкөрүшүнөн кийин анча-мынча чокулашып, бирок бири-бири менен тил табышып келаткан Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди биротоло жүз карагыс душманга айлантты. Мындай шартта КСДП жана “Ата Мекен” фракцияларынын көпчүлүк коалицияда бир болушу мүмкүн болбой калганы айтылууда.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 14-сентябрда парламент жыйынында “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын коалициядан чыгып кетүүгө чакырды.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев алар коалициялык келишимди так аткарып келе жаткандыктан, коалициядан чыгууга эч кандай негиз жок деп билдирди.

“Ата Мекендин” бул ирет коалициядан өз эрки менен чыгуусу болбой турганын билген КСДП фракциясы коалициядан өзү чыгып, көпчүлүк коалицияны уратууга барары айтыла баштады. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мына ушундай маселе күн тартибинде турганын билдирди.​

Жаңы коалиция түзүлө турган болсо, анын курамында КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” фракциялары сөзсүз болуп, ал эми эки анжы болуп турган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы да тартылышы ыктымал.

Мындай конфигурацияда коалиция түзүлүшүнө КСДП жана “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов өтө кызыкдар болуп жатат. Ошондуктан Бабанов саясий чечим кабыл алып, коалиция мүчөлөрүн же нары, же бери болбойсуңарбы деп демитүүдө:

- Менин силерге сунушум бар, коалициянын урматтуу мүчөлөрү, сүйлөшкүлө. Сүйлөшүүнүн негизинде Конституция болсун. Конституцияга каршылар саясий эрки болсо коалициядан чыгып кетсин. Социал-демократтарда саясий эрки болсо, анда силер чыгып кеткиле. Биз коалицияга киребизби, кирбейбизби - биздин принципиалдуу позициябыз бар. Көз карашыбыз туура келсе, мамлекетти бекемдей турган коалиция болсо, биз сүйлөшүүгө даярбыз!

Азыркы коалицияда “Ата Мекен” номиналдуу гана болбосо, өкмөттө жана башка бийлик органдарда кадрлары дээрлик жокко эсе. Өкмөттө эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев гана “Ата Мекендин” кадры экени белгилүү. Депутаттарынын санынын аздыгына жараша “Ата Мекен” өкмөт жана башка мамлекеттик органдарга кадрларын дайындоого жетише алган эмес.

Ошондуктан “Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов “Ата Мекенге” берилген лимитке көнөбү деген маселе турат. Ал өкмөттү алууга дымактанып турат. КСДП өкмөттү берүүгө даярбы? Жаңы коалиция түзүүдө жогорку бийлик орундарын бөлүштүрүүдө ушул жагынан маселе чыгышы мүмкүн. Эгерде жогорку кызмат орундар боюнча консенсус табылса, анда коалицияны уратып, жаңысын түзүү техникалык маселеге айланат.

Бул 16-сентябрда КМШ саммити жана Алмазбек Атамбаевдин 60 жылдык мааракесин өткөрүүдөн кийин ишке ашырылышы күтүлөт. Анда быйыл апрель айында өкмөт башына келген Сооронбай Жээнбековдун тагдыры да тараза ташына түшөт.

Бул өкмөт башчы ордунда калабы же жаңысы келеби баары бир анын алдында экономикадагы оор абал турат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын сегиз айында өлкө экономикасы 0.4% өсүш берди. Буга чейинки айларда өлкө экономикасы төмөндөө нугунда болсо, сегиз айдын жыйынтыгында минималдуу болсо да өсүш бергени аныкталууда. Бул Улуттук статистикалык комитеттин башына жаңы жетекчинин келишине байланыштуубу же чындап эле экономикада жандануу барбы, айтуу кыйын. Себеби экономикалык көрсөткүчтөрдө карама-каршылыктуу сандар арбын. Маселен, экономиканын кыймылдаткычы болгон энергетика, өнөр жай дээрлик -10% , тышкы соода -27% төмөндөп жаткан мезгилде дүң жана чекене соода 6% кантип өсөт деген суроолор жаралат.

Бул мезгилдин ичинде республиканын экспорту 638 млн доллар, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27% аз болгон. Импорт болсо 2 млрд 88 млн долларга жетип, өткөн жылдагыдан 11% аз болгон.

Дүйнөдө Сирия, Украина, АКШ шайлоосу

Узап бараткан жумада дүйнөлүк аренада Сириядагы согуш, Украинадагы кырдаал жана Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоодогу таймаш маанилүү темалардан болуп кала берди.

Вашингтон жана Москва жетишкен келишимге ылайык, 12-сентябрдан тарта Сирияда ок атышуу токтоого тийиш. Келишимге ылайык Кошмо Штаттар өзүнүн таасири бар Сириядагы куралдуу оппозицияны ок атууну токтотууга көндүрсө, Башар Асад баш болгон Сириянын өкмөттүк күчтөрүн Орусия токтотуш керек болчу. Келишим “Ислам мамлекети” жана “Жебхат ал-Нусра” террордук уюмдарына тарабашы кабарланган. Маселе бири-бири менен аралашып жүргөн ал куралдуу топтордун кимиси террорчу топтун мүчөсү, кимиси ага мүчө эместигин аныктоого келип такалууда.

Башар Асад жана Орусия 12-сентябрда ок атууну токтотуу жарыялагандан кийин да куралдуу оппозиция жана террордук топтор кол салуу, аткылоолорду токтотпой жатканын кабарлашууда. Орусиянын генералы Виктор Позникир 14-сентябрда мындай билдирүү жасады:

- АКШ көзөмөлдөгөн “Ахрар аш-Шам” сыяктуу кээ бир куралдуу топтор ок атууну токтотпойбуз деп ачык жарыялашты. Ок атууну токтотуу режимин көп бузгандар да ушулар. Буга карабай жетишкен келишимдин маанилүүлүгүн эске алып, Орусия тарап ок атууну токтотуу режимин дагы үч күнгө узартууну жума күнү жарыялады.

Кошмо Штаттардан мындай кинеге азырынча жооп боло элек. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму жана анын Сирия боюнча өкүлү Стефан де-Мистура Сирияга ок атышууну токтотуу зордук-зомбулукту азайтып, гуманитардык жардамга жол ачканын белгилейт:

- Орус-америка, америка-орус келишими берген дагы бир жагдай - гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк. Бул адамдардын бомба жана минометтон кутултат. Бул жагынан бизде проблема болуп келатпайбы.

Ок атышуу токтобогону тууралуу маалыматтар АКШ менен Орусиянын келишими канчалык аткарылат деген күмөн суроолорду жаратууда. Ага азырынча ачык жооп жок.

Украина

Украина

Сирия менен улаалаш 15-сентябрда тарта Чыгыш Украинадагы жикчилдер да ок атууну токтотконун жарыялашты. Бул күнү ал чөлкөмдөрдө Минск келишиминин түзүүчүлөрү болгон Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери болушту. Алар ок атууну токтотуу чатакты саясий жол менен чечүүгө алып келет деген үмүттү билдирүүдө.

Батыш Украинаны колдоосун билдирип, узап бараткан жумада Эл аралык валюта фонду Киевге 1 млрд доллар насыя бөлүүнү чечти. 2014-жылдагы ыңкылаптан кийин ЭВФ Украинага 17 млрд. доллардан ашуун насыя бөлүүнү чечкен. Анын 7 млрд. 600 млн. долларын берип, бирок реформа жана коррупцияга каршы күрөштөгү кемчилик, экономикадагы оор абалга байланыштуу өткөн жылы насыя бөлүүнү токтотуп койгон. Мына ошол тоңдурууну ЭВФ кайра жандантып, насыяга жол ачты.

Украиналык саясат таануучу Вадим Карасев бул акчанын мааниси анын артынан Кошмо Штаттардан дагы 1 млрд. доллар, Европа Биримдигинен 1 млрд 200 млн. евро насыя келиши менен маанилүү деп буларга токтолду:

- Бул деген Эл аралык валюта кору Украина менен кызматташууну улантат, аны төлөөгө жөндөмдүү мамлекет деп эсептейт дегенди билдирет. Анткени ЭВФ акчаны уурдап, талап-тоноп жибербешине ишенгенде гана каражат бөлөт. Ошондуктан бул жерде президент айткан коррупцияга каршы күрөшкө ишеним да жатат. Андан сырткары, Эл аралык валюта корунун насыя бөлүүсү чет өлкөлүк менчик инвесторлорго да белги. Өлкөгө акча салса болот, дефолт болбойт дегенди билдирген.

Украина жана Орусия темасы Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоодо олуттуу темага айланганы маалым. Ал шайлоонун жыйынтыгына жараша Украина жана Орусияга карата Вашингтондун саясаты өзгөрөт деген божомолдор бар.

Маселен, эгерде Республика партиясынан талапкер Дональд Трамп жеңишке жетишсе, анда Киев үчүн жагымсыз жагдай түзүлүшү күтүлөт. Анткени Трамп Орусия менен тил табышууга, Крымды таанууга барышы мүмкүндүгүн билдирип келет. Ал эми Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон Украинаны толук колдогон Барак Обаманын саясатын улантмакчы.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 8-ноябрда болот. Мына ошонун алдында талапкерлердин саламаттыгына байланыштуу маселе катуу коюлду. Ага 68 жаштагы Хиллари Клинтондун 11-сентябрда өзүн жаман сезип, расмий иш-чарадан кетүүгө аргасыз болушу себеп болду. Натыйжада эки талапкер тең саламаттыгы боюнча кошумча маалыматтарды берүүгө аргасыз болду. Анда күтүлгөндөй эле 70 жаштагы Трамп да, андан бир жаш кичүү Хиллари айым да президенттик кызматка жарайт деген корутунду жарыяланды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG