Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Апта: Ататүрк “аялдамасы”, компроматтар согушу...


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Узап бараткан аптада президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар уюмуна сапарын токтотуп, Түркияда калууга аргасыз болду. Кыргызстанда компроматтык согуш тутанды.

Мамлекеттик Думага болгон шайлоо Владимир Путиндин ыктымал мураскерлеринин бирин аныктаганы айтыла баштады.

Токтотулган сапар...

Бириккен Улуттар уюмунун 71-жылдык жыйынына бараткан президент Алмазбек Атамбаев 20-сентябрда сапарын Стамбулда токтотууга аргасыз болду. Расмий маалыматтар боюнча, Алмазбек Атамбаев жүрөк оорусуна байланыштуу Ататүрк аба майданында калып, дарыгерлерге көрүнүү зарылдыгы чыкты. Бул дартка байланыштуу мамлекет башчысы медициналык кароодон өтөт деп кабарланды.

Бирок Алмазбек Атамбаевдин Түркияда кайсы клиникага барганы, кандай медициналык текшерүүдөн өткөнү тууралуу маалыматтар айтылган жок. Ал эмес Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов да президенттин кайда экендиги айтылбай турганын билдирди:

- Мен азыр президенттин кайсы жерде экендигин айта албайм. Бирок көп жазылып жаткан маалыматтардын бардыгына ишене беришти каалабайм. Көп туура эмес нерселер жазылып жатат. Негизи президенттин ден соолугу биз үчүн биринчи орунда турат.

Түркиянын маалымат каражаттары кыргыз президенти Измир шаарындагы өтө кымбат баалуу Шератон мейманканасына жайгашканын шейшемби күнү кабарлады. 23-сентябрда болсо президент Атамбаевдин Түркиядан Москвага келгени, Орусия президентине караштуу ооруканада дарыланаары маалымдалды.

Президентке байланыштуу бардык маселелер саясий өңүттөн каралат. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин жүрөгү ооруп, Бириккен Улуттар уюмунун жыйынына бара албай, Түркияда калуусу өлкөдө саясий кырдаал курчуп, ал айыгышкан компроматтар согушуна өтө баштаган мезгилге туш келди. Ошондуктан президенттин Түркияда калуусу ар кандай айың кептерди жаратты.

Кээ бир эксперттер Атамбаев оору шылтоосу менен компроматтык согуш мезгилинде сыртта болуп турууну көздөдү десе, башкалар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жөнүндө сөз кыла баштады. “Жүрөгү ооруду” деген адамдын ооруканага эмес, мейманканага барып орун алганы Алмазбек Атамбаев жүрөк эмес, ден соолугундагы башка себептерге байланыштуу Түркияда калууга аргасыз болду деген күдүк ойлорду да жаратты.

1-октябрь, 2012-жыл
1-октябрь, 2012-жыл

Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы окуясы кыргыз-түрк мамилесинин абалынан да кабар берди. Белгилүү болгондой, кыргыз президенти ден соолугуна байланыштуу буга чейин да чет өлкөлөрдө, өзгөчө Түркияда дарыгерлерге көрүнүп турчу. Анда түрк жетекчилиги менен жолугушуулар уюштурулчу. Бул ирет андай болбоду. Бул кыргыз-түрк мамилеси салкындаганын дагы бир жолу ырастап тургандай.

Кыргызстандын Түркиядагы мурунку элчиси Мамбетжунус Абылов кыргыз бийлигинин "гүленчилерге" каршы чара көрүүдөн баш тартуусу анын негизги себептеринин бири болду дейт:

- Эрдогандын башына күн түшкөндө, биздин президентке талап койгондо, ал тескери кетти. Эрдоган өзү эмоционалдуу адам. Ал бир тескери бурулса биротоло бурулуп кетет. Ошондон мамиле бузулуп турат. Кыргызстандан башка жерде "гүленчилер" ушунча тамырлаган бир да мамлекет жок.

Мамбетжунус Абылов ага чейин да эки өлкө мамилеси Түркиянын 100 млн доллар насыясынын Кыргызстандын пайдалануусу боюнча маселе чыгып, ошондон тарта эки ортодо келишпестиктер пайда боло баштаганын кошумчалады.

Референдумга карай түз кадам

Президент ден соолугундагы мына ушундай маселеге карабай, өлкөдөгү бардык иштерден кабардар болуп, көзөмөлгө алып жатканын көрсөтүү аракети президенттик аппарат тарабынан жасалды. Маселен, Алмазбек Атамбаевден “тапшырмаларды алып жатам” деп президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун билдирүүсү мына ошондон кабар берди.

Андан кийин Конституцияны өзгөртүү боюнча макулдашылган соңку вариантын президент жактырды жана Жогорку Кеңештеги демилгечилер аны референдумга, калкка алып чыгат деген ишенимин билдирди деген маалымат чыкты. Бул президенттин өлкөдөгү саясий жараяндарды көзөмөлдөп жатканын эле эмес, катуу талаш-тартыш жана компроматтык согушка алып келген Конституцияны өзгөртүү максатынан кайтпаганын көрсөтүүнү көздөгөнү түшүнүктүү.

Бирок ал маалыматтар айрым суроолорду да жаратууда. Маселен, президент Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгечилер макулдашкан “соңку вариант” жөнүндө сөз кылган. Ал эми демилгечи аталган фракциялардын биргелешкен жыйын өткөргөн-өткөрбөгөнү, “соңку вариантты” качан кабыл алганы белгисиз.

Маселен, демилгечилердин катарындагы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бир нече беренелер боюнча президент келгенде макулдаша турган жагдай бар деген билдирүү жасаган.

Мына ушундай жагдайларга карабай бийлик партиясы жана парламент референдум өткөрүү боюнча алган багытында баратат. Бул узап бараткан жумада “Референдум жөнүндөгү” конституциялык мыйзамды парламент эки окууда кабыл алганы да тастыктап турат. Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнүн жол-жобосу такталмакчы.

КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешов “Референдум жөнүндөгү” мыйзам долбоору келерки жумада үчүнчү окууда добушка коюларын айтып, долбоордун маанисине токтолду:

- Бизде "Референдум жөнүндө" мыйзам бар. Бирок ал актуалдуу болбой калды. Анткени анда биометрикалык каттоо жөнүндө жазылган эмес. Ошондуктан бизге жаңы мыйзам керек. Ар бир мамлекетте андай мыйзам бар. Ал референдум өткөрүүнүн жол-жобосу жөнүндө. Анткени ар кандай маселелерди референдумга чыгарыш керек болуп калат да.

КСДП фракциясы референдумду 4-декабрда өткөрүүнү сунуштап жатканын Дастан Бекешов кошумчалады.

Текебаев "Манас" аба майданында журналисттер менен жолукту
Текебаев "Манас" аба майданында журналисттер менен жолукту

Ошентип Конституцияны өзгөртүү боюнча практикалык иштер жана даярдыктар жүрүүдө. Ошону менен катарлаш компроматтык согуштар да уланды. Узап бараткан аптада бийлик контрчабуулга өтүп, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мүлктөрү жөнүндө маалымат чыгарып, ал 2010-жылдан кийин кантип байып кетти деген суроону жаратууга аракет жасады. Парламентте маселе көтөрүлгөндө өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президентке лоялдуулугун көрсөтүү максатында Текебаевдин мүлкү жөнүндө депутат Мээрбек Мискенбаевдин маалыматын текшерүүгө даярдыгын билдирди.

Өмүрбек Текебаев өз кезегинде журналисттерди мүлкүн көрүүгө чакырып, маалымат берүүгө аракет жасады:

- Эки батир - бири жаңы, бири эски. Бүтпөгөн үй. Фрунзе-Исанов көчөлөрүндө кеңсе бар. Ал Бакиевдин убагында эле болгон. Туугандарымдын атына курулган Чычканда чакан ГЭС бар. Декларацияда көрсөтүлгөн. Ошол чакан ГЭСти барып көрүшүңөрдү каалайм.

Текебаев өз мүлкүн санап берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков текшерүү даярдыгын билдиргенге караганда, бийлик машинасы Өмүрбек Текебаевдин жана анын жакындарынын мүлкү, баскан-турганы абдан дыкат изилдөөгө алынарында шек жок.

Капталдан чыккан Батыров

Компроматтык согушка Роза Отунбаеванын тушунда президенттик аппаратты башкарган Эмил Каптагаев да аралашып, Атамбаев 31-августта жалган сүйлөгөнүн, Кадыржан Батыров менен кезинде дал Атамбаев эң көп жолукканын айтып чыкты.

Каптагаев ошондой эле 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөт кырдаалды турукташтыруу максатында комиссия түзүп, анын жетекчилигине Алмазбек Атамбаевди дайындап, бардык күч структураларын ага баш ийдирип бергенин да эске салды.

Кадыржан Батыров кыргыз саясатында негизги компроматтык курал катары колдонулуп жаткан мезгилде, ага Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму Варшава жыйынында сөз берип карама-каршылыктуу чабуулдарга, айыптоолорго дагы жем таштады.

Кыргыз бийлиги Батыровго сөз берилишин айыптап, бирок өкмөттүк делегация Батыров менен бир үстөлдө отуруп кала берген. Алар нааразылык иретинде туруп кете алышкан эмес. Бирок бийлик маалымат каражаттары өкмөт делегациясын эмес, Батыров менен катарлаш отурган белгилүү укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаиловага жабылып, аларды “эл душманы” катары көрсөтүү аракетин баштады. Укук коргоочуларга айыптоолор парламент трибунасынан да жаңырды.

Азиза Абдирасулова Төлөйкан Исмаилова эмне үчүн Кадыржан Батыровдун жанында отуруп кала берди деген суроого мындай жооп берди:

- Исмаилова ал жерге сөз сүйлөш үчүн отурган. Ал туруп алып кайда кетмек эле? Батыровдон кийин ал сүйлөмөк. Ошон үчүн барып отурду. Кыргыз бийлигине ошончолук жакпайт экен, ошол беш орун ары жакта кыргыз бийлигинин делегациясы отурду. Президенттик аппараттан, Ички иштер, Тышкы иштер министрликтеринен өкүлдөр отурду. Алар эмнеге туруп кетишкен жок?

Абдирасулова: Керек болсо Атамбаевди да коргойбуз
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:57 0:00

Белгилүү болгондой, Кадыржан Батыров Кыргызстан соту тарабынан жикчилдик боюнча айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок ал Интерполдун издөө тизмесинде, Улуттар Уюмунун “кылмышкерлер” тизмесинде жок болгондуктан Варшавада сөз берилгенин ЕККУ өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиришти.

Эки дөө тирешип, Сирия өрттөнүүдө

Узап бараткан жумада дүйнөлүк саясатта Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 71-жылдык сессиясынын ачылышы, Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо жана Сирияда ок атышпоо келишимин сактоодо ири мамлекеттердин эки ача кетиши сыяктуу орчун окуялар болду.

АКШ жана Орусия Сирияда ок атышууну токтотуу жана “Жебхат ал-Нусра” жана “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмдарга каршы биргелешип күрөшүү келишимине жетишкен. Ал 12-сентябрда күчүнө кирген. Бирок 17-сентябрда АКШ баштаган коалициянын аба күчтөрү Сириянын Дейр ал-Зор провинциясында жаңылыштык менен Сириянын өкмөттүк күчтөрүн бомбалоосу, андан кийин Сирия өкмөтүнүн ок атышууну токтотуу келишиминен чыгышын жарыялашы Алеппо шаарында толук масштабдуу кагылышууларга алып келди. Сирия аба күчтөрү куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн шаар бөлүгүн абдан катуу бомбалоого ала баштаганы кабарланды.

Алеппо
Алеппо

19-сентябрда Алеппого бараткан гуманитардык жардам жүктөлгөн автоунааларга урулган сокку Вашингтон менен Москванын тирешүүсүн ого бетер күчөттү.

Вашингтон автокербенге урулган сокку үчүн Москва жана Сирия бийлигин айыптады. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родес:

- Биздеги маалыматтардын баары абадан сокку урулганын көрсөтүп жатат. Мындай жагдай эки гана жооптуу тарап бар экенин билдирет: же Сириянын режими, же Орусиянын өкмөтү. Кандай болсо да, аймактагы аба соккуларына орус өкмөтү жооптуу деп эсептейбиз. Ок атышпоо келишимине ылайык, орус тарап гуманитардык жардам өткөн аймактагы аба операцияларын алдын алуу милдетин алган.

Орус тарап өз кезегинде гуманитардык жүк ташыган автоунаалардын талкаланышы абадан сокку урганга окшош эместигин, ал жерлерде бомбанын белги жана издери жок экенин билдирип чыкты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров буларды айтты:

- Биздин авиация ал жакта болбогонун коргоо кызматкерлерибиз билдиришкен. Сириянын аба күчтөрү да ал жакта иштей алмак эмес. Себеби кербенге чабуул көз байланган учурда жасалган. Сириянын учактары андай шартта уча алышпайт, аларда мындай мүмкүнчүлүк жок. Алеппонун чыгышындагы чабуул гуманитардык жүк түшүрүлүп жатканда болгон.

24-сентябрдагы маалыматтар боюнча, Алепподо оппозиция көзөмөлдөгөн аймактарга абадан интенсивдүү сокку урулуп жатат. Сирия өкмөтү сокку террорчуларга каршы багытталганын, ал тараптагы тынч жарандарды шаардын башка жагына өтүүгө үндөгөнүн билдирди.

Ок атышууну токтотуу келишимин түзгөн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун сессиясынын алкагында Нью-Йоркто дагы бир жолу жолугушуп сүйлөштү. Бирок ал сүйлөшүү натыйжасыз аяктаганы кабарланды. Ошондуктан Сирияда согуштук аракеттер толук күчүнө кайра киргени кабарланууда.

Дума менен кошо мураскер да шайландыбы?

Жекшемби күнү Орусия Мамлекеттик Думасына шайлоо болду. Анда бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы конституциялык көпчүлүк добушка ээ болду. Бийлик партиясы менен кошо орус парламентине Геннадий Зюганов жетектеген КПРФ, Владимир Жириновскийдин ЛДПР жана Сергей Миронов жетектеген “Адилеттүү Орусия” партиялары өттү. Ал эми оппозициялык “Яблоко” жана Парнас партиялары 5% тосмого жакындаган жок.

Орусия Думасында 450 депутаттык орун бар. Анын жарымына шайлоо партиялык тизме менен өткөрүлсө, калган жарымы бир мандаттуу округдардан шайланды. Бир мандаттуу округдарда да бийлик дайындаган талапкерлер ийгиликке жетишкени маалым болду.

Мамлекеттик Думага шайлоонун өтүшү менен анын жетекчилиги да алмаша турган болду. Думанын төрагасы болуп келген Сергей Нарышкин Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал эми Думанын төрагалыгына Вячеслав Володин келди.

Орус эксперттери Володин президенттик администрациянын биринчи орун басары катары ички саясатты көзөмөлдөп, Думага шайлоонун ийгиликтүү өтүүсүнө эмгеги чоң экенин аташууда. Ошондуктан ал келечекте Владимир Путиндин мураскерлеринин бири болуп калышы мүмкүн экендигин белгилей башташты.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG