Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Узап бараткан аптада компроматтык согуш көп жагдайларды ачты. Өкмөт экономикалык каатчылыкка байланыштуу бюджетти кыскартууга барды. Сирия жаңжалы Москва менен Вашингтон мамилесин курчутту.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 1-октябрда Кыргызстанга кайтып келди. Атамбаев 19-сентябрда Нью-Йорктогу БУУнун жыйынына баратканда жүрөгү кармап, Стамбулда калууга мажбур болгон. 23-сентябрда Москвага барып, Орусия президентинин иш башкармалыгына караштуу борбордук клиникалык ооруканада дарыланды.

Ал арада Кыргызстанда компроматтык согуштун биринчи жана экинчи эпкини болуп өттү. Анын биринчиси үстүрт жаткан фактыларды жалаңдатып, президент Алмазбек Атамбаевге багытталса, экинчиси президенттин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын тегерегинде болду.

Маселен, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жерлери, кыймылсыз мүлктөрү тууралуу айтылса, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Сапар Исаковдун 127 жана 180 чарчы метр келген элиталык квартиралары, жакындарына таандык кымбат баадагы автоунаалары жөнүндө сөз болду. Булар тууралуу бийлик адамдарынын бир катар шектүү иштерин ачыкка чыгарган "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерге өз мүлктөрүн ачык көрсөтүп жүрүп билдирди.

Москвадагы ооруканадан чыгып, Кыргызстанга кайтып келген Алмазбек Атамбаев бул маалыматтарга кандай реакция жасары белгисиз.

Ал арада Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, референдумга каршы чыгып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаевдин мүлктөрү, аларды коррупцияга шектеген мурунку маалыматтар кайрадан жаңырды.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Марат Иманкулов кийинки жылы жаңы президент келсе, көп нерсе ачылат деп эсептейт:

- Жаңы бийлик келсе, жаңы адамдар келсе эл алардан талап кылат. Түштүктө болгон улут аралык жаңжалды ким уюштурду, ага ким жол берди? Ошого жооп бериш керек булар. Банктардын уячаларын тоноодо миллиондогон акча кайда кетти деген да маселе коюлат. Анын таптыртат. Батукаевге окшогон кылмыш төбөлдөрүн кызыл килем төшөп ким узатканы суралат. Ошолордон корккондуктан эптеп бийлигин узартып алуу аракетин жасап жатышат.

Мына ушундай шартта парламент Конституциянын такталган долбоору жок туруп, “Референдум жөнүндө” мыйзамды толук кабыл албай туруп, 4-декабрга референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды. Ага бюджеттен 317 миллион сом бөлүнөрү да айкын болду.

Баары бийлик каалоосу менен “сыдыргыга салгандай” баратканы менен, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгечилердин катары суюлду. Белгилүү болгондой, адегенде өзгөртүү беш фракция тарабынан демилгеленген. Бирок акыркы вариантка “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракциялары кол коюудан баш тарткан.

Натыйжада демилгечилер парламенттеги көп эң көп мандаты бар фракциялар, тактап айтканда, 38 мандаттуу КСДП, 28 депутаты бар “Республика - Ата Журт” жана 18 мүчөсү бар “Кыргызстан” фракциялары болуп жатат. Ал эми мандаты аз “Өнүгүү”, “Бир бол” жана “Ата Мекен” фракциялары сыртта калууда. Бул фракциялардын мүчөлөрүнүн жалпы саны 36. Бирок үч фракция ортосунда эле эмес, ал фракция мүчөлөрүнүн арасында биримдик жоктугу парламентте кайраттуу оппонент же оппозиция түзүлөт дегенге жол бербейт.

“Референдумга - жок” кыймылы болсо Ош базарындагы “Берекет” соода түйүнүндө референдумга каршы жарандардын колун чогулта баштаганы маалым болду. Конституцияга ылайык, 10 миң жаран мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү укугуна ээ. Ал эми Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүү үчүн 300 миң жарандын колу керек. Кыргызстандын жаңы тарыхында Кумтөр боюнча оппозициялык саясатчылар 10 миң жарандын колун топтоп, аны өзгөртүүгө аракет жасаган. Бирок андан майнап чыккан эмес. Бийлик аны эрөөн-төрөөнгө албаганы белгилүү.

"Референдумга - жок" кыймылына курултай өткөрүү үчүн да имарат берилбей жатканы маалым болду. Курултай 8-октябрга белгиленгени маалымдалган.

Бюджетте секвестр, тышкы карызда өсүш

Кыргызстан экономикасында жана бюджетин аткарууда кооптуу жагдайлар көбүрөөк айтыла баштады. Өкмөт бир жагынан өз жыйынында бюджеттин чыгашасын болуп көрбөгөндөй кыскартууга барса, экинчи жагынан эл аралык каржы уюмдары тышкы карыздын кескин өсүшү тынчсыздануу жаратканын билдирүүдө.

27-сентябрда өкмөт жыйынында быйылкы жылдын бюджетин аткаруу жана жакынкы жылдарга бюджет долбоору каралды. Каржы министрлиги ачыктаган маалыматтар эле быйылкы жылкы бюджеттин абалы канчалык оор экенин көрсөтүп турат.

Маселен, өкмөт каржылай албайбыз деп, бекитилген бюджеттин чыгашасын дээрлик 15 миллиард сомго кыскартууга барды. Мына ошондой өлчөмдөгү кыскартууга карабай бюджеттин тартыштыгы дагы эле 22 миллиард сомдон ашуун бойдон калууда. Бул сандар буга чейин эле бюджеттин тартыштыгы 40 миллиард сомдун тегерегинде же андан да көп болгон деген маалыматтарды ырастап турат. Каржы министрлиги акыркы вариантта бюджеттин чыгашасын 148 млрд сом, кирешесин 126 млрд сом деп бекитүүнү сунуштоодо.

Тасмада: ЕАЭБден күткөн киреше кыскарууда

Экономика боюнча эксперт Мейманбек Абдылдаев бюджеттеги өзгөртүүлөргө мындай баасын берди:

- Башынан туура эмес кабыл алынган. Популисттик долбоор болгон. Анан ага турмуш өзү өзгөртүү киргизип жатат. Экспорт көбөйгөн жок, бажыдан киреше кыскарып кетти. Евразия экономикалык биримдигинин шартында иштей албай калдык. Ал жактан бажы кирешеси кыскарды. Экономика аябай кыскарып, инвестиция келбей калды. Ошонун айынан кирешелер кыскарууда. Ошол себептен бюджетти секвестрлеп жатышат.

Мейманбек Абдылдаев экономикадагы кризис мектептерди куруу жана башка социалдык долбоорлор аткарылбай калышына алып келгенин кошумчалады. Эл аралык валюта кору болсо Жерүй кенин сатуудан түшкөн 100 млн долларга 5-6 гана мектеп салынганын маалымдады.

Эл аралык валюта кору Кыргызстандын тышкы карызынын кескин өсүп, ал ички дүң продукциянын 70% түзүп калганын да эскертти.

​Каржы министрлигинин расмий маалыматы боюнча, быйылкы жылдын июль айына карай мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 72 миллион долларды түздү. Ал карыз дагы өсүү жолунда. Анткени инфраструктуралык долбоорлорго Кытай насыясы долбоордун аткарылышына жараша бөлүнүп-бөлүнүп берилип жатканы маалым. Каржы министрлиги өз эрежесине ылайык келип түшкөн карызды гана эсептейт. Ага ылайык бүгүнкү күнгө карай Кытайга Кыргызстандын карызы 1 млрд 443 млн долларга жеткен. Ал эми жалпы алына турган насыянын өлчөмү 2 млрд долларга жакын экени айтылган.

Кытай карызынын опуртал жагын жакында эле депутат Аида Исмаилова эске салды. Кытай менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстан өз мүлкүнүн кол тийбестигинен баш тарткан. Башкача айтканда, карызды төлөөдө маселе чыккан болсо, Кытай Кыргызстандагы каалаган мүлктү ээлеп алганга мүмкүнчүлүк алат.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев 4 млрд доллар карызды мамлекет үчүн көп деп эсептебейт:

- Тышкы карыздын пайызы чоң болгону менен, көлөмү бир мамлекет үчүн өтө деле чоң эмес. Мамлекет үчүн 4 млрд доллар чоң эмес. Бюджеттин толбогондугу өкүнүчтүү. Сом түшүп кетти. Бул өз кезегинде элдин жашоо-турмушун начарлатты десек болот. Былтыр орточо айлык 230 доллар болсо, азыр 190 доллар болуп, 40 долларга азайды.

Жумакадыр Акенеев туруксуздук, саясий тирешүүлөр инвесторлордун келишин басаңдатканын айтат. Түзүлгөн шартта сырттан карыз алууну токтотуп, экономиканын көмүскө бөлүгүн сыртка чыгарууга аракет жасалыш керек деген пикирин Акенеев кошумчалады.

Сирия, Трамп, Клинтон...

Дүйнөлүк саясатта узап бараткан жумада Сирия боюнча Батыш менен Орусиянын келишпестиги күчөдү, Кошмо Штаттарда президенттикке талапкерлер биринчи дебатын өткөрдү, экономикада мунай баасы жана доллар курсуна байланышкан жыйындар болду.

Сирия күчтөрүнүн Орусиянын колдоосу менен Алеппо шаарынын куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн бөлүгүнө катуу чабуулун АКШ жана Европа лидерлери кескин сынга алды. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон АКШ, Британия жана Франция Сириядагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңештин чукул жыйынын чакырды. Анда АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Саманта Пауэр Алеппону бомбалоону жапайычылык деп атап, андан тынч тургундар жабыркап жатат деди:

- Орусия жана Башар Асаддын режими Алеппонун чыгыш бөлүгүн жана анда жашаган 275 миңдей калкына каршы абадан жана жерден масштабдуу чабуул башташканда биз Коопсуздук кеңешин чакырттык. Орусия жана Асад күчтөрү акыркы 72 сааттын ичинде 150дөн көп сокку урганы маалымдалды. Бери дегенде 139 киши каза болду, көптөгөнү жараланды. Жакынкы Чыгыштын байыркы шаары урандыларга айланып калды. Беш жарым жылдан бери токтобой келаткан согушта кандай гана азап чексе да жайкын жашоочулар бул соккуларды бардык жагынан алганда мурдагылар менен салыштырып болбойт дешет.

Алеппо, 27-сентябрь, 2016-жыл

Алеппо, 27-сентябрь, 2016-жыл

Өз кезегинде Москва АКШ 12-сентябрда ок атышууну токтотуу боюнча келишимди аткара албады, өзү колдогон оппозицияны ок атууну токтотууга мажбурлай алган жок деп айыптады.

Орусия Алеппого чабуулду токтотуу жана жети күндүк жарашуу күнүн жарыялоо боюнча сунуштарды четке кагып, мындан кийин бир тараптуу түрдө өкмөттүк күчтөрдүн ок атууну токтотуусу болбойт деди. Москванын пикиринде, жарашууга жети күн берилгенде, куралдуу топтор аны күчтөнүп алууга, позицияларын бекемдеп алууга пайдаланууда. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров:

​- Үч күндүк, жети күндүк жарашуулардын мааниси болбойт, мен 12-сентябрдагы ок атышууну токтотуудан кийин эмне болгону тууралуу айтып бергем. Келишим күчүнө киргенден кийин "Жебхат ал-Нусра" жана ага ыктаган оппозициялык топтор Сирия өкмөттүк күчтөрүнө жана үйлөргө 350 жолу чабуул коюшту. Андан Сирия аскерлери жана тынч жарандар өлүмгө учурады. Америка жетектеген коалиция өкмөткө каршы турган күчтөргө таасир эте алышын көрсөтсүн. Биз көп сурап жаткан жокпуз.

Сергей Лавров ок атууну токтотуу келишими кайра ишке кириш үчүн Кошмо Штаттар оппозициялык күчтөрдү "Жебхат ал-Нусра" террордук тобунан бөлүүгө тийиштигин кошумчалады. Орус министри ошондой эле АКШ "Жебхат ал-Нусра" тобун Сирия бийлигин кулатуу үчүн пайдаланууда деген шегин билдирди.

Алеппо шаары

Алеппо шаары

Мына ушундай келишпестик жана карама-каршылыктарга байланыштуу Кошмо Штаттар Сирияда Орусия менен кызматташуудан баш тартарын билдирип жатат. Эгерде ири мамлекеттер эки ача кете турган болсо, анда Сирияда кан төгүү, талкалоо күчөп, согуш кайсы бир тарап жеңгенге чейин улана турган болот. Мындай келечек Сириянын бирдиктүү мамлекет катары сакталып калуусун чоң маселеге айлантарын эксперттер эскертип келатат.

Сирия өкмөтү азыркы мезгилде Алепподогу жоочулар көзөмөлдөгөн аймактарга бир нече тараптан чабуул жасап, өлкөнүн экинчи ири шаарын көзөмөлгө алууну көздөөдө. Эгерде Сирия күчтөрү ийгиликке жетсе, оппозиция эң бир маанилүү таянычынан ажырары да айтылууда.

Ири мамлекеттер Сирия боюнча беттешип жаткан мезгилде, 26-сентябрда Нью-Йоркто АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон биринчи дебатта беттешти. Алар АКШнын ички жана тышкы саясатына байланышуу кызуу талаш-тартышка түшүп, анын жыйынтыгында Хиллари Клинтон ынанымдуу болгону айтылды. Бирок талапкерлер алдыда дагы бир нече жолу беттешет. Мына ошолордо Хиллари айымды “аяп койбосун” Дональд Трамп эскертти. 8-ноябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдында эки негизги талапкердин рейтинги да тең чамалаш экени кабарланууда.

Тасмада: Трамп менен Клинтондун теледебаты

Мына ушул окуяларга улаалаш Кошмо Штаттардын Федералдык резервдик системасы да жыйын куруп, үстөк пайызды өзгөртпөө чечимин кабыл алды. 2015-жылы декабрда ФРС үстөк пайызды 0.25% 0.5% көтөрүү чечимин кабыл алган. АКШ экономикасындагы абалга жараша үстөк пайыз өзгөртүлөрү кабарланган.

Экономист эксперттер дүйнөлүк биринчи экономиканын калыбына келүүсү бир кылка эместиктен, ФРС үстөк пайызды өзгөртпөйт деп болжогон эле, ал ырас болуп чыкты. Бул өз кезегинде дүйнөлүк валюта базарын мурунку калыбында калтырды.

Дүйнөлүк мунай баасына тиешелүү жыйын 27-28-сентябрда Алжирде болуп, ал жерде ОПЕКке мүчө өлкөлөр мунай өндүрүшүн төмөндөтүүнү макулдашканы маалым болду. Ага жараша дүйнөлүк базарда мунайга баа көтөрүлгөнү байкалды. Маселен, жума башында бир баррель мунайдын баасы 46 доллардын тегерегинде болсо, жуманын соңунда ал 49 доллардан ашканы маалым болду.

Мунайдын кымбатташы орус рублинин бекемделишине алып келди. Анын таасири кыргыз сомуна да тийип, сом долларга карай бекемделүүдө. 29-сентябрда Улуттук банк валюта базарынан 10 млн доллар сатып алганы маалым болду.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG