Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

“Референдумга - жок” кыймылы Бишкекте курултайын өткөрдү. Башкы прокуратура “үтүргө” таянып, бийликтин ишеничин актады. Алеппону бомбалоо Орусия менен Батыштын тирешин күчөттү.

Курултайда коюлган маселе

8-октябрда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында “Референдумга - жок” кыймылы уюштурган курултай өттү. Ага 600дөн ашуун адам жана ар түрдүү саясий күчтөрдүн өкүлдөрү катышты. Алардын арасында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон бир катар “атамекенчилер”, оппозициялык саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Элмира Ибраимова, Чолпон Жакупова жана башкалар болду.

Курултайды уюштуруучулардын уюмунун аталышы айтып тургандай, курултайдагы сөздөр да, ал кабыл алган чечимдер да бийлик декабрь айына белгилеп жаткан референдумга каршы болду. Курултайдын катышуучулары Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү тааныбасын билдирип, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө укуктук баа берүүнү прокуратура жана Конституциялык палатага сунуштады.

Курултайдын уюштуруучуларынын бири Равшан Жээнбеков талаптар тууралуу буларды айтты:

- Укуктук баа берсин деп прокуратурага кайрылдык. Алар баа бербей турганын билебиз. Бирок жол-жоболорду кармап талап койдук. Ошондуктан курултай азыр Конституцияга өзгөртүү киргизип жаткандарды келечекте жоопкерчиликке тартуу маселесин коюп жатат. Ушул маселе президент тарабынан эске алынбаса, жаз айларында мындан да масштабдуу курултай өткөрүү маселеси коюлат. КТРК тарабынан президентке, бийликке жакпаган адамдарды жамандай берүүнү, УКМК тарабынан бийликке жакпагандарды аңдууну, жаманатты кылууну токтотуу талабы коюлду.

Бийлик өкүлдөрү оппозиция уюштурган курултайга катышкан жок. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов алар баарын мыйзам жолунда жасап жатышканын айтып, оппозиция саясий кызыкчылыктан улам референдумга каршы чыгууда дейт:

- Бул жерде мыйзамдын беренелерине каршы болсо, анда бул берене туура эмес, же болбосо мына бул өзгөртүү туура эмес, бул берене менен президент бийлигин узартып жатат, бул болбойт десе мен түшүнөт элем. Ал эми референдумдун өтүшү мыйзамсыз деген бул саясат эле.

Иса Өмүркулов референдум күнүн 4-декабрдан 11-декабрга которууну сунуштаганын жана бул долбоор боюнча парламенттик, коомдук угууларды өткөрүп, комитеттерде каралышы үчүн керек экенин кошумчалады.

Өлкөдөгү бир катар саясатчылар референдумга каршы чыккан жок. Алардын бир тобу бийликтин ыгы менен болууну артык көрсө, башкалары бийлик баары бир референдумун өткөрөт, ошондуктан "жел тегирменге каршы күрөшкөн Дон Кихот" болуудан көрө, келерки президенттик шайлоого даярданууну артык көргөндөр бар.

Маселен, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев “референдум өткөрбөй койсо туура болот эле” деп, бирок ага каршылык көрсөтүүгө барган жок. Ал өлкөдөгү саясатчылар арасынан биринчилерден болуп президенттик шайлоого катышарын билдирди. Темир Сариевдин пикиринде, бийлик Конституцияны өзгөртүп, өкмөт башчынын бийлигин канчалык бекемдебесин, жаңы президентте баарын каалагандай жасоого мүмкүнчүлүгү жана бийлиги жетиштүү болот.

Бирок парламентте таянычы жок өкмөт башчы алсыз болгондой эле, жаңы шартта президент да тушалып калышы ыктымал. Анткени кызматтан алынышы татаалдаган өкмөт башчы жана башкы прокурор Ички иштер министрлигине таянуу менен бийлик ташынын оорчулугун башка жерге которо ала турган жагдай түзүлүүдө.

Башкы прокуратураны "үтүр" сактады

Башкы прокуратура демекчи, узап бараткан аптада өлкөнүн мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөй турган орган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Алмазбек Атамбаев Максим Бакиевдин жакындарына таандык жерге үй салып жатат деген маалыматын төгүндөөгө аракет жасады. Ал аракетте Башкы прокуратура Текебаев түшүрүп койгон “үтүрдү” негизги жүйө катары карманганы байкалат.

Башкы прокуратура 6-октябрда жарыяланган өз иликтөөсүнүн жыйынтыгында, Текебаев айткандай жер 27,5 гектар эмес, 2,7 гектар экендигине басым жасаган. Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдон ал жерди мыйзам чегинде сатып алган деп аныктаган.

Бирок бул жерде маселе мыйзамдык жагына караганда, анын саясий-моралдык жагында болуп жатканы белгилүү. Анткени коомчулукта коррупциянын символу катары таанылган Максим Бакиев жана анын жакындары ээлеп алган заводдун жери кантип президент Атамбаевдин колуна өтүп, ал жерге үй салып жатат деген суроо коюлуп жаткан.

Башкы прокуратура Текебаев жаңылган “үтүр” менен абалдан чыгууга умтулган, бирок ал жердин Максим Бакиев жана анын жакындарына таандык болуп келгенин төгүнгө чыгара алган эмес.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратуранын иликтөөсү анын сөздөрүн ырастады дейт:

- “Дастандын” жер тилкесинин акциясы Бакиевдерге тиешелүү болгонун, кийин мамлекетке кайтарылганын ырастап турат. Бул ишкананын Директорлор кеңешинин жана башкармасынын төрагалары Атамбаевдин заводунда иштеген жана ага жакын адамдар болгонун тастыктады. Алар мамлекетке кайтарылган Бакиевдерге тиешелүү жерди эки адам аркылуу Атамбаевге саткандарын далилдеди. Бул эки адам тең Атамбаевге жакын, тааныш адамдар. Анарбек Укуев Албек Ибраевди досум деп жарыялады. Ибраев да аны менен жакын таанышмын деп жатат. Мунун баары атайын жасалган иш-чара экенин көрсөтүп жатат.

Кадыржан Батыров

Кадыржан Батыров

Бюджети кайчыланып кыскартылып, экономикада ийгилиги жок бийлик элди алагды кылуу максатында “мародерчулуктан” сырткары Кадыржан Батыров чуусун дуулдатып жаткандай. Кууш жана утурумдук саясий кызыкчылыктан улам бийлик эки улуттун ортосунда карттанып бараткан жаратты чукуп, ынтымакка доо кетирбесе экен деген чочулоо жаралат.

Ал эми Батыровду саясий оппоненттерге каршы колдонуу аракети ал компроматтын бийлик башчысынын өзүн чарпып өтүүсүнө алып келди. Президенттин маалымат кызматы “Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыров менен Роза Отунбаеванын сунушу менен бир жолу гана жолуккан” деген актануу сыяктуу билдирүүсүн 7-октябрда жарыялоого аргасыз болду.

Ал эми Кадыржан Батыров “Азаттыкка” курган маегинде Бишкекте Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, анын ичинде Алмазбек Атамбаев менен бир нече жолу жолугушуп, сүйлөшкөнүн ырастады:

- Ошол кезде эки жолу Бишкекке келдим. Ошондо эки-үч жолу Роза Отунбаева менен сүйлөштүм, эки-үч жолу Алмазбек Атамбаев менен сүйлөштүм. Бизде маселе коюп, аны талкуулоого жетиштүү убакыт болду. Убагы келгенде ал жөнүндө дагы айтам.

2010-жылы ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кадыржан Батыров менен эки максатта жолугушканы белгилүү. Биринчиси - алдыдагы шайлоодо өзбек шайлоочуларынын добушун алуу максаты болсо, экинчиси - Бакиевдин тарапкерлерине каршы аларды колдонуу болгон. Бул “саясий оюндар” эки улуттун өзүнчө митингдерди уюштуруусуна, анын соңу улут аралык кагылышууларга алып келгени маалым. Ал эми Батыровдун өлкөдөн чыгарылуусу, өлкөдө тынчтыкты сактоо максатында Курманбек Бакиев эң жогорку деңгээлде кабыл алынган чечим менен сыртка чыгарылгандай эле чечилгени айкындалып турат.

Мирзиёевдин жаңы тышкы саясаты

Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев кошуна мамлекеттер менен мамилени оңдоого киришти. Бул багытта бир катар көрүнүктүү иштер жасалды. Маселен, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Душанбеде болуп, өзбек-тажик мамилесин жөнгө салууну сүйлөшүп келди.

Аны менен катарлаш Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Илхамов биринчи вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев баштаган кыргыз делегациясын Анжиянда кабыл алып, кыргыз-өзбек мамилесин оңдоого чоң ишарат жасады. Ага чейин Ташкенде Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Аскар Мамин баштаган делегацияны өзбек мамлекетинин башчысынын милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев кабыл алып, сүйлөшүү өткөрдү.

Тасмада: Кыргыз-өзбек өкүлдөрү Анжиянда кездешти

Жаңы өзбек жетекчилигинин Кыргызстан менен мамилени курчутпоо жана жакшыртуу жышааны Үңкүр-Тоодон өзбек коопсуздук күчтөрүн чыгарып кетүү, Өзбекстан чегинде калган “Кыргызстан темир жолдоруна” таандык вагондорду чыгаруу менен башталган. Андан кийин масштабдуу делегация чакырылды.

Ташкендин азыркы жетекчилигиндеги кошуналарга мамиленин мындай өзгөрүүсүнүн себеби эмнеде? Ал декабрдагы президенттик шайлоо алдындагы тактикалык кадамбы же башка себептери барбы? Тараптар эң талаштуу болуп келаткан суу-энергетика, ГЭСтерди куруу жана чек араны аныктоо боюнча практикалык иштерге келгенде кайрадан эле мурунку абалына келбейби деген суроолор жаралат.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов шайлоодо Мирзиёевдин жеңиши анык болуп калгандыктан, мамилени өзгөртүүнү ага байланыштыруу туура эмес деп эсептейт. Ал Шавкат Мирзиёевди суу чарбасы боюнча адис жана прагматик деп атады:

- Реалдуу прагматикалык жактан алып караганда, Борбор Азиядагы мамлекеттердин тышкы саясатында бир гана амалы бар - бул тил табышуу. Биздин биринчи вице-премьер-министр баштаган делегацияны Анжиянда тосуп алып, жылуу маанайда сүйлөшкөнү жакшы жышаан. Суу маселеси болобу, чек ара, же ГЭСтер маселеси болобу, аларды чечүү үчүн адегенде жылуу мамиле, андан кийин саясий эрк болуш керек.

Ислам Каримовдун тушунда да региондогу мамлекеттердин мамилелерин оңдоо боюнча демилгелер көтөрүлүп, бирок ал көп узабай тескери кетип, бардык өңүттөр боюнча мамилелер бара-бара кыскарып, Рогун, Камбар-Ата ГЭСтерин куруу согушка алып келет деген билдирүүлөргө чейин жеткени маалым. Ошондуктан Мирзиёевдин “жакшы жышааны” канчага барат деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат.

Аликбек Жекшенкулов ал кездегиден азыркы учурдун айырмасы бар экенин айтат. Анын пикиринде, андан бери Борбор Азия мамлекеттери улуттук мамлекет катары калыптанып бүтүштү. Ар бир мамлекет өзүнүн экономикалык, ички, тышкы саясаттагы стратегиясын калыптандырды. "Ошондон кийин өз ара мамилени калыптандыруу мезгилине келди" деп кошумчалады Жекшенкулов. Ал ошондой кандай оор жана татаал маселелер болбосун биринчи кезекте кошуна өлкөлөрдө жылуу маанай болушу маанилүү экенин белгиледи.

Тажикстандык саясат таануучу Парвиз Мулложонов өзбек бийлигинин жаңы саясатынан тажик-өзбек мамилеси жакшырып, эки тарап өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандырууга, аба, темир жол каттамдарын калыбына келтирүүгө, виза режимин алып салууга жана сооданы жөнгө салууга киришет деп эсептейт.

"Сен!" дедирген Сирия

Ошентип, Борбор Азия регионунда мамлекеттердин тил табышуусуна жаңы жагдай түзүлүп жатса, дүйнөдө Сирия согушу глобалдык тирешүүлөрдү жаңы баскычка көтөрдү.

Орусия ядролук куралга колдонулчу плутонийди зыянсыздандыруу боюнча Кошмо Штаттар менен 2000-жылы жетишкен келишимден чыкканын жарыялады. Бул келишимге ылайык, тараптар 34 тоннадан плутонийди зыянсыздандырыш керек эле. Жапониянын Нагасаки шаарын бомбалоо үчүн колдонулган атомдук бомбада 6 киллограмм гана плутоний болгонун эске алганда 34 тонна плутоний канчалык масштабдуу экени даана көрүнөт.

Алеппо шаары

Алеппо шаары

АКШ жана Орусиянын Сирияда кызматташуу боюнча 12-сентябрда күчүнө кирген келишими болсо, АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Сирия өкмөттүк аскерлерине жаңылыш чабуулу, андан кийин Алепподо гуманитардык автокербенге сокку урулушу менен жокко чыгып калды.

Сирия жана Орусиянын аба күчтөрүнүн Алеппону катуу бомбалоосу Батыштын кескин айыптоолорун, ал гана эмес, Вашингтон менен Москванын Сирияда аскердик кагылышуу мүмкүнчүлүгүн пайда кылганы айтыла баштады.

Андай мүмкүнчүлүк эки жагдайдан байкалууда. Биринчиден, Сирия аба күчтөрүнүн куралдуу оппозиция, аны менен кошо Алепподо тынч жарандарды аёосуз бомбалоосун токтотуу үчүн Вашингтон Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө сокку урууну караштарып жатканы маалымдалса, экинчиден, Москва андай сокку урган учак болобу, ракета болобу, бутага алынарын эскертти.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков:

- Батыштын бир катар абройлуу маалымат каражаттарында, АКШ администрациясында Сириянын күчтөрүнө абадан жана ракеталык сокку уруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканы жөнүндө кабар чыгып кетти. Вашингтондогу кесиптештерге андай планды ишке ашыра баштоодон мурда абдан дыкат ойлонууну сунуштайт элем. Бүгүнкү күндө Сириянын С-200, "Бук" жана башка бир топ натыйжалуу абадан коргонуучу системалары бар. Алардын баары акыркы кезде оңдолуп, калыбына келтирилген. Хмеймим жана Тартустагы Орусиянын базасын С-300 жана С-400 комплекстери коргоорун америкалык стратегдердин эсине сала кетет элем. Алардын жетүү радиусу бейтааныш учуучу объекттер үчүн сюрприз болот. Ал объекттердин кимге таандык экенин иликтеп отурууга убакыт болбосун эске салам.

Алепподогу аёосуз бомбалоолор үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүүнү караштырып жатканы маалым болду. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Алепподо оорукана жана аял-бала дебей бомбалоо аскерий кылмыш экенин эскертти:

- Орусия жана Сирия режими оорукана жана медициналык мекемелерге, балдар жана аялдарга эмнеге сокку уруп жатканын дүйнөгө жөн эле түшүндүрүп берүү эмес, андан көпкө милдеттүү. Бул иштер толук кандуу аскерий кылмыш катары иликтөөнү баштоого түрткү берет. Аны жасагандар кылган иши үчүн жооп бериш керек. Бул кокусунан урулуп калган сокку эмес, бул тынч жарандарды жана аскерлердин жолуна чыккандарды өлтүрүүгө багытталган максаттуу стратегия.

Сириядагы кырдаалды талкуулоо үчүн 8-октябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши чогулары кабарланган. Анда Сириядагы бомбалоону токтотуу боюнча Франция даярдаган чечим каралмакчы. Бирок Коопсуздук кеңешинде да “ит жыгылыш” көрүнүшү кайталанышы толук ыктымал. Анткени Коопсуздук кеңештин туруктуу беш мүчөсүнүн бири катары Москва чечим кабыл алууга вето коё алат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG