Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Бишкекте кыздардын мушташы иликтенүүдө


Окуучуну токмоктогон кыз.
Окуучуну токмоктогон кыз.

Бишкек шаарында кызганычтан улам кыздар арасында чыккан мушташ иликтенип жатат. Социалдык тармактардагы маалыматка караганда, 20-21 жаштагы төрт селки 16 жаштагы окуучу кызды күч менен машинеге салып, Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрү кесилишкен жерде сабап салышкан. Алардын биринин сүйлөшкөн жигити ошол жаш кыз менен мамиле куруп кеткени айтылууда. Жабырлануучу кыздын жакындары анын денеси көгала болуп, өзү коркуп калганын билдиришти.

Шаардик Ички иштер башкармалыгы бул боюнча арыз түшкөнүн, аны Биринчи Май райондук милициясы иликтеп жатканын ырастады. (SE)

XS
SM
MD
LG