Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Орусия Алепподо эки медицина кызматкеринин өлүмү үчүн козголоңчуларды жана батышты айыптады


Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 5-декабрда Алепподогу Орусиянын талаа госпиталын артиллериялык аткылоодон эки медицина кызматкери өлүп, дагы бири жарадар болду. Министрликтин маалымат катчысы генерал Игорь Конашенков госпитал тынч жарандарды кабыл алып, дарылай баштаганда жоочулар тарабынан бутага алынганын билдирди.

Ал жоочуларга госпиталдын турган жерин аныктоодо АКШ, Франция жана Британия жардам берген деп, медицина кызматкерлеринин каны үчүн жоопкерчиликти батышка да жүктөдү. Бирок ал бул боюнча эч кандай далил келтирген эмес.Конашенков медициналык кызматкерлерди өлтүрүүнү айыптоого эл аралык коомчулукту чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG