Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Орусия Сноудендин өлкөдө калуу мөөнөтүн узартты


Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлиги кабарлады. Министрликтин расмий өкүлү Мария Захарованын 18-январда жазганына караганда, “Сноудендин Орусияда туруусу дагы саналуу жылга узартылды”.

АКШнын чалгын мекемелеринин бири - Улуттук коопсуздук боюнча агенттиктин келишим менен иштеген мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден 2013-жылы 1,5 миллиондой документти шардана кылып жибергенден кийин мекенинен кетип, Орусиядан 2014-жылы расмий түрдө утурумдук башпаанек алган.

Сноуден ашкере кылган ал материалдар АКШ чалгын мекемесинин айрым программаларынын мыйзамдуулугу, жеке турмуштун купуялуулугу, АКШ өз өнөктөштөрү үстүнөн тыңчылык кылганы боюнча айрым суроолорду да жараткан.

Бул аралыкта АКШнын өзүндө кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президент Барак Обама жашыруун маалыматтарды WikiLeaks сайтына бергени үчүн 35 жылга кесилген мурдагы аскер кызматчысы Чэлси Мэннингдин жазасын жеңилдетип, ал быйыл 17- майда абактан чыга турган болду.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнесттин айтымында, абактагы Мэннинге кечирим берилиши менен Орусиядан башпаагек алган Сноудендин кылмыш иштери ортосунда “олуттуу айырмачылык” бар. (UE)

XS
SM
MD
LG