Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, күчөтүлгөн режим учурунда куткаруучулар адам өмүрүнө зыян алып келбөө, өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча тез чара көрүү иш-аракеттерин жүргүзөт.

23-24-январда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде катуу жаайт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот.

Бишкек-Ош, Ош-Сары-Таш-Эркештам, Ош-Мырзаке-Алайкуу, Ала-Бука-Жаңы-База-Канышкыя жолдорунда кар көчкүсү түшүшү мүмкүн. (BkA)

XS
SM
MD
LG